asel2018 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 416 (0,13 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (381 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 26 Ноябрь 15
- Кароолор:
- 11 261
- Соңку аракети
- 01 Янв 2020 00:07
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 22 жашта
- Туулган күнү:
- Декабрь 31, 2001
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Бишкек Талас область
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Атамды кечирейинби?
Жазылган күн: 11 Дек 2019
Мен өзүм жөнүндө айтсам жашым 18де мындан 18жыл мурун атам мени кыз болуп төрөлүп калганым үчүн апам экөөбүздү таштап уул төрөй турган кызга үйлөнүп кеткен экен. Апам байкуш мени кучактап кала берген экен. Апамдын азыр турмушу бар. жолдошу экөөнүн ортосунда 5 уулу бар. кудайга шүгүрлөр болсун бактылуу эле жашап жатышат. атам апамдан кийин 3жоолу үйлөнүптүр. бирок уул эмес кыздуу дагы болбоптур.Атам азыр 4аялы менен жашап жатат экен. эми кече мага келиптир кечирим сурап жана сени окутам эмне десең кылам мени менен жаша. апаңдын семьясы бар экен.Сен менин жалгыз кызымсың.Убагында ката кылган экенмин. Эми өкүнүп жатам деп.Эмне дейсиздер бир убакта кызың мага керек эмес мага уул керек деп чанып кеткен атамды кечирейинби же кечирбейинби? мага өз кеңешиңерди берип кетсеңиздер. Алдын ала чооң рахмат. -
Аялзаты ыйык дейбиз
Жазылган күн: 25 Дек 2015
Менин атым Таалайкан, жашым 43тө. Удаа үч уул, анан эки кызым бар. Балдарымдын алды өз түйшүктөрүн өзү тартып мага оорчулуктарын тийгизбей калды. Ал эми кичинелерим - али жакшы-жаманды ажырата элек секелектер. Ушундай мончоктой балдарым турса да мен өз нугумдан чыгып бактысызга айландым. Бул абалга кантип келгенимди өзүм да байкабай калдым. Өткөн өмүрүмө сереп салып буларды таптым.
***
Жолдошум менен жаш күнүмдө, 16 жашымда жогорку окуу жайга тапшырып келген жылы таанышып, бир-эки жыл кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Чынын айтсам, аны абдан жактырганымдан, кайсы учур болбосун, колун кармап кетүүгө макул элем. Бирок ал окуусун аяктап, “бир жолго түшүп алып гана жашоо баштайм” дегени үчүн эки жыл убакыт кетти. Ырасында Болот баарын алдын ала байкай билген, иш билги, жаны тынбас изденгич жигит болчу. Ага улуу адамдар кадыресе чоң кишидей кайрылганына өзүмчө сыймыктанар элем. Болот айтканын аткарды, окуусун артыкчылык менен жакшы аяктап, эч ким козголо элек ошол заманда өз алдынча иш баштап, анан турмуш курду. Азыр ойлосом, Болот бүгүнкү бизнесин ошол кезде түптөгөн экен.
Бирок баш кошуп алуу биз үчүн оңойго турган жок. Болоттун жеринин алыстыгы ата-энеме шылтоо болду. Ошентсе да ал көктүгүнө салып агаларымдын улам бири менен таанышып макул кылып атып акыры ата-энемдин алдына барып мени алып кетти. Андан кийинки жашообуз жомок эле. Жаңы жашоо. Экиден ашпаган арзыбаган гана оокатыбыз болсо да керемет жомоктогудай бактылуу жашачубуз. Адам өмүрүнүн бир кел-кел маалы болот окшобойбу. Жаңы жашоо баштаганы Болот ийгиликтердин каарманы болду. Чынын айтайын, кантип иштеп, кантип акча таап атканы менен ишим болгон жок. Негизгиси анын ишине кийлигишип олтурбай, жакшы аял болуп берейин дечүмүн. Биринчи наристебиз тай-тай басып, экинчибиз боюмда болгон жылы эле өз үйүбүз деп чакан батирге көчүп келдик. Дүкөнү кеңейди. Анан экинчи уулум төрөлөрү менен машина алдык. Адам жашоосуна мындан ашкан эмне керек. Мен олтурсам-турсам ушунун баарына Кудайга шүгүр келтирип, Болоттун кирпигине чаң жугузбай эле калдым. Ал эми кесип менен иштөөнү башынан эле ойлонбоптурмун. Бул менин жашоомдогу эң чоң жана өзүм эч качан кечирбей турган катам болуп калды.
***
Бардар жашоо бизге көптөгөн жоро-жолдош, тууган-тушкандарды таап берди. Жаш күнүбүздөн кайда барсак сый үстүндө болуп, ким менен кездешсек да кебибиз чоң эле. Мен мунун баары Болоттун арты менен болуп жатат. Болоттой эркек жок. Анын аракетин баалап ашык кеп сүйлөбөйүн деп айтканын аткарып, “бас” десе басып, “тур” десе турам. Кайда барса жакасы ак болсун, мен үчүн уят болбосун деп түн оокумда келсе да кийим-кечесин жыйнап, бут кийимин жалтырата сүртүп коюп, анан уктайм. Таң менен туруп тамагын берип ишке узатам. Бул аракеттердин баарын чын жүрөгүмдөн, жан дилимден жасачумун. Ар бир кыймылымды аялдык бактым деп эсептеп ыраазы элем. Бирок мен мунун баарын бакыт сезип сыймыктанып жүргөнүмдө айланамдагы абысын-ажын, аяштар мени бактысыз атап, сыртымдан аяп, айрымдары шылдың кылып табалап жүрүшкөн экен. Мен муну качан төрт балага эне болгонумда билдим.
Болот аттуу-баштуу адамдардын арасында жүргөн орду бар адам болгондуктан көпчүлүк жүргөн жерде өзүмдү да, балдарымды да абдан көзөмөлдөп, атабыздын атына кеп кетирип албайлы деп көнгөн элем. Бир күнү тамак ичишип жүргөн досторубуздун биринин туулган күнүнө чакырылдык. Бирок Болот бир жумалык иш сапарына кеткендиктен мени “жалгыз бара бер” деди. Акча сурасам, “өзүм барганда куттукташым керек, биротоло ошондо берем”, - деди. Эч эрөөн-төрөөн алган жокмун. Көрсө, Болот тапканын үй-бүлөсүнөн кызганып ошондо эле бизге ыраа көрбөй баштаган экен. Адаттагыдай эле өзүм үчүн эмес, Болот үчүн, аял экеним үчүн эмес, Болоттун аялы экеним үчүн жасанып, жакшынакай кийинип алып кечеге бардым. Канчадан бери кездеше элек аяштар кеп арасы ыгын таап акыбал сураша калып аттык. Бир маалда бизге эң жакын деген аяшым мен күтпөгөн суроо салды:
– Таалай, Болот менен жакшы эле жашап атасыңбы? Эмне жалгыз келдиң?
– Жакшы эле, эмне болуп кетти? Ал иши менен Ошто жүрөт. Анан экөөбүз тең барбай калмак белек деп мен келе бердим.
– Кеткенине канча болду? Мурда деле кетчү да ээ, ушинтип?
– Ооба, башынан эле иши ушундай эмеспи. Бизнес улам өскөн сайын иштери ошончо көбөйүп, улам сайын колу кармалып эле баратат. Антип иштебесе да болбойт да, - мен анын оозун басмакка сыймыктуу унчуктум.
– Билбейм, Таалай, Болоттон эч шегиң жокпу, – анын көз карашы мени чочутуп койду. Чындап санааркагандай, анын үстүнө Бермет бул кепти жок жерден айтпайт эле. Мен суроо салганча башкалар кепке кошулуп сөзүбүз бүтүп калды.
Түн бою түпөйүл тартып чыктым. Болоттун тынымсыз иш сапарлары жөн эместей туюла баштады. Бирок ошол эле маалда андай ойлор үчүн өзүмдү күнөөлүү сезип кетем. Таң агарганы Болоттун чалуусун күтүп олтуруп чыдамым кете түштө өзүм чалдым.
– Кандайсың, качан келесиң?
– И, эмне болуп кетти, тынччылыкпы? – ороңдой унчукту.
– Жай эле. Кечээ туулган күнгө жакшы барып келдик, - эмнегедир ушинтип жибердим.
– Ии, жакшы болуптур. Барганда сүйлөшөбүз аны.
Ушул маалда ары жактан аялдын күлкүсү жакындай түштү.
– Макул, өзүм чалам.
Үйдөн дайыма таң атпай туруп, түштө эч качан уктабаган Болоттун чак түштө телефонду уйкусурап алганынан шектене түшкөн элем. Эми жанагы күлкү биротоло тынчымды алды. Болот келгенден кийин сүйлөшүшүм керек дегем. Бирок ага бет келгени эч нерсе дей алган жокмун. Бир чети Берметтин кебинен башка эч кандай илинчегим жок эле. Бир жагынан буга чейин ага атырылмак турсун, каршы ой айтып көрбөгөн жаным антүүгө батынбадым.
***
Аз убакыт өтүп Болот үйгө байырлап калганга өткөндөгү бушайман сезимдерим жоголуп, өзүмө келип калгандай болдум. Бирок эми биздин келишпестиктин жаңы барагы ачылды. Бешинчи жолу кош бойлуу экенмин. Бул мени кубандырганы менен Болоттун карандай ачуусун келтирди.
– Жетет могу төрт бала, ушуларды эптеп багып алалычы. Алдырып сал.
– Кантесиң Болот, эптеп дегенден уялсаң. Жакшынакай эле жашап жатабыз го.
– Жакшынакай жашап атсаң, тууп алып бага бер. Бирок менден ашык акча сураба.
Башка чапкандай болдум. Дайыма акчаны санап берип, анан менден да, балдарынан да берген акчасынын эсебин алып турганын анын тактыгы, акчаны туура жумшаганы деп саначумун. Бирок акчага мынча кароо болуп, мындай ачуу кеп айтат деп такыр ойлогон эмес элем. Ошол эле күнү баланы алдырып салууга бардым. Чынын айтайын, Болоттун ачуусуна тийип төрөгөндөн корктум. Бирок кеч болуп калган экен. Аргасыз көнүүгө туура келди. Ичим чоңойгон сайын анын кабагы карыш. Мурда иш сапарына деп баарын жайгарып, керектүүлөрүбүздү алып берип кете турган болсо, эми кайда кетип атканы белгисиз эле спорт сумкасын жонуна асып чыгып кетчү болду. Акча сураган сайын үйдө жаңжал. Жашообуздун шаңы кетип, кабагыбыз ачылбаган жашоо башталды. Балдарымдын биздин көзүбүздү карап жалооруп тургандарына жүрөгүм ооруйт. Кыйналып кеттим. Ошол кезде Бермет чалып “жолугалы” деп калды.
– Таалай, эмне мынча жүдөп кеткенсиң? Арыктап да алыптырсың? Ден соолугуң жашыбы?
Ушул кезге чейин келбетиме карата мындай терс сын уккан эмесмин. Ансыз да бугум толуп турган жаным ыйлап ие жаздадым. Бирок шек билгизбей:
– Ичим чоңойгону ушинтип жалкоо болуп атам. Бул эми убактылуу да, - деген болдум.
Биз бир топко аркы-беркини сүйлөшүп отурдук. Убактыбыз тарып бараткан сайын Берметтин мага бир нерсе айта албай тынчы кетип атты. Акыры кетер алдында ал жарылып кеткендей болду.
– Таалай, сен эмне, Болоттун аны менен жашоосуна макулсуңбу? Сен минтип челкейип турсаң таштап кете бергенине кантип чыдайсың?
– Ким менен жашайт экен? Таштап кетпей эле турат!
– Ушунча да болосуңбу, Таалай, эмдигиче билбейсиңби? Ой, мен канчадан бери сени эмне дейт деп бышып жүрбөймүнбү. Болот тиги Махабаттардын кудачасы менен жашап атканын досторунун баары билет. Аларды эч ким токтото албай коюшту окшойт. Анысы да аз күндө төрөйт экен.
Башыма миң сан ой келип бир ооз кеп айта алган жокмун. Күчүмдү көз жашымдан чыгарып үйгө кайттым. Ал күнү Болотко өмүрүмдө биринчи жолу бийик сүйлөдүм.
– Токолуң качан тууйт?
– Эмне? – Болоттун жүзү кубарып ордунан обдула түштү.
– Ошо! Сага бала артык баш болуп атпады беле?
– Былжырабачы! Аны менен ишиң болбосун! – телевизорду тиктегенинен жазбай бурк этти. Тоготор түрү жок.
– Жогол, ошонуң менен кет да, кайрылба.
***
Ошол күнү чыгып кеткенинен эми аны кайрылбайт го деп ойлогом. Андай болгон жок. Бала баары бир данакер экен. Андан бир жума өтпөй толготуп калдым. Балдарым атасын чакырышкан экен. Келип наристебизди көрүп, өзүнө каттатып кетти. Бирок мага бир ооз унчуккан жок. Мен да үндөбөдүм. Мен үйгө чыгып келгенче балдардын жанында болуптур. Андан кийин бирде келип, бирде жок болуп жүрдү. Азыр ал наристебиз 4 жашта. Болот биз менен жашап жатканын же тигиниси менен экенине түшүнбөйм. Ачык да сүйлөшө албайбыз. Балдары эс тартып баарын түшүнүп калышкан. Алар деле атасынын башка аял менен жүргөнүн билип, туюп турушкандарын байкайм. Бирок кантип кеп козгоп ортого салмак элек. Баарыбыздын арманыбыз ичибизде. Эл бизди бай бизнесмендин бүлөсү деп ойлошот. Бизде баары бардай мамиле кылышат. А чынында биз кээ күндөрү дүкөндөн карызга нан алып жашап жатканыбызды эч ким билбейт. Мага болсо Болоттун аялы болгонум үчүн сыймыктануу эми керексиз. Мурдагыдай тартиптүү болуудан абдан тажагам, ага кызыкдар да эмесмин. Өткөндө мектепте окуган кызымдын бир ооз гана кеби мени эсиме келтирди.
– Апа, экинчи досторуңузга барбай эле коюңузчу. Алар үйгө келсе да киргизбейбиз. Сиз алар менен арак ичип алып атып атам бизди таштап кетмей болду, - дейт. Байкуш наристем, атасынын бизди алда качан эле таштап кеткенин кайдан билсин. Атасы бизди таштап кеткени үчүн ушул жашоого кептелип олтурбайбызбы. Мен кызымдын кебинен улам өзүмдүн аракеч болуп баратканымды туйдум. Кеч болуп кала электе деп аракет кылып көрдүм. Бирок ызамды курбулар менен бөлүшүп, ачуу менен басканга бир топ эле көнүп алган экенмин. Мен өзүмдү тааныбай баратам. -
Нурайым Шаршенбаева эженин калемине таандык чыгармалар.
Жазылган күн: 12 Дек 2015
НАРИСТЕ ҮНҮ...
(новелла)
Ураа! Мен жарала баштадым! ..
Менин жаңыдан гана түйүлдүккө айланып, апакемдин курсагында чоңоё баштаганымды эч ким биле элек. Жадагалса апам да... Мен жөнүндө билгенде апакем абдан сүйүнсө керек... А атамчы?.. Ал ким болду экен? Буюрса тогуз айдан соң жарык дүйнөгө келип, баарын кубанычка салам го деп ойлойм... Кандай гана бактылуумун! Мындай бакыт баарына эле буюра бербесе керек...
ХХ ХХ
Жарала баштаганыма жыйырма күн болду. Бүгүн апакем мен жөнүндө билди. Бирок мен күткөндөй кубанган жок... Кабагы ачылбайт... Жаздыкка башын катып көпкө ыйлады... Түшүнбөй жатам... Эмнеге ыйлайт?
Шашып бир жакка бара жатат. Кайда бараары мага кызык болуп турат. Менин бар экенимди бирөөгө сүйүнчүлөйттүр. .. Бир жигитке жолукту. Ооба, мен жөнүндө айтты. Бирок, экөө тең кубанышмак түгүл... Урушуп жатышат. “Жогот! Мени ушинтип байлап алам деген турасыңбы?! Курсагың чоңоё электе алдыртып сал! Жок десең, өзүңдөн көр! Мага кийин жалдырап келчү болбо! Жалдырамак түгүл бутума жыгылсаң да, сени менен да, курсагыңдагы менен да алпуруша албайм!” Бул ким өзү, менин апакеме кыйкырган?! Мени менен алпуруша албайм дегени эмнеси? А, алдырып сал дегеничи?! Көп нерсеге түшүнө албай турганымды карачы! Колуман эч нерсе келбегени өкүндүрөт... Апакеме кыйкырган ар бир киши менин да душманым...
ХХ ХХ
Эхх!!! Эми түшүндүм... Апакеме кыйкырган атам турбайбы... Мен ага эмне жамандык кылдым экен?! Мени көрө элек жатып неге мынча жек көрөт? Кийин,апама эч кимди жаман айттырбайм. ..Жадакалса атама да!!! Апакеме кыйкырганга эч кимдин акысы жок...
Ухх!!! Апакем дагы эле ыйлап жатат... Атакеме таарынып, көз жашын көлдөтүп кетип калды... Ал неге мени каалабай турганын түшүнө албай койдум. Менин ага керегим жокпу? Мына, дагы бирөөлөргө жолукту. Алар апама жаман айтышкан жок. Сооротуп жатышат...Булар- апамдай болгон сулуу экен. Бирок апам алардан да сулуу, акылдуу... Мен да кийин апамдай болом. Мени атам жаман көрсө да, мен аны жакшы көрөм... Ал мени көрө элек болгону үчүн, билбей жатат, жакшы көрбөй жатат. Мен кийин ага жардам берем... Апам, атам менен жетелешип... Мен төрөлгөндөн кийин сүйүп кетишет... Мен бул оюма чын дилим менен ишенем!
ХХ ХХ
Ой! Мага эмне болду?! Жаман болуп жатам... Апам да негедир башкача болуп турат... Жаңы эле ыйлап жаткан. Азыр, каткырып күлүп, даңылдаган музыкага кошулуп ырдап, жанындагы өзүндөй сулуулар менен бийлеп жатат. “Апа, абайла, курсагыңда мен бар!”- деп кыйкыргым келип кетти. Мен өзүмдү жоготуп баратам...
Апакем күнүгө эле бир нерселерди иче баштады... Мен билбейм, анын эмне экенин... Бирок ошондон кийин алсызданып, өсүүм токтоп калгандай... Мага күчтүү, даамдуу тамак-аш керек экенин билбей жатса керек... А менин колуман эч нерсе келбейт. Кандай гана өкүнүчтүү! Апакем эмне менен азыктанса, көнүлү кандай болсо, бардыгы мага таасир берет да... Эмне кылышымды билбейм. Айлам жок, апакемдин кылгандарына көнө берем. Башка эмне кыла алам мен?
ХХ ХХ
Жаралганыма үч ай болуп калды. Жүрөгүм сого баштаган. Апакемдин ар бир үнүн, ыйын, күлкүсүн, кайгысын, кубанычын сезип калдым. Ал ыйласа, кошо ыйлачу болдум. Анын ар дайым кубанып жүрүүсү мага канчалык кымбат экенин билет болду бекен?.. Сөзсүз билсе керек... Анткени менин апакем баарынан акылдуу, баарынан мээримдүү жан! Жанында жаман адамдар окшойт. Ошолордун туура эмес кеңештеринен, жаман жолго барып жүрөт да. Мен жарык дүйнөгө келгенден кийин, баары башкача болот. Мени көрөөрү менен, бардык туура эмес кылгандарына өкүнүп, жакшы жолго барат деп ишенем. Анткени ал аябай жакшы, менин эң жакын адамым!! !
Бүгүн бир жерге келди... Бул жерде аппак халат кийген эже-байкелер бар экен. Баардыгы мага жагып турушат...Аппак кийимдери өздөрүнө, татынакай болуп жарашып турат. Мен да кийин ушул эже-байкелердей болуп, аппапак кийим кийип,апамды кубандырам. ..Иий...Апам кайра ыйлай баштады... Эмне деп жатышат болду экен?.. “Азыр кеч болуп калды... Эртерээк ойлонбойт белең! Азыр балаңды боюңан алдыртам десең... Аны кескилөөгө туура келет!” Сөз мен жөнүндө болуп жатат! Мени кескилейбиз дейби?! Бул эмнеси?! Мен апакемдин курсагында тогуз ай жатып, анан татынакай болгондон кийин көрүнөм да! Жүрөгүмдүн кагуусу катуулап баратат! Мен коркуп жатам! Чын эле мени кескилеген жатышабы?! Апаке, мени кескилетпечи! Мен сени абдан жакшы көрөм! Сен мени көрө элек болсоң, мен сени көрүп, сезип турам! Сен дүйнөдө эч кимге теңдеши жок асылзат эмессиңби!
ХХ ХХ
“Мени кыйнап бүттү... Мындан кантип кутулам? Обортуң асмандын башын сурап жатканын карабайсыңбы? ! Бат эле чоңоюп кетээрин этибар албай, ушуга жеттим...” Сөздөрү мен жөнүндө болуп жатат. Мен чын эле апакемди кыйнап жатамбы? Эмне кылып? Түшүнбөйм... Мен кубандырам деп жаралбадым беле?! Эмне ичет десем? Даары тура! Апаке! Мен сени кыйнабайм! Кийин чоңойгондо сени багам да! Сен менен дайыма чогуу болом! Мен сага эч кимди жаман айттырбайм! Менден кутулуунун жолун издебей эле койчу! Мен азыр өзүмдүн эркек бала экенимди билип калдым. Көрөсүң го, мен төрөлөөр менен сага жагып кетем! Мага ак сүтүң берип эмгизесиң... Мага бешик ырын ырдап бересиң... Капаң жазылып кетет... Атам болсо... Ал да мени сүйүп кетээрине ишенип турам.... Азыр, ал мени тааный элек да! Ал кайрылып келип, сенден кечирим сурайт... Апа, даары ичпечи!
ХХ ХХ
Апакемдин курсагында жатканыма жети ай болуп калды. Апакем мени да, өзүн да абдан кыйнады. Бардык мүчөм жетилип, төрөлөөрүмө аз эле калды. Бирок... Тогуз ай жатууга чамам жетпей баратат көрүнөт. Апакемдин иче берген даарысынан, байлап салган курсагынан өтө эле алсыз болуп калдым... Менин бар экенимди баарынан жашырат... Эмнеге?! Мен апакеме, апакем мага керек экенин түшүнө элекпи?!
ХХ ХХ
-Ыңаа! Ыңаа!
Бүгүн жарык дүйнө менен учураштым ... Апакеме жардам берип, мени тосуп алган ак халатчан эжеке, мени өйдөлөтүп көтөрдү да: “Сүйүнчү! Уулдуу болдуң!”- деди. Апам көзүнөн жашын куюлтуп, нары карады. Мени карагысы да келген жок... Бул эмнеси?! Менин ыңаалаган үнүмөн корктубу? Тарбалаңдаган колу-бутуман корктубу? Дегеле, менин жаралганыман корктубу? Келечекте ага мен гана тирөөч болуп, колуна-кол, бутуна-бут болоорумду сезбей турат ээ? “Ай, кыз! Сен көзүңдү тоодой кылып ыйлай бербей, балаңды жакшылап кара. Эмчегиңди оозуна салсаң... Ууз сүтүңдү тое эмсин!” Мени апакемдин курсагына жаткырып, оозума эмчегин салды. Апакем, жийиркенгендей, денесин жыйырып алды. “Мага бул баланын кереги жок... Эмгизбей эле коеюнчу...”- деди апакем оозун араң кыбыратып.“Ок! Бул эмне дегениң?! Төрөй элек жатып, кереги жок деп... Мурун ойлонбойт белең?!” Ак халатчан эжеке, үнүн катуу чыгарып, апакемди урушуп жатты. Анын сөздөрү кулагына кирдиби, кирбедиби, ким билет, айтор, апакем, үндөбөй, көзүнүн жашын мөлтүлдөтүп, нары карады. Мен апакемдин денесинин жылуулугуна маңдырадым. Эмчегин оозума алып, жылуу ууздун даамын таттым. Сүттүн даамы жагып турду. Апакем дагы эле, денесин жыйырып, мени көкүрөгүнөн алыстата түрттү.. Ошондогу ызаланганымчы! Жарык дүйнөгө келгенимде, сүйүнүчтөн ыңааласам, азыр, ызаман ыңаалап ыйлап жибердим. “Мени көргөндө сүйүп кетет!”-деген оюмдун аткарылбай турганына, мени жериген апакеме, жаралбай деле койсом болмок экен деген ойлорго эзилдим... Көптөгөн жаман ойлор мени кыйнап жиберди. “Ыңаа! Ыңаа!”-деп чырылдагандан башка колуман эч нерсе келбей турду. Акыркы үмүтүм ак халатчанда калды. Анын мээримдүү жүзү, мени аярлай көтөргөн жылуу колдорунун илеби жүрөгүмө жакын болуп, “Менин апакем сиздей болгон адам болсо, жакшы болоор беле?!”-деп, биринчи жолу, өз апакемди жерип кеттим. Биринчи жолу апакемди жаман көруп турдум. Ак халатчан эжеке, эмнегедир ыйлап жиберди. Колуна мени алды да, акырын гана бетиме бетин тийгизип, жыттап койду. Таң калып кеттим. Апакем бербеген мээримди бул бейтааныш эжекенин берип турганы мен үчүн күтүүсүз эле. Мени колунда ары-бери терметип турду да, кайрадан апакемдин көкүрөгүнө жаткырды. Эжеке да негедир ыйлап жиберди. Апакеме карап: “Айланайын, синдим! Татынакай жан экенсиң... Кудайдын берген белегин жээрип турганың эмнең? Билесиңби, эне болуу бактысын баардык эле аялзатына буйур бербегенин?
? Канчалаган бактысыз аялзаты балага жетпей кор болуп, Кудайга жалбарып, ыйлап жүрүшөт?! А сен!.. Бул кылганың туура эмес!”
Апакем эжекенин сөзүн уккусу келбегендей, көздөрүн жумду... Бирок... Ким билет?! Мүмкүн, сыртынан билдирбегени менен ичинен тагдырына таарынып, өзүнүн алсыздыгына арман кылып, “Алдырт! Кереги жок мунуңдун! ”-деп кыйкырган атакемдин боору таш мамилесине ызаланып тургандыр... Жарык дүйнө менен таанышкан күнүм ушундайча башталды...
ХХ ХХ
Мени жээригенденби, же өзүнүн ден-соолугунун начарынанбы, айтор апакемдин эмчегине сүт келбей, мени да, өзүн да кыйнады. Врачтардын айткандарына караманча көнбөй, эки көзү кыпкызыл болгончо бүк түшүп ыйлаганын баспай койду. Мени башка бөлмөгө алып кетишти. Курсагымдын ачканына чыдабай чыркырап ыйлай баштадым. Мени жарык дүйнөгө келгенимде биринчи болуп, кол сунуп тосуп алган эжеке гана жанымдан чыкпай, айланчыктап, мени эмнегедир сүйүп турду. “Айланайын, балапан! Сени төрөй элек жатып, кереги жок деген апаңа түшүнбөй турам... Менин сендей болгон балапаным болсо кана...
Комментарийлер
Chabandes2
12 Дек 2019 - 11:03