Салам достор. Биз маданият, элге улгу корсотуучулор деп эле ар нерсени суйлоп жатабыз. Айткылачы деги бул маданият деген эмне? Бир кинодо билсенер, биз деген айылдын эн маданияттуу уй-булосубуз,
вилка менен эт жейбиз деп кыргыздарды шылдындаганы бар. Чын эле вилка менен тамак жегенди маданиятка тенесек болобу? Менин оюм такыр башка. Аны силерден кийин айтып берем.
Ар бир адам оз оюн айтканга укуктуу.
Баракча 1 - 1
Маданият деген эмне?
#2 13 Ноябрь 2008 - 17:52
Маданият деген сөз менен «цивилизация» деген сөз чаташып кеткенсийт.
Дүйнөдө
бир да маданият башка бир маданияттан жогору же төмөн эмес. Ар бир маданият өзүнчө
ардактуу. Маданият бир элдин руханий дүйнөсү
н чагылдырат.
Ал эми «цивилазация» көбүрө
өк технология деген түшүнү
ккө жакын келип, ал кандайдыр бир мамлекеттин материалдык дүйнөсү
н, жыргалчылыгын көрсөтү
п турат.
Ошондуктан маданияттуу бекен деген сөздү мен туура эмес сөз деп эсептейм. Батыш болсун, айрым чоң элдер болсун, дайыма кичине калктарды, экономикасы жана цивилазициясы начар өлкөлө рдү маданиятсыз деген сыяктуу түрдүү сыпаттарды айтышып кордоп келишти. Мындан кийин ар бир нерсени туура түшүнү п, аны көрсөтү үнүн убактысы келди деп ойлойм.
Маданияттуу болгон орустар же Батыш эмне кылды?! Өмүр бою башка элдерди шылдыңдашты. Алардын тагдырын экиге бөлдү, кордоду, экономикалык түрдүү программалар менен эзди, ж.б.
Чынын айтсам, мен динчил эмесмин. Бирок жанагы америкалыктардын мусулмандарга көө жаап, түрдүү -түрдүү фильмдерди чыгарып, Ирактын, Афганистандын жана Пакистандын бейкүнө ө канча элин террорист деп өлтүргө нү жетип кетти. Америкада бир христиандын мусулмандар тарабынан өлтүрү лгөнүн көрсүн эмне болор экен. Же динге анча маани бербеген орустар менен ошондой сценаны чогуу көрүң үз эмне болор экен? Белгилүү . А бизде андай эмес. Башыбызга чай кайнатылганы кайнатылган. Беш бармакты кол менен жейбиз деп айткандан уялабыз. Ошолордун айткан сөзүнө н чыга албай калдык. Кантели?!
«Адам» деген сөз бардык нерседен улуу болушу керек адамдын өзү үчүн. Биз адам катары башка адамды сыйлабасак, анын сый-урматына ээ боло албасак, андай адамгерчиликтин эч кимге кереги жок деп ойлойм. Азыркы дүйнөдө ар бир адам ынтымактын жана өзүнү н гармониясынын чегинде жашашы керек. Башка адамга зыянын тийгизбеши керек.
Бул менин жеке пикирим.

Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
#3 15 Ноябрь 2008 - 12:13
Маданият - элдин материалдык жана рухий байлыгы. Ал эми цивилизация маданияттын жеткен чеги. ...
#4 02 Апрель 2009 - 18:51
Жарыктык Никулин дал Станславскийдин сөзүнө
окшош сөздү кичине бурмалап айткан экен ээ?!!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#5 29 Апрель 2009 - 18:05
Маданият - бул эки элди бири-биринен айырмалоочу руханий асыл наркы, салты, тарыхы жана тили. Маданиятсыз эл бири-бирине синишип жуурулуша берет. Кайсы элдин маданияты кучтуу онуксо, ошол элдин мамлекеттик туткасы бекем болот. Маданият - бул мамлекеттин тиреги. Ошондуктан мамлекет башындагылар озунун улуттук маданияттынан баштап адамзааттынын маданияттын тушунууго милдеткер. Мамлекет маданиятка басым жасап туруусу зарыл, антпесе эл баш аламандыкка туш болот. Мисалы, Кыргызстан тилекке каршы ушундай абалдабыз.
#6 11 Сентябрь 2016 - 18:23
Маданият - бул озундун жашап жаткан жериндин, улутундун, каада-салты,
урп-адаты, жашообуз деп ойлойм .
#7 04 Январь 2019 - 06:22
Биз маданият дегенде эле шоу бизнести эле тушунобуз го копчулугубуз жакшы журум турум дагы маданият
#8 09 Июнь 2019 - 22:29
Маданият журум-турум жана мамиледеги белгилуу жыйнак топтом десек болчудай. Теманын башын окуп мурунку форумчулардын маданияттуу жазгандарын окуп аябай ыраазы болуп турам. Эмнегедир ой келди "маданияттын мыкты улгусун коргозо алган адамдар гана кирчу экен мурда форумгачы"
-деп .
Баракча 1 - 1