Теги Кыргыз-Сайда баштагы түр жок. Майрамдарда жыйналып арак ичип, бийлеп үйдү төбөсүнө көтөрүп, жабыла ырдап жыргап жатканда, мен көчөдөн кетип баратып терезесинен көрүүчү үйлөр кайда! Байлардын сол-кулдаган кыздары, боз балдары болуп, эртели-кеч майрамдай кийинип, чогулуп ырдап, гармонь тартып зоок-тор мурункудай тышка чыкпайт. Алар барып алып абаны жаңыртып, көк шиберди уйпалап жатчу токойлор, суунун жашыл бойлору, бул күндө той таркагандай болгон.
Мен бир күнү шаардан үйгө кеч кайттым. Күн ачык. Асманда жылдыздар жыбырай баштады. Кетип баратып жолдо бир суунун боюна көңүлүм тартып отургум келди. Ушундай жымжырттыкта табияттын сулуулугун карап отурганды сүйөр элем. Суунун боюнда бутумду сунуп, тунук аба менен эркин дем алып, акырын гана шыркырап жаткан агымга карап, ойго кетип отурам. Айланам өлүктөй жымжырт. Алда кайда бир алыстан баканын чардаганы угулат. Бир кезде шаар жактан муңдуу кылып чиркөө кагылып, анын караңгы түндү кайгылуу кылып калтыраткан дабышы менин кыялымды терметип алда кайда узатып кетти...
Казак орустар үч күндөн бери тынбай көчүштү. Эртеден кечке Сайды бошотпой арабаларын калдыратып,
карагайдын арасына барып жоголуп жатты. Байлар бирин-серин калган дүнүйөсүн алып, акыркы көчтөрү менен сандалып бүгүн кетип баратты. Большевик келет деп болжогон күн да бүгүн. Мына мында бирөө араба сынып артына чычаңдатып бир уюн байлап алып жакындап калган жоодон качып бараткандай ашыгып түшө калып бирдемелерин оңдоп коюп, жан талашып жогору карай тартып барат. Шаарда чанда бир эчтемеси жок томаяктар бирди-жарым кемпир-чалдар болбосо көп жан калып жарыткан жок. Шашканынан качкындар малынын көбүн таштап кетти. Мен кайтарчу музоолор күндөгүдөн анча бөксөрбөптүр.
Закон боюнча судя качпайт экен деп укканбыз. Күндө кайнап жаткан Кыргыз-Сай бүгүн өлүктөй тунжурап, ээсиз үйлөрдө кыткылыктаган тооктордун,
өрдөк-каздардын гана үнү чыгат. Эки күндөн бери чиркөөө да кагылган жок.
Күн бешимге таяп калган кез эле. Мен музоолорду тоодон түшүрүп келе жаткам. Жалгызмын. Ыракымбай үйүнө кетип калган. Асман ачык. Аба кечке жуук салкын тартып турду. Эгин баш алып калган кез.
Ушинтип кетип баратып бир убакта төмөн жакты караганымча болбой, Чарын жактан жердин бетин бербей кылкылдаган сансыз адам сап тартып, мелтиреген талаага салып, туура Кыргыз-Сайды карай беттеп келе жатканын көрдүм. Азыр алыс. Чарын менен Кыргыз-Сайдын аралыгы табактай чуңкуру жок мелтиреген түз. Ушу жерден караганда ой-чуңкуруна чейин алакандагыдай көрүнүп туруучу. Береги каптап келе жаткан сан-сыз аскер атам замандан берки арманына жетип жердин четинен баштап, бул дүйнөнү кыйратып адамзаттын жаңы өмүрүн жасап келе жаткандай калың туман болуп көтөрүлгөн коюу чаңды кийин таштап зыркырап айдап келет. Жоону бет алып кылычын жанып, мылтык октоп, найзасын сунуп келе жаткандай теңи жок жандуу коп аскерди көргөндө мага баятан бери сезиктенип келаткан коркунуч ордуна кубаныч өңдүү бир белгисиз түс кирди. Ушуларга бир аралашсам, эзелтен берки арманымды бир айтып калсам, ошолор менен бирге болуп, кандуу май-данга бирге кирсем — ошентип эзелтен капаста жаткан черимди бир чыгарсам дегендей бир белгисиз сезим пайда болду. Этим кызып, боюм дүркүрөп, жүрөгүм кабы-нан чыкчудай толкуп кетти. Мунун себебин өзүм да билбей калдым. Бир себепте найзанын учунда кетемби деп да ойлоп алдым.
Мындай да эмес. Ушул жерди жеткирип айта албай, жаман тил менен сомолоп гана койдум. Буга мен күнөөлүү!
Агымдап келе жаткан калың кол эми шаардын аягына жакындап калган. Мен Ыйвандын багынан өтүп ой-го түшкөн кезде көрүнбөй калды. Ошол убакта кайдан-жайдан экени маалымсыз: Сайды бет алдыра беш-алты ирет чуулдатып мылтык атылды. Айланамды карасам тырс эткен жан билинбейт. Ар кайсы жерлерде анда-санда бурк эткен мылтык түтүнү гана көрүнүп калат. Мен үйгө жетпей орто жолдо калдым. Кишиси көрүнбөгөн мылтыктар атылып, улам жакындап келет. Капилеттен ок жанып кетеби деп делбелектеп кетип бара жатып бир кырга чыга биргенимде так мени сыйпап өтүп жат-кандай тириде жок ачуу дабыштар менен дагы бир топ мылтык атылды. Эчтемеге түшүнбөйсүң.
.. Ары жактан камырабай келсем да бул жерде шашып калдым. Мен кырдан жүгүрүп алдымда бир кабакка кире берген жер-де түсүнө катуу коркунуч белгиси кирип, көзү чакырайып калың чалканга жаңы тыгылып жаткан бирөө мага:
— Эй, жин урган неме. Жат былай! —-деп колун сермеп калды. Бир аз бүшүркөп, ушул немени тааный кет-тим! Баягы Ыйманкул экөөбүз тентип жүргөндө ышкынга жумшаган казак экен.
Музоолор эгин чөп дебей каптап төмөн кирип кеткен. Мен чалканга кирген кезде ары жактан дагы бирөө де-мин ала албай энтигип жүгүрүп келип:
— Ой бай ай, энди кайтемиз!
— деп жанталашып биздин жаныбызга корголоду. Ал келип кошулгандан кийин үчөөбүз чалкандын арасы менен жөргөлөп жогору карай жүрдүк. Менин бети-башым билектерим тызылдап калды. Чалкандын чакканын да байкаганыбыз жок. Жөргөлөп баратканда бирөөнүн согончогу менин оозума тийип кеткендей болду. Чалкандын киши бою келген калың жерине барып жаттык. Капчыгайды жаңыртып мылтык үндөрү жазбай угулуп турат.
Арадан он беш мүнөттөй убакыт өткөндө кылыч мылтык асынган шыңкыйган сур кийимдүү карагер атчан бирөө так маңдайыбызда бир жондон чыга түшүп, биз жакты карап атын ойдолоктотуп токтой калды. Коркуп кеттик. Аңгыча болбой бир жайпак тебетей казак ошол атчандын жанынан өтүп, бизди карай далбактап жөнөп калды. Калың чалканда тыгылып жаткан бизге алактап жетип келип:
— Өй, жүрүңдөр!
Бизге тиймейди экен. «Жай-жайың-да тынч жата бериңдер» — деди. Ане өзү карап тур,— деди. Өңүндө чочуган түс жок — камаарабайт.
Биз чал-кандын арасынан туруп алып үйдү карай жүрдүк.
Шаңдуу, сүрдүү аскерлер биздин эки үйдүн жанын-дагы жол менен жогору карай тынбай дабырттап өтүп сайга кирип жоголуп жатты. Катын-калач дебей жабалактап тышка чыгып карап турушат. Бизди жалт-жалт карап коюп аттын бардык жүрүшүнө салып, жогору карай койгулап, өтүп бараткан аскерлерге карап:
— Я арбак!..
— Бечара карыпка кубат бер!..
— Я парбардыгер сактай көр!
— Оң жолуңдан...— деп коюшат беркилер. «Кудай билет» булар ушуну кимге арнап айтып жат-
канын өздөрү да билбесе керек деп ойлойм. Ушундай десе, чаап баратыга кай бирөө бизди карай колун жазган:
— Коркпогула,
коркпогула!
— деп коёт.
Ошол көптүн ичинде кетип баратып, энтиккен атын токтотуп экөө биздин айылга бурула калды. Жолдун боюндабыз. Экөө тең жаш жигит. Бири татар. Казак орустардын жөнүн сурашты.
Буларга жооп бере турган эркектер Ыракымбайдын атасы менен эле Шадыкан! Татар жигит беркилердин сөзүн жолдошуна улам орусчалап берет. Ал атынан өбөктөп алып бардык дити менен угуп турат.
— Казак орустар кайда кетти? — деди бир кезде. Бу жолу апалактап Шадыкан жооп берди:
— «Болыиевиктер Сары токойдон бери өтүп калыптыр» — деп мындан эки-үч күн мурун айтып жүрүшкөн. Үч күндөн бери көч тынган жок. Эң акыркы көчтөр бүгүн жөнөдү.
Баары тең ушундан ары карай капчыгайга кирип жоголуп жатты. Малдарынын көбү мындан...
Омуроосу көбүктөнүп турган атынын тизгинин тар-тып кетүүгө ыңтайланып жатып орус жигит бирдеме деп калгандан кийин татар:
— Эми силер коркпогула.
Эч ким тийбейт. Шаардын ичине барып чогулуп алгыла...— деп жүрүп кетти.
Жогору карай тынбай дабырттап, чаап өтүп жаткан аскерлерди көрүп, менин көңүлүм толкуп турду.
Абал ушинтип жаткан тушта, Кыргыз-Сайдагы бирин-серин катын-калач малайлар кеч кирип, бир жерге чогулуп алды9. Баары төрт-беш түтүн. Эки түтүн бадачы да ушундабыз. Үйлөрдү жайына таштап, кийизмийиз өңдөнгөн гана бирдемелерди көтөрө келгенбиз. Жыйналган жерибиз бада чогулчу көпүрөнүн артындагы жалгыз үйдүн жаны. Үй ээси качып кеткен. Короосу жымжырт турат. Биз отурган жердин түштүк жагы менен кыйгап агып жаткан Кыргыз-Сайдын суусу бар. Көк шибер чөп...
Түн кирди. Эл эчтемеге түшүнбөгөндөй бири-бирине сөз катпаң ар кай жерде жалдырап гана карап отурат. Ошол кезде бир солдат жолдон бурулуп бизди карай тартты. Алдында куйругун чолок кырккан карагер ат. Баарыбыз карап турабыз. Бая кечинде бизди бу жерге жыйнап кеткен солдат го дел ойлодук. Ошол болуу керек... Жаныбызга бастырып келип оң колу менен кылы-чын кармап атынан түштү да четте турган бирөөнө карматып койду. Түрү жаман! Келе салып элди койдой ийрип отургузуп салып, аралап эмне бар деп ар кайсы жерде томпоюп жаткан буюмдарды кылычы менен бир сыйра сайгылап өттү.
Ошентти да кечикпей ишке киришти. Өзү бир четке туруп алып, жалдырап карап отурган элди, четинен бир-ден чакырып алып, коюн-кончун тинте баштады. Бар болгону «Отур, тур» — деген гана сөздөрдү билет. Катарга туруп кезек менен барып, каралып жатабыз. Тинткен кишилерин башкаларга кошпой, бир бөлөк отургузуп жатат. Биз ошентип жаткан кезде, эртең мененки Чарындан чыккан аскерлер кууган жоонун артына түшүп, дабырттап өтүп Сайга кирип мылтык аткылап караңгы түндүн тынчын алып жаткандай болуп турду. Алар антип жатканда, биздин солдат коюн-кончубузду тинтип, балдырап сөгүп өз иши менен болуп жатты. Кай биринин жанынан бирдемелер таап алып, караңгыда будалап чөнтөгүн көздөй уруп жатат.
Бир кезде кезек мага келди. Мен отурган жеримден ошо замат тура койбой бир аз кидирип калдым эле ал ордунан атылып туруп:
— Тур! Ах ты...— деп сөгүп жиберди.
Ошондо менин жанымда жарым тыйынга татырлык буюм жок. Үстүмдө тамтыгы кеткен жалгыз чапаным бар. Бутум жыңайлак. Солдат чөгөлөп туруп, колтойгон жоон колу сыйпалап келип денеме тийгенде бүткөн боюм дүркүрөй түштү. Оболу балтырымдан жогору карай бир сыйра кайсалап өтүп, анан чапанымдын ичи-тышын айландырып карай баштады. Чапандын кээ бир жеринде чогулуп калган жүндүн бөлтөктөрүнө көбүрөөк токтолуп, кенедей жерин калтырбай карады. Башымдагы жаман калпагымды алып, ичин карап кайра берди. Мени болгондон кийин экинчи топко кошуп койду. Менден кийин Шадыкан эле. Аны тинтип жатканда чапанынын эки жак өңүрүн эки колу менен далдайтып өзү кармап турду. Бир убакта анын бешмантынын чөнтөгүнөн бирдеме таап алып жанына салгандай болду.
Эл ортолоп келген кезде тоо жактан төмөн карай өтүп бараткан бир-эки солдат бизди көрүп бери бурулду. Аларды көрүп биздин солдат ишти токтото коюп, алдынан утур чыгып, биздин көңүлүбүздү жайлап коркунуч-тан коргоп турган кишинин сыпатын бергендей алар менен жаяктап сүйлөшө кетти. Тили жок айбандай кама-лып биз отурабыз. Алардын тили орусча. Бирок кебетесине караганда жаңкы неме бизге жаны ачып, бир жерге чогултуп акыл-насаат айтып, түшүндүрүп биздей шордууларды коркунучтан коргоп турган бир камкорчу болуп жаткандай көрүндү!
Ошентип караңгыда кобурашып туруп ал экөө бир кезде бастырып кетти. Алардын карааны жоголоор менен берки кайра ишке киришти. Калгандарын тизип коюп, бирден чакырып баягыдай тинте баштады.
Жалгыз арман бүгүн ушунун өң-түсүн жакшы тааныбай калгандык!
Бая бир ширеңке тартып, бопоросун жандырганда гана бир чала-була байкап калдык. Орто бойлуу, тикийген сары муруту бар, кабагы бийик, көзү жаман, ырайымсыз бир ченден чыккан митаамдын сыягы. Солдатча кийигени болбосо жүрүш-турушун,
кейпин, ырайымын — баягы Кызыл-Кыядагы Чоңколго окшоттум. Так ошонун өзү!
Мукай Элебаев «Узак жол»
#22 21 Март 2018 - 20:23
Түндүн далайы болуп калган. Караңгы. Солдат бир кезде баарыбызды тинтип бүтүп, олжого карык болуп алгандан кийин, өзү мындай бир четке чыгып тыныгып бопорос тартып алды. Бара-бара дандады! Бопоросун тартып болгон соң камчысын үйүрүп, боктоп, элди койдой ийрип, башыбызга үзүктү чүмкөп келип:
— Жаткыла!—деп буйрук этип баарыбызды жаткыра баштады.
Менин оң жагымда бирөөнүн башы кылтыйып калды эле:
— Башыңды чыгарба! — дегендей кылып сөгүп келип, камчы менен бир салды. Ою менен болуп жатабыз. Өткүндөн коргологон немедей жалпы көмөрөбүздөн түшүп үзүктү чүмкөнүп калдык. Солдат текши көрүнбөй жатты бекен деп аралап көрүп жүрөт.
Бир кезде биздин маңдайыбызда жаткан топтун ичинен:
— Ой бай, Жаке! — деп чаңырган бир аялдын ачуу дабышы чыкты.
Ошенткенде мен чүмкөнүп жаткан үзүктүн четин кичине жылчык кылып карасам, солдат бир аялды жаткан жерине тур деп жетелеп жатат. Тааныдым, Ыракымбайдын жеңеси. Он тогуз жаштарда сулууча келген бир ак жуумал келин эле. Жаңкы жаман үндөн кийин солдат билектен алып, дагы жүр дегенде келин тарткынчыктай берди эле, бешмантчан чыпыйып турган немени жондон ары чып эттирип тартып жиберди. Келин жаңкыдан бетер бакырып барып, үзүктүн алдында жаткан кайын ата-сынын жанына барып корголой түштү. Элдин көбү шыкаалап окуяны көрүп турат... Солдат тарсылдатып сабап кирди. Аңгыча болбой:
— Ой бай, карагым ай! Кайтейин, баарымыз кырыламызбы энди?—деди бирөө. Кайнатасынын үнү. Ошент-кенде келин табышын чыгарбай калды да солдаттын коштоосуна эрип жүрүп берди. Артынан карап турабыз... Бизден бир аз мындай узап бактын ичине барып токтошту. Бак жаныбызда. Алар отургандан кийин, караңгыда чөптүн башы кыймылдагансып эми келиндин агарган жоолугу гана көрүнүп калды...
Кайра келгенден кийин, солдат эми эчтеме калган жокко» дегендей аттанып алды да төмөн карай салып кирип кетти. Келин элден уялгансып, бакта калып, ал кеткен сиң бир топтон кийин келди. Жаңкынын артынан наалат айтып биз калдык...
Эгер ушул түндү айтып калтырбасам, бул менин мойнумда кечилгис карыз болуп калаар эле. Муну менден бөлөк эч ким айтпайт да. Экинчиден мен муну так ошол түнкүдөй так ошол жерде болуп өмүрдү кайта көрбөймүн да. Бу жерде жалгыз сөз артык айтканым да жок. Кайта жетпегени көп...
Эртеси бирөө барып түндө болгон окуяны Большевиктердин бир чоңуна жеткириптир. Биздин арабызда илгери малай жүрүп, орусча тил билген бир кыргыз бар эле. Ошол айтыптыр. Алардын башчысы солдаттын түндөгү жоругун угуп алып тишин кайрап ачуусу келип: «Ошону таанысаңар көрсөткүлө, азыр атып таштаймын! » деп-тир. Командирдин бул сөзү чын ниети менен айтылганына көзү жеткен соң, жаңкы барып даттанган киши «мынабу» деп көрсөтө берген экен, көптүн алдында ошол эле
жерден тапанча менен басып жибериптир. Баракелде!
Ошол солдат эсиме түшкөн сайын наалат айтып коём.
Шашке ченде Большевиктер көп казак орусту тоодон айдап түшүрүп келди. Баары тең атчан. Көбү жаман кийинип кейпин бузуп алган. Тандап алып келгендей жалаң Кыргыз-Сайдын баягы жоондору. Бирок баары эмес. Көбү качып, кутулуп кетиптир. Буларды шаардын кылда башындагы бир чоң көчөгө ийрип алып ортосунда бир кара аргымакчан жаш жигит бардыгеринче шакылдап сүйлөп казак орустарды жекирип сөгүп турат. Биз карап турабыз. Эч кимден айбыкпайбыз, үйүр болуп аралашып эле басып калдык. Большевиктердин башчысы жаңкы жигит болсо керек деп ойлодук. Өзү жалындаган кайраттуу көзү бар, шыңкыйган арыкчырай узун бойлуу, келбеттүү келген ак куба сулуу жигит. Алдында кулагын карышкырдай тикийткен сулуу кара аргымак ооздугун кемирип туйлап турат. Жыйналган туткундар айыбы мойнуна коюлуп кесилген күнөкөрлөрдөй үн да, сөз да жок жерди карап тунжурап калган. Буларды ушинтип жекирип турду да бир убакта он чакты кишини бошотуп жиберип, калганын айдап алып, ары карай кирип кетишти.
Бешим ченде Кыргыз-Сайдын аяк жагынан бирдеме тыртыр этип көпкө басылбай атылып жатты. Өмүрдө биз угуп көргөн дабыш эмес. Ушул убакта күн бүркөлүп кичине дыбырттап турган.
— Пулемет менен атып жатат!..— деди бирөө.
Бул дабыш басыла түшкөн кезде, так ошол тырылдап жаткан жерден тоону карай күрсүлдөп замбирек атыла баштады. Замбирек үнүн мен баягыда Музарттын суусунда таанып калгамын. Ойдон туруп атып жаткан замбирек огу асман менен зуулдап, күңгүрөнүп кетип калың карагайлуу тоонун ичине барып күрс-күрс түшүп жатты.
Кечке жуук. Жапаркул менен Ыракымбайдын агасын мал союп бер деп Большевиктер алып кетиптир. Алардын кошу шаардын аяк ченинде болчу. Булардын кеткенин угуп артынан мен да жөнөдүм. Мен барганда экөө бир уйду жыгып салып, терисин сыйрып жаткан экен, Мен кошко жакындай бергенде, көрүп калып Жапаркул:
— Кет ары! — деп колун шилтеди.
Муну кандай ой менен айтты деп ойлоп кайра баса тургандай токтоп калдым эле, алардын ары жагында бирдемени кайтарып ары-бери басып турган сур кийим-чен солдат, Жапаркулга бирдеме деп колун шилтеп койду. Ал жөн болду. Солдаттын мунусу мени «Тим кой» дегени экен. Бардым. Союп жаткан уйдун бутун мага тарттырып коюшту. Аны союп болгондон кийин мен кемегелерде асылуу турган жети-сегиз казанга толтура суу куйдум. От жактым.
Ушундай бир топ майда барат жумуштарды бүтүргөндөн кийин бир кезде Жапаркулдун буйругу боюнча кетейин деп жатсам:
— Эй баранчик! — деп бир солдат мага колун булгап калды. Бая мен күйпөңдөп бирдемелерди кылып жүргөн кезде бул солдат ары жакта бирөөнүн жанына барып, мени колу менен көрсөтүп, бирдеме деп сүйлөшүп жаткан. Алардын кыймылын алыстан көрүп көзүм чалып турган. Жанына бардым. Мага бир чоң кескен бөлкө менен бир эски көйнөк карматты.
Ошондо кубанганымды сөз менен айтып болбойт: талмадан жазылган адамдай кур оозумду ачып ырсая берипмин. Өмүрдө кишиден мындай сыйлык көрбөгөндөй болдум. Ошол кезде менин көйнөгүмдүн жыртыгынан кардым чердейип туруучу.
Муну алып кайра тартып калганда, Жапаркул мени жолдон чакырып алып, ичеги-карын болуп бир топ немелерди ороп берип үйгө алып кет деди. Анда Ыракымбайдын агасы:
— Эй коя турсаңшы, аналар бирдеңке деп жүрмесин,— деп башын көтөрүп, жаңкы мага көйнөк берген солдат жакка карады.
— Өздөрү «алгыла» дебедиби? — деди Жапаркул. Толгон олжону көтөрүп алып мен үйгө кайттым. Мен-
ден кийин тигилер да көп олжо менен келген экен. «Бечарага мындай кайрымдуу болорбу» — деп үйдөгүлөр кубанып жүрөт.
Большевиктер ушу күнү кечинде Кыргыз-Сайдагы казак-кыргыз малайларын жыйнап алып сөз сүйлөп-түр.
«Большевик- бузук! Большевик көрүнгөндү атып, асып, кыйратып отурат» — деп душмандар ушак тарат-кан. Большевик — көрүнгөнүн атпайт! Анын ата турган душмандары бар. Большевик силер өңдөнгөн бейбечарага, карыптар үчүн жаралган. Адам баласынын арманына бүткөн! Ал силер үчүн кашык канын аябайт. Биз жер үстүндөгү эзүүчүлөр менен байлар, помещиктер менен бүткөнчө күрөшүп эмгекчилердин жыргал өмүрүн жасайбыз. Адамзат жаралгандан берки арманыңарга жеткиребиз. Биз ошол үчүн жаралганбыз. Коркпогула! Өмүр бою силерди кулдукта кармап келгендер менен тартынбай күрөшүп, турмушуңарды түзөгүлө! Большевиктер алып берген энчиңерди жегизбей, теңдигиңерди алгыла. Мына, большевиктердин силерге бере турган сыйлыгы...— дегендей жалындуу, жандуу сөздөрдү сүйлөгөн.
Ал жерде отургандар жабыла көтөрүлүп үн салып: — Ой айланайын! Эрдигиңе баракелде! ! Арман
жок!..— деп күүлөнүп жерди күңгүрөтүп казып тарашыптыр.
Эртеси карасак — көчө-көчөнүн баарында сайылып калган кызыл желек! Биз бада чогултчу көпүрөгө да желбиретип бирди сайып кеткен. Кыргыз-Сайдан тандап туруп кырк беш кишини атыптыр. Ошолор менен бирге опекун, атаман судьялар атылып кетти...
Ошентип большевиктер шашке ченде Ак-Сууну карай дүркүрөп берди.
XXVII
Ушул жерде Алымжан деген бир түтүн татар бар эле. Үйү батыш жакта, бир четки көчөдө. Өзү колунан анча-мынча иштер келе койгон ат үстүнөн табышкер бышык адам. Эки баласы бар. Улуусу мени менен тең чамалуу.
Мен ушунун жумушун көп кылдым. Отун таарычумун. Баласы менен тоодон отун жүктөшүп келчүмүн, тегирменге барып ун салчубуз. Эң болбогондо суу ташып, короосун тазалачумун. Кай бир күндөрдө жумуш кылып жүрүп конуп калып музоого ушул жерден туруп кеткеним бар. Ушунда жүрүп кай бир күн Алымжан үйүндө боло калган кездерде Ак-Сууда калган инилерим жайынан кеп уруп, «Ушуларды алууга бир маркабатыңыз тиер бекен» — дегендей кылып сөздүн четин чыгарып коёр элем. Бул тууралуу Шадыкан аркалуу да бир айттыргамын.
Алымжандын мурунку зайыбы өлүп калып кийин качкын кыргыздан бир аял алып калган экен. Анысына бир жылдай болуптур. Аты Бурулкан, төркүнү күңгөйлүк саяк, кадимки Талканбай манаптын жакын тууганы экен. Ушуга деп «боор» тартымыш болчумун.
Боорукерлик кайда! Тили заар. Мен качан үйүнө барсам, илгерки Карпыктын келининдей кылып көчүгүмдү жер бастырбай жумшай берет.
Ушул бир күнү түнүчүндө тамак-аш коюучу тамынан мурч алып кел деп мени жумшады. Өздөрү тамак ичип олтурушкан. Там көрдөй караңгы экен. Быкыраган көр-жердин арасын кайсалап, бир топ убакыт издедим да таппай коюп кайра келдим. Ошондо Бурулкан мени бир көр жемеледи дейсиң...
— Ошол кенедей немени таппай эмне болдуң? Өзүң тоголок жетимсиң. Сен минтип жүрүп кантип адам болосуң?! — деп келип жемелебеспи. Ушундан улам мен өзүмдү бир өмүргө ылайыксыз жаралган адамдай көрдүм. Жөнөкөйдө деле менин элден бир жерим кем тургандай көрүнчү.
Бир күнү жумушун кылып, көңүлүн жайлап коюп Бурулкаңдын алдында инилерим жөнүнөн кеп уруп отуруп «Ушул арманымды жездеме бир жеткирсеңиз» дегендей кылганым бар эле. Ал «Макул, айтып көрөйүн» деген. Азыркы «кылмышым» ошого кырсык болдубу деп оюма шак этти.
Акыры менин багым жеңгендей, Ак-Суудан Алым-жандын бир жумушу чыгып каларбы. Бул кабарды бил-ген соң мени ала бар деп жалынып асты-үстүнө түшүп, асыла кетпейт бекенмин. Ал макул болду.
Мен бир күн жумуш кылып берейин деп Алымжандын өзүн көз кылып бир уйгурдун эшегин сурап алдым.
Алымжан үйдөн бирге чыккан жок.
— Сен кете бер, мен артыңдан жете барам,— деп мени жөнөтүп жиберип өзү калып калды.
Мен шашкеде чыгып, шаардын четинде бир чоң сайдан өткөн соң, Ак-Сууну көздөй кеткен кара жолдо кал-дым. Кыдыңдаган көк эшектин үстүндө, ширидей кара бутумду салаңдатып, ээн талаа менен жалгыз кетип барам. Алымжан келе жатат бекен деп, кезек-кезек артыма кылчактап коём. Бир тумшуктан имериле бергенимде, жогору жагымда жумуш кылып жүргөн үч-төрт кишинин бири мага колун булгап, алыстан кыйкырып:
— Вайй. Мундака ке, мундака ке! Ман саңга пулоо ясап дудар салып бирай! — деп мени тамашалайт.
Ак-Сууга бешимде жеттим. Алымжан жок. Ал эртең менен мен жөнөп жатканда Ак-Сууга мурун барып калсаң болуштукунда бол. Ошондон табышабыз,— деген.
Эмки болуш Мамирмазиндин күйөөсү Элахун экен. Аныкы шаардын четинде бир чоң ак үй болуп чыкты. Болуш ошол дегенде кулагыма жаман тийди. Барсам, Мамирмазиндин кызы Раухан жүрөт. Мен барда күйөөгө чыга элек болучу. Күйөөсү картаңыраак киши. Өзү жыйырмага жаңы кирген, эки бети бышкан алмадай мөлтүрөгөн сулуу кыз эле. Мага баштагыдай болбой, сыртын салып сурданып калыптыр. Бая мен барып короого түшкөндө, ары бери жанымдан өтүп жүрүп, бир сөз унчук-кан да жок. Бир кезде мен эшегимди байлап коюп өзүм
короодо бир арабанын дөңгөлөгүнө сүйөнүп турсам чыгып келип, эшик алдындагы тепкичке тура калды да, тетигиндейден:
— Сен эмне жүрөсүң? — деди мага салкын дабыш менен.
Уктап баратып ойгонуп кеткен адамдай кыймылдай түшүп мең:
— Беккулдарга келдим эле — дедим. Раухан ошондон тик кетти.
— Аларды алганды сага ким коюптур?! Алмак түгүл кылына тийе албайсың! .. Келген убараң,— деди.
— Көрүшөрбүз. .. Калыска түшүп, адал сүйлөгөн эл болсо...
— Калыс? Сага калысты ким коюптур? Калыс эмес андан аркысына барсаң да түк жок,— деди да менин эмки жообума күтпөй, чамынып кайра кирип кетти. «Эриң болуш болуп, кудайга колуң жетип турган экен!» деп ойлоп артынан карап мен туруп калдым. Муну атасынын күйүтүнөн айтып жатабы деп да ой жорудум. Анткени баягы большевиктер Мамирмазин анын кудасы Жусуп болуш өңдөнгөндөрдү баш кылып, бул жерден да кырк, элүүдөйүн сулаткан экен. Менин табам канып калды.
Түн кирди. Чиркин Раухан бая кечинде үйгө кирип бир чыны чай ич да деген жок. Мен эшегимди шакелге байлап таштадым да жаандан коргологондой бүрүшүп, акырдын жанына томпойдум. Сарайдан бир тердик таап жамбашыма төшөп алгамын. Баш жагымда күңүрттөп, күрт-күрт чайнап акырда бир-эки ат турат. Бүгүн бу короодо эки ат, көк эшек, мен төртөөбүздөн башка мыдыр эткен жан жок. Караңгы сарайдын алдында жатып, мынабу чоң үйдүн ичинде дүрдүнүйө тамакты жайна-тып салып, жабырап жыргап отурган элди терезе аркылуу чырактын жарыгы менен көрүп отурам...
Эртеси Алымжан экөөбүз ушул жерден табыштык. Короодо турсам кирип келип, атынан түшүп мени атты кармап ушундай тур деп койду да, өзү ары жакта бир үйгө кирип кетип көпкө кечикти. Зарыгып күтүп турсам бир убакта келип, атына минди да:
— Жүр эми. Кайда жаңкының? — деди.
— Мынабу жакта,— деп чыгыш жакты нускадым. Мамирмазиндикине келсек, кичүү кызы тышта жүрүптүр. Биз аттан түшүп, Мамирмазиндин зайыбын кызынан чакыртып жибердик да өзүбүз эшиктин алдында күтүп тура калдык. Мен алдыдагы тагдырымдын эмне болоруна көзүм жетпей, эшегимдин чылбырынан кармалап ойлонуп турам. Он мүнөтчө болгондо Мамирмазин- дин катыны, чапанын желбегей жамынып, жай басып чыгып келди да бизге бет маңдай жерде тамга сүйөнүп барып отура кетти. Артынан Мукбул келди да энесине катар отурду. Алымжан экөөбүз бир жак, алар бир болуп маңдай-тескей отурабыз. Беккул менен Ашымкан көрүнөт бекен деп мен короо жакты уурдап карап коём.
А деген сөздү Алымжан баштады. Мага берген убадасы боюнча жатык кылып, шыдыратып бир топ сүйлөп чыккансыды. Булар катындын өзүнө да беш колдой маалим иш эле. Бирок Алымжандын сөзүнүн аягына чыкпай катын салгандан тик кетти. Мунун жөнү мындай эле, ошондуктан мындай болуу керек деп сүйлөшүп келүүнүн ордуна а дегенден эле:
— Мен бербеймин. Инилерин баккан акымды албай туруп кантип берем.
— Өзүңүз эстүү кишисиз. Ушунун бергидей алы барбы? Өзү бир тентип калган бечара жетим экен,— деди Алымжан.
— Алы жок болсо мен инилерин бербейм. Алы кел-ген кезде алып кетээр!
— Андай болсо сизде булардын да акысы болоор...
— Эмне акысы?
— Төрт бир тууган төртөө тең кызмат кылыптыр. Алардын эмгеги жокко чыгабы?
— Менин колумда муну менен үчөө жүргөн. Бир иниси менин баламда. Аны менен сүйлөшкүсү келсе өзүнө барсын. Эми мендеги шордууларына келгенде, мунун бир карындашы аяк бошоткондон башкага жарабайт...
Айтыш жарты сааттай созулду. Алымжан катуу тургай эле деп кыпылдап анын жеңишин тилеп мен турам. Жок, ал бир убакта канча кылса да бул иштен эчтеме чыкпасына көзү жетип, күдөрүн үзгөн кишидей бошоп калды. Катын чыйралып сала берди.
Бир убакта баса калчудай акшырайып, мага карап алып:
— Бейшемби тирүүсүндө сени баш кылып, баш отуңар менен алып калган. Буларда сенин эми кылдай тиешең да жок. Алмак түгүл кылына тие албайсың. Буларды сен алып, мындай чыккандан кийин ачтан өлтүрүп, же бирөөгө тамакка сатып кетесиң. Чындап алгың келсе ал, журтуңдан сенден бөлөк эстүү-баштуу киши келсин. Бир берсем ошондо берем. Үч жылдай баккан акымды төлөйт. Алар бекер кетеби? Сен эмнеңди бересиң? Бар. Сөз ошол...— деп сайрал коё берди.
Алымжандын кейпин көргөндөн кийин мен «эми мындан аяна турган эмне калды» деп ойлоп, кемпир менен чындап айтышкым келди.
— Бул жерде менин эл-журтум турабы? — дедим, кемпир сөзүн бүткөн убакта.
— Турбаса барып ээрчитип кел!
Ушул сөз менин сай сөөгүмө жете түштү.
— Бизди бактым дейсиң. Сенин малыңды ким бакты? Булар үчүн киши жалдайт белең? Кайта сенде биз-дин акыбыз бар эмеспи? Жатып ичкен жалгыз Ашым-кан экен. Эки кишинин эмгеги бир кишинин тамагына татыбайбы...
— Адамга биздин жазыгыбыз жок. Кишинин акы-сын жегенди билбейбиз,— деди кемпир менин артымдан.
Жаным кашайган бойдон: «Кишиге залалсыз болсоңор байың эмне атылып кетти» деп айтып жибере жаз-дап барып, кайтып кой, минтип айтсам жарасына тийип алармын дедим ичимден.
Бир топтон кийин жоошуган өңдөнгөн дабыш менен кемпир:
— «Молдокем дүйнөдөн кетиптир. Кудайдын буйругу...» — деп жайпай айтып куран окуганга жарабайсың да, келер менен «инилеримди бер» дейсиң,— деди.
— Куран окуганды билбеймин. Мен молдо эмесмин.
— Динден безген айбан!
— Диниң экөөң мени көп болсо Кыргыз-Сайга жет-кирбей жутуп коёрсуң. Мен ансыз да...— деп барып сөзүмдүн аягын таппай токтодум. Мен ошенткенде Алымжан:
— Сиз муну менен айтышканды коюңузчу. Бул балалыгы менен айтат. Кана, инилерин бересизби? Эмне дейсиз? — деди.
Кемпир ага жооп бербей дагы мага келди.
— Жүзүкара, арам, биздин кичине белибиз мертигип турганын көрүп айтып жатканын кара! Сени нан урар!— деди да артынан: — бизден кетип да чекең жылыбаптыр го? Үстүңдө мен бергенден башка кана сенин жыргап кийип келгениң? Сен андай десең мен азыр үстүңдөгүнү дырдай жылаңач кылып чечип алам! — деди.
— Чечип ала турган дүнүйө мынабу болсо, колуңа келип бердим го. Алганда муну эмнеңе жаратат элең? Сен жыргатып койсоң ушинтээр белек? Бизди кай жерде жетиштирип койгонуң бар?..
Алымжан бир кезде ордунан обдула калып:
— Жүр эми. Болбосо кантээр элек, кетели,— деди. Бул сөз жаныма найза жанчкандай тийип:
— Кетебизби? — деп аянычтуу көзүм менен жалдырап ага карадым. Алымжан жаңкыдай деп айтты да мага карабай аттанып алып жүрүп кетпесинби. Ал кет-кен соң, бул жерден жалгыз эчтеме өндүрө албасыма көзүм жетип: — Тагдыр ошол экен, өлбөсөм сени да бир көрөөрмүн... — дедим да жолго түштүм. Жашыганым жок. Кайта кайратыма келип чыйрала бердим!
Турмуштун кыйынын көрбөй жанын кастарлагандар гана жашык келет. Өмүрдө токсонду кечирип, сансыз кыйынчылык менен күндө салгылашып жүргөн адам мындайда жашыбайт. Андай адам ары чыдамдуу, ары бекем келет!
Мен эми кетсем да армансыз болуп кетейин деген ой менен мындай чыгып, буйдага киргенден кийин Беккулду көздөй салдым. Кой кайтарат экен. Алыстан артынан кубалап кетип барам. Ал шаардын аягы менен коюн жайып отуруп, бир талаага барып токтоду. Мени жакын барганда көрдү. Ошол жерге коюн токтотуп коюп, барлык өнөрүмдү салып Беккулду буза баштадым. Ушул жерден узасак эле көлгө кетип, кулдуктан кутулуп жыргай турган кишиче өз көзүм менен көрүп келгендей кылып, Ысык-Көлдү, Ысык-Көлгө барган элдин «жыргап» жатканын жел тийгизбей мактай бердим. Кенен бир чай кайнам үгүттөдүм. Ошого чейин Беккулдан бир ооз кеп чыккан жок.
Жедеп айла кетип баратканда:
— Өмүр бою эле ушинтип кулдукта жүргөндү сүйөсүңбү? Кейпиң алдакы. Жыргай турган жагыңа барсаң болбойбу! Караколго большевик келип, биз өңдөнгөн бечара-карыптарга жардам берип жатат дейт. Сен барбасаң өзүм кете берем. Кана, мени ээрчип жүрөсүңбү? — дедим.
Беккулдун бетинен ошондо гана бир кичине муюшкан белги сезилди. Бул олжону түшүргөндөн кийин эми мен апалактап шашып ары жакта бир кичине казак койчунун жанына барып:
— Сен мына мунун коюн бир пас көздөй тур. Бир кой жоголуп кетиптир, биз ошону карап келели. Эмгегиң үчүн мына муну ал,— деп белимде кайыш курумду чечип бердим. Жаш бала экен, көндү. Ошол жерден эшекке Беккулду мингизип, өзүм куйругунан кармап алыи, сабап жүрүп отурдум. Кетип бара жатып улам артыма кылчак-кылчак этем. «Ай, эми биздин ырысыбыз болсо бирөө кезикпегей эле» деп алактап барам.
Ушуну айтып салганымча болбой Ак-Суунун бери четине чыга жаздап калган кезде, шаардан чыгып төмөн карай кетип бараткан бир эшекчен бала так алдыбыздан кезигип, бизди көрүп токтой калганы! Жүрөк туйлап кетти. Кармашса бизди койбой турган чоң неме.
— Кайда баратасыңар? — деди.
Жүрөгүмдүн аптыкканын токтотуп, капарымда эчтеме жок кишидей, үнүмдү калыбындай чыгарууга тырышып:
— Бир кой жоготуп ошону издеп баратабыз,— дедим.
Тергөөчүм эшегинин мойнун тиктеп, бир аз ойлонгонсуп унчукпай калып артынан:
— Ай таң... Силер качып бараткан немесиңер го?! — деди.
— Качып кайда баралы, жарыктык? — дедим. Бактыбыз бар экен, жаңкы неме ошентип бизди бир
топ эрмектеп турду да бир кезде:
Хы! — деп эшегин моюнга бир салып алып жүрүп кетти. Өлүмгө таяп келген бир балакеттен кутулгандай ал жөнөрү менен батышты карай биз да сыздык.
Эшектин куйругунан алып, баягыдай сабап кетип барам. Бир жерге келгенде, күн ысып тердеп кетип, чапанымды чечип Беккулга өңөртүп койдум. Ошол кезде бир дем алып, арт жакты карасам Ак-Суу бүлбүлдөп алда кайда калган. Куугунчу көрүнбөйт.
Күн бата Кыргыз-Сайга келдик. «Эми артыбыздан кууп келер бекен деп жүрөм».

#23 21 Март 2018 - 20:25
Шадыкан күзгө жетсек эле көлгө кетебиз деп жүрүчү. Тоодо талап менен жашыруун сырды сактап, саргарып мен да ошол күздү күтүп жүргөм. Мына, ошол саргарып күткөн күз да жетти. Бирок не керек. Шадыкан ошол убадалуу күзүндө кайтып токтоп калды. Биздин ырысыбыз чорт кесилип, ала жаздай көксөп келген, тоодой талап бир күн өрт өчкөндөй болду.
— Азыр эл жаман деп угабыз... Көлгө барган кыргыздар ачарчылыктан кырылып, орус четинен бырчылдатып өлтүрүп жатат дейт. Аман болсок эл оңолгондон кийин барабыз,— деди Шадыкан бир күнү отуруп.
Ошондо меники акылсыздык, же балалык экенин билбейм, айтор көлдү кандай шумдук кылып сайрап жатса да Шадыкандын сөзү көңүлүмө бир конбоду. Ишенбеймин «андай болбосо керек» деп өзүмчө жакшылыкка жоруймун.
Мындан түңүлгөндөн кийин бир күнү талаада жалгыз өзүм музоо кайтарып жүрүп, ойлондум да кечинде келип:
— Биз көлгө кетебиз,— дедим күтпөгөн жерден. Мунум орой айтылды. Бирок мындан сыпайы сөздүн
кереги да жок эле. Менден бул сөз чыгат деп Шадыкандын мурун оюна да келбесе керек. Кабагынын алды менен инисин бир карап алды да ичип отурган аягын жерге коё коюп:
— Эмне дейсиң? — деди менин жанакы сөзүмдү укпай калган немедей.
— Көлгө кетебиз деймин,— дедим. Оттун жанында жаткан бир жарты тезекти ушалап жатып.
— Ким менен кетесиңер?
— Өзүбүз эле...
— Э, кокуй. Жолдо бирөө силерди серейте чаап кетпейби?
— Чапса кантели, көрөөрбүз!
— Кой, антип балалык кылба. Көлгө барган киши жыргап кете турган болсо биз деле көрүп турабыз. Азыр заман оюнчук эмес. Анын үстүнө жол билбеген жаш баласыңар. Мындай чыкканда бирөө жайлап кетсе, силердин тарпыңар кимге табылат? Ойлон...
Шадыкан «акыл-насаатты» көп айтты. Бирок канчалык кулагыма куйса да бир эм болгон жок. Мен «кетем» дегенден карыш жылбай көшөрүп туруп алдым. Бирок кеткенде абалыбыз эмне болот, жолду таап бара алабызбы, нече күндүк жер, жолду катар эл болуп отурабы, ач болобузбу, ток болобузбу, аман-эсен жетебизби — ушул жактары мага күңүрт эле.
Ушундан он чакты күн өтпөй багым ачылып, Кара-колдон келген бир орусту таппасмынбы. Муну мага билдирген Жапарбек деген казак бала болду. Бул экөөбүз мурун тааныш элек. Мен көлгө кетем деп жүргөнүмдү биле турган. Ушу бир күнү кезигип:
— Караколго бир орус кой айдап кеткени жатат. Ошону менен бирге кетпейсиңби? — деди. Ойго келбеген жерден мен кубанып кетип:
— Ырас айтасыңбы? — деп кадала түштүм.
— Ырас. Бу жерден үч жүз кой сатып алды. Өзү соодагер экен. Мен да ошого жалданып кой айдашып кеткени жатам. Дагы бир жигит алды. Бир жумадан бери камынып жаткам. Эми жумушу бүтүп кетүү гана калды. Эртең жөнөйбүз. Сен кетем десең сүйлөш,— деди.
Аярдаганым жок. Ушул кабарды угаар замат, өзүн ээрчитип караколдук киши турган үйгө салып жетип бардым. Ал баягыда Кыргыз-Сайдын опекуну турган бир тунукелүү көк үйдө экен. Биз дарбазадан алактап кирип барсак, короодо бирөө соконун дөңгөлөгүн чыгарып алып араба жасап жатыптыр. Колунда балкасы бар.
— Жаңкы киши ушул,— деди Жапарбек акырын гана мага угузуп.
Адегенде мунун түспөлүн илгери Кутурган булакта почто тартып туруучу Метрей көпөскө окшоттум. Көзү көк таштай, мурду чочконун тумшугундай теңирейген чарчы бойлуу семиз адам. Башына кийгени өзүнүн теңирейген мурдуна ылайыкталып жасалгандай, кайкы тумшук кара шапке; бутунда саал эскириңкиреп калган жылтылдаган намеркан өтүк. Өзү соодагерликке жедеп бышкан, майлуу жердин жытын алыстан сезген, бир шум болсо керек деп ойлогудай. Сыягына караганда бир ачуулуу неме.
Анча болбогондо мен булардан калып калмак экен-мин. Эртең жүрөрү бышык болуп чыкты. Мен өлүмдөн алып кала турган бир зарыл жумушка барган немедей, жумуш кылып жаткан кишинин алдына басып барып, ийилип тура калдым да:
— Кожоюн, менин бир иним экөөбүз сиздин коюңузду Караколго чейин айдашып бирге барсак болоор бекен? Тамак өзүбүздөн,— деп калдым.
Баятан жанына келип турган менин адам экенимди же айбан экенимди айырбай турган адам, мен жаңкыдай дегенден кийин эңкейип иш кылып жаткан боюнча, мага жат көзү менен бурулуп туурасынан оңурая калды да:
— Жарайт,— деп коюп, кайра иши менен боло берди.
Ар нерсе өз тушунда кымбат! «Жарайт» деген жалгыз ооз сөзгө кубанганымдан жүрөгүм атып кетти. Ошондонбу же башкаданбы айтор, жүрөгүмдүн толкуну басыла электе дагы:
— Каракол нече күндүк жер? — деп керексиз жерден сурап койдум. Бул убакта мен кетүүгө ыңтайланып, бир бутумду кайра тартып калган элем. Кожоюн ошо замат жооп бере койбоду. Мен бир бутумду аттаган боюнча жооп күтүп тура калдым. Жаңкы бир топтон кийин башын көтөрүп, менин кете элегимди эми көргөн кишиче мага карап алып, кайтып ишине кетип:
— Бир жумада жетебиз,— деди.
Мындан мурун кетүү жөнүндө алда кандай болот деп, сары-санаа болуп жүрчү элем. Эми чындап ишке киришмек болдум. Иш чукул. Бул кабарды кечикпей үйдөгүлөргө жеткиздим. Атам тааныбаган бирөөнү эш кылып, жерге тийбей сүйүнүп жүрөм, Шадыкандар эми бизди кетиштен калды деп жүргөн окшойт, аларга бул кабар жайсыз тийип, эми чындап кетериме көздөрү жеткендей болду.
Ошондо кетсе жолдо өлүп калат деп чыны менен бизди аядыбы же кызматыбызга кызыктыбы Шаадыкан — дагы баягыдай асылды, бузду, көлдү жамандады, жолдун жан чыдагыс коркунучун айтты, кокус бир жаза тайым болуп, ач талаада жайрап кала турганыбызды да эскертип өттү. Койчу эми, токсон алакет жорук. Мен жедеп көнбөй турганыма көзү жеткен соң:
— Эмесе Беккулду таштап өзүң кет. Аны бөөдө өл-түрүп аласың дегенге токтоду.
Бу жерге келгенде да мен:
— Кетсек экөөбүз тең кетебиз. Өзүм кетпеймин,— деп кесип айттым.
Эртеси болду. Жүрөк алып учуп жүрөт. Соодагер турган короого эки жолу салып барып келдим. Мындай чыкканда кандай күнгө түшөрүм ойдо жок — ушу жерден эле узап кетсек дегенде көзүм чачырап, мүнөт сайын кыпылдап күтүп жүрөм. Өмүрлүк тагдырым жалгыз ушул сапар менен чечилчүдөй көрүнөт.
Акыркы барганымда үч жүз ирикти короого камап, санап соконун дөңгөлөгүнөн жасаган кичине арабасын жабдып, жолго чыга тургандай камынып жатышкан экен. Жалданган эки казак бала, бир жактан бөлкө ташып келип, капка салып жатышат. Бөлкө көтөрүп менин жанымдан өтүп бара жатып Жапарбек:
— Азыр жөнөгөн жатабыз,— деп кетти.
Иштин чукул калганына көзүм жетип, ошо жерден кайра Беккулду көздөй жөнөйүн дегенимче болбой, жаңкы кожоюнубуз мени да бөлкө ташыганга жумшады. Жөнүмдү айттым эле:
— Анан барасың,— дегендей кылды.
Бөлкөгө кетип бара жатып: «Беккул менен сенин жумушуң жок ээ» деп ойлоп алдым. Барып кайтканымча кокус үлгүрбөй каламбы деп кыпылдап жүрөм. Чукул жерден жөнөп калса, сен иниңди алып келгиче тура турайын деп ошол мени күтүп турмак беле!
Бөлкөнү тез ташышып жиберип, буйдалбай кайра Беккулду карай зымырадым. Ал шаардын четинде музоо кайтарып жүргөн. Жакын болучу. Өзү да алыс кетпептир. Эртең менен үйдөн чыгып бара жатканда алыс кетпе деп айтып койгом. Музоолорду бир аңызга таштап коюп, көйнөгүн алдына жайып салып ырсыйып, битин карап отуруптур. Куураган маяны шуудуратып жетип барып ашыгып мен:
— Жүр, кетмек болдук! — деп ээрчитип алып, үйдү карай жүрдүм. Үй болучу, эгин алынып болгондон кийин шаардын аягына келип конгонбуз. Биз барганда Жапаркулдан башканын баары үйдө экен. Бара сала мен:
— Тигилер жөнөп жатат. Биз эми кетели,— дедим. Эми бир жаңсыл боло турганыбызга көздөрү жет-
кендей болду. Шадыкан:
— Айткан тилге көнбөй балалык кылдыңар. Жол тартып бара жатып, кийин жаза тайым бирдеме болуп калсаңар «атаңдын көрү баякынын айтканы келди» деп, бир өкүнөрсүңөр. Жаныңарда жалгыз тыйын каражат жок. Кетсеңер ана, бир аяктай буудай куурутуп койдум. Ошону азык кылып, эптеп кетерсиңер. Андан башка берели десек колубузда жок,— деди да катынына карап: — Жаңкыны алып бер,— деди.
Жийдекан ордунан туруп, чыгдан жактан куудурап, катып калган бир кичине жаман чаначты алып, мага берип жатып:
— Ээленип алган немелерди эмне кыласың? Тим кой, бара берсин. Өз убалы өзүнө...— деп коюп, кайра басып челектен жарма куйду. Чаначтын түбүндө бөлтөйгөн бирдеме жүрөт. Оозу бир кара шоона менен буулган. Биздин азык ушул болсо керек!
Жийдекан жарма куюп бизге сунганы жатканда Шадыкан:
— Талкан чалып бер. Бир жолу тоюп алышсын. Мындан кеткен соң эми буларга ким берер дейсиң,— деди.
Акыркы жарманы ичип, эми туруп бара жатканыбызда:
— Бутуңарга да бирдеме илип албай кеттиңер. Жыңайлак, ташыркайсыңар го. Баргыла эми бечаралар. Жолуңар болсун...— деди Шадыкан, биздин тула боюбузду түгөл карап алып.
— Эчтеме эмес. Жетербиз. Кошкула! —дедим да, мен Беккулду ээрчитип жүрүп кеттим.
Жаңкылар жөнөп калган экен, чаң буркурап калды. Биз кошулуп, эки казак бала — төртөөбүз каптаган көп кой менен батышты карай сапырылып жүрүп бердик. Жалгыз атын кичине арабасына кошуп алып, кожоюн өзү илгери кетиптир. Алардын азык-түлүгү арабада. Көп койдун туягы менен чаң көтөрүлүп кетти.
Бир кезде шаардын четине чыгып, жазылган сары талаага түштүк. Батыш жак өрттөй кызарып, күн кыл-кылдап батып бараткан. Те береги маңдайда алыстан булдураган кара тоонун чокусунда чокмороктоп турган топ ак булутка күндүн нуру чагылышып, жер-дүйнө мемиреп, алда кандай бир белгисиз жорук таасирлентип турду. Асман жарык. Акырын гана бир калыпта сыйпап өтүп турган сүйкүмдүү жел бар. Тура түшүп, жаңкы кара тоонун алдынан дүкүйгөн бир чоң кара бак көрүндү. Күндөгү көргөнүңдөй эмес! Мага баары кошул-ташыл болуп келип, таасирлентип, жүрөгүмдү козгоп жиберди. Ошондо мен нечен жылдар чиритип жаткан туткундук-тан жаңы бошоп, алдымда бир зор кубаныч тургандай, карыпчылыкта кетип баратканымды унутуп жиберип, сайран талаада бардык үнүмө салып, озондоп коё берип-мин. Эх! Чиркин өмүр...
Бүгүн түнү менен жүрүп, эл жатар убакта Чочоной деген бир жерге келдик. Кожоюнубуз мурун келип, атын отко коюп салып, бизди күтүп турган экен. Биз жакындай берген кезде, алдыбыздан утурлап келип:
— Ушул жерге токтоткула! — деди.
Койлорду туш-тушунан чыгып, ийрип жибердик. Ушунда түнөй турган. Койлор жуушап калган кезде, Беккул экөөбүз бери жакта калып, кожоюн эки малайын ээрчитип алып, арабасын көздөй кетти. Араба бизден обочо болучу. Бир убакта колдоруна бир-бир кесим нанын кармап алып, экөө тең кайра келди. Түн караңгы. Анда-санда бирдемелерди күңкүлдөшүп коюп, төртөөбүз бир жерде отурабыз. Жаныбызда мемиреп жаткан койлордон бөлөк айланабыздан эчтеме билинбейт. Тегерек тынч. Караңгыда келип, бу жердин кандай экенин да байкабадык. Бизге жакын жерден шылдырап бир арык агып жаткандай болот. Түнөргөн тоолор, терең кашаттар...
Алдыбызда тигилердин нан жеп жатканын көрүп, эликтегендей бир убакта мен чаначымдын оозун чечип, буудайдан Беккулга бир уучтап берип, өзүм да өлчөгөндөй кылып, ошонун көптүгүндө уучтап алдым да, чаначты такымыма кысып койдум. Ошол убакта «булар бая-тан бизди беришет деп турган го» деп ойлогон немедей, Жапарбектин жанындагы жигит бизге карай:
— Өздериң көрүп турсыңдар гой. Сендерге берейик десек өзимиз аш калгалы турмыз. Бизге бергени мына,— деп колунда күңүрттөгөн бирдемени көрсөттү.
Анын өлчөмү канча экенин караңгыда ажырата албай калдым.
— Кыргызың бир неңке берген жокпу? — деди жаңкынын артынан.
— Колунда жок болсо эмне кылсын? Бир аяк буудай кууруп берди.
Токочун чайнап кетип, унчукпай калып, бир аздан кийин дагы:
— Эгер жериңе барган кыргыздарды али өлтүрүп жатса кайтесиндер? — деди.
— Бизди эмне кылдың деп өлтүрөт?
— Сүйтсе да аныгын билмей чыккансындар гой,— деди бизге өзү бир камсыз болуп бара жаткан кишидей.
Бул сөз мени бир ойго калтырып салгандай болду. Ошентсе да:
— Мейли, бара көрөрбүз! — деп кенебеген киши болуп койдум.
Биз ушинтип отурсак, бир убакта жогору жактан өзү көрүнбөй кожоюнубуздун үнү чыгат. Бирдеме деп, бапылдап, сөгүп жүрөбү.
Бизди чакырат. Карасак аты бошонуп алып, карматпай жүрүптүр. Жабыла жүгүрүп, туш-тушунан чыктык. Бир сапар камап алып, кармай турган болуп келгенде ортобузду жарып, чыгып кетти. Ушул ат качып кетсе бүгүн акыр заман орночудай жаныбыз калбай безилдеп кууп жүрөбүз. Мен бир жерге жүгүрүп бара жатып, арыкка бутумду салып алдым.
Ошентип жүрүп, аны көптөн кийин кармабадыкпы. .. Кожоюн аттын тизгинин силкип, сөгүп, арабасына алып кетти. Биз өз жайыбызга кайттык.
Төртөөбүз тең каршы-терши болуп, баягыдай отурабыз. Бир-бирибизге лам деп сөз катышпай, жымжырттык жайлап алды.
Коркунучтуу түш көрүп жаткандай кара түндө отуруп, мен бир кезде терең ойго кеттим. «Ийе, ал күндөр алыс калды. Бир заманда алты канат үйдү каптаган 14 бүлө бар элек. Алар бу күндө кайда? Арып, азып кырыла турган болгондо жан айласы үчүн жалгыз уйга сатылып, Кулжада бир кызайдын колунда Чүкөй эжем калды. Алда кайда бир дуңгандын жеринде томпоюп, Бекдайырдын жалгыз молосу калды. Элебес, Бейшемби, Токмолдо, Бурмакелер өлдү. Алардан калгандан кийин, жалгыз баласын колтуктап алып, төркүнүн издеп, Жанымжан кетти. Кайда кеткени дайынсыз болуп Бечел жоголду. Ырайымсыз бирөөнүн колунда туткун болуп, тирүүлей көзүн жалдыратып Эшбай менен Ашымкан калды. Мына ошончо каптаган бүлөдөн өлгөнү — өлүп, тирүүсү тирүүлөй калып отуруп, бүгүн шодоюп Беккул экөөбүз гана кайтып барабыз. Бечара кыргыз не көрбөдү! Өлүгү көрүнгөн жерде көмүлбөй, ит менен кушка той болду. А шум дүйнө! Залим падыша болбосо биз ушуну көрөт белек...»
Ушинтип элсиз талаа, кара түндө жалгыз оңшуюп отуруп алып, калың ой термеп көпкө бошотпой жатты. Жолдошторум уктап калыптыр... Мен да чарчагам, уйкуга кеттим...
Бир кезде:
— Тургула, жөнөп жатабыз — деген бир үн чыкты. Көзүмдү ачсам али таң белгиси жок. Чыйрыгып калыпмын. Кожоюнубуз арабасын чегип койгон. Мен шашып Беккулду ойготтум. Ал кардуу бороондо келип тыгылган күчүктөй, эки колун бир-биринин чыканагына чейин жиберип, түйүнчөктөй болуп, менин жаныма бүрүшүп калыптыр. Түнү бою дирилдеп чыкса керек.
Биз койду айдап эки чакырымдай жол басканда таң атты. Көптөн кийин бир куба жолдон ашып Сайга кирдик.

#24 21 Март 2018 - 20:27
Кыргыз-Сайдан чыкканыбызга бүгүн үч күн. Сүмбө, Темиркенти,
Ачталаа деген жерлер алда качан артта калган. Бүгүн береги бир белди эңкейип жүрүп келебиз. Түнү бою жол жүргөндүкүбү,
жаның жер тартып уйкуң келет, баягы биздин бир аяк буудай бүткөн. Карын ач. Беккул койдун аяңынан калып кийин жакта жүрбөй келет. Анын аяңына салып, айдап келе жаткан койду токтотчу ким? Жапарбек кезек-кезек сары талааны кезеп ырдап коёт. Бул менден бир-эки жаш чамасында улуураак эле. Денеси болук, ирмебей караган курч көзү бар, дордок бет кара тору бала. Үстүндө чолтойгон бир эски кара дүжүркеси бар. Кийин, сыр алышкандан кийин билсем бу да көптү көрүп, кыйынчылыкка жедеп бышкан бир шордуу. Башына кандай каран күн тууса да бир кайышпай турган жылаңач баатыр, тобокелчил неме. Өзүнүн жүрбөгөн жери жок. Илгери Караколго келип кыргыз арасында да болуптур. Кыргызча шакылдап сүйлөп кетсе тааныбайсың.
Ырды да келиштирет.
Ушул келе жаткан жолубуздун ой-чуңкурунан өйдө билет экен. Кээ бир жерлерде курсак ачып, анын үстүнө келечек күнүбүз алда кандай болоор экен деп ойлоп, эңсебиз түшүп, жүрбөй келе жатканда ушу бир уккулуктуу кылып ырдап, көңүлүбүздү көтөрүп таштаар эле. Үнү ошондой сонун!
Ошондо Жапарбек менен бир жума гана жолдош болдук го. Бирок ошонун элеси бүгүн да көз алдымдан кетпейт.
Берки жигит андай эмес. Төртөөбүздүн улуубуз да, чоңубуз да ошол. Өзү сөлдөйгөн, узун бойлуу, көзү жашык, жүүнү бош гана жыйырма курактарда пыштайган сары жигит. Анда-санда сурап калган сөзгө жооп бербесе, көп унчукпайт. Сөзгө жок. Узак жол баскан күндөрдө, бул элден мурда жашып, шайманы кетип калаар эле. Баарыбыздын эрмегибиз да көңүл көтөрүүчүбүз да Жапарбек. Бул жалгыз ыр эмес жолдо катар жомок айтып, аңгемеден аңгемеге салып, өзүнүн башынан өткөргөн окуяларын сүйлөп, бир зериктирчү эмес.
Жүрүп келебиз. Таң атып келе жаткан. Ушул убакта мен баягы жүрбөй келе жаткан Беккул көрүнөбү деп, артыма караганымча болбой, куйругун булактатып, сайдан жогору карай салып чыгып келе жаткан бир карышкыр көрүндү. Карышкыр көрдүбү, жокпу айтор, туура Беккулдун тушунан чыкты. Ошондо жүрбөгөнүн көрөйүн, мен айкырып калганымда Беккул карышкырды көрө коюп, жакын калган жалаңкычтан качкандай, жанын таштап бизди карай бир безилдеп келет дейсиң... мен да жүгүрүп барам. Беркилер да кыйкырык салды. Ошол кезде Беккул мага жакындап калган. Карышкыр алактап карап коюп, өтө чаап кетти. Беккул аман калды. Экөөбүз кошулуп кайра жүрдүк. Бир ажалдан калганга кубанып келе жатып:
«Эгер жаңкы жерде карышкыр Беккулду жарып салса айлабыз эмне болоор эле» — деп ойлоп келем.
Түш ченде бир сайга кирип, бешимге чейин жаттык да, бул жерден жөнөгөндөн кийин күн баткыча жүрдүк. Сайдан-сайга, белден-белге чыктык, нечен сууларды кечтик. Кеч бешимде бир белге чыгып, төмөн карай эңиш-теп кеттик. Ошо кезде Жапарбек баягысындай зоңкулдап кетип бара жатып, токтой калып:
— Тетиги жаркыраган Кеген суусу,— деп койду да кайтып безелентип ырдап кетти.
Кыргыз-Сайдан чыккандан бери мындай жерди көрбөгөн сыяктуубуз! Жаңкы белге чыга түшкөндө нечен жылкы капаздан жарыкты жаңы көргөндөй, көңүл ачыла түштү. Айланасы «айчылык» келген эни-чени жок бир мелтиреген сары талаа!.. Ушул талаанын так ортосу менен акырын сызылып агып жаткан бир чоң өзөн бар. Бир аз бара түшкөн соң дагы Жапарбек:
— Көрдүңөрбү, тетиги Кегендин сарайы. Бүгүн балким ошондо коноорбуз... орус жете жаздап калса керек,— деди.
Алыстан чыбырала болуп бир көпүрө керүндү. Көпүрөнүн бери түбүндө жаркыраган бир жалгыз аяк үй турат. Биз эңиштеп жүрүп келебиз. Ой жер экен, сарай-чыга али чендеген жокпуз. Ошентсе да береги алдыбызда жазылып жаткан таасирдүү сары талаа, кызыл-кочкул болуп, батып бараткан алтын күн, кыбыла жактан сылап соккон салкын жел, Жапарбектин сары талааны безентип, келе жаткан бирде кайраттуу, бирде армандуу, зар-дуу обону — баары келип менин көңүлүмдү толкутуп жиберди. Жапарбек көбүнчө кыргызча ырдайт.
О-й-ой,
Тери тондун ичинде,
Тердесин жигит өлбөсүн.
Бирине-бирин жем кылып,
Не жараткан пендесин...
Мунун кээ бири кайрат бергендей болот да, эми бири арманыңды айтып жаткандай болот. Жапарбек зарлатып ырдап кеткенде, экөөбүздүн арманыбыз бир сыяктуу болуп көрүнөт.
Бара түшүп дагы:
Ак эрмен куурай ойдо бар,
Ак дөнөн ирик койдо бар,
Алдында күткөн багы жок,
Мендей бир шордуу кайда бар.
— деп кетет.
Мунун башкы эки жолу мага керексиз сыяктанат.
Биз жакындай бергенде, баягы сарайчыңын жанынан шоңшоюп, дагы бир-эки боз үй көрүндү. Сарайга күүгүм кирип келдик. Кожоюнубуз эбак жетип алып, жайланып отурган экен. Биз барганда тышка чыгып келип, сарайга кийиргиле дегендей колу менен дарбазаны шилтеди. Ай-дап кирдик.
Койлорду жайлап болгондон кийин, кожоюн малайларын тамак ичкиле деп сарайчынын үйүн карай ээрчитип кетип, Беккул экөөбүз бери жакта калдык. Азыгыбыз жок. Кыргыз-Сайдан алып чыккан бир аяк буудайдан бир тоголок калган эмес. Тигилердин кожоюнунан деги кайыр жок. Кечээ күнү бир жерде конуп отуруп, нан сурасам бербей койгон.
Алардан калган соң, мен Беккулду ээрчитип алып сарайчынын жанында бир казактын үйүнө кирдим. Төрт-беш киши отурат. Биз кирип барганда маңырайып карап калышты. Үй-ичине караганда бир жардыныкы. Казан-аяк жагында бир эрди шалпайган, жыртак көз катын отурган. Үйдүн аялы болсо керек деп ойлодум. Төр жакта бир-эки эркек отурат. Мен үйдүн ээси бул экөөнүн кайсысы экенин ажырата албай жатам. Биздин жөнүбүздү сурашты. Мен сүйлөп отурган тилим казакча. Бая келгенде казакмын деп койгом. Казак эмес уйгур-чага да башынан устамын, алардын тили менен сүйлөп кеткенде мени башка деп билчү эмес. Уйгурча накча да (ыр) зуулдатам.
Мен үйдүн ээси деп отурган катын бир кезде:
— Кай уруудан боласыңдар, карактарым? —деп калды, Беккул экөөбүздү алмак-салмак карап. Ошол замат буйдалбай:
— Коңыр бөрик боламыз,— деп Жанымжандын төр-күн уруусун айта салдым.
Өзүм башында казакмын деп айтаарын айтып коюп, артынан өкүнүп калдым. Эми Коңур бөрүктүн ар жагын сурап, тамтыгым чыкпагай эле деп, кыпылдап отурам. Булардын ичиндеги урууларын жиликтеп сурап калчу болсо бирин айтып берер чамам жок эле.
Бирок менин багым жеңди, сураган жок. Эс ала түштүм. Муну коюп экинчи сөзгө көчтүк. Бир кезде биздин качан жетим калгандыгыбыз, кимдердин колуна түшкөндүгүбүз, кайда тентип баргандыгыбыз, акыр аягында кай жерден чыгып келе жаткандыгыбыз жөнүнөн сурап калышты. Бул менин жаныма жага түштү. Бирөөнүн алдында отуруп, өзүмдүн баштан өткөргөн тарыхымды сайрап берүүгө калганда бир өнөрүм бар эле. Буйдалганым жок. Даяр турган өнөрдү тартынбай салдым. Бирок мен бу жолу өз башымдан кечирген өмүрүмдөн башка, жанымдан жалгыз ооз сөз кошконум жок. Анткени, башымдан өткөн күндөрдүн өзүн дурус айтып жеткиргенде да, бирөөнүн жанына тиер таасири бар эле. Байкап отурам. Өзүм эс тарткандан берки өмүрүмдө көргөн кайырчылык күндөрүмдү төгүлтүп сайрап жатканымда угуучуларым менин артымдан ээрчип, окуяларыма аралашып, көп жерлерде жан тартып, мени аяп отургандай көрүнүп турду. Не бир кыйын жерлерге келгенде «эми кантээр экен» деп кыйпылдап отургандай болду. Алардын түсүнө карап мен көздөгөн оюмду жеткирип айтып жатканымды байкадым.

#25 21 Март 2018 - 20:28
Бир кезде сөзүмдү бүтүп, карасам баятан бери менин окуяма карай түсү миң өзгөрүп, эки көзүн менден албай коломтонун жанында кычкачын таянып, эрип калган үйдүн аялы, оор түштөн ойгонуп кеткендей, селт этип башын көтөрүп алды да:
— Эх! Дүниеси да курысынчы! — деди.
Качан да болсо аял боорукер келет.
Ушинтип бул үйдүн бүгүн эрмеги биз болдук. Бир кезде тамак ичиш ирети келди. Үйдүн аялы бизге көжө куюп берип жатса:
— Тойгызып жибер, бейшараларды, булардын кайыры тиеди,— деди төр жакта отурган бирөө.
— Айтор, эртең шашкеге чейин муңбай турганбыз. Жатарга келгенде жай мындай болбой калды. Үйдүн
аялы төшөк салып жатып, бир кезде биз эсине түшө калгандай:
— Карактарым, сендерге бул үйдөн орун артадын эмес. Ане бир үйдүн адамы жок, сонда барып көрүңдөр,— деди.
Ошондой орун жогун өзүбүз да көрүп турабыз. Үй тар, адам көп. Мына мында биздин багыбызга кайчы келгендей апсыйып, четтен келген дагы бир-эки немелер отурат. Үй ээси жаңкыдай деген соң эмне дейбиз, кардыбыз бөрсөйгөнгө канаат кылып, жылып жүрө бердик.
Тышка чыксак биздин кейпибизди кийип ары жак-тан Жапарбек келе жатыптыр. Анын да чолок түжиркесинен башка түгү жок. Эмине ой менен келе жатканын биле коюп мен:
— Мында орун жок экен. Тетиги үйгө баралы,— дедим.
Айткан үйгө барсак, түндүгүн тартып жатып алыптыр. Кирип барып, үчөөбүз тең босогого селдейип тура калдык эле:
— Сендер ким? — деди бир аял.
Жайыбызды айттык. Бүгүн мындан башка конор жер жогун далилдеп, бүгүнчө түнөп кетели дегенди сыпайы сөз менен келтирип «аке, жаке» дегенге чейин бардык. Жок, аял биздин тилегибизге каршы турду. Ага Жапарбек жооп кайтарды. Ал жатпа дейт, биз жатабыз дейбиз. Аял төшөгүндө, биз босогодо туруп алып, караңгыда бир-бирибизди көрүшпөй айтышып турабыз. Мен аялдын сөзүнө карап, бул үйдүн эркеги жок болсо керек деп чамаладым. Айтыш али баягыдай.
Бир кезде мен:
— Жеңеше, бизден кашмаңыз. Ештемеңди алмаймыз. Бүгинше түнеп кетейик,— дедим.
Биздин кайтпай турган ырайыбызды көрдүбү айтор, мен ушундай дегенден кийин баятан такылдап турган каршыбыз «эмесе мейлиңер» деген немедей унчукпай калды. Аялдын бул түрүн сезгенден кийин эми биз да унчукпай калып, коломтонун тегерегинен орун издей баштадык. Караңгыда кайсыныбыз кандай жерге жатып калганыбыз өзүбүзгө гана маалым. Мен башымды койгон жерди сыйпалап көрсөм, апкыты жантыйган бир жаман кепич урунду. Аны көрбөсөм да «көп кийилген кепичсиң го» дедим ичимден. Бир убакта:
— Өй, турыңдар! — деп түрткүлөп, бирөө бизди ойготуп жүрөт. Жапарбектин жолдошу. Таң атканын ошондо гана бир билдик. Үйдүн ээси биз туруп кеткенибизди туйдубу, жокпу. Тышка чыксак жердин баары боз кыроо.
Койду айдап, бир аз ары баргандан кийин, карасак Беккулдун бети-башынын баары көө. Түндө казандын жанына жатканбы. Ошого чейин өзү билбейт.

#26 21 Март 2018 - 20:31
Кеген менен Каркыранын аралыгында бир мелтире-ген жазыкта жүрүп келебиз. Жапарбек баягысындай зарлатып кезек-кезек жиберип коёт. Коңур күз. Биз келген жакты көздөй бирин-серин жолоочулар өтүп турат. Көбү дуңган менен кытай сыяктуу Баягы заманда Үрүмчү, Турпан, Кулжа дебей туш-туштан кыялап, Караколго келип, апийим айдап, артынып-тартынып алып, күзүндө кайтар эле. Мынабу өтүп жаткандарды көрүп, ошол эриксиз эсиме түшөт. Берегинде бирөө куржунун салпайтып, артынып алыптыр. Балким ушу неме да биз Көлдү көксөп бараткандай,
Үрүмчү, Кулжага жетсем деп, эки көзү чачырап бараткан неме болор. Ар кимдин тилеги өзүнө чоң. Бирок береги бараткандар менен биз-дин айырма көп. Алар болсо бүтүн Кулжа, Турпанды чардап, дүнүйөнү көбөйтөм деп ач көзүн кадап жүргөн немелердир.
Бирөөнүн канын ичип, маңдайына бүткөн дүнүйөсүн тартып алып, кетип бараткан бир жайылдын жогуна кимдин көзү жетет... Өмүрдө нелер болбойт? Ушулардын ичинде мындайлар болгон да чыгар.
Ал бизчи? Такыр андай эмеспиз. Биздин дартыбыз, жүз жыл уктаса булардын түшүнө кирбейт.
Түшкө жакын убакыт бир кырга чыга бергенибиз- де Каркыра көрүндү. Баягыда казак, кыргыздын байлары өзбек, ногойдун соодагерлери дуулап турган жармаңке ушул! Ушундан тартып, тааныш жердин чети көрүнө баштады. Көзүнө алда немедей жылуу көрүнүп, көңүлгө бир белгисиз кубаныч кирип, жүрөгүң булкат. Бирок ал кездегидей желекти желбиретип, асманга көтөрүп таш-тап, мал-жан дебей сансыз тараптан чоргодой куюлуп, быдылдап, жайнап жатчу жармаңке жок. Бу күндө элинин баары чабылып шаарын өрттөп, жылас болгон курттай, жымжырт тартып, кур орду гана турат. Жалгыз кыдыр эткен жан жок.
Буга менин кабыргам кайышып отурган жок. Ал кездеги Каркыра жүз чабылганы бир тыйын. Ал убакта байлар, соодагерлер калааны кан сасытып, бирөөнүн тегин эмгегинен чардап жатканда биз өңдөгөн томаяк-тар жалгыз эчкини аркандап коюп, көк кылаңгыр сүт ичип отурчубуз. Ал заман жүз чабылсын! Жалгыз гана ошондогу көп эле өлүп, кырылып, жолдо калып отуруп, аягында биз эле калганбыз, көчтөн адашкан күчүктөй сербейип, береги бир жерде жалгыз экөөбүз келе жат-канга арман кылам...
Бир убакта Каркыранын суусуна келдик. Койлор суудан кечпей бир топ убараланды. Бир кайкы мүйүз, чоң эркеч бар эле. Ошону Жапарбек:
— Башта! — деп таш менен эки жолу атты. Эркеч сууга кирүүчүдөй болуп, жакшы эле качырып барат да кайра тартат.
Ошенткенде Жапарбек экөөбүз аны кармап алып, күркүрөп жаткан сууга келип уруп жибердик эле, кулачтап алып жөнөдү. Баятан батынбай турган койлор, муну көргөн соң, кутулбай турганына көзү жеткендей, четинен күрүлдөп, сууга кирди. Койлор аркы өйүзгө чыгып болгон кезде, биз шымыбызды жоон санга чейин түрүп салып, төмөн жактан сайроолоп кирдик. Беккул шымын чечип колуна кармап алды.
Биз Каркыранын өзүн баспай, батыш жагындагы бир адырды кыркып келебиз. Бир мезгилде алыстан бүлбүлдөп «Эки-Кошкон» деген дөбө көрүндү. Бул Каркырадан бир топ бери. Ушунун бери жагы менен кыйгап өттүк. Иңир кирип калган. Жер караңгылаган сайын Эки-Кошкон күңүрттөп кийин кала берди.
Түн кире Кутурган булакка келип, бир талаада кондук. Күздүн түнү суук. Ошондуктан жакын ченде бир топ чөмөлө чөптөрдөн ташып алып, таң аткыча кирпик какпай, от жагып чыктык. Таң атмагы бир азап болорбу. Беккул, Жапарбек, мен үчөөбүз кылчылдай баштадык. Киймибиз жука. Тегеректей тартып алып, отту улам бирибиз кезек менен жагып отурабыз. Айлана тыптынч. Мынабу жогору жактагы карарган, терең сайдан жылтылдап бир от чыгат. Бу жерде кыргыздын айылы кай-дан болсун деп ойлойсуң. Алда кандай бирөө караңгы түндү калтыратып, арманын айтып, акырын гана зың-кылдап, улам алыстап, узап бараткандай болот.
Менин кезегимде от жагып отуруп, үргүлөп кетсем керек, маңдайымда кактанып отурган кожоюнубуз бир кезде:
— Ач көзүңдү, доңуз! — дегенди айтып, баркылдап, сөгүп келип менин колумдагы көсөөнү жулуп алып, өзүмдү башка бир салды. Муну көрүп, беркилердин көзү чайыттай ачыла түштү. Жаман түштөн чочуп ойгонгондой болдум. Ичимден тандап туруп жаман сөздөрдөн каргыш айттым да, милдетимди аткарууга камын-дым...
Атасынын көрү, ушинтип отуруп, бу түндү да баш-тан кечирдик.
Эртеси бу жерден жайыраак жөнөп, күн шашкеге көтөрүлгөн кезде Түптүн суусуна жеттик. Мына, Кызыл-Кыя жакын. Ой чуңкурунан өйдө текши көрүнүп турат. Мынабу эки жолдун айрылышы бири Караколго кетет да, экинчиси Түптүн суусун бойлоп Сарытологой, Кең-Суу, Чоң-Ташты карай кетет. Эми Беккул экөөбүз ушул соңку жолго түшөбүз. Жапарбек менен өмүрлүк коштошуп кала турган жерге да келдик, кожоюн илгери кетип калган.
Баягы Түптүн көпүрөсүнө келе бергенде:
— Эми биз ушу жерден бөлүнүп кетебиз. Кош, эмесе! — дедим мен Жапарбекке жакын барып.
Ал биздин айрылышыбызды кыйбай, ичи ооруп тургандай муңайып туруп, кол кармашып:
— Баргыла. Багыңар ачылсын!.. — деди да, койдун артынан токтобой жүгүрүп кетти. Биз өз жолубузга салдык.
Ушу жерге келгенде нелер эске түшпөдү! Баягы үр-күндө күлүн асманга чыгарып өрттөп кеткен Василий, Башариндин үйлөрү кайра туруп калыптыр. Бирок көзгө басар жалгыз боз үй жок. Түшүңдөгүдөй! «Илгери бир заманда элин түгөл чаап алып, журтун жылас кылып кетиптир...» деген жомоктун өзү!..
Бир аз төмөн жүргөн соң, Василийдин үйүнүн жаны-нан бир боз үй көрүндү. Не болсо да бара кетелик дедик. Жолубуз да ушул жакта. Буралган апыз.
Бир кезде жаңкы боз үйгө келдик. Тышта киши көрүнгөн жок. Кирип барсак бир-эки катын отурат. Эркек адам жок. Бири кырктарда деп айтарлык, бетине калың бырыш кирип калган, сүйрү жаак, кара сур катын. Экинчиси мындан жаш, көзү тостойгон бирдеме. Он бир, он эки жаштарда дагы бир кичине кыз жүрөт. Бая биз кирип барганда булардын эч кимиси лам деп ооз ачпайт, таң калган немедей бир топко чейин бизди тиктеп, аңырайып калышты. Жашыраагы чыгдан жакта бирдеме кылып жүрүп, биз барганда коё койду. Беркиниси жүктүн бурчунда бир эскини жамап отуруптур. Сол колу менен жыртыкка туташтырып, жамаачысын кыйып кармаган бойдон али биз келгени бир ийне сайган жок. Алдында бир кендир ычкыры бар, жүндүү, тери шым жатат. Отурдук. Көрүүчүлөр бизден бир эли көзүн албайт. Өмүрүндө биздей бүрөөнү көрбөгөнсүп, мынча эмне таңыркашат?
Сөздүн чети чыккандан кийин, эки катын баятан талып калып жаңы эсине келген немедей, бизди ортого алып, жөнүбүздү эми сурай баштады. Колдо бар өнөрдүн эмнесин аяйын, бу жолу да баягы Кегендеги казактын үйүндө отургандай кылып, кайгылуу тарыхымды сайрап кирдим. Ошо жерде менин сөзүм бүтпөй, эки катын шолоктоп коё берди. Валбаалаган кең жеңи менен жашын сүртүп алып, картаңы:
— Ошонум өлбөй, тирүү болсо да ушулар өңдөнүп бир күнү таап келбейт беле! — деп, биз аркалуу бирдемесин эске түшүрүп, ого бетер киңкилдеди. Буга карап мен «кытай жеринде өлүп калган бирдемеси болсо керек» деп ойлодум.
Бир аздан кийин дагы:
— Э, айланайындар, ошондон бери кантип таап келдиңер? — деди, солкулдап ыйлап жатып.
Жаңкы кичине кызда биздин кайгыбызга орток болуп отургандай, жүзү муңайыңкы.
Ушинтип, кайгы-казыретти ортого салып отурганча бир топ убакыт болду. Биздин кардыбызды көптөн кийин эске түшүрүп, бир аяктан айран берди. Көзүбүз ачылып, эс ала түштүк. Алардан мен эми Көлдүн жайын сурай баштадым. Билишет экен: өлгөн-житкенден өйдө баарын терип-тепчип калтырбады. Мындан бир жыл мурун кытайдан азып-тозуп келген качкын кыргыздар мында келип, андан бетер адам айткыс жокчулукка кабылып, ачарчылыктан кырылганын, орустун жоондорунун колунан өлгөнүн айтышты. Мамыр, Чүрк, Сатымбай дегендерди көз көрүнөө баса калып, саман менен өрттөп өлтүргөнүн уктук. Өлүктө сан жок. Укмуштарды угуп отурсаң жүрөгүң титирейт!
Жаңкы картаңы бир кезде:
— Силер эми бара бергиле. Эл баштакыдай болбой, карды тоюп, бир аз оңолуп калган. Баягыдай көз көрүнөө баса калып, өлтүрүп жибергендер көп жок. Силердин элдин жарым-жартысы Сарытологойдо, калганы Чоң-Таш, Жылуу-Булакта. Элдин көбү жан айласынан ушул биз өңдөнүп, биротоло үй-бүлөсү менен малай болуп, орустарга кире качып кеткен. Эл четине бүгүн жетесиңер... — деди.
Баягы бойдон экөө тең жашын төгүп отурат.
Эми кетели деп, ордубуздан турдук. Алар жолдун дайнын айтып беришти. Эшикке чыккандан кийин, Башариндикине бара кетелиби деп алар менен акыл салып көрдүм эле:
— Кокуй, барбагыла, силерди өлтүрүп коёт! Ал жакка жолобой мынабу жак менен Түптү бойлоп кеткиле!— деп, безилдеп коё беришти. Барбаганыбыз оң болуптур — жайлап салмак экен. Бул кийин билинди.
Түптүн суусун бойлоп кеткен жалгыз аяк жол менен нечен түрдүү таш кыяларды басып, бүжүрөңдөп жүрүп келебиз. Кеч жакын. Биз да шашып барабыз. Жолду катар адам түгүл как эткен карга көрүнбөйт. Бир жагыбыз асмандаган карагайлуу бийик тоо, экинчи жак иттин мурду өткүс калың токой. Токой аралап ийрелеңдеп агып жаткан Түптүн суусу. Мынабу кара ташка далпайып келип бир жору конду. Анын үстүндө шыкылыктап бир сагызган ойноп жүрөт. Кызыл-Кыядан чыккандан бери көрүнгөн жандыктар ушул. Илгери кыргыз кытайды карай тартканда күңгөй тескейине батпай шыгырап, камалышып өткөн жер ушул эмеспи!
Кеч бешимде Орто-Токойдон өттүк. Али эч нерсенин дайыны билинбейт. Ушу жерге келгенде, менин артымда келе жаткан Беккул катарлаша түшүп:
— Түнгө калабыз го? — деп менин түсүмдөн бирде-ме издегендей бетиме карады.
Анын оюн таба коюп, максатына жетүүгө жакындаган кишидей кайратыма келип, түсүмдөн сыр алдырбай туруп мен:
— Бүгүн жетебиз! — дедим, арышымды калыбынан арбыта түшүп. Жүрүп келебиз.
Күн бата Сарытологой жонуна чыктык. «Бу жерде да эл жок болгонбу» деп ойлоп келе жатып, бир убакта берки бетке эңкейсек, сол кол жагыбызда бир кабактан жалгыз түтүн чыкты. Не болсо да бир байкай кетели де-ген ой менен, түтүн чыккан жакты карай бурулдум. Алыс эмес. Бара түшкөндө бери жагынан дагы бир кырман көрүндү. Жолубузда. Ушуга келип үч-төрт саржандай жер калганда эле бирөө:
— Айланайын абакебайлар ээй!!! —деп күрөгүн таянган бойдон талып калган немедей бизге жалдырап туруп калыптыр. Мен тааный койдум: Сарбагыш деген биздин бир туугандарыбыз, баарыбызды бир Эрке Сары дейт.
Бизди ээрчитип үйгө кийиргенден кийин, эки-үч катын чогулуп калды. Катындардын бышакташын көрсөң эми көр: Кантыке деген бир аял биз келгени көзүнүн жашын тыйбады. Булар бизди эбак өлдү деп, түңүлүп коюшкан экен.
Ушинтип жаткан убакта тыштан сакалы барсайган бир орус кирди. Жаңкы кырмандын ээси болсо керек. Кирип келип ар кайсы жерде бышактап ыйлап отурган катындардын себебине түшүнгөндөй үңүлүп карап калды эле, Сарбагыш:
— Биздики тууган. Ушул экөө кытайдан жөө келди,— деди. Орус унчукпай башын чайкады.
Эртеси мындан чыгып, Чоң-Ташты карай жол тарттык.
Биринчи китептин аягы.10
Фрунзе, 1934—35-жылдар.

#27 21 Март 2018 - 20:32
1: Ч о ң - Т а ш — биздин жердин аты.
2: Эрке Сары — биздин элдин уруусу. Жонунан айтканда Боор дейт.
3: Э л д е — «жамандар, жакшылар» деген эки термин болуучу. Жакшылар деп — бий, болуш, манап сыяктуу — эл билермандарын; жамандар — деп кедейлерди, батрактарды айтышчу. Бул терминди башында манаптар чыгарган болуу керек.
4: Биздин энебиздин аты.
5: Ысык-Көлдүн айланасында турган жерлерин ар уруу өздөрү— «Көл» дешчү. Биз жактагы: Кең-Суу, Сарытологой, Чоң-Таш да ушул мааниде айтылат.
6: Чоңкол деген — стражник.
7: Сурап деген сөз — бийлөө деген мааниде айтылуучу.
8: К о к о з о — апийим салуучу калай идиш. Бул дуңгандын — «хехезы» деген сөзүнөн алынган. Кыргыз кокозо деп алган.
9: Качпай калган казак-орустун бирди жарым кедейлери өз-өз үйлөрүндө эле. Бирок байлардын капшабы менен булардан кеткендери да көп болду.
10: Автор бул романдын экинчи китебин жазууну да ойлогон болуу керек.

#28 22 Март 2018 - 06:37
Мега 777 эже рахмат,мен келгиче бутуруп коепсуз го (уялган быйтыкча)копчулуктон куттургонум учун кечирим сурайм ((