Чыркыраган чындыкты издеп келем, акыйкат деги биздин коомдо барбы? Мен бугун бир жаш жигитти билем, анын мунозуно жана журум - турумуна суктанып башка ата- энелер менин дагы уулум ушундай болсо деген тилекте экенин билем. Ал жигит кой озунан чоп албаган, жогорку окуу -жайын бутуп кесибине жараша жумуш таппай, айласыз энесин менен инисин бул оор заманда багыш учун авто унааны кредитке алып таксист болуп иштоочу. Кырсык каш менен кабактын ортосунда дегендей анын машинесине уч чон эле 40 жаштагы адамдар мас акыбалында тушуп алып айдатып жоношот. Жолдо мас немелер машинеге кусуп, жерге тушуп кускуп алгыла десе болбой таксисти жабылып сабашат. Ошол маалда жолдогу таксистер ары - бери отуп жаткан машинелер токтоп калышат. Кыскасы ошол мастардын бири жыгылыппы же кулаппы башы жарылып олуп калат. Мына ошондон бери сегиз айдан бери эч куноосу жок, колу да аларга тийбеген таксист СИЗОдо отурат. Же куноосу аныкталбайт же куноолулор табылбайт ортодо энеси, иниси чырылдап журот. Чындык мына ушинтип чыркырап тебеленип жатат. Тигил тарап акчалуу болуп" Уруусу кучтуу болсо ээсин доого жыгат" болууда. Мына ушуга кандай карайсыздар?
Баракча 1 - 1
Бизде ким жооп берет адам учун
#3 15 Март 2014 - 17:03
Негизи бизе акчалуулардын заманы болуп калбадыбы, менин оюмча газеталарга жазып чыгарыш керек.
#4 15 Март 2014 - 17:11
Борунун жесе да оозу кан , жебесе да оозу кан болуптурго бул жагы. Бизде акыйкат жок акчан болсо ар кандай жазаадан кутулуп кетсен болот. Биздин турмодогулордун кобу эле куноосуз олтурушат курулай доомат менен.
#5 31 Март 2014 - 12:36
Эгер ошол каза болгон адам 1975-жылы туулган Таластык адам болсо, мен бул окуяны карама каршы уккам. Ал жерде, эки адам чынында эле мас абалда болгон, (жанылбасам 2013-жылдын жай айы болуш керек) анан жолдон такси кармап, уйуно жеткирип коюшун суйлошот. Ошентип жолдо бара жатып, ысыктанбы бироосу машинанын салонуна кузуп жиберет. Айдоочу жинденип, аларды согуп, машинасын токтотуп, жерге суйроп тушуруп уруп тепкилеп кирет. Экинчи жолдошу эмне алсыз кыйналып жатканды уруп жатасын, машинаны тазалап жууп берет элек го деп кечирим сураганына карабай, аны менен да жакалашып кармашат. Ошол учурда башка таксичилер да келип калышат да эки жургунчуну жабыла сабашат. Денесине алган оор жараттардан ээсине келбей больницадан 38жаштагы А.... деген адам каза болду. Анын куноосу болгону жолдош баласына жолугуп, бир аз майрамдап арак ичишкен, коп ичпеген жан бат эле кызып калып, уйуно барып эс алгысы келет. Досуна таксиге салып ийчи дейт, жакшы дагы досу болбой мен озум кошо жеткизип барам деп, таксиге чогу олтурган, болбосо салонго кузуп койгону учун сабап олтурушкондон кийин ким билди кылып таштап кетмек беле.
#6 31 Март 2014 - 12:47
ал эми маркумдун айылда уулум деп сыздаган ата энеси, ата деп ыйлаган баласы (энеси да каза болгон) тоголок жетим калды. Акчалуулар экен деп жазыптыр. Маркумдун атасы айылда суугатчы болуп иштейт, энеси оорукчан уйдо олтурат.
Баракча 1 - 1