Света Жумгалова бөйрөктүн өнөкөт оорусу менен 4 жылдан бери жабыркап келет. Ал төрөттөн соң эки көзүнүн көрүүсү начарлап кеткен. Андан соң көрүүсү калыбына келип, бирок эки бөйрөгү иштөөсүн токтоткон. Натыйжада бөйрөктүн функциясын аткаруучу кан тазалай турган гемодиализ аппаратына муктаж болуп калган. Майыптыкка чыкканга чейин аппаратка жатуу күн сайын 7000 сомду түзүп, учурда үй-бүлө жардамга муктаж. Бейтаптын апасы канча ирет кызын өлүмдөн кайтарып, болгон акчасын чогултуп гемодиализге жаткырып, өлүм менен алышып келе жатканын айтат. Учурда Светанын апасы кызына өз бөйрөгүн берүүгө даяр. Бирок мындай операция чет өлкөдө 25миң АКШ долларына жасалат. Кайрымдуу мекендештерден аталган үй-бүлө жардам сурайт.
Кайдыгер карабагандар болсо,байланышсаңыздар болот: Анархан Байматова 0707-440706 жана Света Джумгалова 0703575082
Баракча 1 - 1
Баракча 1 - 1