Көп угам: "Эл эмне дейт?",- деген сөздү.
Элдин сөзүнө калып кетүүдөн коркуп, керек болсо, жеке жашоосун ошого жараша пландагандар бар.
Эң жөнөкөй мисал, айылдагы көп эле тааныш-туугандар Бишкекке келип, жакшы жумуш таба алышпаса, чет өлкөгө кетишет. Ал жакта соода борборлорунда жүк ташуучу, пол жуучу, сатуучу, таксист болуп иштешет. Бирок аны эл көрбөйт.
Жакында туугандарыбыздын биринин кызына кудага түшүп келишип, бирок азыраак калың берип коюптур. "Эл эмне дейт" деп, аны элге эки эселеп айтып, эми ошончо асмандагы суммага сеп даярдап жатат, мал-жанын сатып...
Бир курбум бар, күйөөсүнүн туугандарынын алдында "авторитетин"
кармоо үчүн бала артынан бала төрөп жатат. "Төрөбөсөм болбойт, анпесем, иштешим керек болот. А мен канча жерге бардым, эч бир жакшы жерге ишке алышпай коюшту. Эл эмне дейт? Кайдагы билимсиз, жарытпаган келин экен деп чыгышпайбы!
",- дейт.
Ушундай... Силердечи ушундай болгонбу? "Эл эмне дейт" деп чочулап, кандай кадамга бардыңыз эле?
- (11 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
"Эл эмне дейт" деп, эмне кылдыңыз эле?
#2 10 Сентябрь 2013 - 10:49
"Эл менен жашамак белек" деген эле девиз биздики. Бирок ошол да кандайдыр бир таасирин тийгизет,мисалы эжем Россияга келип жумуш оор болуп кыйналганда да ошо "эл эмне дейт,кетип кайра келди мурдунун суусун агызып" дебесин деп,коп кыйынчылыкты женип,азыр баары жакшы кудайга шугур. Ошол соз да кандайдыр бир таасирин тийгизет экен,анын 2 варианты бар бири жакшы жака,экинчиси жаман жака. Ар кандай болот. Бирок жеке мен андайга коп маани бербейм. Шартка жараша болот баары.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#3 10 Сентябрь 2013 - 10:59
Эл эмне дейт деген соз коптогон суйушкондордун баш кошуусуна ото алгыс тоскоол болгон...
```
#4 10 Сентябрь 2013 - 10:59
Элдин оозунда элек жок дейт эмеспи, маани бербейм, себеби алар эл. жакшы жашасанда, жаман жашасанда, суйлой беришет,, эн башкысы ошону деп туура эмес кылбоо деп ойлойм бул менин жеке оюм,
Я буду терпеливым,
Я стану повторять:
Чтобы быть счастливым,
Нужно уметь ждать
#5 10 Сентябрь 2013 - 11:00
Эл эмне дейт деген соз коп адамдарды намыстантып,
ийгиликтерине жол ачкан...
```
#6 10 Сентябрь 2013 - 11:04
Эл эмне дейт деген соз канчалаган адамдарды озуно жакпаган уй-булоодо жашоого мажбур кылат...
```
#7 10 Сентябрь 2013 - 11:04
"Эл эмне дейт" деп улуу муундагылар эле кеп кылшып, жасай турган нерселеринен тайсалдабашса,
жаштарга п...г болуп калды. Эгер жаштар элден уялышса, кызы атасынын торундо боозумак беле? Же баласы мас болуп кочодо тура албай калганча ичмек беле? Же ата-энелерин карабай кетишмек беле?
Озум тууралуу айтсам, мен деле бир иш кылаарда "эл эмне дейт" деген суроону эн аягына коёт экенмин. "Ит уро берет, кербен журо берет" деген принципте

Реал чемпиооон!!!
#8 10 Сентябрь 2013 - 11:11
Эл эмне дейт деген соз канчалаган таланттарды жашырууга туртку болгон...
```
#9 10 Сентябрь 2013 - 11:17
Эл эмне дейт деген соз коп адамды уят, жаман иштерге баруудан баш тарттырган.
..
```
#10 10 Сентябрь 2013 - 11:24
Мен "эл эмне дейт" деп эч нерсе кылган эмесмин, мен учун эн биринчи орунда озумдун ишенимим турат...
```
#11 10 Сентябрь 2013 - 11:33
adalsvards (10 Сентябрь 2013 - 07:23) жазган:
Көп угам: "Эл эмне дейт?",- деген сөздү.
Элдин сөзүнө калып кетүүдөн коркуп, керек болсо, жеке жашоосун ошого жараша пландагандар бар.
Эң жөнөкөй мисал, айылдагы көп эле тааныш-туугандар Бишкекке келип, жакшы жумуш таба алышпаса, чет өлкөгө кетишет. Ал жакта соода борборлорунда жүк ташуучу, пол жуучу, сатуучу, таксист болуп иштешет. Бирок аны эл көрбөйт.
Жакында туугандарыбыздын биринин кызына кудага түшүп келишип, бирок азыраак калың берип коюптур. "Эл эмне дейт" деп, аны элге эки эселеп айтып, эми ошончо асмандагы суммага сеп даярдап жатат, мал-жанын сатып...
Бир курбум бар, күйөөсүнүн туугандарынын алдында "авторитетин" кармоо үчүн бала артынан бала төрөп жатат. "Төрөбөсөм болбойт, анпесем, иштешим керек болот. А мен канча жерге бардым, эч бир жакшы жерге ишке алышпай коюшту. Эл эмне дейт? Кайдагы билимсиз, жарытпаган келин экен деп чыгышпайбы! ",- дейт.

адальс созуно тамаша аралаш жооп бере салайынчы
Бир куну эки апенди эшегин суугарганы жоноптур, бири жетелеп бири артынан айдап баратса кочодогу эл айтат " иий ушу эшек асмандан тушсо деле минип эле алышпайбы экен эми ?" деп.Анан кайра кайтаарда тиги экоосу эшекти минип келеатса жанакыле адамдар
" коокуй эшекти эми корсо дагы жетелеп алышса болмок бечара эшекти кыйнабай " дешкен экен ошо сынары эл оозунда элек жок эмне кылбайлы баары бир себеп шылтоо айтыла берсе керек))) мен дагы ошол элдин бир болугумун шартка жараша мен дагы элге карап иш тутам ))))
#12 10 Сентябрь 2013 - 12:30
ээх,ушу сөздүн айынан менин көлдүк курбум ошко келин болбой көлдө калды,сүйбөгөн адамы м.н...
#13 10 Сентябрь 2013 - 12:42
Он жана терс жактары бар.
Мисалы кээ бир адамга баары бир болуп, эл эмне десе дей берсин деп, озунун ата-энесин унутуп, суйлошпой, аларга жардам бербесе анда бул жаман. Же ойлонбой, кооп, мисалы лексус менен встечкага чыгып, менттерди тоготпой,
аларды согуп, элдин оюна баары бир болгон туура эмес. Бул жерде он жактары бар, бул создун
артында, озундун авторитет, имиджинди бир бузсан, кайра калыбына келтире албайсын деген.
Терс жактары, бул озундун жашооно чыгым кетсе, карызга батып, башкалар учун бир нерсе жасоо.
Бул жерде такыр туура эмес, мындай учурда эл эмне дейт деп ойлонбош керек.
Туугандарын сени тушунбой, поддержка бербесе, анда эмне кереги бар алардын сен жонундо эмне ойлоорун?

#14 10 Сентябрь 2013 - 13:00
Чынын айтканда менда ушул созду коп колдонот экенмин, азыр ойлонуп корсом. Бул созду деп кыйналсам да, каалабасам да чет олкодо иштеп журом. Озум жактырган адамына бул созду деп турмушка чыгуудан баш тартым. Дагы кандай кадамга барганымды эстей албайм го бирок элден аянып, озум каалаган коп нерселерден баш тартамын.
Жогорудагы форумчулар айткандай кээде бул соз он таасирин тийгисе, кээде терс таасирин тийгизет. Кээде шартка байланыштуу болсо да соз айланып келип ушул созго токтолот. "Эл эмне дейт"? сон намыска баш ийесин да, намыстан кечуу абдан кыйын мен учун.

"Сен таза болсон, мен таза болсом коом да таза болот."
#15 10 Сентябрь 2013 - 13:02
эл эмне дейт деп коп жерден калып, озумду чектеп жашап жургонумдун баарын айтсам чын эле эл эмне дейт?
ПыСЫ: андай эмес депсинер кобунор эле бирок баарибир эл эмне дейт дейсинер, болбой калды дегенде туугандар,достор.

Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#16 10 Сентябрь 2013 - 13:06
'Элдин эмне дегенин' терс гана мааниде кабыл алам: эгер эл жакшы суйлосо артынан ошо толкун менен жаман ушак ээрчийт, жаманы и так понятно. Элдин конул чордонунда болгондон коомайланам.
Созсуз бир чирик кумалак сен жонундо сасытыып осуруп ойноп суйлой коет. Балким, эч нерсе ооздуктай албагандар учун бул кандайдыр бир айбыктырып кармап турган нерседир. Жеке мага оз абийиримдин козомолу жетет.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#17 10 Сентябрь 2013 - 13:06
#18 10 Сентябрь 2013 - 13:23
"Эл эмне дейт?" деп атаман коп угам. "Эл эмне дейт?" деген соз 1. уяты бар 2. намыской адамдан чыгат.
Мен бул соз учун 1. ЖОЖго тапшыргам )) 2. Жумуш таптым 3. Бир туугандарым менен катышым бар (ража, кошумча) 4. анан мунусун айтпайм, (айтсам эл эмне дейт, тамаша) дос кызымдыкын жаматканбыз (эл эмне демек, жаматпасак).

#19 10 Сентябрь 2013 - 13:46
"Эл эмне дейт"деген фраза бизде (кыргыздарда) эн нгизги фразалардын бири да.Алыс барбай эле,озумдун жашоомдон мисал кылсам,жолдошум мени ала качып уйлонгон(мурда коргомун,суйлошкон эмесмин).Артымдан женелерим келип,апам менен телефондон суйлоштурушту.
"Апа,мен буну тааныбайым,
калбайым алып кетишсин"
-дедим.Анда апам;"Кой кызым,эл эмне дейт?"десе,
"Иииий,чын эле эл эмне дейт"деп отуруп калгамын.Кудайга шугур,жашоомо нааразычылыгым жок,элден коркуп жашап калып,азыр ширин уч баланын энесимин.
Эмне демекмин," эл эмне дейт"деген соз кээде жашоонду жакшы жакка бурса,кээде жаман нукка буруп коюушу мумкун.Ошондуктан, эл менен эсептешпей деле чечим чыгарууга болот.

#20 10 Сентябрь 2013 - 14:16
Chyngyz_kg (10 Сентябрь 2013 - 13:23) жазган:
"Эл эмне дейт?" деп атаман коп угам. "Эл эмне дейт?" деген соз 1. уяты бар 2. намыской адамдан чыгат.
Мен бул соз учун 1. ЖОЖго тапшыргам )) 2. Жумуш таптым 3. Бир туугандарым менен катышым бар (ража, кошумча) 4. анан мунусун айтпайм, (айтсам эл эмне дейт, тамаша) дос кызымдыкын жаматканбыз (эл эмне демек, жаматпасак).
Мен бул соз учун 1. ЖОЖго тапшыргам )) 2. Жумуш таптым 3. Бир туугандарым менен катышым бар (ража, кошумча) 4. анан мунусун айтпайм, (айтсам эл эмне дейт, тамаша) дос кызымдыкын жаматканбыз (эл эмне демек, жаматпасак).
ража, жаматканбыз - деген создор эмнени тушундурот ошондо?