- Салам Форумчулар бул жерге озунуздун журогунуздун тупкурундо жаткан сезим сырларын же болбосо унуталбай жургон сырларынызды калтырсаныздар болот...
Кээде алгачкы суйуу тууралуу кеп козголсо сени эстейм Назик. Анткени менин алгачкы суйуум сен болчусун, атына затын жарашкан Назик кыз элен. Сенин суйоорунду билип турсам да билбексенге салып сени канча кыйнадым. Кээде Назик сенин ожорлугуно тан калчу элем, акыры мени дагы суйдуруп алдын. Чынын айтсам суйуу эмне экенин сенден билдим, экообуз жургон бактылуу кундор азыркыга чейин эсимде. Сен аябай кыялкеч кыз элен, коп жакшы нерселерди кыялданчу элен. Эн окунучтуусу экообуздун кыялыбыз орундалбай калганы, билсен экообузду алыстык ажыратты. Мен айылда, сен шаарда. Кийин ойлонуп корсом шаарга кеткенде мага болгон суйуунду кошо ала кетиптирсин, сен шаарда жургон кезде сени сагынып атайын шаарга келип сени таппай кеткем. Сага болгон сагынычым кундон кунго куч ала берди. Сен болсо мени менен такыр байланышпай койдун. Кийинчерээк убакыт откоруп, дагы сени издеп келип такыр таппай койдум. Чынын айтсам сени бир жыл куттум. Акыры пайдасы жок кутуудон тажадым. Бироолордон сенин шаардан башка жигит менен суйлошуп жургондугун тууралуу соз уккам, бирок ишенген эмес элем. Тымызын сураштырсам ошол соз чындык болуп чыгып сенден биротоло конулум калды.
Ошентип бактымды башкадан издоону чечтим. Окшош кундордон тажап жургон кезде Айдай аттуу кыз менен таанышып жашоомо жаны жанылык киргиздим. Айдай экообуз жарым жыл суйлошуп, баш кошуп алдык. Кийин мени издеп келиптирсин Назик, бирок сага жолуга албадым. Себеби жубайым Айдайдын башын аттап сага жолуккум келбеди, Айдай мени аябай суйот жана мага ишенет. Мен болсо суйуктуу жубайым Айдайдын мага болгон суйуусун, ишеничин акташым керек...
Мирбек, Нарын облусу.