Чет өлкөгө кетсемби же үй-бүлө куруп Кыргызстанда калсамбы?
#1 16 Март 2015 - 11:36
1) 2 жыл мурун дос кызым күйөөгө тийген, бир жыл өтпөй ажырашты. Ортодо бир бала бар экенине карашкан жок. Кыздын айтымында, күйөөсу акча таппайт, кайра кыздын ата-энесинен карыз алып, аны бербей, баарына жаман көрүнөт.
2) Кошуна кыз турмушка чыгып, кыздуу болушту. Ажырашып, Кытайга кетти, кызын апасына таштап. Себеби, күйөөсү жумушунан чыгып, үйдө отуруп калыптыр 1 жылдан бери.
3) Эжем күйөөгө тийип, 3 жылдан кийин ажырашты. Анткени, эжем ооруганда, күйөөсү "акчам жок, дарылата албайм" деп, үйүнө таштап кетти.
4) Эжемдин баласыны аялы кетип калды. Байкем жумушу жок, үйдө жатып чүнчүп (дос балдары менен өзүнө окшош жумушсуз), ичип жүрчү экен.
5) Дос балам бар. Ай сайын мага карыз сурап чалат. Колуман келсе, берем, келбесе, таарынба дейм. Аялы менен урушат, балдары кээде ачка калат. Элден калып балдары концерт, театр деген нерселерге барбай калышат.
Ушул окуяларды көрүп, угуп күйөөгө тийгенден корком. Андан көрө чет өлкөгө барып иштеп, үй алып, акча топтоп кайра келип анан күйөөгө тийсемби дейм. Антсем, мен күйөөгө тийбей, күйөө алган болуп каларымды билем. Колунда бар кызды намыскөй бала албайт, а мага намыскөй бала күйөө болушун каалайм!
Азыр менде чет өлкөгө кетүү мүмкүнчүлүктөр көп.
Жашоону ысык-суугун көргөн эже-агайлар бар деп ушул форумга тема ачууну туура көрдүм. Кеңештериңерди күтөм.
#2 16 Март 2015 - 11:38
#3 16 Март 2015 - 11:50
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУУ ЖОЛДОР БАР
А.ОСМОНОВ
#4 16 Март 2015 - 12:01
#5 16 Март 2015 - 12:03
Болор болбос нерсе учун ажыраша беруу женил ойлуулук деп эле билем.
Акылын болсо ойлонбой турмушка чык, жашын деле бир топко барып калыптыр.
"Экоолосо биздин ит койбойт" дегендей,чет олкого жолдошун менен кетип иштесенер, эки адамдын тапканы бат арбыйт.
#6 16 Март 2015 - 12:24
#7 16 Март 2015 - 13:03
#8 16 Март 2015 - 13:04
#9 16 Март 2015 - 13:31
Коркосунбу баштаба!
#10 16 Март 2015 - 14:16
#11 16 Март 2015 - 15:19
elisa89 (16 Март 2015 - 14:16) жазган:
Бул билдирууго мен да кошулам. Эл коруп, жер коруп келсениз, ойлорунуздун баары 180 градуска озгорот, азыр сиз учун баалуу болуп турган жумуш, ал экинчи планга отуп калат. Анан ан-сезимибизге да жараша калганы.
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
#12 16 Март 2015 - 15:23
elisa89 (16 Март 2015 - 14:16) жазган:
Эми кыргызча эле жазчы орусчаны кыйын билем дебей
Билдирүүнү түзөткөн: realmadrid.: 16 Март 2015 - 15:23
#13 16 Март 2015 - 15:55
#14 16 Март 2015 - 16:06
elisa89 (16 Март 2015 - 14:16) жазган:
Элиза айым! Сиз "Мен Кыргызмын" болумундо туруп орус тилинде жазып койуппсуз. Жок дегенде ушул болумдо оз эне тилибизде суйлосок жазсак жакшы болоор эле. Орус тилин мурда тушунбосок да билбесек да , азыркы абал билбесен да билдирип,тушунбосон да тушундуруп жаткан заман болуп калды ар бир кыргыз жараны учун. Кечириниз эгер катуурак жазып койсом!
#15 16 Март 2015 - 16:15
Билдирүүнү түзөткөн: jurnalistika: 16 Март 2015 - 16:16
#16 16 Март 2015 - 17:16
#17 16 Март 2015 - 18:08
#18 16 Март 2015 - 18:14
#19 17 Март 2015 - 00:20
#20 17 Март 2015 - 09:30
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.