Эй жарандар, Эрендер,
Бектер жана берендер,
Эл баштаган кеменгер,
Мейли бакыр, Мейли баатыр… -
«МЕН КЫРГЫЗМЫН» дегендер!
Зоок үчүн келгеним жок бужерге.
Соболум бар
Айта турган силерге.
Бир АТАЖУРТ,
Бир АСАБА,
Бир АЖО бар бир элде.
Анан муну билип ал,
Кулагыңа сырга кылып илип ал: -
Ар адамдын
Ар башкача дини бар,
Ар башкача дили бар,
Бирок билгин,
Бирден гана тили бар,
Билгин, Муну билип ал!
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 25 Сентябрь 2012 - 18:47