Барс агайдын өздүк чыгармалары Барстан бытыгый, жөнөкөй аңгемелер, новелла, монолог, тамсил...
#81 19 Январь 2015 - 04:12
#82 19 Январь 2015 - 10:23
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#83 27 Январь 2015 - 02:21
#84 27 Январь 2015 - 08:09
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 27 Январь 2015 - 12:04
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#85 27 Январь 2015 - 13:39
- Бул - Барспы?
-Ооба, Барсмын.
-Мен сиздин супердеги чыгармаларыңызды окуп, сиз менен баарлашсам деп жүрөм.
-А жакшы. Баарлашалы.
- Бирок, мен көптөн бери Супер кж. ге каттала албай жүрөмүн. Конок катары гана окууга мүмкүнчүлүгүм бар. Сиздин кээ бир аңгемелериңизди жаш кезимде окуганмын. Бирок, ал К. Каимовдуку окшоду беле?.. Бирөөнүн чыгармасын уурдап алган сыяктанасыз. .. - деди.
- Балким, окшошуп калгандыр... Ошону тактап берчи, анан сүйлөшөлү, - дедим кубанып. (Кубанганымдын себеби, жазгандарымдын баарына эле мактоо угуп, сынга суусап жүргөн жаным, кубанбай коймок беле!)
Ал макул болду. Аты - Калыс экен. Супер кж. сайтынын жетекчилигинен сураныч, ушул жигиттин катталуусуна колдон келген жардам берип коюңуздарчы.
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#87 28 Январь 2015 - 09:18
Чыгармачыл дарагым жемиш бербей,
Чыдамым чак, чыркырайм жеңиш келбей...
Кыйын абал... үңкүйөм... өткөн кылым
45-жылдагы немистердей!
Басаар жолум дөң, чуңкур тегизделбей,
Толкунуна кайгымдын деңиз теңдей.
Сүйүндүрөөр эргүү жок, кысыр эне
сүт чыкпаган мамагын эмизгендей.
..................... ...................... ................
Сасык жандар күйгөндөн жер тиштесин,
Санаалаштар мөмөсүн терип жесин.
Жаратканым, эгерде пендем десең,
Жибере гөр илхамдын Периштесин! ..
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#88 28 Январь 2015 - 15:43
#89 02 Февраль 2015 - 19:58
* * *
О, ыр дүйнө, сага менден ырахмат!
Ооматыма, байлыгыма карбай
обочолоп, качпай жүргөн ыраактап...
* * *
Сен мага Периште элең бактым делген!
Мен сенин көкүрөгүңө Айды,
чачтарыңа жылдыздарды таккым келген...
* * *
Үйрөттүң үнсүз-сөзсүз боздогонду.
Табышмак келечектин алды – күңгүрт,
Тагдыр бизди кошконбу, кошпогонбу? !
* * *
Бүгүн кимбиз? "Мен" болчубуз кечээ биз?
Башка түшкөн маңдайдагы жазуу бул,
Болду эми галустукту чечебиз...
* * *
Жада калса Ажалга да боорум ооруйт.
Жаңы бөбөк төрөлгөн күндөн тартып,
Жан алгыча Адамды жылбай тооруйт...
* * *
Балли,бүгүн Ата экенмин... эстешти!
Байбичем да, балдарым да: «Мидетиң -
баргының да, акча тапкын тез...» - дешти.
* * *
Дүкөнгө товарь түштү наамы жаңы!
Дүкүлдөйт аялдардын жүрөктөрү,
Дирилдейт эркектердин намыяны...
* * *
Жакшы дагы, жандай досум, сен барсың!
Жабыкканда жандүйнөмдү жарыктап,
Жардам берген түгөнгөндө кем-каржым.
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 05 Февраль 2015 - 12:00
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#90 08 Февраль 2015 - 17:48
belka (27 Январь 2015 - 02:21) жазган:
Кыргызстандын түштүгүнөн бир кыз сени айтты деп телефон чалды эле, "мен Бишкектемин " десем, Бишкектеги бир кызга дайындаган экен, ал келип бүгүн "Жолдо" деген китебимди 500 сом берип, кол тамга койдуруп алып кетти!
03-18_17-51-20_995394_w. jpg]
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 08 Февраль 2015 - 17:49
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#91 09 Февраль 2015 - 01:21
#92 17 Февраль 2015 - 09:51
Дан багарга кара жерди айдоо керек,
Мал багарга чөптөрү мол жайлоо керек.
Атка минер кулактары кызып барат,
Ага быйыл депутаттык шайлоо керек!
Ар бир жандын жактыруучу ою керек,
Ар кай жерге агитатор коюу керек.
...Шайлоочунун көбүнүн урганы жок,
Шаң-шөкөттүү мурдакыдай тою керек...
Алдап-соолоп көпчүлүккө жагуу керек...
Атаандаштын мээлерин чагуу керек!
Көбүртүлгөн кур убада, сөздөр менен,
Көпчүлүктүн көңүлдөрүн табуу керек.
Кыш кеткен соң ушунун баары келет,
Кыргыз жаран,тереңирээк ойлон, демек!..
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 17 Февраль 2015 - 09:53
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#93 17 Февраль 2015 - 10:02
#94 17 Февраль 2015 - 10:06
#95 17 Февраль 2015 - 14:53
Китептин көлөмүнө, сапатына байланыштуу каражат жумшалат. Эгер китебиң окурмандарга алымдуу болсо, акчаңды кошумчасы менен кайтарып аласың!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#96 31 Май 2015 - 02:21
#97 07 Июнь 2015 - 23:46
#98 08 Июнь 2015 - 00:38
кидают камень, отвечайте плодами»
#99 25 Июль 2015 - 20:29
* * *
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
* * * Бүгүн кондум сен күтпөгөн конок болуп! Бул ыйык түн – экөөбүзгө Арман ырдыр... Балким, эртең айтыларбыз Жомок болуп... 25.07.2015- жыл. * * * Өзүңсүз жашоо – өңсүз, иреңи жок... Күн айга жалганышат сезим өртөп, Мүнөтү – от, ал эми ирмеми – чок! 25.07.2015-жыл. * * * Ойлорум башаламан – куюндаймын. Эч кимге керегим жок, берерим жок, Ээн жерге ташталган буюмдаймын. .. 25. 07.2015-жыл. * * * Жупталышты эки жаштын денеси... Жадыңда тут: болочокто бөбөккө сен - атасың, тиги жаткан - энеси... 24.2015-жыл. * * * Үшкүрүп эстейм үрөй-жамалыңды. Үңкүйүп үмүт менен күтүүдөмүн, Үйдөгү үндөшмөмө* чаларыңды.. -------------- ---------------------- --- Үндөшмө* – телефон.. 25. 07.2015-жыл. * * * Мынча аппак бүгүн Айдын жарыгы! Мактанаарлык бир дагы иш жасалбай, Мына өттү бул айдын да жарымы... 23-июль 2015-жыл..
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 25 Июль 2015 - 20:34
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#100 25 Июль 2015 - 20:50
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 25 Июль 2015 - 21:11