Жин, албарстылар тууралуу Мен эле корко беремби коркконго кош корунот болуп?
#81 04 Март 2012 - 08:53
Мындай нерсени жок деп болбойт алар азыткылар физический эч нерсе кыла алышпайт алар психический ооруларга алып келет.Корккондо адам эсин жоготуп ооруп калышы мумкун бул бизде жин тийди деп коёт.Илгери байланыш туйундор электр,радиостанциялар ар турдуу толкундар болгон эмес.Ошондуктан азыткылар коп болгон экен,азыр болсо телефон,радио,
телевизор кыскасы бардык жокто толкун угушума караганда алар толкунда журо албайт имиш.Мындан он жылдай мурда бир уй було биздин айылга кочуп келишкен анын сулуу кызы бар болчу алар эски бир эч ким жашабаган уйдо жашап журушкон.Ал жер айылдан анча алыс жерде болчу ошол уйдо бар экенин баары айтчу.Кийин ошол кызга корунуп апасы болуп ар ойго салып кочуп да кутула албай калышкан.Акыры озуну сууго таштап олгон.Кийин уктум адамдын ичине кирип кадимкидей башкарат экен.Ошондуктан жинди болуп калат экен андайларды окуй турган молдолор бар.Ал ми жин башка азыткы башка деп укканмын.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#82 15 Март 2012 - 14:38
Albarsty basat degenge iwen4i emesmin birok azyr ozumdu da albarsty basat.Abdan kynalam,jalgyz jatkandan korkom,maga kelatkanda sezilet wamal bolgonsup eger uktap ketsem basat kebetesin korgon emesmin birok kurbu kyzyma taanew adamdar bolup je mywyk bolup kelip basat eken aytymynda!
#83 19 Март 2012 - 01:03
mda,bir okurmanybyz aitkandai bular dele adam syiaktuu torolot olot,musulmany bar kaapyry bar,bular jonundo bilgenderimdi aityp ketein(kata aityp alsam Allah ozu ke4irsin),bulardyn jegen tamagy sook(kadimki ele sook,ustukandan 4ykkan sooktor),janybarlardyn,
adamdardyn zany,owon u4un bular kir jerlerde bolot,kobun4osu ke4inde 4ygywat,owonduktan ke4indesi musorka jaka kop barbaw kerek,musordu da ke4inde emes,kunduzu alparyw kerek musorkaga,anan iwenbeim degenderge aitkym kelet,bular bar,kadimkidei ele bizdei jawait,jeit,birok bulardy biz koralbaibyz,oa,bular adamdyn i4ine kirip kete alat,ukkanymdy aitaiyn,ka4an adam katuu 4o4uganda je kir jerlerge ke4indesi barganda kirip ketet eken.aita berip korkutup da koidum okwoit ee?)),birok korkpogula,bir gana Allahtan korkuu kerek,jinderden saktanuu u4un,Tallas baikenin jazgandaryn okusanar,owol jerde jazyp ketiptir,jatkanda owol suroolordu okup,anan "Aialtal Kursi" degen aiat bar,Bakara suroosunun akyrky aiattary bolso kerek menim4e,owonu da kowo aityp jatsanar jin waitandar joloboit,eger bilsener i4ine jin kirip ketken kiwini da "Aiatal Kursi" aiaty menen 4ygarywat,sebebi owol aiatty okuganda asmandan nur tuwup,owo jindi kuiguzup salat eken,iwenbesener inette videolorun korsonor bolot,anan iwenbegenderge,degele baaryna,Semum degen kino bar,turktordun kinosu(bul jerde e4 kandai turktordu maktagan jerim jok),owonu korsonor tak owolor jonundo kino
#84 09 Июль 2012 - 22:16
Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын ысымы менен.
Кудуреттүү эана ыйык Алла Таала Адам алейхис-саламды жараткан соңЮ Адам алейхис-саламга сажда кылууга бардык периштелерге буйрук берди:
"Чындыгында Биз силерди жараттык, андан соң силерге келбет бердик, кийин периштелерге: "Адамга сажда кылгыла", - деп буйрук бердик. Бардыгы сажда кылышты. Бирок Иблис сажда кылуучулардан болбоду".
Аъраф (7:11)
Алланын өкүмүнө моюн сунуп, бардык периштелер сажда кылышты, бирок сажда кылуудан баш тарткан бирөө гана калды. Бул оттон жаратылган жин тукумундагы Иблис эле. Бул жөнүндө Алла Таала айткан:
"Иблис жиндерден болгон эле"
Кахф (18:50)

Бисмиллах ир-Рахмаан ир-рахиим
#85 09 Июль 2012 - 22:22
Жиндер - булар адамдардан мурда жаратылган,
жер үстүндө жашашып жана жогорку асмандарга учуп-көтөрүлө турган мүмкүнчүлүктөрү бар Алланын акыл-эстүү макулуктарынан.
"Ал (Алла) айтты: "Сага буйруганымда сени сажда кылуудан эмне тосту?". Ал (Иблис) айтты: "Мен андан артыкмын. Мени оттон жаратып, аны балчыктан жараттың" .
Аъраф (7: 12)
"Ал (Алла) айтты: "Сага буйруганымда сени сажда кылуудан эмне тосту?". Ал (Иблис) айтты: "Мен андан артыкмын. Мени оттон жаратып, аны балчыктан жараттың" .
Аъраф (7: 12)
Бисмиллах ир-Рахмаан ир-рахиим
#86 09 Июль 2012 - 22:28
"Эй Адам балдары! Шайтан ата-энеңдин,
уяттуу жерлерин өздөрүнө көрсөтүү үчүн кийимдерин чечтирип, бейиштен чыгарган сыяктуу силерди да алдап койбосун!
Чындыгында ал жана анын уруусу силер аларды көрө албай турган тараптан силерди көрүп турушат. Албетте Биз шайтандарды ыйман келтирбегендердин досу кылып койдук".
Аъраф (7:27)
Аъраф (7:27)
Бисмиллах ир-Рахмаан ир-рахиим
#87 10 Июль 2012 - 00:28
#88 10 Июль 2012 - 00:45
ООба чынында бар окшойт кээ кээде мени дагы басып калат качан аябай ооруп же чарчап же бир нерседен капаланганымда,
аябай корком ошол нерсе басканын мен даана билип турам устумо бироо олтуруп алат, таакыр кыймылсыз кыйкырайын десем унум чыкпайт ошентип эки уч минута болот эмне болуп атам деп атканымда бошонуп калам....
((( ммм эми тушундум )))
Жашоомдун мааниси , манызы АПАКЕМ сенсин...
#89 10 Июль 2012 - 09:20
Ассаляму алейкум!
Урматтуу туугандар,силер жин-шайтандарга ишенесинерби же жокпу,алар бар...бул фактты моюнга алыш керек.
Ыйык Курани Каримде Жараткан Адам а.с. ды жаратып жатканда:" Ошондо Эгең өзүнүн периштелерине: “Мен Жер үстүнө орун басар жаратамын”, – деди. Алар: “Анда (жерде) бузукулук жасай турган жана кан төгө турганды жаратасыңбы? Биз сени мактоо менен аруулайбыз жана Сени улуулайбыз”. – дешти. “Акыйкатта, Мен силер билбеген нерселерди билемин”, (- деди Аллах Таала). Бакара,30 аят.Бузукулук кылаарын кайдан билишти переиштелер? ??Адамдан мурун жин тайпасын жараткан Аллах Таала,жана жер жузуноо ээлик кылуу укугун берген.Бирок алар бузукулук кылганынан, бачабаздыкка батып кеткенинен периштелер аркылуу алардын баардыгы тоо-таш,ункур, жалгыз калган бак-дарактарга куулган.ошондуктан бак-дарактын астына даарат ушатуудан шал болуп,жаагы кыйшайып калыптыр дегендерди коп эле угабыз.Андан сон "жаны квартирант" болуп биз келдик.Ошол жаны келген квартиранттар мурункуларга окшоп ыплас иштерди кылышабы деп турабыз да деген эле коркунуч жаралан периштелерде. Жиндер параллелдуу жашашат бизге.Кээ учурларда биз менен кесилишип кетишет.Аял- эркеги,мусулман- капыры болот,олуп-тирилет, орточо жашы 700 жыл.Турлуу тайпаларга болунот.Эн алсыздары ээсиноону келтиргендер жана басырыктар. Ал эми кучтуулору Ифриттер.ошол жиндер жерден куулган учурда жер жузундо бир такуа жин болот-ал Иблис эле.Такыбачылыгы аркылуу периштелер даражасына жетип,аларга сабак да бере баштайт.Моюн сунбагандыгы учун шайтан наамына ("шатана,сатана" -байыркы араб,жана ивритте(еврейлердин тили) "алыстады" дегенди туйунтат.) ылайык болот.Суроо жаралат Адам ата деле мойун сунбай жебе дегенин жеди го,анда ал неге шайтан болбоду???болгону айырма Адам ата тообо келтирди..... ошондуктан тообо келтируу адам баласына таандык,куноосуз жашоо кыйын.Жиндердин субъстанциясы бир топ болок.Алар тутунсуз оттон,ал эми биз балчыктан жаралдык.Ошондуктан инсан пендесинин жини келгенде козу кызарып,денеси ысып чыгат.Аны жок кылуунун эн жакшы усулу-даарат алуу,анткени от суудан коркот.Азыркы мезгилде жиндеп кеткен инсандар ото коп кездешет.Официалдуу Ватикан жылына 300 экзорцист чыгарат.Алар инсандардан жиндерди айдап чыгышат.бизде да касыйдачы молдокелерибиз бар,жиндерди Курандын аяттарын окуп чыгарышат.Ар бир инсанда Корийн аттуу жин болот,ал бизди жаман нерселерге буйруйт.Аны кобунчо биз "внутренний голос" деп койобуз....Ага каршы периштебиз да бар.Ар бир адамда жиндик жана периштелик башат бар.Максат ошол жиндик башатты тизгиндеп туруу.Бул жонундо айта берсек маалымат да,жашоодон алынган факттар да коп....кыскача ушул....жазуу ыкмама кап этпейсиздер

#90 10 Июль 2012 - 10:30
Иблистин өмүр баяны.
Аты - Иблис;Шаары - бейкапарлардын жүрөгү;
Уруусу - жалган илахтар ( илах - бардык ибадат кылына турган заттар);
Туруктуу жашап кала турган жери - Тозок;
Наамы - биринчи даражадагы бузуку;
Өлкөлөрү - Алланын ысымы эстелбеген өлкөлөр;
Жүргөн жолу - кыйшык;
Капиталы - кыялдануулар;
Жыйыны - базарлар жана ыплас жайлар;
Жолунун душмандары - мусулмандар;
Далилдери - закым (мираж);
Урааны - адеп-ахлак бөлүгү;
Кылган иштеринин түсү - бардык түстөр, хамелеондукундай;
Шайтандар дүйнөсүнүн аялдары - жылаңач жана жарым-жылаңач кийинген аялдар;
Кимди жакшы көрөт - Алланы эстебегендери;
Аны эмне тынсыздандырат - тооба кылуу (кечирим суроо);
Анын кол жазмалары - татуировкалар;
Анын үйү - дааратканалар, жана мончолор;
Анын мүнөзү - туруксуз;
Анын биринчи пайда болушу - Адам алейхис-саламга сажда кылуудан баш тарткан күн;
Анын достору - эки жүздүүлөр;
Азык-затынын булагы - арамдан табылган оокат;
Өзүнүн иштерин жазаган кабинети - булганыч жана күнөөлөр жасалып жаткан жерлер;
Анын кызматы - тыюу салынгандарга буйруйт жана түрткүлөйт;
Анын буйругу - сойкулукка жана башка ыплас иштерге буйруйт;
Анын дини - куфр;
Анын кызмат оруну - Алланын каарына калгандардын жана адашкандардын бөлүмүнүн башкы мүдүрү;
Кызмат мөөнөтү - Акырет Күнүнө чейин;
Бара турган багыты - Тозок;
Соодасынын пайдасы - шамалга чачылган чаң;
Жанындагы достору - жиндердин жана адамдардын шайтандары;
Иш боюнча достору - чындыкты айтбагандар;
Транспортунун түрү - жалганчылык;
Энчиси - ал жана анын жолундагылар толук жазасын алышат;
Байланыш каражаттары - жалаа, ушак, аңдуу;
Жакшы көргөн тамагы - өлгөндөрдүн эти;
Кимден коркот - такыбалардан жана ыймандуулардан;
Кимди жек көрөт - Алланы тез-тез эстеп туруучуларды;
Коргонуусу - анын айла-амалдары алсыз;
Анын тору - аялдар;
Анын максаты - бардык адамдарды кафир кылуу;
Анын акыры - белгиленген Акырет Күнү;
Анын жакшы көргөн кишиси - педерастия жана лесбиянство;
Анын өзүнүн жолундагыларына айтчуу жашыруун сөзү - "Мен" текеберлердин сөзү;
Кимдер аны кубандырат - актёрлор, актрисалар жана маскарапоздор;
Анын убадасы - ал силерге жакырчылыкты убада кылат;
Аны эмне ыйлатат - көп сандагы саждалар.
Билдирүүнү түзөткөн: Cynep: 10 Июль 2012 - 11:28
Бисмиллах ир-Рахмаан ир-рахиим
#91 10 Июль 2012 - 12:17
Жиндердин адамга зыян кылуу деңгээлдери.
- Толук зыян кылуу - мында жин адамдын мээсине кирип, аны өз эркин аткарууга аргасыз кылуу менен адамдын организмине толук бийлик жүргүзөт.
- Жарым-жартылай зыян кылуу - мында дененин ар кайсы мүчөлөрүнө зыян кылат, бирок дене мүчөлөрү атровия болбойт. Мисалы: көз, кулак жана колу-буттар.
- Убактылуу зыян кылуу - бул уктоо учурунда болушу мүмкүн жана жин адамдын денесинде убактылуу гана болот.
Эскертүү:
Толук же жарым-жартылай зыян кылуу - экөө тең туруктуу же мезгилдүү болушу мүмкүн.
Бисмиллах ир-Рахмаан ир-рахиим
#92 10 Июль 2012 - 12:43
Жиндердин адамга зыян кылуунун себептери.
- Жиндин адамга болгон кумары: - бул эң кыйын дарылай турган жин ооруларынын бири, анткени жин өзү кумарланган адамдан жеңил эле кете койгусу келбейт.
- Адамдардын жиндерге кылган зулумдугу: - бул болсо адамдардын жиндер дүйнөсүн билбегендиги себептүү жиндерге карата кылган зулумдугу (зомбулугу) жана ушуга байланыштуу жиндердин адамдардан өч алуусу. Мисалга: алардын үстүнө жыгылып түшүү, алардын үстүнө бир нерсе таштоо, от менен же ысык суу менен аларды күйгүзүүЮ анткени адам жиндер жөнүндө билбейт, аларды көрбөйт жана алардан коргонууну билбейт. Жана ошондой эле жердеги ийиндерге же өсүмдүктөрдөгү боштуктарга заара кылганда жиндерге зыян болот, анткени бул боштуктар жиндер жашай турган жайлар болот.
- Жиндердин адамдарга болгон зомбулугу: - адамдардын арасында болгондой эле жиндердин да арасында да зомбулук, зулумдук кыла турган каадандар да бар. Бирок Алла Таала жиндердин адамдардын денесине киришине төрт гана учурда жол берген:
- Катуу ачууланган учурда;
- Катуу корккон учурда;
- Өтө эле бейкапар, камырабастык, эч нерсеге көңүл койбостук учурунда;
- Кандайдыр бир кумарланууга берилгенде, тактап айтканда адам күнөө кылганда.
Бисмиллах ир-Рахмаан ир-рахиим
#93 10 Июль 2012 - 15:03
Адамдын жиндерден зыян болгондогу белгилери.
Өңүндө билинүүчү белгилери:
- Баш аламандык, кеп-сөздөрүндө жана иштеринде тартиптүүлүктүн жоктугу.
- Акыл-эсинен айныгандык жана кем акылдык.
- Обочолонуу, жалгыздыкка аракет кылуу, түнттүк. Адамга бардыгы ага душман жана адилетсиз сыяктанып көрүнөт.
- Эч себепсиз күлүү жана кайгыруу.
- Диний милдеттерден жана дүйнө иштеринен баш тартып, өзүнөн өзү четтөө: намаз, жумуш, окуу, үй иштери ж.б.
- Чаржайыттык, конкреттүү бир темага көңүл топтой албастык.
- Жүүнү боштук (кош көңүлдүк) жана жалкоолук.
- Кайдыгерлик, кайдыгер көз караш.
- Сөздөрүндө жана иштеринде туруктуулуктун жоктугу, чечимдерин тез-тез өзгөртүү.
- Кайсы гана болбосун органдын жарым-жартылай же толук эмес кыймылсыздыгы (параличтен айырмаланып атрофия болбойт).
- Адамдын көрүнбөгөн бирөө менен сүйлөшүп жатканын башка бирөөлөр байкаган учурда жиндердин ошол адамга кандайдыр бир нерсени (жандыктын) түрүндө көрүнүшү.
- Медициналык (органикалык) себептерсиз баштын тынымсыз оорушу, баштын жарым-жартылай же ьолук оорушу.
- Талма оорусу, оорулуунун эс-учун жоготуу менен жерге жыгылышы.
- Аялдардын этек киринин бузулушу.
- Туалетте же ваннада көбүрөөк болгонго умтулуусу.
- Күйөөсү аялын кабыл албашы же тескеринче аялы күйөөсү менен жыныстык катнашты (байланышты) каалабашы.
- Кош бойлуулуктун тынымсыз үзүлүшү, органикалык (медициналык) себептерсиз кош бойлуулуктун 2-,3-,4-айларында бойдон түшүп калышы.
- Жуучулуктун тынымсыз үзүлүп калышы жана ушул себептүү үйлөнүүгө же турмушка чыгууга мүмкүнчүлүктүн болбошу.
- Аялы менен күйөөсү медициналык жактан таза болгондугуна крабастан аялдын боюнда болбошу.
- Уйкусуздук, адам кыйынчылык менен уйкуга кирет жана узакка чейин уктай албайт (уйку узакка созулбайт).
- Дайыма коркуу жана тынчсыздануу сезиминде болуу, адам тынч уктай албайт жана кичинээ дабыштан ойгоно берет.
- Уктап жатканда дайыма тишин кычыратуусу, кээде өңүндө дагы.
- Коркунучтуу, баш-аламан түштөрдү көрүү, түшүндө кандайдыр бир нерседен кулай берет, чөгөт, учуп жүрөт ж.б.
- Түшүндө уйку-соонун ортосунда аны кимдир-бирөө дайыма муунтуп, ал онтойн,, бирок кыймылдай албайт жана сүйлөөгө алы келбейт.
- Төшөгү жылып бара жаткандай же кыйшыйып бара жаткндай сезим болуп, ар дайым эле ушундай боло берет.
- Түшүндө ар дайым жыландарды, иттерди, мышыктарды, жолборсторду, дагы ушу сыяктууларды жана чийки эттерди көрө берет.
- Түшүндө ар дайым көлөкөлөрдү же көрүмчүлөрдү көрө берет.
- Уктап жатып сүйлөнө берет, күлөт, онтойн же туруп басып кетет.
- Түшүндө жиндин өзүн көрөт же аны менен сүйлөшөт.
- Түшүндө крестти же чиркөөнү көрүшү, бул болсо жиндин динин көргөзүшү мүмкүн.
Бисмиллах ир-Рахмаан ир-рахиим
#94 10 Июль 2012 - 21:05
Кийинки кундору коп баса турган болду ,кантсем кутулам
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я НАЙДУ ЗАМЕНУ КАЖДОМУ!Зато тех кто остается Я ЛЮБЛЮ БОЛЬШЕ ЖИЗНИ!
#95 21 Август 2012 - 20:18
Ар ким ар кандай ойлойт болуш керек...... Кээбирөөгө жомок болсо, кээбирөөсүнө коркунучтуу болуп ишенттир.....
Мени баскан эмес бирок уккуам "мени түндө албарсты басты" дегендерди.
..... Ошондуктан ишенем мен деле.....
#96 25 Август 2012 - 18:18
#97 29 Август 2012 - 18:10
Nur Abdulaziz (25 Август 2012 - 18:18) жазган:
Гусул кылып, Бакара суросунон аяталь-Курсини окуп жатыныз.Болбосо Курандын акыркы 3 суросун окусаныз да таасири жакшы.
Создорунузду чынын айтсам толук тушунгон жокмун ,Мен келме келтирем дайыма басканда.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я НАЙДУ ЗАМЕНУ КАЖДОМУ!Зато тех кто остается Я ЛЮБЛЮ БОЛЬШЕ ЖИЗНИ!
#98 29 Август 2012 - 21:29
албарсты басат деген бар. Мен мисалы ишенем. Анткени мени да коп басат. Кыйнап кытыгылап,же коркутуп кубалап дегендей. Ошондуктан он жамбаштап жатып,келме айтып уктаганыбыз дурус болот
#99 07 Сентябрь 2012 - 04:58
#100 10 Сентябрь 2012 - 23:51
nura89 (07 Сентябрь 2012 - 04:58) жазган:
Дайым даарат менен журун курандан билген суролорунуздон окунуз куран окулган уйдо жин шайтандар болбойт жатаарда курандан ихлас,фалак,
нас суролорун окуп жатын.
Чон рахмат,негизи келме келтирип жатам.Козго да корунот кээде кадимки кишидей,кармайын дейсин кичинекей болуп кетет,ошондой учурлар болгон экен го кармап алгандар.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я НАЙДУ ЗАМЕНУ КАЖДОМУ!Зато тех кто остается Я ЛЮБЛЮ БОЛЬШЕ ЖИЗНИ!