Жүрөгүмө бук толуп кетти. Ким менен бөлүшөрдү, кимге айтаарды, абалдан кантип чыгышты да билбейм. Уккандын баары басып кетпейсиңби,
сага мындан башка жумуш жокпу деши мүмкүн. Бирок ошол нерсеге күчүм такыр эле жетпей койду. Бир жерде иштеп атканыма көп убакыт болду. Шефим менден 5-6 жаш эле улуу жигит. Айлык акымды жумушка кирерде башка суммада сүйлөшкөн, бирок аны ала элекмин. Ай сайын бөлүп, бөлүп айтылган суммага 2-3 миң жеткирбей берет. Айта берип тилим тешилди. Акыркы убакта акча сурагандан заарканып да калдым. Иште талапты укмуш коет, тимеле акыркы энергия калгыча, бир тыйынынан бери толук акталып, кактап алат. А маяна берээрге келгенде, айлык бересизби деп сураарың менен карызга акча сурап аткансып, же жөн эле сурап аткансып кабагыын үстү менен карап, жаман көрүп, акча жок, болбосо эмнени берем деп баштайт. Канча жолу айттым, жок болсо бул сиздин проблемаңыз,
мен иштеп атамбы, демек айлыгымды алышым керек деп. Бар болсо алдыңа жайып салмакмын дейт. Жайганыңыздын кереги жок, мага тийиштүү гана акчаны бериңиз дейм. Ай сайын ушул көрүнүш. Ушул уруш. Болбосуна койбой жогоруда айткандай 2-3 миң жетпеген сумманы алам. Эми аны мага кылган жакшылыгы деп алыптыр. Мен сага колумдан келген жардамымды берип, акча берип атам дейт. Анысын башында түшүнбөптүрмүн,
кийинчерээк байкап калып, жардам бергидей мен иштебей отурсам эле берип атасызбы, мен иштеген үчүн айлыгымды гана берип атасыз. Муну жардам дебеңиз дедим. Бирок ал деле жеткен жок, дайым кайталай берет. Жумуштан чыгып кетейин десем, мени баары кыйынчылыкка туш келгенимде таштап кеткен, сен дагы ошондой турбайсыңбы деп адамдык сапаттан кармайт. Макул, анда убагында бересизби деп кайра иштеп калсам, кийинки айда ушул эле жомок. Бир жолу атайын айлык сурабай көрдүм. Ала турган айымдан бир жума өттү, унчукпайт, эки жума өттү унчукпайт, үчүнчү жума өтүп баратканда чыдабай сурасам дагы жаман көрөт. Акыркы убакта күчүм калбай баратат. Күнүнө эл сегиз сааттан иштешсе, мен он сааттан иштейм. Тогуз саат иштеп кетип кала турган болсом, сөзсүз Фейсбуктан личкама "комментарий"
калтырып коет. Акчасы жок экенине ишенбейм, бергиси келген адам жоктон таап берет. бере албаса кызматчыларды жумушка алып балээ барбы, ишин жаап салып ашык маселеден арылып тынч отурбайбы. Этегимди кагып басып кетейин дейм, көп жылдан бери иштешип калганга кыйбайм. Иштей берейин дейм, кантип жашайт, кантип тамак жейт, кантип жол кире кылат деп ойлонбойт, жок дегенден башканы айтпайт. Акыркы убакта үстүмө жугунду куюлуп калгандай, же үстүмөн танк айдап өтүп кеткендей эле сезип жүрөм өзүмдү. Болушунча кемсинтип, кордоп аткандай сезилет. Сыйымдан кетип калбайын деп, анын үстүнө улуу адам болсо деп көп учурда урушту басып, өзүмдү артка тартып калам. Айлык сураш мен үчүн тозок. Айлык акы ала турган күн жакындаганда башкалар кубанса, мен санааркап баштайм. Кантип сөз жеткирсем болот?
Эмгек маянамды сурагандан заарканам
#2 19 Октябрь 2016 - 19:51
Менин тушунугум боюнча ал жумушта сиз эле иштебейсиз го э.Эч ойлонбой иштен чыгып кетиниз ,боор ооруса боорго тебет болбот го шефиниз .Сизди эмне кармайт адамгерчилик сый мамилеби.?ошол мамилени деп озунуз азап чегип журо бересизби.Сиз озунузду ойлошунуз керек.Башка жумушка кире алсаныз керек.Тушунуксуз сиздин жумушунуз кандай Жумуш?эмне Жумуш?
#4 19 Октябрь 2016 - 20:38
Чыгып кетиниз ал жумуштан. Ушунун баары сизге керекби? Эмне кыласыз башынызга ашыкча койгой уйуп? Боор ооруса боорго тепкен адам экенда шефиниз.
#5 19 Октябрь 2016 - 20:48
Чын эле башка иш жокпу? Жакпаса чыгып кет.
Мен учун БАКТЫЛУУЛУК ар бир кунумду куноосуз откоруу!
#6 19 Октябрь 2016 - 20:49
Мени жумушум өзүмө жагат,коллектив абдан жакшы.
Мен учун БАКТЫЛУУЛУК ар бир кунумду куноосуз откоруу!
#7 19 Октябрь 2016 - 20:50
2-3 миң айлыкты айтасыз да. Мен, менин эжем, күйөөм үчөөбүз бир жерде иштечүбүз. Жаңы иштеп баштаганда баары жакшы, зарплатаны убагында берчү кечиктирбей,
кыскартпай.
Кийин задержка кыла баштады, ошол менен 3 ай задержка менен ала баштадык бөлүп жарып. Ошентип акчаларыбыз чогулуп калды. Сурай берип тажаганбыз.
Меники 90миң, эжем 40 миң, күйөөм 70 миң ошол боюнча калып кетти. Эжем, күйөөм чыгып кетти, мен иштеп калдым, анткени левый акча кылчумун. Жиним келип аябай эле жакшы кылдым, кийин чыгып кеттим.
Айтаарым, 2-3 миңди кечип салып эле башка жумуш издеңиз, жүрөк оорулуу болуп бүтөсүз болбосо.
Айтаарым, 2-3 миңди кечип салып эле башка жумуш издеңиз, жүрөк оорулуу болуп бүтөсүз болбосо.
#10 19 Октябрь 2016 - 23:24
Башка жагынан байланган жок белениз деги?Капа болбонузго бирок,озунузго озунуз проблема арткан адам экенсиз,башка бироо болгондо сенин ишинди урдумда,кол койдум демек
Сен бар учун...
#11 20 Октябрь 2016 - 01:43
Апеей угу жака жазбай эле озунуз ошол жумушту таштап чыгып кетсениз болмок да. Койдой момун мокок болсонуз ошо да. Жумшак жыгачты курт жейт болуп жатканынызды билиниз. Шарт чыгып кет анын неси кыйын тушунбодум чайналбай чыгып кет башка вариант жок го
#12 20 Октябрь 2016 - 09:13
мини компания, атын атабай эле коеюн. менден башка шеф анан дагы бирөө иштейт. негизги жооптуулук менде болгондуктан,
мен эскертпей чыгып кетсем, компания токтоп калат. Туура айтасыздар,
койдон момун, мокок экенмин. Өзүмө өзүм кыжырым келет. А бул жакка жазып аткан себебим, балким өзү окуса бир аз уялып калабы деген ой. Өзүнүн персонасын абдан жакшы тааныса керек. Баарынан да мени ыңгайсыз акыбалга калтырганы-
айлык сурап баштасам эле өзүнүн проблемаларын айтып баштайт. Балдарымдын батинкеси жок, балдарым мектепке баратып акча сурашты эле бере албадым, элдин балдары гамбургер жешет биз карап турабызбы дешти, үйдө эч нерсе калбады деп жүрөктү оорутуп баштайт. Анын сөзүн угуп отуруп, менин ага айлык бергим келип кетет. Эки-үч сааттан кийин таасир кетип, андан кийин гана кайра ачуум келип баштайт. Гипноздолгонсуп
#13 20 Октябрь 2016 - 10:18
hihikayu (19 Октябрь 2016 - 23:24) жазган:
Башка жагынан байланган жок белениз деги?Капа болбонузго бирок,озунузго озунуз проблема арткан адам экенсиз,башка бироо болгондо сенин ишинди урдумда,кол койдум демек
Башка жактан байлангандан Кудай сактасын. Андай эмес. Кете албай атканымдын дагы бир себеби, конушуп калган жерден чыксам кандай болот, канча убакытта башка иш таба алам, иш тапкыча кызым экообуз кантип тиричилик кылып турабыз деген ойлор жанды жейт да. Же озүмө ишенбеген адам окшойм. Өзүмө берген баам өтө төмөн окшойт
#14 20 Октябрь 2016 - 10:30
begym (20 Октябрь 2016 - 10:18) жазган:
Башка жактан байлангандан Кудай сактасын. Андай эмес. Кете албай атканымдын дагы бир себеби, конушуп калган жерден чыксам кандай болот, канча убакытта башка иш таба алам, иш тапкыча кызым экообуз кантип тиричилик кылып турабыз деген ойлор жанды жейт да. Же озүмө ишенбеген адам окшойм. Өзүмө берген баам өтө төмөн окшойт
Иштете албасан жакшы айлык бере албасан,балдарына акча бере албасан ишинди жап,озундуда биздида ишенди квлбай дегиледа.
Аябай эле озуно ишенбеген,кумурсканан пил жасап алып "аааа"деп корко берген адам окшойсуз.
Анда иштен кеткиниз келбесе иштей беринда кенеш сурабай,баары кет деп кенеш беришседа,кете албайм тиги бу деп кайра...
Сен бар учун...
#15 20 Октябрь 2016 - 10:35
hihikayu (20 Октябрь 2016 - 10:30) жазган:
Иштете албасан жакшы айлык бере албасан,балдарына акча бере албасан ишинди жап,озундуда биздида ишенди квлбай дегиледа.
Аябай эле озуно ишенбеген,кумурсканан пил жасап алып "аааа"деп корко берген адам окшойсуз.
Анда иштен кеткиниз келбесе иштей беринда кенеш сурабай,баары кет деп кенеш беришседа,кете албайм тиги бу деп кайра...
Аябай эле озуно ишенбеген,кумурсканан пил жасап алып "аааа"деп корко берген адам окшойсуз.
Анда иштен кеткиниз келбесе иштей беринда кенеш сурабай,баары кет деп кенеш беришседа,кете албайм тиги бу деп кайра...
Мен кенеш суроо бөлүмүнө жазган жокмун, жүрөк сырына жаздым. Жөн гана бугумду бөлүштүм. Бардыгы жумуштан кет деп айтышарын жакшы билгем. Адам качан гана өзүнүн алсыз жагын, коркунучун бирөө менен бөлүшүп талкуулап алгандан кийин гана жашоого болгон сергек оюн ойготуп алат. Мен ошол максатта жазгам. Түшүнүп-түшүнбөй одураңдап алганга караганда сиз да менин шефиме окшогон бирөө окшойсуз
#16 20 Октябрь 2016 - 11:13
Жумуш бул омурунду бироого сатып каражат табуу. Бироого жалданып иштеп жарыбайт экенсин. Сизди алдап, кулдай иштеткенди уйронуп алып, сиздин мээнетиниз менен байыйм деген мите куртка коп жыл жем болгонунуз азбы? Жумуштан чыксаныз коп болсо бир ай кыйналасыз каражаттан.
Жумуш коп, издесениз жакшысы табылат.
#18 20 Октябрь 2016 - 11:58
Мен чыдабасам керек эле. Акырын эч кимге билгизбей жумуш издеп дайынын билип туруп айлык алганда мен иштен чыгам деп эле арыз жазып кетип калыңыз. Ошондо билет сиздин баркыңызды компаниясы токтоп калганда.
#19 20 Октябрь 2016 - 13:03
Учурда кайдасыз ? Нерв кетсе кайра оз калыбына келалбайт билесизби ошону ? Сиз эмне учун бироого баш ийип ( баалабаса да ) иштешиниз керек? озунуздун кадыр баркынызды эмнеге тепселетесиз ? башка иш караштырып туруп эн жакшысын тапканда кетип калын, раз сизди барктай албайбы сиз менен иштешпей эле койсун. Адамдарга тан каласын, акча таба баштаганда коздорун май басып адамдык сапаттарын жоготуп башташат. Мен сиздин ордунузда болсом ачка калсам да басып кетмекмин. Москвада болсонуз мен жумуш тапканга жардам берейин...
Журогумсун
#20 20 Октябрь 2016 - 13:15
Өзүңүздү өзүңүз кыйнайсыз ал жерде, адамгерчилигиң жок кыйналганда таштап кетесиңби десе, оа мен ушундаймын деп эле чыгып кетиң.