Beki035 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 2 165 (0,61 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Спорт (1087 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 16 Январь 15
- Кароолор:
- 18 745
- Соңку аракети
- 16 Окт 2015 19:58
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 108 жашта
- Туулган күнү:
- Март 15, 1916
- Жынысы:
- Эркек
- Калаасы:
- Ош
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
-
Lyla
31 Мар 2019 - 23:25 -
unt_75
12 Фев 2019 - 02:56 -
udacha.kg
18 Апр 2018 - 09:42 -
NURBEK.
26 Мар 2018 - 23:24 -
Kylymbek_isak...
22 Мар 2018 - 19:58
Мен ачкан темалар
-
Касам ичип карганышкан партиялары
Жазылган күн: 22 Авг 2015
Депутат болуш үчүн баарына макул болуш керекпи -
Казахстанда эмне үчүн убактылу пропискага койбой жатат
Жазылган күн: 16 Авг 2015
Казахстан республикасы эмне үчүн Кыргыз жарандарын убактылуу пропискага койбой жатышат -
18ге толбосоң, кечинде көчөгө чыкпайсың!
Жазылган күн: 22 Июн 2015
Он сегизге толбосоң кечинде көчөгө чыкпайсың
Кечки ондон кийин 18 жашка толо элек улан-кыздардын үйдөн чыгуусуна тыюу салган мыйзам долбоору кабыл алынды. Мыйзамда көрсөтүлгөн коомдук жайларда кармалгандарга ар кандай өлчөмдөгү айыппулдар каралган.
Аталган мыйзам долбоорун парламент кабыл алып, президенттин кароосуна жөнөттү. Ал президент кол койгондон кийин гана күчүнө кирет. Мамлекет башчынын демилгени четке кагуу укугу да бар.
Бул мыйзам долбоорун популисттик катары баалагандар мындай чара милиция кызматкерлериндеги парокорчулукту күчөтөөрүн айтышууда.
Мыйзамдын демилгечиси, Жогорку Кеңештеги "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Нуркамил Мадалиевдинайтымында, аталган мыйзам долбоору 18ге чыга электердин саламаттыгына, тарбиясына доо кетпеши үчүн иштелип чыкты. Ага ылайык, өспүрүмдөргө сейил бактардан баштап коомдук унаада, бекеттерде, айтор калаа көчөлөрүн кечки 10дон кийин кыдырууга жол берилбейт. Алтурсун, спирт ичимдиктери сатылган дүкөндөргө жана кафе-ресторан, түнкү клубдарга, мончо, сауналарга барууга болбойт.
Нуркамил Мадалиев
- Кыскасын айтканда, түнкүсүн үйдөн чыкпаш керек эле деген сөз. Мыйзамда так бардыгы көрсөтүлгөн. Көп батирлүү үй болсо да айлана-чөйрөсүндөгү спорт аянтчаларына чыкпашы керек. Ошондой эле коомдук жайларга да барбашы керек. Антпесе коомдо жаштарды тарбиялоо азыркы мезгилде эң маанилүү болууда, - деди Мадалиев.
Эгер мыйзам бузулса, баланын ата-энеси же жооптуу адам 300-500 сом, кызмат адамдары 500-1000 сом, ал эми юридикалык жактар 1000-1500 сом өлчөмүндө айыппул төлөйт.
Тартип коргоочулар да жаштардын коопсуздугу үчүн бул зарыл чара деп, колдоп жатышкан чагы. Милициянын маалыматына караганда, соңку 5 айдын ичинде өспүрүмдөр катышкан жүздөн ашык кылмыш катталган. ИИМ өкүлүЭрнис Осмонбаев айрыкча кылмыш иштеринин көбү кечке маал катталарын белгилейт.
- Биз жашы жете электердин ар кайсы жерде жүргөнүнө күбө болуп атабыз. Бир сөз менен айтканда, тарбияны үйдөн албай, көчөдөн алышууда. Көпчүлүк балдар көчөдө, интернет клубдарда жүрүшөт. Түнкүсүн машинаны ичип алып айдашат. Кырсыктын баары ошондон болот.
Анткен менен жашы жете электердин көчөдө жүрүшүнө тыюу салган мыйзамда түшүнбөстүк жараткан беренелер да жок эмес. “Балдардын укугун коргоо лигасынын” жетекчисиНазгүл Турдубекованын пикиринде, Конституцияга каршы келген бул мыйзам аягы тыйылбаган жемкорлукту ого бетер күчөтөт.
Назгүл Турдубекова
- Бул мыйзам, биринчиден, юридикалык экспертизадан өткөн эмес. Өтсө Баш мыйзамга каршы келээри айтылмак. Экинчиден, милиция кармап алса балдар "байке, коё бериңиз, акча берейин" деп суранышат. Коррупция мына ушундан башталат. Социалдык көйгөйдү жойгондун ордуна кайра көбөйтүүдө. Же болбосо мыйзам иштеген күнү ар бир үчүнчү бала камакка алына береби? Бул баланын укугун чектөө дегенге жатат .
Бишкектин айрым тургундары түн катып жүргөндөргө мындай чаранын кабыл алынышы туура эле дешсе, башкалары турмушта ишке ашпаганы популисттик мыйзамдардын бири экенин айтышууда. Ал эми укук коргоочулар жок эле дегенде мыйзамдын айрым жерлерин өзгөртүү керек дешет. Алсак, өспүрүмдөрдүн жашын 18ден эмес, 14-16 жаш деп көрсөтүү зарыл жана көп кабаттуу үйдүн короосу коомдук жайга кирбеши керек дешет. Балдардын үйдөн чыгуусуна тыюу салган мыйзам башка өлкөлөрдө да иштейт. -
Эшек бүтүп балмуздакка кезек жетти
Жазылган күн: 2 Апр 2015
Эшек бүтүп, балмуздакка кезек жетти
Былтыркы балмуздактын этикеткасын быйылкы менен алмаштырып жаткан Роман Шинге тиешелүү “Шин-Лайн” ишканасындагы кыянаттыктын бети ачылганын жазып чыкты.
Кыргызстанда тартиптин жоктугунан элге каршы кыянаттык кылгандар бийлик тарабынан тиешелүү жазасын албагандыктан ошол кыянаттыктар кайра күчөп жасалып жаткандыгын, ошондуктан элге эшектин этин жедирип келишкенин, эшек “эпопеясы” дымый түшкөндөн тартып дагы далай “эшектер уурдалып жатат, союлуп жатат” деген сөздөр шамалдай тарап жатканын, эми кечээ укук коргоо органдары менен “Кырк чоро” уюмунун өкүлдөрү Роман Шин деген депутатка тиешелүү “Шин-Лайн” аттуу балмуздак чыгарган ишканасынан былтыр эле мөөнөтү өтүп кеткен балмуздактардын этикеткасын быйылкыга алмаштырып жаңылап жаткан жерден кармап алышканын, мындай эскирген балмуздактар айрыкча боюнда бар аялдардын ден соолугуна катуу зыян келтирери, курсакта жаткан наристе кем акыл же тубаса оорукчан болуп төрөлөрү дарыгерлер тарабынан эбак эле далилденген нерсе экенин, бирок Кыргызстандын башына күн түшсө урганым жок деп эртең эле чет жакка көчүп баса бере турган Роман Шин деген депутат үчүн мындай нерсе түккө турбаган иш болорун жазып чыкты. -
Божомолчулардын таймашы 2
Жазылган күн: 26 Мар 2015
Бул жака тек гана жыйынтыктар жазылат
Дагы божомолдоп жибербегиле бир жаңсыл болотта
адашпайбыз
Комментарийлер
Beki035
05 Фев 2015 - 00:33