Ыймандуу жана кайрымуу форумчуларга кайрылабыз. Мамлекетибизде тилекке каршы карыган адамдарды жана колунда жок адамдарды да карабай калды. Алардын катарында мен коргон Ош базарыбызда Насыйкат энебиз кыйынчылыкта тиричилигин откоруп жатыптыр.
Насыйкат Ажыбаева, учурда 61 жашта… Базарда кайыр сурап жана арча сатып иштегенине 10 жылдын жүзү болуптур…Чындыгында жашоосу аянычтуу, каарылык доору азапта өтүп жаткандыгын айтып жүрөгүбүздү оорутту…Насыйкат апанын жолдошу жана 7 баласы көзү өтүп кеткен…Мына ушул оор сыноодон кийин жалгыз небереси Сабира менен күн өткөрүп келет.Акыркы баласы 23 жашта көзү өтүп кеткен. Эненин сыздаганын энеден башка эч ким сезбейтко, 5 ай үйдөн чыкбай ыйлап, өзүнө көңүл бурбаганын белгиледи... Өкүнүчтүүсү жолдошун наамындагы батирин кайынжурту сатып жибергенин айтып сыздайт.Апанын паспорту жок,үйү жок, батирде турат. Мамлекеттик жөлөк пул албайт. Кыскасы жашоосу кыйынчылыкта. ..
Урматтуу мусулман биртуугандар, келгиле кайдыгер карабай анча-мынча колубуздан келген жардамыбызды аябайлы. Балким кыйынчылыкта кыйналган биртуугандарыбыздын акысы бардыр биздин байлыкта. Бир тууганыңызга кылган жакшылыгыңыз, айланып кайра өз башыңызга бармайынча ЖАРАТКАН жаныңызды албасын. ЭЖЕНИН АБАЛЫН СУРОО үчүн бул дарекке кайрылсаныздар болот...0709-44- 25-04 Ушундай энелерибизге моралдык жактан колдоо көрсөтүү менен бирге материалдык жактан да колдоо көрсөтсөк деген ниеттебиз.
Билдирүүнү түзөткөн: Filantrop: 03 Январь 2014 - 00:58