Саламатсыздарбы?
Менин бере турган суроом томонкучо. Мен жеке ишкер катары маршруттук компания ача аламбы? Ал учун кандай документтер талап кылынат? Мамлекеттен кандай лицензия алуу керек? Жооп берип койосуздарбы.
Баракча 1 - 1
Маршруттук компания ачуу үчүн кандай лицензия аллу керек? Жеке ишкерлик
#2 21 Июнь 2016 - 14:55
Omur21 (30 Апрель 2016 - 02:09) жазган:
Саламатсыздарбы?
Менин бере турган суроом томонкучо. Мен жеке ишкер катары маршруттук компания ача аламбы? Ал учун кандай документтер талап кылынат? Мамлекеттен кандай лицензия алуу керек? Жооп берип койосуздарбы.
Суроого КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди:
- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы №260-токтому менен бекитилген “Ишкерликтин айрым турлөрүн лицензиялоо жөнүндө" жобосунун 41-беренесине ылайык, жүргүнчү ташууну уюштуруу ишмердүүлүгүнө талап кылуучу иш кагаздар төмөнкүдөй:
- мамлекеттик катоо жөнүндөгү күбөлүк;
- лицензиялык төлөм дүмүрчөкчөсү;
- штаттык түзүм;
- автооунаалардын тизмеги (жүргүнчү ташуучу автобустардын);
- техникалык тейлөө жайынан техникалык кароодон өткөндүгүн тастыктоочу документ (же ижара келишими);
- жол коопсуздукка жана экологияга жоопкерчиликтүү кызматкерлердин документтери.
Лицензияны алууга арыз тапшыргандан баштап 30-күндүн ичинде, жогоруда жазылган иш кагаздар иликтенип жана текшерилип, лицензия берүү комиссия тарабынан чечилет.
Баракча 1 - 1