Angel92 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 5 257 (1,25 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (1044 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 02 Апрель 13
- Кароолор:
- 150 098
- Соңку аракети
- 15 Сен 2023 23:23
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Супер-активист
- Жашы:
- 31 жашта
- Туулган күнү:
- Октябрь 5, 1992
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Орустун батири
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
-
madin_
30 Авг 2024 - 13:23 -
Babi.
08 Июн 2024 - 10:40 -
ISKENDER-ALI
19 Мар 2024 - 23:24 -
Sagyn.91
10 Мар 2024 - 17:28 -
Kattaldym
21 Окт 2023 - 11:50 -
Romantik.
01 Сен 2023 - 03:16 -
Bek_abad
25 Авг 2023 - 00:36 -
Sardarakam
07 Фев 2022 - 17:03 -
bond
04 Фев 2022 - 23:59 -
1211
30 Янв 2022 - 12:29
Мен ачкан темалар
-
Башка менен өбүшкөнүм үчүн,күйөөм мага өлүмгө өзүм барчуу жаза берди
Жазылган күн: 4 Июл 2016
– Биз борбордо турабыз. Эки кызыбыз бар. Материалдык жактан да баары тегиз. Мындай жашоого акыл токтотуп калганда баш кошкон жолдошум менен бирге жеткем. Күйөөм Сабыр атына заты жарашкан мүнөзү менен менин жүрөгүмдү багындырып алган. Сабыр менен алгач таанышканда эле оор басырыктуу, токтоо, сылык мүнөзүн жактыргам. Экөөбүз тең ак-караны ажыратып калган кезде табышып, турмушка сүйүү эле эмес, акыл менен аттанганбыз. Баш кошкондон кийин эки кызым удаа төрөлдү. Сабыр өзү жалгыз иштеп бизди эч нерседен кем кылбай бакты. Күйөөмдү таң эрте ишке узатам, күн бою саат санап жолун карап күтөм, кечинде конок күткөндөй жаркын маанай менен тосуп алам. Бул мага бакыт болчу. Бирок күнү бою аны сагынып күткөнүм акталбай ал келгенде шаабайым сууп отуруп калчумун. Анын келип алдына койгон тамагымды үн-сөзсүз ичип, телевизор көрүп же гезит окуп, анан уйкуга кеткени мени туталантчу. Мен болсо ал келген соң шашпай тамактанып, анан үй-бүлө катары жай маек куруп отурууну, ага эркелөөнү кыялданып, бирок эч ага жетпей койдум. Жумуштан чарчап келди го деп аны түшүнүүгө аракет кылып уктап эс алуусуна шарт түзүп бергеним менен өзүмчө буулугуп ыйлап да алчумун. Башка бирөөсү бар го деп ойлойт чыгарсыз, бирок мен ага жүз пайыз ишенем.
Кичүүбүз чоңоюп калганда бала бакчага берип, ишке кирдим. Жолдошума ооз ачпаганым менен анын бул мүнөзүн өзгөрткөнгө, биздин мамилени оңдогонго аракет кылып өз алдымча жолдорду издеп келдим. Өзүмө жакшы көңүл буруп, формамды бир калыпта сактап, жалаң жолдошума карап кийимдин жакшысын кийип, күзгүгө күйөөм үчүн карандым. Бирок ал менин мындай аракеттериме баам салып, кызыгып да койгон жок. Анын көңүлүн бурдурсам деген аракетте чачымды жасатып, сулууланганымды ал аялдардын кадимки кыла жүргөн иши катары кабыл алчу. Мындай аракеттерим үч жылдай созулуп, деги эле өзүм күткөндөй мамилеге жетпедим… Күйөөмдө болсо баары жакшы: жакшы акча табат, аялы менен кыздарын эч нерседен кем кылбайт, жакындарынан да жакшы жардамын аябай, аларга ар дайым кадырлуу. Негизгиси үйүн таза кармап, ар дайым аны сүйүп карап турган мен бармын.
Бир ирет ойлонуп отуруп эркек бала төрөп берсем күйөөм кубанып, мага аял катары көңүл бурабы деп боюма бүтүрүүнү чечтим. Бул тууралуу күйөөмө айтсам: «Макул, кыздар чоңоюп, кичине болсо да сага жардам кылганга жарап калышты. Бүт шарт турат», — деп басымды жашоонун барчылыгына коюп, сезим, сүйүү тууралуу ойлонгон да жок.
Күткөнүбүз менен мен кош бойлуу боло албай жаттым. Мурда аял катары гана анын эркектик мамилесин күтсөм, эми бала темасынан кийин анын бул милдетин эки эсе күтүп, каалап калдым. Бирок жолдошум баягы бир калыбынан жазбаганы-жазбаган болду. Ошондой күндөрдүн биринде курбуларым менен шаардагы чоң мончолордун бирине барып эс алууну чечтик. Атайын бир күнүбүздү арнап, ал жактын болгон кызматын көрүүнү пландаган элек. Сулуулук кызматтарын алган соң жогорку кабаттагы караоке барга бардык. Астыңкы кабаттардан айырмасы: бул жерде атайын форма кийип кирген аялдар, эркектер аралаш жүрө беришет экен. Эл аз катардагы караокеде чер жазып ырдап жатканбыз. Бир маалда биздин катарга бизге жашташ 3-4 мырза келип ырдап калышты. Келгенде эле тамашалай учурашышкан. Заматта тамаша тамашага уланып, тил табышып кеттик. Алардын арасынан орто бойлуу, денеси чымыр, тармал чач жигит өзгөчө шайыр экен. Сөзү эмес, турушунда эле эркек катары өзүнө бекем ишенгени билинип турат. Мен тандаган ыр ага да жагарын айтып, суранбай эле жаныма катар туруп бирге ырдап калды. Ырдын ыргагына термелип турганымда ийнимден кучактап алды. Алгач чочуп, ыңгайсызданып кеткеним менен анын музыка бийиктеген сайын мени өзүнө ыктап кысып койгону чындыгында мага жагымдуу болду. Мен көз ирмемде канча жылдан бери күтүп жүргөн нерсем ушундай бекем кучак экенин билдим. Биз кетерде телефонунун номерин салфеткага жазып колума карматып: “Кандай эс алганыңды, үйүңө кандай жеткениңди билдирип кой”, — деди. Каршы болбой алып койдум.
Үйгө келип кыздарым менен алаксыгым келгени менен аны оюмдан чыгара албай кыйналдым. Күйөөмдүн алдында кечирилгис иш кылгансып кысынып, өзүмчө күйпөлөктөп аттым. Оюмдун ага берилишин каалабай жана кыска мүнөттө бейтааныш жигиттен туйган кубатты күйөөмдөн тапкым келди. Бирок ал дагы деле менин ичимде болуп жаткандарды байкамак турсун, байкаса экен деп атайын кылган аракеттериме түшүнбөй ыза кылды. Ал уктаган соң эмнегедир чечкиндүү турдум да, ашканага кирип жанагы жигитке «салам, мен жакшы жеттим. Жакшы эс ал» деген билдирүү жазып жибердим.
Эртеси иште отурсам ал чалды. Тартынбай дароо телефонду көтөрдүм. Акыбалымды сурап, жакшы ырдарымды билдирип, анан чайга чакырды. Чын дилимден бардым. Мени тосуп алганда эле абдан чырайлуу болуп кеткенимди айтып, жакшы комплименттер менен кубандырды. Ушул жолугушуудан кийин бат-баттан кезигип ар нерседен кеп козгоп отуруу адат болуп кетти. Биз эч кандай деле маселе чечпейбиз, бирок жеке мен аны менен жолукканда өзүмдү абдан жакшы сезип, анын мага болгон камкор мамилесинен ырахат алам. Бир жолку жолугушууда ал мага бир тал роза сунду. Үйгө алып баруу канчалык кооптуу болсо дагы жолго таштагым келбей вазага салып койдум. Бир эсе аны көрүнөө жерге коюп күйөөмдүн мени кызгануусун кааладым. Жумуштан келген Сабыр бир далайга барып үйдө гүл турганын байкап: «Кайсы бир майрам келип калдыбы?» — деди бейкапар. Мурда камдап алган кебим жок болгондуктан шашкалактап калдым да: «Жакшы гүл экен. Сатып алдым», — дей салдым. Сабыр башка кеп козгобой ишенип калды. Анын мындай мамилеси мени бир эсе таң калдырса, бир эсе чындап жинимди келтирди.
Эртеси мен ага биринчи жолу өзүм телефон чалдым. Ал адаттагысындай комплименттери менен кеп баштап: «Үнүңдөн сага капалануу жарашпай турганын сезип атам, жакшы маанай табуу үчүн жолугалы», — деди. Адатта дем алыш күндөрү үйдөн чыкпай жалаң кыздарымды жуунтуп, тарантып, кир жуу менен алек болгон мен бүгүн эч нерсеге карабай бир күнүмдү аны менен өткөрүүгө макул болдум. Заматта күн түштөн ооп кайтууга убакыт келди. Ал мени жеткирип коёрун билдиргенде ансыз да күйөөмдүн мени тосуп чыкпасын эске алып каршы болгон жокмун. Машинасын үйдөн обочороок токтотуп, дароо коштошуп кете албай туруп калдык. Ал мени өзүнө тартты. Анын карылуу колдоруна каршы боло алган жокмун. Түртүп салуу канчалык ыңгайлуу болуп турса да антким келген жок. Анын башкаруусу менен болуп, алсырап туруу жаныма жагып турду. Көз ачып жумганча бири-бирибизге оролуп, эриндерибиз чапташа кетти. Биздин бул мүнөттөрдү машинанын токтобой басылган сигналы бузду. Бурулуп көргөн көзүмө ишенбей нес болуп калдым. Күйөөм!
Өңүм кумсарып, дароо калтырап чыкканымдан бизге тоскоол болгон адам ким экенин ал дароо түшүндү. Алдыда эмне болуп кетерин элестете албай туруп калганыбызда күйөөм машинасынан түшүп, жай басып айдоочу тарапка келди. Жанымдагы да ага тирешкендей машинанын айнегин шашпай ачты. Сабыр деги эле кебелбей туруп: «Дос, канча тыйының бар, берчи», — деп колун сунду. Ал чөнтөгүн сыйпалай калып бат эле тыйын кармата салды. Күйөөм эңкее мени карады да, унчукпай басып кетти. Түшүп артынан жөнөдүм. Бутум тушалып, бүт денем калтырап, башым чыңалып бараттым. Босогого жеткеним менен кирип бара албай буйдалып тура бердим. Ичкериден кыздарымдын атасы менен учурашканы, эч нерседен санаасы жок күлкүлөрү угулат. Канча турдум, билбейм, алардын дабышы басылганда акырын кирип бардым. Кийимимди илип, дароо күзгү алдына баруу адатым эле. Бул жолу да ошентип күзгүгө каранып анын бетинде скотч менен чапталып турган 3 сомдук тыйынды көрдүм. Эмнеге бул жерге чапталганын түшүнбөсөм да, ал жана күйөөм тигинден алып кеткен тыйын экенин билдим. Ал күнү эми кандай болорун элестете албай ашканада тиземди кучактап отуруп таң атырдым. Таң эрте турган күйөөм ашканага кайрылбай эле сыртка жөнөдү. Кийинип чыгып баратып: «Муну алчу болбо, бул сенин бааң», — деп кесе айтты да, эшикти тарс жаап жөнөп кетти.
***
Менин 3 тыйын чапталган күзгүгө каранып келе жатканыма жыл айланып баратат. Ушунча убакыттан бери ичкеним ирим, жегеним желим болуп жашап келем. Күйөөм болсо мага жологонун биротоло токтоткон. Мен да унчуга албайм. Аны менен ошол күндөгү өбүшүүдөн өткөн ишке барбаганымды түшүндүрүүгө аракет кылганым менен майнап чыккан жок. Мени «кет» деп да, өзү «кетем» да деген жок. Кыздарыбыз үчүн гана бир дасторконго отуруп, бир төшөк жамынып жатканыбыз болбосо, эрди-катын катары мамиле анын оюна да келбей калгандай. Уулдуу болууну мен эми кыялданбай да калдым.
Азыр күн сайын күзгүгө карануудан заарканып жашайм. Үйгө келген-кеткендердин ал тыйынга кызыгуу менен берген суроолорун жоопсуз калтырабыз. Тыйынды алып салууну ойлогонум менен андай кылсам, күйөөм мындан жаман кордук көргөзөбү деп корком. Күзгүгө каранган сайын жүзүмдү майда бырыш басып, мурунку сулуулугум жок болуп баратканын байкайм. Ансайын жаным кейип, жүрөгүм ооруйт. Кыздарым али кичине, алардын алдыдагы жакшылыктарын көргөнгө жетер бекем деп да ойлоп кетем. Мендеги бул маселелердин жаралышына күйөөм чоң себепкер экени сизге белгилүү болду го, окурман. Бирок ал мени бир жактуу күнөөлөп келет. Мен эми ажырашып кетүүм керекпи? Андай чечимиме Сабыр жол бербей коюшу толук мүмкүн. Анда ушундай убайым менен жашай берүү мага зарылбы?.. -
Улутубузду сыйлабагандыкпы же?..
Жазылган күн: 15 Сен 2015
Салам достор!
Соц тармактарда катуу сынга алынып жаткан томонку угут плакаттарына болгон ойлорунуздарды билгим келди.Буну кандай тушунсок болот?Улутту сыйлабагандыкбы же.... -
Суйуктуумо кайрылуум
Жазылган күн: 1 Фев 2015
Мен да сени суйом!
Агачкы таанышуу.Агентте олтургам
:Салам,биз таанышбызбы?
Асел аттуу кыз жазган бул катка назарым тушту.Суротун ачып корууну чечип,анын интернет желесиндеги дуйносун чукуладым да,жузумдо жылмайуу пайда болду.Мандайымда коп жылдардан бери кыялымдын ханышасы болуп келген сулуу кыз кулумсуроп турган эле.
Жок.Бирок таанышууга али кеч эмес.- деп жооп жаздым.Ошол замат кайра эле суроттогу озунбу?-дедим
Ооба
Так ушул муноттон баштап менин жашоомдо озгоруу пайда болду.Мурункудай ар кайсы кыз менен убакыт откоруп жургонумду, досторум менен шаардын кочолорун таптаганымды таштадым.Бир билгеним агент.Бошой калсам эле агентке кирем да Асел менен кат жазышам.Ал кирбей калган учурда конулум чогот.Асел экообуз агентте 6 ай суйлошуп бири-бирибиздин мунозубузду жакшы тушунуп калдык.Тун ортосуна чейин уктавай кат жазышкан кундордун коптугучу?
Бир куну Асел мага башынынан откон окуяны айтып берди.Корсо ал Кыргызстанда окуп жургондо жигити ала качып кеткен экен.Башынан ала качуун ужактырбаган Асел отурбай баса бериптир.Ошол окуядан кийин жигитинен конулу калганын жашырган жок.Ал эми тигиниси дале артынан калбай чуркап жургонун айтты.Анын бул созун уккан жаным негедир кызгануу сезими пайда болду.Суйуу болгон жерде кызгануу созсуз болот эмеспи?Бирок албетте кызганганымды ага билдирбедим. Бара-бара мага Аселсиз жашоо кызыксыздай туюлчуу болду.Досторум, кесиптештерим мени озгоруп кеттин дешет.Аны озум деле билем.Кызык бул суййбу же озумду алдообу?Ушул суроого жооп табуу мен учун кыйынга турду.Балким бул убактылуу гана жактыруудур. а балким Асел мен ойлогондой кыз эмес чыгар.Эмнеси болсо да мен биздин мамилевиз мындай улана беришин каалаган жокмун -
Этикаф
Жазылган күн: 23 Ноя 2014
Ибадат менен алек болуп мечиттен чыкпай этикаф ниетинде олтуруу-этикаф деп аталат.Имам Абу Ханифа(рахматуллохи ъалайхи)нин мазгабында этикафтын 3 туру бар.
Достору
-
Killboy -
Strateg -
aiko8908 -
Marlis -
samatmoskva -
shezat -
KUMU89 -
Bayas -
n.u.r.s.u.... -
chik.chiko -
abem92 -
Jesika -
alibekova94 -
Bagman -
mosk -
Suluukyz -
alchyn94 -
Akjolbai11... -
Kodeks -
bessmertnyi -
azamat4ik -
Muzzu -
serik.kg -
Erlan_92 -
Asan-aka -
Toha26 -
potriot.kg -
Kymbat-02-04 -
Zooro1977 -
Aygiza77 -
nurik100 -
femidakg -
positiv4ikkk -
Kg.princ -
Leylektik-... -
Nurbag -
Adilet92 -
urmatbek_k... -
briliant87 -
kanat--92 -
Nurik-2016 -
wamelka -
PROTOTYPE.93 -
Rus_rus -
Sarana -
Kanybek1991 -
vano1981 -
IskenDer.Ali -
Volentin -
MNK.88
Показать 50 случайных друзей 327 (Просмотреть всех)
Комментарийлер
azamat-1992kg
19 Окт 2017 - 22:31Уулдуу болдуңбу же кыздуу? Сагындырайын дебедимби!:)
KgEka
08 Мар 2017 - 15:06barpynynkyzy
04 Дек 2015 - 23:00karexher
06 Окт 2015 - 18:09zhigitim_odnolub_bolso
16 Июл 2015 - 19:16Angel92
29 Июн 2015 - 00:27Angel92
29 Июн 2015 - 00:24Angel92
29 Июн 2015 - 00:21Angel92
29 Июн 2015 - 00:14kanat4ik
28 Июн 2015 - 23:30kanat4ik
28 Июн 2015 - 19:28Nurmuxammet
24 Июн 2015 - 14:48Angel92
13 Июн 2015 - 00:33Angel92
13 Июн 2015 - 00:26Angel92
13 Июн 2015 - 00:23