Менин тамакка болгон табитим акыркы күндөрү +5 болуп кетти. Ошон үчүн семирип кеттим. Кантип табитимди буусам болот
Кеңештерди күтөм
Баракча 1 - 1
Табитти кантип жоготсо болот?
#2 18 Октябрь 2017 - 11:47
Эмне себептен ошондой болуп жатканын байкадыңызбы?
Балким спорт менен машыгып же мурункуга караганда активдүү жашоо образына өткөндүрсүз?
Андай эмес болсо, анда ашказанды белгилүү бир убакытта тамактанууга көндүрүңүз.
Ары өтүп, бери өтүп оозго бир нерсе салып коюп, жаныңызга жей турган бир нерсе алып жүрүүгө мээ көнүп калат да, ооз кыймылдабай жүрө албай калат. Негизи эле тамактануу күн сайын бир убакта болгону туура. Ошондо ашказандын иштеши жакшырып, күндө тамактанчу убакыт келгенде гана курсагыңыз ачат. Анан да тамакты шашпай жегенге аракет кылыңыз, мээге курсак тойгондугу жөнүндө сигнал 20 мүнөттөн кийин гана барат экен.
Бул жерде акылдуу сөздөр жазылышы керек эле...
Баракча 1 - 1