Асманда чанда булут шамалдын жылуу желинен улам жылып көрүнбөй да калды. Күн бир топ өйдөлөп калган. Бул учурда Назида доктордун жанында отурган эле. Ал доктордун эмне деп айтарын билген, ошондой болсо да эмнегедир жүрөгү ылдамдай дүкүлдөйт. Назидага жолдошу каршы чыкса керек деген ой келди. Апасы сыртта күтүп отурат, ал дагы кызынын чечимин туура көрбөдү. «Эч нерсе эмес, чогуу күрөшөбүз!
» деди Назида ичин сылай… Бир аздан кийин доктор баягы издеп жаткан кагазын таап Назидага карматты. Ал ай сайын анализ тапшырууну эскертип, куттуктады.
Кубана сыртка чыккан Назиданын алдына чуркап келип «Апалёк!» деп кыйкырган баласы бутуна жабыша калды. Анан тайенеси экөө аны ортого ала жолго түшүштү. Назиданын апасы мурдагы оюнан кайтпагандай боюндагы баланы алдыртып салууну кайрадан суранды. «Сегиз жума болсо дагы деле кеч эмес» деди түз эле жолду карап баратып.
- Мен кыздуу болгум келет! Ринат макул болсо да, болбосо да төрөйм – деди Назида жолдошун айтып. Апасынын сөзүнө каршы чыга. - Эң негизкиси Дастан каршы эмес, ээ уулум карындаштуу болгуң келеби? Үйгө кичинекей алдей алып келелиби? - деп ал уулуна карады.
- Ооба! Алып келеличи. Азырбы апа? Азыр барып алып келеличи!
- Көп күндөн кийин алып келебиз макулбу?
- Көп күндөн кийин мен чо–оң болом! Оюнчуктун барын берем эээ апалёк?! – деп бала кубанат.
- Ооба уулум, сен агасысың да. Карындашыңа кам көрүшүң керек. Кам көрөсүңбү?
- Ооба, мен аны висапедке отургузам – деди бала велосипетти чулдур тили менен. Назида баласын башынан эркелете сылап күлүп койду. Бирок, апасынын көңүлү тынч эмес. Ал күйөө баласын көп жактыра бербегендиктенби кызына кыжаалат болуп кичинекей баланын улам «ээ, таене?!» дегенине «ооба!» деп коюп баратты. Таенеси ага эмнеге «ооба!» деп жооп бергенин деле билбейт. Ал ойго батып кызынын азыркы турмушуна ичи ачышат. Апасы минтип катуу ойго батканда алардын жанынан өтүп бара жаткан бирөө Назиданы токтото, анын да оюн бузду. Ал кыз: «Ой, Нази! Сенсиңби?!
Кандай?» деп бетинен өбө учурашып калды. Назида тушунда турган группалаш кызы Алинаны таанып бетин тартып күлүмүш этти. Назиданын апасы баланы жетелей, кызын группалашы менен эркин калтыра үйүнө жөнөдү.
- Арадан беш жыл өтсө керек э? Ринат кандай жүрөт? Аны дагы көп болду көрбөгөнүмө - деди Алина Назида менен чогуу кафеге кирип баратып.
- Ал эртеден кечке иште, бошобойт...
- Ким билиптир ушундай болуп каларын. Динара менен Ринат биринчи курстан тартып чогуу жүрүшүп, анан акыркы бешинчи курста Ринат сага үйлөнүп алды го. Бардык группалашттар таң калып эле калдык.
- Башкалар таң калса дагы сен таң калбашың керек. Динара курбуң да, билесиң эмне болгонун.
- Кечир, мен ашыкча сүйлөп койдум окшойт. Динара экөөбүз катышпайбыз деле. Ал жанагы чет өлкөлүк миллионерге күйөөгө чыккандан бери бизди киши сезбей калган. Мейли ал жөнүндө сүйлөшпөй коёлучу. Андан көрө айтчы баягы агаңдын досу силердин тоюңарга келген Нурлан беле? Жакшынакай болчу го өзүнчө эле!
- Нурдин! Эмнеге болчу? Азыр деле бар! – деп күлдү Назида.
- Ии, ошол Австралиядагы тоюңарга келе албай калган агаңдын атынан келип квартира белек кылганы эсимде. Үйлөндүбү ал? Үйлөнбөсө мени алып албайбы! Ха-ха! Тамаша! – деди Алина да күлүп.
- Сен турмушка чыга элексиңби?
- Жок, кайдан?! Мен дагы деле Санжарды унута албай жүрөм. Ушунча жыл өтсө дагы...
- Сен аны жакшы көрөрүңдү айткансыңбы?
- Айткан эмесмин. Ал чет өлкөдөн келе элек. Ага айтканда деле эмне тыянак чыкмак эле!
- Айт да, сен анан ушинтип сүйүп жүрө бересиңби? Канча убакыт өттү!
- Ооба, бир 7-8 жыл жөн эле өтүп кетти го. Башка бирөө укса мени жинди десе керек. Сыртынан кантип ушунча жыл жакшы көрсүн деп.
- Жүр анда! Интернетке кирип, азыр ага кат жазасың. Минтип жүрө берүүгө болбойт! – деп айтканда Алина эмне жазаарын билбейм дегендей башын чайкады. Ага азыр Санжар менен жолугууга бараткандай жүрөгү дүкүлдөп кыжаалат боло колунан тартып бараткан Назиданын артынан кафеден чыкты. Интернет клубуна кирип Алина компьютердин алдына отуруп, Назидага бир көз сала, оюн жыя шашпай тере баштады:
«Салам! Алдын ала сизге кат жазып жатканыма кечирим сурайм! Чынында айтсам, жазганга кудуретим жеткенине өтө кубанычтамын.
Сиз бул катты окуган кезде, мага бир аз жеңил болсо керек деп ойлойм. Өзүмө ушунча жылдан бери катып жүргөн сырымды айтам, мындан ары бул сырды ичиме сактай албастырмын.
Бул биз достор болуп Ысык-Көлгө эс алганы барганда башталган. Мен сизди ошондо абдан жакшы көрүп калдым. Буга чейин сизди канча көрсөм дагы андай сезимде болгон эмесмин. Мүмкүн мен адашып жаткандырмын,
бирок, сизди да мени жактырарыңызды сездим. Түн ичинде бир кичинекей бөлмөдө барыбыз ар кайсы бурчта тизилип жаттык. Мен уктай албадым. Эмнегедир сиз да уктабай мени карап жаткандай сезилдиңиз… Анан Ысык–Көл жээгинде баары сууга кетип экөөбүз гана калдык. Мен анда уялчак экенмин, ордуман туруп ары жакта турган селкинчекке барып отурдум. Бирок, сиздин көз карашыңыз дагы деле мага кадалды. Чынында, ичимден абдан сүйүндүм!
Жинди экенмин кетип калып. Өкүнгөнүмдү айтпаңыз!
Азыр ошондой мүмкүндүк болсо жаныңыздан чыкпайт элем! Кийин шаарда сиздин үйүңүздө чогулдукко,
ошондо да сиздин көз карашыңызды сездим. Мен анда ашканада сүрөт көрүп отургам, сиз келип балканго чыктыңыз да мени карап турдуңуз. А мен байкамаксанга салдым. Анан сиз бизди үйгө жеткирдиңиз.
Эң бактылуу көз ирмем мен үчүн машинанын ичинде сизден көздү албай караган кезим. Анткени ушинтип карай албачумун. Маңдайыңызда турган күзгү аркылуу дал артыңызда отуруп карай бердим! Ошол учурдун өтүп кеткенин!
Азыр дагы ошол убакытка кайтып баргым келет! Мен сизди кайра-кайра карай бергим келди, өзүмдү абдан бактылуу сезбедимби!
Сиз менин көз карашымды байкаган кезде мен көзүмдү ала качтым. Сиз кайрадан түз жолго көз салдыңыз, а мен сиздин карегиңизге тигилдим!
Кайра байкаган кезде, башымды башка жакка бура салдым. Ошондо эле мен үчүн ал эң бактылуу көз ирмем болуп жүрөгүмө сакталарын билгем.
Эми мына, сизди көрбөгөн ар бир күндү эсептеп отуруп жылдар өтүп кетти.
Махабат туткуну
#2 14 Ноябрь 2015 - 19:39
Айдай Эрмекбаеванын "Атасынын периштеси"
китебинен .
Дагы деле менден алыссыз! Албетте, сиз бул жакта болгон учурда да мен сиз менен боло албасымды түшүнөм, ошондой болсо да көрүп турууга мүмкүндүк алат элем. Кийин билдим, сиз Жылдыз аттуу казак кызды жакшы көрчүңүз экен, мүмкүн азыр дагы… Мен бул жөнүндө сиз Кытайдан окуп келгенде уктум. Дос кызымдан сурандым дагы, ал сизге телефон чалды. Чынына келгенде, мен өзүм тууралуу уккум келди. Дос кызым мен жөнүндө сурай кетти. Мени сиз баласынттыңыз. Ошондо ыйлаганымды айтпаңыз. Сызылып агып келген жашты улам сүртөм. Көзүм шишик алып жаштарым эртеси да токтободу. Эсимде анда мен жаңыдан экинчи курсту бүткөн кезим, жай мезгили эле…
Убакыт өтүп, башка кыздын атынан өзүм сизге кат жаздым. Ошол сизге сүйүүсүн айткан сырдуу кыз Каныкей - мен болчумун. Сиз менен кичине болсо да байланыш болушун каалагам. Ал дагы ишке ашпады. Мен анда «сен» деп жазган катыма, мага «сиз» деп жооп кылганыңызда мен уялдым. Ошон үчүн бул катта «сиз» деп жазууну туура көрдүм.
Жогоруда бары чын жүрөктөн жазылды жана бул үчүн мени кечириңиз! Чыдамдуулук менен катымды аягына чейин окуганыңызга ыраазымын! Башка кат жазып сиздин тынчыңызды албайм деп сөз берем!
Чын жүрөктөн сизге бакыт каалоо менен!
Алина».
Бир өчүрүп, бир кошуп жазып отурган Алина минтип катты бүтүргөнү менен кайрадан кат жазарына ишенгиси келди. Анткени махабат ушинтип бүтүп калбайт деди ал ичинен.
Ал эми бул учурда Назиданын жолдошу Ринат, ойношу Динара менен жолугушчуу үйүнөн жаңы чыккан. Мурун Ринат, Алина, Динара, Назида баардыгы группалаштар эле. Ал кезекте Ринат Динара менен кыз жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн. Бирок, окууну бүтөрдө Ринат Назидага үйлөнүп алат. Албетте, анын себеби болгон. Ошондо да, кийин үй-бүлөлүү Ринат бир жылдан соң кайрадан Динара менен жолуга баштаган. Бул жөнүндө кийинчирээк анын келинчеги Назидага маалым болду, бирок ал андайды кимден укпасын жолдошуна болушуп билмексенге салат. Ринаттын Динарага үйлөнбөй калышынын себеби ошол учурда болгон окуя эле. Ошол убакта Ринат менен жолугушууга келген Динара күтүүсүздөн чарк эткен чагылгандай башкага турмушка чыгарын айткан. Жинин баса албаган Ринат Динарага ишендиби, ишенген жокпу тез эле Назидага үйлөнүп алат. Ал Назиданын макул болоруна күмөн санаган эмес, анткени Назида өзүн сүйөрүн билген. Ошентип ал экөө күтүүсүздөн үйлөнүшкөн. Ошол убакта Ринат менен жолугууга келген Динаранын: «Экөөбүз бирге боло албайбыз! Мен Кионго турмушка чыгам!» - деген сөздөрү Ринатка дагы деле мээни жарчудай угулат. Эмнегедир анын барын эстеп үйгө жеткенчекти Ринат ал күндү кайра башынан өткөрдү:
- Ооба, Кион мени бактылуу кылууга кудурети жетет. Мени каалаган өлкөгө алып барат, дүйнө жүзүн аралайбыз деди. Мен айткан нерселерди алып берет, мендеги жок буюмдардын орду толот. Сен мени түшүнбөй жатпайсыңбы. Мурдагыдай айлыктан айлыкка жашоо деген жок болот. Машинамды үй алдына токтотуп, үй жумушчу жумшайм. Алар мен эмне десем бардыгын аткарышат.
- Сен биздин сүйүүбүздү дүйнө-мүлккө сатып койдуңбу?!
-Сен мени күнөөлөйсүңбү? Өзүмө жакшы турмуш каалагыныма күнөөлү кылып жатасыңбы? Менин түшүмө кирбеген нерселердин баары менин колумда болот! Мындай мүмкүнчүлүк ар бир адамда боло бербес.
- Болсо да алар сага окшоп сүйүүсүн акчага, буюмга сатпагандыр.
- Эмне сүйүү, сүйүү… Сүйүү сени багабы? Макул экөөбүз үйлөндүк дейли. Бир жыл, макул эки жыл. Андан кийин сен айтып жаткан сүйүүнүн бопбоз өңү да калбастыр! Сен айтып жаткан сүйүү турмушта боло турган жетишсиздик менен тебеленет! Анан кайда барабыз? Сен сүйүүдөн башка эмнени бере аласың мага? Кионго окшоп мен каалаганды аткара аласыңбы?
- Мен бардык колумдан келген аракетимди жасайм. Калган нерселерди экөөбүз курабыз, чогуу бири-бирибизге жөлөк болуп!
- Күтө албайм… Анын бары келгенче өмүр өтөт, жаштык өтөт. Анан чычкандын куйругундай өмүрүбүз калат. Андан кийин тиги дүйнөгө сапар алып кете беребиз.

#3 14 Ноябрь 2015 - 20:50
- Мүмк
үн, сенин Кионуң
дай байэместирмин.
Бирок, бутумда бек турам. Сен айткан нерселерди орундайм.
- Орундайм? Бул жөн гана сөз! Болот, кийиналып берем, акча болсун, коё тур… Бүтп өс сөзд өр! Тажадым бул сөзд өрд өн. Келер чактагы көңд өй сөзд өр. Жек көр өм! Угуп отуруп тажадым!
- Саткын! - деди Ринат жоонүнү менен.
- Эмне десең дагы мен жообумду айттым сага. Сүй өм сени. Бирок, бул сүй үү менен күр өш өм! Сүй үүү чү н эмес!
- Мен сендеги, сенин жүрөгүңдөгү бейкапар жаткан кайдыгерлик менен күрөшөм!- деп Ринат баса берген эле. Эми азыр күрөштүбү, күрөшпөдүбү, ал маанилүү эмесболуп калды. Ринат кайрадан Динара менен жолугуп жүрөт эмеспи. Эми ал келинчегименен ажырашууну туура көрүп турган чагы. Ал минтип өткөндү эстеп, азыркыучурун баамдап, таразалап келе жаткандай. Бүгүн келинчегине барын айтам, алмени түшүнөөр деди оюнда. Бир жагынан Ринаттын Назидага боору ооруду. Ананбаласын дагы ойлоду. Кечке жакын үйүнө жеткен Ринат эшикти ачып кирер заматбаласы чуркай алдынан тосту. Кичине бала Австралиядан тайкеси туулган күнүнөжиберген оюнчук атты көрсөттүп мактана кирди.
- Ммм… Бул жакка ким жеткирди Нази? – деди Ринат келинчегине кайрылып,баласы оюнчугуна отуруп ойноп жатканда.
- Агамдын досу – деди Назидажолдошуна жакындай келип.
- Баягыбы, Нурдин беле? Анданбашка жиберер кишиси жок бекен?!
- Нурдин байке Австралияга агама барып келди, анан биротоло ала келген экен- деген Назида кыжырланган Ринаттын артынан бөлмөгө кирип, - мен сага бир нерсеайтышым керек. Баса! Бүгүн Алинага жолугуп калбадымбы. Экөөбүз кечке отурупкобураштык – деди.
- Кайсы Алина?
- Алиначы! Группалашыбыз! Эрназарова!
- Аа, эстедим. Ал менен сүйлөшпөй эле кой.
- Ал кандай жүрүптүр деп сурап койсоң боло!
- Ал кандай жүрүптүр?
- Жакшы. Турцияда үч жылдай иштеп келиптир. Мен аны үйгө конокко чакырдым.
- Ошол жетишпей жаткан бизге. Ал эч качан сага курбу болгон эмес.
- Эмнеге анча жиниң келип жатат? Динаранын курбусу болгондугу үчүнбү?! –деди жолдошуна тигиле карап. Бирок, Ринат унчукпагандыктан Назида сөзүнулантты. - Мейли, менин айта турган сөзүм башка болчу.Бул өтө маанилүү. Мүмкүн сен каршы болорсуң, бирок мен өз оюмда калам.Күтпөгөн да чыгарсың, сен…. – деп жатып Назида жолдошуна боюнда барын айтты.Ринат азыр жини келип алдырып сал деп айтса керек деген ойго келип, - Бары биртөрөйм – деп сүйлөй берди. Анткени акыркы күндөрү жолдошунун өзүнө суупкалганын сезген эле. Назида үндөбөй туруп калган Ринатты байкап Динараныэстеткенине ичинен өкүнө түштү. Бирок Ринат келинчегинин боюнда барын уккандаабдан кубанды. Баятан шакылдап сүйлөп жаткан Назидага эмне дээрин билбей, ага жакындайкелип кучактады. Аңгыча аюсун кармаган уулу «Муну калындашыма берем!» депдардаңдап чуркап калды. Ринат болсо баягы камдаган сөзүн айта албай эрдинтиштеп тура берди. Ал өзүн өзү түшүнбөгөндөй. Дагы балалуу болом деп кубаныптурган Ринаттын оюнан Динара дагы кетпеди.
Эки-үч күн өтүп Ринат кайрадан Динара менен жолукту. Ушул күндөр боюойлонуп кыжаалат болгон Ринат өзүн балдарынан алыс болууну элестете албай,Динара менен коштошууну чечти. Динара адатынча аны «Жаным!» деп мойнуна асылаөпкүлөп эшик оозунан эле тосуп алды. Ринат анын колун өзүнөн ала мында суукучурашып, керебетке барып олтурду. Динара ажырашууга керектүү документтердидаяр кылганын, Киондун жарым мүлкү экөөнө кала турганын кубана айтып жатты. Бираздан кийин Ринат «Мен ажырашпаймын» деди жана алдына отуруп алган Динаранытүшүрө, өзү өйдө туруп. Динара Ринаттын бүгүнкү сууктугунан бозоро түштү. Барыбир ага жабыша кучактап, ийнине сөйкөнө кетти. «Тагдырым менин!» деп эркелеттианы. Ринатка кандай гана баласынан ажыроо кыйын экендигин түшүнөөрүн айтты.Баласын өздөрүнө алып акчанын күчү менен соттон да жеңип чыгарына Ринаттыишендиргиси келди. Бирок, ал өз оюнан кайтпастыгын билдирип кайрадан «Менажырашпайм! » дегенин кайталады. - Мен баламды таштап кете албайм. Мындай сезимсага алыстыр, сенин балаң жок. Түшүнбөйсүң! Эшикти ачып кирер замат «Ата!» депалдыңан тоскон балаңды көргөндө түйүлгөн кабак-кашыңды да унутуп коёсуң. Анынжылмаюсун көргөндө, бакыт экенин билесиңби? Жок! Билбейсиң! Ошол жылмаюсункөрүш үчүн жашап жаткандаймын! – деди Ринат ошол бакытын жоготуп алчудайсезилип калчылдай кете.
- Экөөбүз дагы балалуу болобуз, анализдерди тапшырдык го! Биз дагы уулдуболобуз. Кааласаң кыздуу болобуз! – деген Динара андан бетер Ринатка жабышты.
- Динара мен ажырашпаймын! Назинин боюнда бар экен! Боюңдан алдырып сал дегенге датым барбайт. Менин да баламго! Тескерисинче аны укканда кубанганымды айтпа. Даськум «калындаштуу болом!»деп сүйүнүп жүрөт. Оюнчук аюсун карындашына камдап коюптур – деген Ринатбаласынын чулдур тилин эстеп жылмайды. Ошондо да Ринат бул чечимге оңой келгенэмес, ал Динараны жакшы көрүп турду. Анын ак жумал жүзүн башка көрбөй кала тургандай,элесин эсине сактагансып тигиле карады. Боюнда бар келинчеги менен уулунойлогондо, өзүн алдагансып, Динарадан алыстоого даяр экенине ишенди. Динараболсо Ринаттын айткан сөздөрүн уккусу келбей, улам кетейин деген сайын анынжолун тороду. Мурдагысындай эле Ринатты өпкүлөп, кулагын ушалап эркелетекучактай берди. Ал эми Назида болсо үйүндө бир нерсени сезгендей эмнегедиртынчсыздана жолдошун күтүп отурган эле. Шыңгыр эткен добуштан улам эшиктишашыла ачкан Назиданын маңдайында оюнчук кучактаган баягы группалаш кызы Алинатурду. Жолдошун келди деп ойлогон Назида бир аз ыңгайсыздана эмне дээрин билбейкалган.
- Конокко чакырдың беле келип калдым. Ринат үйдөбү? – деди үйүнө киргенАлина кубанычтуу жүзү менен Назиданын абалын байкабастан.
- Ал иштери менен кеткен.
- Бүгүн дагыбы? Тынбаган немего! Жекшенбиде иштеп. Мейли, бир жагынанРинаттын жогу жакшы. Мен Санжардан кат келгенин көрдүм. Бирок, ачып окуганжокмун. Сенин жаныңа олтуруп окуюн. Анткени сен мага жардам бердиң. Сенайтпасаң мен ага кат жаза албайт болчум – деди Алина группалашына ыраазы боло.Назида Алинага жылмая карап компьютерди күйгүзүп, экөө тең отурушту. Алинакатты ачканча чыдамы чыкты. Бул жакка жеткенче Санжар экөө кол кармашажетелешип баратканын кыялданып келген. Анын үстүнө эшиктеги күз чын элеромантикага бөлөгөнсүйт. Кызыл-тазыл, алтын өң жалбырактарды шуудуратып уламбаскың келет эмеспи. Алар атайын салып койгон килемдей жайылып көздүкызыктырат. Жаан жаса дагы ал жалбырактар жалтылдап андан бетер көркүачылгансыйт. Жолду тазалап аларды шыпырып жаткандарга Алинанын жини келипкетет. Кайра барып жалбырактарды чачып, үстүнө оонагысы келет. Ошентип Санжарэкөө жалбырак чачышып жүргөнүн элестетип келген.
«Салам!» деп башталаган кат биринчи Алинанын жүзүнө жылмаю жаратты. Кийинкисүйлөмгө өткөнчө эмне деген ойлор келип кетпеди. Баягы ээрчише баскан кыялы көзалдынан тартылып өттү. Ал кайрадан Санжардын катын окуганга киришти: «Мен абданчоң кызыгуу менен катыңды окудум. Аттиң ай, карасаң! Албетте, сен жазган нерселер менин эсимде жок, андан бери канча убакыт өтт ү!
Мен сени сыйлайм, дос катары,кары ндаш катары жана эч нерсе деп күн өөл өб өйм. Ошондой болсо да, башка ушул сыяктуу мага катжазбашы ңды суранат элем. Эгерде башка түрд өг ү сурооң болсо, кайрыл. Мен сага ар дайым жардам берүү гө даярмын! Жакшыкал! » деген сөз менен бүткөн катты окуганда Алина жашый түштү. Бул каттагы «сенжазган нерселер эсимде жок» дегени өзү айтып тургандай улам кулагынаугулгансыды. Көңүлү майышты. - Кантип? – деди Алина окуган көздөрүнө ишенгиси келбей.- Мен үчүн ал көз ирмемдер ушунчалык кымбат! Жүрөгүмө бек кысып сактап жүрсөм…Санжар үчүн алар болбогон нерселер... А мен мүмкүн болсо ошол кезге кайрылыпбарат элем! Аягында «жакшы кал!» деген сөзү менен мындан ары экөөбүз таптакырсүйлөшпөй эле коёлу дегенин түшүндү. Канчалык жардамга муктаж болсо да Алинаага кайрылмак эмес. - Мен жиндимин! Кайсы арыма Санжарга кат жаздым?! Жазабашымкерек болчу! Мага кыял менен жашаган бир кыйла оңой. Жок дегенде азыркыдай жүр өг үм оорубайт болчу.Мен кандай гана жиндимин! Эмнеге аны, мени сүй өт деп ойлодум? Эмнеге? - деп жаткан Алинаны карапНазида ичи ачышты. Анын алдында өз үн күн өөлү сезди. Кечирим сурады. Чынында, ал Назиданыкүнөөлөгөн эмес. Ошондой болсо дагы Алинаны бир жагынан таарыныч алгансыды.Ызасы толуп ичтен көкүрөккө тээп турду. Алина үйүнө кайтты. Бирок, эртесиНазида анын даары ичип алганын угуп ооруканага келди.
- Мен күлкүлүү акыбалда болсом керек – деди Алина акырын каргылданганугулар- угулбас үнү менен жанына келип отурган Назидага. Алина бул өмүрүндөгү эңчоң чыныгы сүйүү деп ойлоп жүрсө, бир гана кыял менен жашап келгенин түшүндү.Ал сүйүү эмес эле жөн гана көз караш экенине ишенгиси келбеди. - Мен агасүйүүмдү айтып берсем, ал мага эки сөздүн учундажооп берди. А менде дагы канчасы калды…Бирок, ага бары бир ыраазымын. Мени шылдың кылбаганына. Ал мага сөз берген эмес. «Алина күт , мен келем!» - депайткан эмес! А мен бары бир күтт үм… - деди Алина жашын кармап. Ага арнап ыр жазганынНазидага көрсөттү. Назида бир аз калем саптын сыясы чыккан кагазды алып, андагыырды окуду.
Кечир мени
Кечирмени, көңүл үңд ү булгасам,
Кечирмени, кыял менен жашасам.
Кечирмени, тилегим сени алдасам,
Кечирмени, жашоо менен кош айтсам.
Кечирмени, сенден сүй үү сурасам,
Үмү т үзб өй сен тарапка көз салсам.
Кечирмени, арнап сага ыр жазсам,
Кечирмени, эгер сени сагынсам.
Кечирмени, кечиргиле баарың ар,
Аргасызданк үб ө болуп калдың ар.
Кечирдиммен, сүй үү сен да алдасаң ,
Кечирмени, сенсиз эми жашасам.
- Кечир – деди АлинаНазидага, - сен мага чоң жардам бердиң. Мен Динаранын курбусу деген ойдо болсоңдагы мени колдоп жатасың. А мен сени өз убагында сатып кеткем. Мен дайымаДинаранын жанында болчумун. Ринат экөөңөр үйлөнгөндөн кийин бир жылдан соң алардынжолугушуусуна мен жардам бергем, Динара сурангандыктан. Ага жок деп айтаалбадым. Динара менин курбум болчу го. Ошондон тартып алар кайра жолугабаштаган. Бирок, мен билген эмесмин. Динара мага коштошуу үчүн жолугам деген.Ал мени алдаптыр. Ошол убакта силер жаңыдан уулду болгонсуңар. Андан кийин менТурцияга кетип калдым. Мен ошондо эле аларга жардам бергениме абдан өкүнгөм.
- Жолуккусу келген адамсенсиз деле жолукмак. Сен болбосоң, Динара башка нерсени ойлоп тапмак – дедиНазида көздөрү мөлтүлдөй түшкөнүн билгизбей ары карап. Аны сезген Алинакайрадан кечирим сурады. Назида болсо чыны менен ага таарынбастыгын айтып,колунан кош колдоп кармап палатадан чыкты. Андан кийин Назида Алинаны эчжолуктурбады. Анткени ал кайра Турцияга учуп кеткен.
Бул окуядан кийин эки ай өттү. Ринат ушулубакыт бою Динарага кездешүүгө барбады. Ал үй-бүлөсүнө көп көңүл бурууга аракеткылып, жумуштан чыккан соң келинчегин, уулун ээрчитип көңүлдөрүн көтөрүп эсалдырып жүрдү. Ушундай күндөрдүн биринде баласын жетелеп үйүнө баратканРинаттын алдынан Динара тосту. Ринаттын көрбөмүш болуп өтүп кетейин дегенаракетине болбой Динара ага чап жабышты. Алдынан өткөзбөй тороп, аны коёбербеди. Сүйлөшмөйүнчө кетпей турганын билген Ринат жини келе:
- Тез айт! – деди.
- Мен сага турмушка чыгардын алдында Кионго кетип калганыма кектепжатасыңбы? Түшүнөм. Эки айдан бери өчүңдү алгандай болгон жоксуңбу? Унуталы,бирге бололу. Сени сагынганымды айтпа – деп ал сөзүн баштап Ринаттын солколунан кармады. Оң колу менен ал баласын кармап турган эле.
- Кектеген жокмун – деди Ринат колун тарта. - Айттым го сага, мен баламдыташтап кете албайм.
- Каякка кетесиң ата? – деди Дастан бир атасын, бир алардын жанында турганбейтааныш аялды таң кала карап.
- Эч жакка кетпейм – деп кайра Ринат Динарага тигилди. – Сен негизиүй-бүлөм болсо деп эңседиң беле? Мен чоң үй-бүлөм болсо деп элестетчүмүн. Уулду, кыздуу болсом деп. Экинчибизди Нази кыз болот дегенде абдан сүйүндүм. Алсезип жатса керек. Кандай бакыт! Мен кыздуу да болом! Үй-бүлөмдү, ата-энемдиалып тоого эс алдырып келсем деп тилечүмүн. Ооба, бул жөнөкөй кыялдар, бирокбулар менин кыялдарым. Мен үчүн кымбат кыялдар. Чынында ал кыялдарымда сен жүрг өнс үң, а мен сенинкыялы ңда болбодум. Сенин кыялың да бир гана акча, байлык. Мен антип жашай албайм.
- Жок, сен туура эмес айтасың . Мен сени менен болгум келет. Кеч түш үнс өм да, мен эми сенсиз жашай албай турганымды билемин –деген Динара Ринаттын кайдыгер көзүн байкап, кайрадан сөзүн улантты. - Демек,сен мени таштадың . Биз бирге болгон күнд өрд ү сен сатып жатасың . Сен мени ушинтип таштап салгың келеби? Сен мага боору таштык кылыпжатасың!
- Мага да барын унутуу оңой эмес, бирок мен үй -бү лөмд ү тандадым. Сенмуну канчалык эртерээк түш үнс өңө зүңө жакшы. КелДаську мага! – деп Ринат уулун колго алды.
- Ммм… Даськусу ңбу сен?! – деди Динара балага карап.
- Ооба, мен Даськумун. Мениатам Даську дейт, апамды мышыгым дейт – деди ал.
- Мышыгым дечи! Апаң эмне мышыкка окшошпу? – деп көзүн сүзгөн ДинараРинатты карады.
- Жооок! Апам мага окшош! - деди Динаранын какшыктап сүйлөгөнүн сезбегенбала кыткылыктап. Ринат баласын көтөргөн бойдон башка айтарга сөзү жоктой басыпкете берди. Бирок, мындан көп өтпөй Ринат бүлөсү менен чогуу паркта сейилдепжүргөндө Динара кайрадан Ринатка чалды. Ал телефонун албады. «Алло!» деди бираздан кийин Ринат телефонун кулагына тосуп Динара тынбай чалып жаткандыктан. Келинчеги да шек келбесин деген ойдо. «Көпкө чейин албадың, мышыгың жаныңдабы?»деген Динара, азыр алар жолукпаса Ринат өмүр бою өкүнөрүнө ишендирди. Келинчегижанында болгондуктан унчукпай телефонуна кулак төшөгөн Ринат кеткенге шашылыпкалды. Бир чоң жагдайды чечүүчү маселе болгондуктанбы, ал үй-бүлөсүн үйүнөташтап Динарага жетип келди.
- Айт! Эмне керек сага? Дагы эмнени ырбап жатасың? – деди Ринат дароо баягыэкөө жолугуп жүргөн үйдө Динарага тигиле.
- Ушунчалык мага сууп калдыңбы? Мурун кирип келер замат эркелете кулаккажагымдуу сөздөрдү айтчу элең!
- Айтар сөзүң ушулбу?
- Шашып жатсаң, мына - деп ал Ринатка кагаз суна, - окуу! – деди.
- Бул эмне? – деди Ринат кагазды окуган соң. - Бул эмне деп жатам? – дедидагы бир жолу жини кайнап кагазды Динаранын бетине ыргыта.
- Көрбөй жатасыңбы?! Бул биз тапшырган анализдердин жообу! – дегенде Ринатбөлмөнүн ортосунда турган столду көңтөрүп салды. Муштуму түйүлүп, жини келеары-бери басты. - Ооба, дал ошондой! – деп жерде жаткан кагазды алып, - бул сенбалалуу боло албай турганыңдын далили! – деди Динара.
- Мүмкүн эмес!
- Мени күнөөлөчүң беле балалуу болгуң келбейт деп!
- Жок, бул туура эмес. Алменин балам!
- Балам дейсиң би? Кимдин баласы? Сенин балаң эмес ал! Сенин балаң жок! Бул кагаз баарына далил!Сен балалуу боло албайсың!

#4 15 Ноябрь 2015 - 15:29
Сенин балаң
жок! Бул кагаз баарына далил! Сен балалуу боло албайсың!
- Оозуңду бас! Мындай мүмкүн эмес! Кантип? - деп Ринат четте тургантумбанын үстүндөгү буюмдарды сүрүп салды. Алар тарс-турс эте жерге кулады. Бирисынып, бири баягы салмактуу күчтөн майдаланды. Үйдү бир аз жымжырт баса, күндүнбилинер- билинбес түшкөн нурун бекиткен булуттан көлөкө түштү. Динара Ринаткажакындай келип эки колдоп бетинен сылады. Ар дайым анын жанында болорун айтты.Аны эркелетти. Ринат аны өзүнөн түртө салып, тышка чуркап чыгып кетти. Бирок, кайра ушул жерге кайтып келерин өз ү да билбесе керек.Тү н ичинде мас, оозу жарылган Ринат Динаранын көз алдында турду. Көйн өгү жарым жартылай шымдалган, мойнундагы галустугуартына буралып калган. Колуна кармаган бөт өлк өн ү ал оозунан ылдый агыза жутту. «Жек көр өм! » деп жаттыРинат бирөө менен мушташып келгендей жарылган оозунан кан кетип.
- Кейпиң кантет? Кир! Эмне мынча ичкенсиң? - дегени менен Динара Ринаттынкайтып келгенине сүйүндү.
- Наадан! - деп жатты Ринат улам келинчегине кыжыры кайнап. Аны жек көрүп.«Кимдин баласы?» деген суроосу түгөнбөгөндөй улам кайталайт. - Кимдин баласыдеп ойлойсуң Даськуну? Кимдин??? Жанагы агасынын досунуку го! Ошол келип калчыэле агасынын австралийский белектерин көтөрүп! Ыя?
- Билбейм! Билгим да келген жок! Өйдө турсаңчы, сууга жуунуп ал! - деп өйдөтартып жаткан Динарага Ринат:
- Тийбе мага! Ошол эмне уламкелет десем... Айтчы! Даську анын баласыбы? - деген мастын көзүнөн жаш эми чыкты.
- Болду, өзүңө кел! Экөөбүз бирге бактылуу болобуз! Аларды өзүңдүнөмүрүңдөн чийип сал! Тур өйдө, бир чайканып алчы – деген сөзгө көндү окшойтРинат өйдөлөдү. Бирок, ал Динараны түртө салып болгон күчү менен кыйкыраколундагы бөтөлкөнү дубалга бастырганда айнекке тилинген колунан кан акты.
Бир күн өтүп түш ооп калганда Ринат үйүнө келди. Назида менен бирге беш жылжашап, анын алдап келгенине таң калды. Бир жагынан келинчегинин таза, сүйкүмдүүэлеси менен жанагы кагаз бетиндеги калем саптын сыясы төп келишпегендей, ишенгиси келбеди. «Кантип мени алдасын?» деген оюн «же...» дегени жеңип жатты.Үйүндө болсо эмнегедир эч ким жоктой тынч. Ал түз эле бөлмөсүнө өтүп кийимдеринчогулта чемоданга салып жатканда сырттагы шака-шука дабыштан кийин Назидакирди:
- Ринат? Кайда жүрдүң? Жүрөктү түшүрдүң го! Бир чалып койсоң болбойбу? Сенимилицияга издөөгө берген жаткам. Колуңа эмне болду? – деди ал бир эсе сүйүнө,бир эсе таарына бинттелген колунан акырын кармап. Колун жула тарта бөлмөдөнчыгып кеткен Ринаттын артынан келинчеги барып, - Эки күндөн бери издеп, эмненинбары ойго келбеди. Сага эмне болгон? Сүйлөсөң боло! Даську ооруп калды. Кечекечинде тамак ичпеди, бүгүн дагы. Анан эсин жоготуп жыгылып калды, жүрөгүмдүнтүшкөнүн айтпа. Баягыда да температурасы өйдөлөп кайра түштү эле. Сага айтканэмесмин. Азыр бала уктап калды. Сен дагы жок болуп… - деген сөзүн жолдошубөлдү:
- Мен жок болуп агаңдын досу келгенжокпу?
- Анын Даську менен эмне иши бар? Мен сени айтып жатам Ринат!
- Болду, токтот! – деп Ринат кыйкырганда Назида селт этти. – Айтсаң канчагачейин ушинтип жүрөйүн деди элең? Дагы канча? Беш жылдан бери мен айбан болгонэкенмин да э?! – деп Ринат катуу Назиданын билегинен алды.

#5 15 Ноябрь 2015 - 15:35
Айдана Эрмекбаеванын“ Атасынын периштеси”китебинен.
Болду, токтот! – деп Ринат кыйкырганда Назида селт этти. – Айтсаң канчагачейин ушинтип жүрөйүн деди элең? Дагы канча? Беш жылдан бери мен айбан болгонэкенмин да э?! – деп Ринат катуу Назиданын билегинен алды.
- Түшүнгөн жокмун. Коё бермени, колум ооруп жатат!
- Колуңбу? Менин могул жерим ооруп жатат! - деп Ринат көкүрөгүн таптады. -Абийириңдин ачылганын билбейсиң. Наадан! Өмүр бою ушинтип жашайм дедиңби?Муунтуп салгым келет сени! Өз колум менен муунтуп салгым келет! Ким билетмүмкүн боюңда болбогондо. ..
- Сен айнып калгансың го!
- Айнып! Ооба, айнып калгам! – деп Назиданы коё берип баягы кагаздычөнтөгүнөн алып келинчегине карматты. Аны окуган Назида:
- Бул эмне шумдук?! Муну сага ким берди? – деди көздөрү алая.
- Бул «шумдук» мен тапшырган анализдердин жообу. Ким берсе да сенин жүзүңачылды! Маскаңды чече берсең болот!
- Сен анан ушул кагазга ишендиңби? Сен… - деди мелтиреп агып келген жаштысүрткөн Назида титирей кетип.
- Эми байкуш боло калдыңбы? Бул кагаз менин анализдерим экенин түшүнүпжатасыңбы? ! - деди ызырына келип келинчегин эки ийнинен кармап бир жулкуптоктоду да, жерден Назида таштаган кагазды алды.
- Анан сен мени ушул кагаздыналдында актанат дейсиңби?! – деди келинчеги ызалана.
- Эч нерсе айта албасаң демек, себеби бар! – деген Ринат жерде турганчемоданын бир тээп чыгып кете берди. Көздөн куюулган жаш Назиданын жүзүнөнылдый агып, эриндери титиреди. Азыр эмне болгонун өзү дагы түшүнбөгөн сыяктуу.Элдин «жолдошуңду ойношу менен көрдүк» деген сөзүнө көңүл бурбай жашап, эмигана баары өз ордуна тургансып келе жатты эле… Кайрадан астым-үстүм болгондой.Энесинин абалын сезгендей түйүлдүк бала да ичинен булк-булк эте кыймылдады. Бирок, эмнелер гана заматта өзгөрүп турбайт?! Таарынычын бекем каткан Назидаэки жума өтүп Ринаттын алдына өзү келди. Кыштын акыркы айы болгону менен ызгаарсууктун абасы Назиданын бетин аймалады. Кар аз болсо да карандай суукта жертайгалак болуп турду. Имараттардын үстүндөгү катар тизилген калдайган учтуумуздардын оордугунанбы бир–экиси каңгыр этип жерге түштү. Көптөн бери турганНазида бутунун учтарынан тартып тоңуп баштаганы сезилгенде жолдошун жумушунанчыгып келе жатканын көрдү. Анын ийнине башын жөлөп жанында Динара баратты.Аларды алыстан байкап тушунан чыккан Назида жолдошун токтотту. Ринат болсо«сага эмне керек?» дегендей келинчегине тигиле карады. Назида баласы катууооруп жатканын айтып, Ринатты кайтышын суранды. Ортого Динара аралаша аны«Уятсыз! Өзүнүн атасына бар!» дегенин кайталап Ринатты колдон ала машинаныкөздөй тартты. Назида болсо мында бая келген жашты кармай албай ээрчише кетипбараткан жолдошу менен Динараны карап, артынан уулу оор абалда ооруканадажатканын айтып кала берди. Аны укканда Ринаттын жүрөгү тыз этти. Колдорумыкчылып, өзүн кармады. Артка кайрылыпбарайын деген Ринатка Динара Дастан анын уулу эмес экендигин эскерткендейкарады. Аны сөз менен дагы айтты. Айрыкча «Өзүнүн атасы жардам берсин» дегенинебасым жасады. Ринат Динаранын колунан кармады дамашинага чогуу отурушту. Назиданын ичиндеги баласыдагы тепкилендиби ал курсагын кармап, белин таяна акырынбасты. Анын нымдашкан көздөрүнө муз катып бараткансыды. Башы тегеренипжыгылганга аз калганда өт үп бараткан адам тосо калып, жөлөй отургучка алып барды. Баары жакшы болот дегенишенимде Назида серп эткен кирпиги менен жашын ылдый кулатып отуруп калды.

#13 18 Ноябрь 2015 - 22:12
Окубай эле коюш керек экен
Жалан эле уландысы дегенге толуп кетиптир

#17 20 Ноябрь 2015 - 12:43
Чыдамсыздык менен кутуп окууганыныздарга рахмат!Ушул чыгарманы super.kgге жуктойун деп катталдым perishtesi деп,Айдана эженин кесиби башка болсо да таланттына баа бердим.Бул чыгарма 2-болумдон турат.Бугун -эртен бутургонго аракет кылам.
#18 20 Ноябрь 2015 - 12:47
Баары жакшы болот деген ишенимде Назида серп эткен кирпиги менен жашын ылдый кулатып отуруп калды.
Дастандын ооруганын угуп майышкан жүрөккө баш ийбеген Ринат баласына кайрылып барбай Динара менен жашай берди. Бирок, тиштеп, дубалды соккулайт. Кээде Дастанды сагынган Ринат өзү кичинекей баладай бурчка бүрүшө отуруп ыйлаган күндөрү да болду. Андай учурларда Динара аны энесиндей кучагына бекитип сооротот. Ар дайым жанында болорун айтат. Сыйрылып кан аккан колдорунан өбөт. Калган күндөрү Ринат мурдагыдай эле жумушуна барат, кайра үйгө келет. Бирок, үйүндө Динарадан башка эч ким жок... Ринат жумуштан келгенде тыпырап чуркап калчу баласын элестете бергендиктенби, кээбирде бул үйдө да анын аталаган үнү угулгандай болуп турат. Ошентип арадан дагы эки жарым ай өттү. Бүгүн ал үйүнө эрте кайтты. Башка күндөргө караганда көңүлү көтөрүңкү эле. «Дикуля!» деди Ринат Динараны эркелетчү аты менен чакырып үйгө кубана кирип. «Дику кайдасың? Менде жакшы кабар, жумуштан чоңойтту. Мен эми Аскар Эмилбековичтин ордуна иштейм! Элестет!» деди экөөнүн бөлмөсүнөн издеп. «Дику эмне ашканадасыңбы? Уктуңбу мен айтканды? Бирок, бир жумага Лондонго командировкага кетем паспортумду таап берчи» деп ашканага кирди, Динара ал жакта да болбоду. «Кызык, кайда кеткен? Мага эч нерсе айткан эмес» деди паспортун өзү издей баштап, «кайда коюп койду экен? Кап! Же сурмасындабы? » деген Ринаттын көзүнө дагы бир кагаз илинди. Алып караса так өзүнүкүндөй балалуу боло албастыгы тууралуу анализдин жообу экен. Бирок, анда Динаранын аты жөнү жазылган. Ринат бир башкача боло бозоро түштү. Ал шашыла көп ойлонбостон мурдагы анализ тапшырган бейтапканага жөнөдү. Түз доктордун кабинетине кирип келип:
- Бул эмне? – деди эки окшош анализди тең столдун үстүнө коюп.
- Сиздин уруксатсыз киргенге кандай акыңыз бар? – деди доктор камырабастан көз айнегинин үстүнөн карап.
- Сен… - деди Ринат аны жакадан алып, - мени менен ойнобо! Айткының кимдики туура, кимдин анализдери жасалма? Азыр айтпасаң ушул бойдон сенин жумушуңдун бүткөнү. Сотко берем уктуңбу?
Доктор анализдерди колго алып карады да, кайра койду. Мында көз айнегин чече:
- Сеники… жасалма - дегенде муштумун түйгөн Ринат бир коё салды. Доктор ал кагаздарды колго албаса да кимисиники жасалма экени эсинде эле. Ал кагаз үчүн машина белекке алган доктор аны кайдан унутсун. Ошондо да ал Ринаттын алдында актана баштады. - Ал келин келип жардам бер, үй-бүлөмдү сакта деди. Мен анан эмне кылмакчымын? ! – деп кайра догурунду. Ринат башын мыкчып кармап врачтын кабинетиндеги айнек шкафты бир соккондо, ал сынып жерге майдалана түштү. Кайрадан келип докторду ордунан тургуза муштады. Ызы–чуудан чакыртылган күзөтчүлөр келип Ринатты эки жактан кармашты. Ал болбой бери жулунуп жатты. Доктор ордунан туруп, - Менин бир гана жардам бергендигиме күнөөлүмүнбү? – деди. Бул «күнөөсүз» докторду ал үчүн акча алганын элестеткен Ринат алып кетип бараткан күзөтчүлөрдүн колунан суурулуп анын мойнун кысты. Жинденген Ринатты жанагы күзөтчүлөр кайрадан кармашып көчөгө чыгарып салышты. Ал жерди тепкилеп уйпаланган чачын, кайкалаган жакасын оңдобостон, көйнөгүнүн үзүлгөн топчусун да байкабастан үйүнө жөнөдү. Ринат Динараны көрөрү менен эки ийнинен алды да силкилдете катуу түртүп жиберди. Жерде жаткан Динара кызарып чыккан бетин кармап өйдө турду. Ринаттын мындай мамилеси эмнеден экенин билгенде күнөөсүн дароо мойнуна ала койгон жок. Анан Динара сүйүү үчүн кылдым деп актана баштады. Ары- бери жиндене баскан Ринатты карап:
- Махабат үчүн күрөшүш керек дечи элең го. Сенин сөзүң бул! – деп кыйкырып жиберди.
- Сен күрөшкөн жоксуң. Сен мендеги сага болгон махабатты жек көрүүчүлүккө айланттың! – дегенде да болбой «күрөштүм! » дей берди. Өзү дагы дарыланып уул, кыз төрөп берерин айтып кучактады. Ринат аны өзүнөн түртүп, жабышкан колдорунан бошоно, - Мен сени эсиңден танганыңды байкабай жүргөн экенмин! – деди. Динара болбой Ринатка асылды. Ал болсо Динарага ушунчалык жийиркенип колдорун ары алды. Динара жабышкандан жабышып ылдыйлай эми бутунан кучактады. Эптеп бутун Динаранын колдорунан ажыраткан Ринат эми гана ооруканага жүгүрдү. Коридордо келе жаткан күйөө баласын Назиданын апасы алыстан тааныды. Ал да Ринатты көздөй басты. Ринатка жеткен соң кайненеси аны соккулап кирди:
- Акмак! Акмак! Адам эмессиң сен!
- Уруңуз апа! Дагы… Дагы катуу уруңуз, апа, мени! Уруңуз! Уруңуз! Дагы… - деп кайненесинин алдына отура калды. Ал чынында эле өзүн акмак сезди. Кайненеси башка-көзгө токтоно албай кошо ыйлап Ринатты токмоктоп жатты. Аңгыча жанына келип калган Назида:
- Апа! Коюңузчу апа! Токтотуңуз! Сабыр кылыңыз! - деди колдорун кармап. - Жүрүңүз… - деди ээрчите. Алар басып келип Дастан жаткан палатанын тушуна отурушту.
- Жогол! - деди күйөө баласына артынан жетип келгенин көргөн кайненеси аны жек көрүүчүлүк менен карап.
- Мага уулума кирүүгө уруксат бергиле.
- Уулум дегенин кантейин! Ал сенин балаң эмес! – дей салды Назиданын апасы.
- Кирсин апа, Даську атасын күтүп жатат - деп ордунан турарда келинчегине колун сунуп турганга жардам берейин деген Ринатка, - керек эмес! – деди Назида. Үчөө палатага чогуу киришти. Бүгүн Ринат баласын эки жарым айдан бери көрүшү ушул эле. Мурдагы томпойуп ойноп-күлүп жүргөн Дастан жок. Так тушунда арыкчырай, башы тас баласын көрүп жүрөгү эзилди. Дастан атасын көрүп сүйүндү бирок, «ата!» деп мурункудай безилдеп алдынан чуркап чыкканга алы келбеди. Ринат уулун кучактап өпкүлөдү. «Кечир балакай!» деди жүгүрүп келген жашты кармабастан. Дастан ичкерген кичинекей колдору менен атасын кучактады. Тургусу келген баласын көрүп Назида, жаздыгын өйдө кыла оңдоду.
- Ата сен ыйлап жатасыңбы? – деди Дастан аны аянычтуу боору ооругандай карап. Бала эмеспи, атасынын ыйлаганын көрүп таң калды. Мурун атасын эч качан ыйлабайт го деген ойдо болчу. Атасы барынан чоң, барынан күчтүү көрүнчү. Кээде ал чогуу ойногон балдар менен «Менин атам сеникинен да күчтүү!» деп талаша урушуп кетчү.
- Ооба, сени сагынып кетпедимби! – деди Ринат уулун кучагына бекитип.
-Ата сен мени менен учасыңбы учакка олтуруп? Барасыңбы мени менен? Жумушка башка бабай эле койчу. Апам балбайт. Учак апамдын ичин көтөрө албайт. Такемди көтөрөт экен. Биз өйдө – өөө учабыз. Чымчыктан да өйдө – өөө. Апам болсо калындаш алып келет – деп жатты Дастан бирде «р» тамгасына тили келип, бирде келбей.
- Нази бала кайсы учакты айтып жатат? – деди келинчегине бурулуп.
- Агамдын келишин күтүп жатабыз. Жакында Даськуну Израильге алып кетет. Израильдеги таанышы менен сүйлөшүүдө. Ал жакта ак кан оорусунун өрчүп кетишине жол бербей, тез дарылаганга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экен. Донор да табылды. Менин боюмда бар болгондуктан чет өлкөгө коё бербейт. Алар кеткиче төрөп калсам жакшы болмок. Бирок, менин төрөрүмө дагы эки ай бар. Күткөнгө болбойт. Эгерде эртерээк төрөп калсам... – деди Назида ичин кармай кетип, акырын жөлөнө отура. Баласынын ак кан оорусу менен ооруганын Ринаттын биринчи жолу угушу. Анын бети чымырап, башы да тегеренип кеткенсиди. Ринат өзүн колго алып, уулу менен кошо барарын билдирди.
- Балээни барасыңбы! Сен отур жашынып, уулум алып барат! - дей салды чыдабаган Назиданын энеси.
- Ата сиз учакка батасызбы? – деди Дастан ортодон.
- Албетте! Батам балакай, мен сенин жаныңда болом.
- Урааа! Атам балат! Сенин ичиң апамдыкындай чоң эмес да, ошон үчүн баласың эээ? Апам ичи менен эч жакка батпай жатат – деди ал, жанындагылардын да жүзүндө жылмаю пайда болуп. Аңгыча болбой тиш эттери канап оозунан акты. Көзү алаңдаган Ринат баласын кыйналганын карай албай докторду чакырганы жүгүрдү. Ак халатчан мээрман айым менен кошо кирип эле барын сыртка кууп терезени ача салды. Коридордо Ринат тынчсыздана ары-бери басты:
- Акмактыгымды билем! Кечир! Кечир мени Нази! – деп келинчегинин алдына отура калып, башын тизесине койду.
- Азыр барынан маанилүү мага уулум. Даську айыкса экен деп тилеп олтурабыз. Сенин эч нерсеңди билгим келген жок! Сени мурун кандай жакшы көрсөм, азыр ошончолук жек көрөм.
Ринат өйдө туруп:
- Мен барам Израильге. Качан? Кайсы рейс менен бара турганды айтышыңды суранам.
- Аны агам айтат. Ал түнү келип калар... Мүмкүн эртең... Кандай болсо да сен Даськунун жанында болушуңду каалайм – деди Назида баласы козголгондуктанбы кайра ичин кармай.
Эртеси таң атып Ринат кайта ооруканага келди. Израильден келген Назиданын Темир байкеси, апасы Дастан жаткан палатанын тушунда отурушкан. Ринат колундагы оюнчукту жерге коюп, салам айтып сунган колун Темир албады. Анын мүнөзү ошондой чорт, айрыкча жактырбаган адамдары менен мамиле түзө албаган киши. Кууланып кошомат кылып да көргөн эмес. Ал маңдайында турган Ринатты муштумун түйүп бир согуп алгысы келди. Жакасынан ала тамга соккулап, муштап жатканын элестете кетип кыжыры кайнады. Бирок, өзүн кармай ары басты. Ринат унчукпастан палатага кирип, Дастандын керебетте кубиктерди чогултуп апасы менен ойноп отурганын көрдү. Бүгүн баланын маанайы, акыбалы кечегиден жакшы көрүнгөнсүдү. Ал атасы кирери менен шашыла ордунан турду. «Акырын!» - деген апасы абайлап керебеттен түшүргөндө бала Ринаттын бутуна жабыша калды. Ал уулун көтөрүп керебетке кайра отургузуп белекке алып келген оюнчук учакты карматты.
- Бол учалыбы? Азыр биз учабыз! Кимди учакка отургузалы?
- Апамдыыыы, танемдиии – деди Дастан атасынын келгенине кубанып.
- Апаңды, тайнеңди.
- Чен!
- Мен.
- Такемди.
- Тайкеңди, болдубу?
- Жок, доктул байкени.
- Доктор байкени. Болду учтукпу? – деди Ринат баласына.
- Ооба! – деген уулун, учакты колго ала ойноп жатты:
- Жжжжж… Мына – ааа биз учуп баратабыз! Учуу-уп баратабыыыы- ыыыз!
Кыткылыктаган баланы көрүп Назида кубана акырын палатадан чыкты. Бир нече саат өтүп, баласынын температурасы көтөрүлүп кеткендиктен Ринат тынчсыздана келинчегин таппай мээрман айымды палатага чакырып келген эле. Мээрман айым баланы көрүп өзү да безилдеп калды. Ринат андан келинчегинин толгоосу башталып төрөт үйүнө алып кеткенин укту.
- Кандайча? Анын убактысы боло элек! Кантип? Дагы эки ай бар го! – деп ал келинчегине кыжаалат болду.
- Демек, мөөнөтүнөн эрте төрөйт – деп шашыла мээрман айым палатадан чыгып кетти. Назиданын агасы, апасы да кошо кетишкен сыяктуу. Ринат баласын жалгыз калтыра албай ооруканада кала берди.
Бир күн өтүп кечки бешке жакын агасы менен апасы Назидага төрөт үйүнө келишти. Назида аларды көрүп ордунан тура калды:
- Ага! Силер кече эртең менен учуп кетишиңер керек болчу го. Эмне болду? Кызымды көрөйүн дедиңерби? Аны жаңы эле алып кетишти. Силер уча бергиле. Же Ринат менен жибердиңизби? Ии, өзүңүз да көзөмөл болсоңуз мен көп кыжаалат болбойт элем. Негизи Ринат дагы жанында болсо жакшы дечи бирок, ал алаңдап өзү жалгыз эмне кыларын билбей жүрбөсүн.
- Нази… кечир! – деди жанатан бери унчукпай турган агасы.
- Мейли эч нерсе эмес, мен төрөдүм. Эми өзүм барам.
- Биз… Мен… Кечир… Кечир карындашым жетишпей калдым – деди агасы кайгылуу. Жанында турган апасынын шишик толгон көзү кайрадан жаш алды.
- Сиз… башка күнү барасызбы? Ооба, мен дагы сиз менен чогуу барам. Кызымды апам карап турат. Ошондойбу апа? Сиз карап турсаңыз мен уулума барып келейин. Агам менен кошо жолго чыгам. Ошондо эртең учалыбы? Жок, азыр барабыз. Азыр жөнөйлү ага! – деп жаман кабарды угуудан корккон Назида сүйлөй берди.
- Баланын абалы оордоп, жакшы боло албады. Ал чарчап калды… - деди агасы бул сөздөрү өзүнүн да кулагын кесип.
- Апа – деп биринчи Назида күлдү, - агам эмне дейт? Даську жакшы болуп калды дейби? Ошенттиби? Жакшы болуп калды деди ээ апа? Жакшыбы деп жатам? Эмне унчукпайсынар? - деп кыйкыра эшикти көздөй жөнөгөндө агасы кармады. - Коё бериңиз! Коё бериңиз мени! Балама барам мен! Алып келем Даськуну. Даську –уу! Уулум! – деп кыйкырып - өкүрүп жулунган Назиданы бет жууган ысык жаш алып агасынын бекем кучагында кала берди... Карындашынын абалы начарлап төрөт үйүндө узагыраак болду. Назида ал жактан чыккан күнү да басканга алы жоктой бутун сүйрөп агасына жөлөнүп келе жатты. Анын дагы деле баягы күндөн тартып жашы токтобой агат. Дагы деле баласынын жоктугуна ишенбей Дастанга бараткансыйт. Дагы деле баласы «апалёк!» деп алдынан тосуп алчудай сезилет. Дагы деле… Дагы деле…
Темир Назида менен чогуу бөлмөсүнө кирип баланы жаңы алган бешикке жаткызып коюп чыкты. Бир аздан соң Назида керебеттеги төшөктү чачып колуна тийген нерселерди кыйкыра ыргыта берди. Апасы менен агасы жүгүрүп киришкенде жулуп алган парданы кучактап Назида ыйлап жерде жатты. «Бул эмнеси апа?» - деди Назида шолоктоп ыйлап, ичин өрттөгөн кайгысы мойнунан ала муунткандай. - Бир баламды жарык дүйнөгө алып келсем, бир баламды жерге бердимби? Ушундай дагы болобу?! Бул кандай? Айткылачы! – деди кыйкырып. Кичинекей ымыркайын дагы көргүсү келбей бешикти түрттү. Чынында анда коркуу сезими турган эле. Бул наристеси чоңоюп, ал дагы Назиданы таштап кетип калсачы... Анда кантет... Кой дегенге көнбөгөн Назида баланы «алып кеткиле» деп кыйкырып жатты. Апасы баланы колго ала, агасы бешикти көтөрүп айласыздан экөө тең бөлмөдөн чыгышты. Убакыт өтсө дагы анын кайгысы кемибеди. Назида ичинде бирөө менен күрөшүп жаткандай. Ичиндеги кайгысы өзүн өрттөп, баласынын жоктугун улам эстетет. Назидага өзүн тирүүлөй тээрисин сыйрып, отко ыргытып салгандай сезилет. Кээде «Жок, жок! Ал тирүү!» деп бөлмөдөн чыккан Назиданын үнүн апасы менен агасы кескин угуп калышат. Анын башына түрлүү ойлор келип бир нече ирет өзүнө кол салууга да жетишти. Канчадаган жолу агасы өлүмдөн алып калып жүрдү. Мындан кийин аны кайтарууга туура келди.
Күндөр өтө берди... Бала да торолуп, өзүнө салмак кошуп бети эт алгансыды. Бытыйган колдору бир нерсе учтаганга жарап, буттары ойноктоп кыбыр этет. Колуна кармаган нерсесин эмне экенин деле билбейт. Бирок, таң кала карап жей тургандай оозуна салат. Кээбирде «агу, угу, бу» деп сүйлөшкөндөй үн чыгарат. Аны укканга киши жоктой сезилсе чыркырап чаңыра өзүнө көңүл талап этет. Тайэнесинин «ии, ананайын мен бул жактамын» дегенин укканда түшүнгөнсүп эки колун селпеңдетип күлүп калат. Баланын бул өнөрүнө кубанган таенеси аны жаңыдан тойгузуп терметип жатканда Назида залга кирди. Ал апасынын жанына отуруп ымыркайын кечке тигиле карады. Бирок, бир дагы сөз айтпастан түз ашканага өтүп кетти. Назиданын артынан барайын деген энеси баланын кыңылдаганынан кайрадан ордуна отурду. Назида ашканада буламык бышырып табакка салды.
- Кыям калды беле? – деди ал апасынын киргенин көрүп.
- Ооба, муздаткычтан алсаң.
- Даськуну канча урушсаң деле болбойт! Буламыкка кыям салып жегенди жакшы көрөт өзү. Апа сиз деле урушпай эле коюңузчу макулбу? Кайдан муну ойлоп тапканын билбейм – деп кыямды буламыкка салып ылдам аралаштырды. Анан ашканадан чыгып эшикти көздөй жөнөдү. - Даськуга буламык бышырып койдум. Тамагын ичип алсын, алып келейин – деди алдынан чыккан агасына. Темир карындашына жакындап келип билегинен ала үйгө киргизди. - Ага жибер мени Даськунун курсагы ачты. Балама барамын! - деп жулунуп жатканда Темир карындашын көтөрүп ваннага алып бара муздак суунун алдына тургузуп койду. - Даськууу-уу – деген бойдон отура кеткен Назиданын ысык жашы муздак сууга аралаша ага берди...
***
Жаңыдан чай ичип бүтүп баланы көтөрүп турган Темир аны апасына карматты да бөлөк бөлмөгө баргыла дегендей көздөрү менен апасына белги берди. Апасы баланы эркелетип, тайталата жетелеп кетти.
- Нази кече кызыңдын бийлегенин камерага тартып койдум көрдүңбү?! – деди Темир Назидага, сөздү ушунтип баштоону туура көрүп. Ал Назидадан кызынын кылыгына кубанабы деген көз караш менен үмтөтүп турган эле. Бирок, карындашы «Ооба» деп кыска гана жооп кылды. - Сенин акыбалың мага жакпай турат. Кызың бир жарым жашка толуп калды, сен болсо үңкүйүп эле жүрөсүң – деп Темир кайра сөзүн улантты. - Билем абдан кыйын, бирок өмүр уланып жатат. Кызың үчүн сен бардык кыйынчылыкка каршы турууга милдетүүсүң! Баланы апам эртеден кечке карайт. Алтымыштан ашкан адамга бул оңой дейсиңби?! Мени көрүп жатасың ушул бир жарым жылдан бери үй-бүлөмө бир гана жолу барып келдим. Жол алыс. Австралияга барып келиш бир топ кыйын. Билесиң ишим да калды. Минтип жашоого болбойт го кандай дейсиң? – дегенде Назида агасынан кечирим сурап, кызын өзү багып, оңолоруна ишендирди. Акыркы күндөрү Назида кызын колго алып ойнотуп калгандарын эстеп, анын айтканына Темир чын эле ишенди. Анан күйөө баласын эстей кетип, - Жанагы акмак менен ажырашканың ырас болду. Бул жакта тааныштарым болбосо ал иш дагы бүтпөйт болчу – деп жиберди жини келе. - Канча жолу куудум аны ушул жактан сагалап кетпейт. Тумшугун жаргандан кийин да кайра келиптир, акмак! Мен бар кире албайт. Эгерде кетсем бул жакта жашап алчу ою бар. Ошондуктан сен турмушка чыгышың керек. Менин досум Нурдин сени мурунтан жакшы көрөрүн билесиң. Азыр да сени алганы даярмын деп келет. Кызыңды өз кызындай бапестеп багып алам деп айтты. Бир ошого көңүл бурсаңчы. Баланын акыл эси кире электе чыгып алсаң өз атасын билбей калат. Нурдин канча келди, сен таптакыр ага сүйлөбөсөң ыңгайсызданды. Сен ага турмушка чыгасың! Ал сени бактылуу кылат!
- Мага бары бир.
- Бары бир дебе! - деп Темир кыйкырды эле кайрадан жинин баса акырын, - мен сени ойлоп жатам. Нурдин жаныңда болсо кыжаалат болбой кетем. Ал апам экөөңөргө караан болот. Ринаттан эмне жакшылык көрдүң? Ачык ойношу менен жүрдү, балаң ооруп жатканда таштады сени! Сени! Челкейип боюңда болсо дагы! Ошол адамбы? Айтчы? – деди. Назида көзүнөн жаш чыгарып эки колу менен бетин жаап алды. Азыр дагы ага чындыкты угуу оор эле. Денеси титиреп, өзүн алы жок сезди. Агасы ылдый боло калып, - Бир гана бактылуу жашоо каалайм сага Нази! Кыйнабайм, шаштырбайм. Бирок ойлон! Ал жакшы адам – деди Темир бир аз жумшара карындашынын акыбалын көрүп. - Бул жакта канча кишини азапка салып жатасың?! Аны да ойлон... Макул мен бир иштер менен кеттим, аз убакытта келип калам – деп өйдө туруп кетип баратканда Назида бетинен колун тартып тамагына келген шилекейин жута, макулдугун айтты. Бирок, ал Назидага оңойго турбады. Жүрөгү аптыгып, бир нерседен корккондой болду. Сүйүнө кеткен агасы Назиданы кучактады. Бул жакшы кабарды досу Нурдинге айтууга шашылды. Темирдин коңгуроо чалуусунунан кийин Нурдин сүйүнө эртеси жетип келген. Ал канчадан бери эми тилегине жеткендей абдан кубанды. Мурдагыдай эле Нурдин Назиданы көргөндө жүрөгү кулагына угулчудай дүкүлдөйт. Мурдагыдай эле ал Назиданы көзүн албай карагысы келет. Кыялында элестеткендей чачынан сылап, кучагына кысып, анын назик колдорунан кармагысы келет. Бул күндү канча жылдан бери күткөн Нурдин дал азыр Назиданын жанында отурду. Бирок, Нурдинге Назиданын карегинин өңү өчкөндөй сезилди. Мурдагы нурданган жүзү да жарыгын жоготконсуп, майда бырыштардын изи турду. Ошентсе дагы, Нурдин аны «Наз!» деп атап бетинен сылап өпкүлөгүсү келди.
- Ошол – деди ал ар-нерселерди баятан толкунданып сүйлөй берип бир аз тынчтыктан соң. - Мүмкүн үйдө жүрүп тажагандырсың. Баланы алып сейилдеп келбейлиби? – деп Назиданы кызы менен ээрчите көчөгө чыгарды. Нурдин паркта баланы ар кыл селкинчектерге түшүрүп, сүрөткө тартып жатты. Назида баланын күлкүсүн угуп Нурдиндин кызына кылган мамилесине ичи жылыды. Мурун болсо Дастанды Ринат экөө ортого ала жетелеп жүргөндөрү Назиданын көз алдынан өтө жашы мелтилдеп кылгыр эткенде артты карап Нурдинге билдирбеди. – Ии, ушул жакка кирип тамактанбайлыбы, кандай дейсиңер?! – деди Нурдин эч нерсени сезбестен жакын турган кафени көрсөтүп. Үчөө ал жакка киришти. Бир аздан соң чарчаган бала апасынын колунда мемиреп уктап калды. - Назида – деди Нурдин кайрадан сөзгө киришип. - Мен сени бактылуу кылганга аракет кылам. Сени коргойм. Баланы эч нерседен кем кылбай багып алам. Сен мага ишенсең болот - деди көзүнө карап.
- Мен…
- Сенин эң негизкиси жанымда болушуңду каалайм. Сен – менин жан дүйнөмдүн өзөгүсүң. Сенин нурлуу жүзүңөн жылмаю өчпөсө экен дейм. Суранам мага ишен! Колуңду сен дагы мага сунчу… Мен колуңду көкүрөгүмө бек кысып сени менен өмүр сүргүм келет – деди Нурдин абдан толкунданып. Ал өзүн бактылуу сезип турду.
- Чынында эмне айтарымды билбейм. Мен азыр такыр өзүмдү билбей турам.
- Мен күтөм… Сен макул дедиң бул эң негизкиси. Тойго даярдык көрө баштайлы. Сен айткандай ызы-чуусуз өткөрөбүз. Бирок, кичине ырымдап коёлу. Эртең үйлөнүүгө арыз таштап келсек кандай дейсиң? – дегенине Назиданын азырынча макул эместигин түшүндү. - Ата-энемдин сүйүнгөнүн айтпа! – деди Нурдин башка сөзгө өтүп. - Азыртан эле өздөрүнчө тойго даярдык көрө башташты. Ананчы дебейсиңби отуз алтыга келип калсам да үйлөнө элек болсом.
- Ананчы! – деди Назида экөө бири-бирин жылмая карап.
- Эми бир ай дагы кантип чыдаар экенмин. Чынында айтсам, өзүм азыр гана сени үйгө алып баргым бар! – деди Назиданын колунан өөп. Мындан бир апта өткөн соң Назида баягы Нурдиндин сунушуна макул болсо керек. Ал экөө үйлөнүүгө арыз таштап келе жатышты. Машинасын айдап бараткан Нурдин Назиданы карап колунан алды:
- Наз! – деди ал, эми гана аны ушинтип атоого укугу бардай сезилип. - Назитай каршы болбосоң бир жакка барып эс алып келбейлиби?
- Мени өзүмдүн үйүмө алып барасызбы? Ал жакка барбаганыма көп болду. Азыр баргым келип жатат – деди Назида колун акырын өзүнө тартып.
- Чынында эле баргың келип жатабы?
- Ооба.
- Макул, бирок бир шарт менен! Мени «сен» деп айтчы – дегенине Назида көндү. Он мүннөттөн кийин алар Назида айткан жерге келишти. Тизилип турган имараттардын бирине Нурдин жакыныраак токтоду. Бул бийик имараттардан аркы жакта турган бактар да көрүнбөйт. Негизи эле кийинки учурда бак-дарактар азайып адамдар биринин артынан бири бардыгын кыйып заңгыратып имарат куруп жаткандай. Баягы эле карапайым адамдар кагаздарга «Биз бактардын кыйлышына жол бербейбиз! Жаратылышыбызды сактайлы! » деп жазып алып отурушат. Бирок, аларды уккан киши барбы?! Жакында эле ошентип кагазын көтөрүп отурган апаларды Назида дагы университеттин алдындагы «Жаштар аллеясында» көргөн. Эми болсо, ал жакта бак-дарактардын ордунда килейген имарат турат. Мурун терезеңди ачсаң дагы, балконго чыксаң дагы бактардын бутактары ийилип үйгө да кирип өсчүдөй эле. Азыр терезеңди ачсаң кошунаңдын терезесине тигилесиң. Ал имараттар күндүн нурун да далдалап үй ичине караңгы салат. Караңгы... Машинадан түшкөн Назиданын да көзү тунарып караңгылай түштү. Көңүлү айнып, башы тегеренди. - Сен өзүңдү жакшы сезип турасыңбы? Мүмкүн мен дагы сени менен чогуу көтөрүлөм? – деди Нурдин Назиданы кармап.
- Өзүм жалгыз калгым келип жатат – деди Назида баягы имараттардын бирине кирип баратып. Ал экинчи кабатка көтөрүлдү. Көз алдынан дароо Дастан үйдө жүгүрүп жүргөнү элес алды. Акырындап баласынын бөлмөсүнө кирер алдында: «Азыр Даську эшикти ачканда мурдагыдай «апалёк!» деп чуркап чыкса» деди өлгөнүнө дагы деле ишенбей. Эшиктин кармагычын ылдый кыла ачканда чочуй кетип шарт жаба, кеткенге шашылды. Ал бөлмөдөн Ринат чыга келип:
- Нази токтосоңчу! – деди артынан.
- Сен бул жакка келбешиң керек, мага ачкычты бер дагы кет! – деди артын карабастан.
- Кете албайм – деп Ринат бир аз Назидага жакын жылды. - Нази бери карачы, мени көргүң келбей жатабы?
- Ооба! Сени бардык жан дүйнөм менен жек көрөм! Угуп жатасыңбы?
- Мени канча жек көрбө, канча күнөөлөбө мен дагы калптын капканына түштүм.
- Капканына? – деп суроолу Назида Ринатка карады. - Сен мага ишенбедиң! Өз балаңды өзүңдөн түрттүң! Сен жалган, жасалма кагазга ишендиң! Сен кагазга ишендиң! – деди ылдый тамга сөйөнө отура кетип.
- Нази… - деди аны колу менен кармайын деген Ринат.
- Жолобо! Эмне үчүн? Эмне үчүн сен кагазга ишендиң?
- Кечир мени! Мен адаштым. Билем кандай акмак экенимди, кечир! – деди Ринат жүзүнөн аккан жашы сакалына жетип.
- Даську… Даськум кечирди бекен сени?!
- Антип айтпачы… - деди ал да Назиданын алдына отура. – Нази – деди Ринат колу менен бетин сылай. Назида көздөрүн жумуп, бетин тосо эркеледи. Өзү да анын колунан кармап. Ал дагы Ринатты сагынган чыгар. - Кечир мени Нази! Өмүр бою сенин алдыңда кул болойун, бирок кечир! Барктабапмын жанымда жүргөнүңдө. Баалабадым сенин аярлуу мамилеңди, сүйгөнүңдү. Сезбепмин барыбыз бирге болгондо бактылуу экенимди. Кечир! Сенсиз жашай албай турганымды кеч түшүндүм. Сүйөм сени! Кызыбыз үчүн мени кечир. Мага дагы мүмкүндүк бер суранам.
- Мен сени менен болгум келген жок! – деп Назида ордунан тyрду. Жакында турмушка чыгам. Эми ал сенин кызың эмес! Унут!
- Турмушка? Унут дейсиңби? Бул мүмкүн эмес! Мен силерди эч кимге бере албайм!
- Биз сенин буюмдарың эмеспиз! Сен мында эч нерсени чечпейсиң! Бары мүмкүн биз экөөбүз ажырашып кеткенбиз!
- Мен эч нерсеге кол койгон эмесмин. Сенин агаң болбосо…
- Ал болбосо мен сенин маңдайыңда азыр турмак эмесмин. Мен койгом колду! – деген Назида кеткенге шашылды.
- Нази кызыбыздын атын ким койдуң?
- Керемет! - деди Назида токтоп. - Апам койду.
- Керемет! Мен көргүм келет. Абдан кызымды көргүм келет! – деди Ринат эч нерсе жооп бербей чыгып бараткан Назиданы карап. Сыртта бул убакыт бою Нурдин күтүп турган. Назида машинага отура, «Мени таштабачы, алыстабачы менден суранам» деп Нурдинди кучактай калды. Ал ичинен кубана Назиданын чачынан сылай, артынан чуркап чыккан Ринатты көргөндө, өзү да Назиданы катуу кучактады. Нурдин анын жүзүнөн жашын абайлай сүртүп, машинасын айдады.
Эртеси Ринат Назиданын апасынын үйүнө келди. Назида алаңдап агасы көрүп калбасын тилеп жүрөгү түштү. Ал Ринатты дарбазанын сыртына чыгарайын деп түртүп жатты. Ринат кыймылдабай өз ордунда тура берди. Ал кызын көрмөйүнчө кетпесин билген Назида өздөрүнүн үйүнө көтөрүп барам дегенге аргасызданды. Бир күн өтүп Назида кызын көтөрүп атасына алып барды. Ринат бүгүн кызын биринчи жолу колуна ала сүйүндү. Керемет да атасы экенин сезгендей бул адамды биринчи көрүп жатса дагы чочуркаган жок. «Шириним менин!» деди Ринат катуу кучактап. Дастандын бөлмөсүнө алып кирип «Муну калындашыма берем» деген аюну ала кызына карматышты. Мындан кийин эки күндүн биринде Назида кызын Ринатка алып келип жүрдү. Агасы менен чыр чыгарат деп гана эмес, өзү дагы Ринаттын жанында болгусу келди. Мурдагы сезимдер кайрадан ойгонгон сыяктуу. Бирок, бул бир жагынан аны чоочутту. Мурдагыдай кызынан качпай, бат баттан баланы ойнотуп жүргөн Назиданы көргөн апасы, агасы да сүйүнүп эч нерседен шек келтиришпеди. Алар бир гана Назиданы жакында турмушка чыгып бактысы ачылса экен деп тилешти. Назида күндө ойлонуп эмне кыларын билбеди. Бардыгы тойго камынып жатышат. «Бирок, мен аны менен кантип жашайм? Бир кичине дагы ага жүрөгүмдөн орун бере албадым. Кантем? Алдап өмүр сүрөмбү?!» деген оюн Ринат:
- Нази карасаң! – деп бөлө салды. – Кереметти кара агасынын керебетине уктап жатканын. Бармагын соргонун койбостур кызым – деп өйдө турганда Назида аны көкүрөккө чапкылап кирди. - Нази эмне болду сага? – деди Ринат.
- Сен! Сен күнөөлүүсүң! - деди Назида кайрадан чапкылаган көкүрөгүнө башын коё. – Сен! Тойго бир жарым жума калды. Мен жашай албайм ал менен. Канча күрөшсөм дагы сезимимди жеңе албадым – дегенде көкүрөгүнө тамган жашын Ринат сезип Назиданы бекем кучагына алды. – Эмнеге жашоомдо кайрадан пайда болдуң? Сен келбесең жаңы турмуш куруп сени унутат элем!
- Мени карачы Нази – деди Ринат анын жашын сүртө. – Эч ким сени кыйнабайт. Дагы деле кеч эмес, айт ага. Каалайсыңбы агаң менен мен өзүм сүйлөшөм? Кааласаң сени менен бирге барам?
-Керек эмес. Сен Темир байкемди билбейсиң. Антип агамдын алдына бара албайм. Нурдиндин көзүнө кантип карайм?!
- Мен барам!
- Жок! – деген Назида Ринаттан алысыраак жылды.
- Анда эч кимге эч нерсе айтпастан кетебиз! Экөөбүз чогуу кызыбызды алып алыс жакка кетебиз. Жаңы турмушту экөөбүз курабыз. Сен кат таштап кой.
- Эмне? Эмне деп жатасың?
-Эртерек ойлонбосоң кеч болуп калат. Азыр биздин убактыбыз бар.
- Агамдын заарын, апамдын ыйын көрбөсөм мага жеңил болот дейсиңби?!
- Кандай болсо да бир чечим кабыл алыш керекбиз. Мен даярмын азыр силерди алып кетем. Силерсиз мага жашоомдун кызыгы жок. Силерсиңер менин өмүрүмдү узарткан! Мен жуткан аба - силерсиңер! Силер болбосоңор мен эч ким эмесмин! – деди Ринат Назиданы бекем кучагына кыса. Ал дагы макул болгондой башын кайрадан Ринаттын көкүрөгүнө жөлөдү.
Бир нече саат өтүп кайненесинин үйүнөн бир аз алысыраак машинасын токтоткон Ринат кызын артка отургузуп коюп Назиданы күтүп турду. Бир аздан соң Назида үйдөн чыкты. Бирок, артынан агасы жетип келгенин ал билегинен алганда гана билди.
- Бул эмне? – деди карындашы жазган катты майдалай айрып. - Үйгө жөнө! Кана жанагы акмак, кызыңды алып келем.
- Ага кечир мени! Мен Нурдинге турмушка чыкпайм. Ал менен жашай албайм. Кечир агатай! - деп тизесин бүктөп агасынын алдына отурду.
- Менин бетиме көө жабып болбогон бир акмак менен кеткен жатасыңбы? – деп бая айрыган муштумуңдагы кагазды бетине ыргытты.
- Эч нерсе кыла албадым ага! Өзүм менен өзүм күрөшсөм дагы жүрөгүм менен күрөшө албадым. Уруксат бер ага, мен кетейин.
- Ага дебе мени акмак! Ушул сөздөрдү айтып турганча өлүп эле калбайсыңбы! – деди жини келип Темир. Бул учурда тынчсыздана келген Ринат Назиданы ордунан тургуза экөө машина жакка жөнөштү. Темир тиштерин кычырата муштумун түйүп үйүн көздөй жылды. Ал бир дагы жолу мойнун буруп карындашы тарапты карабады. Назида улам артында калган агасын жалооруй карап Ринат менен баратты. Ал өзүн туура же туура эмес кылып жатканын азыр так аныктай албады. Бир туруп Ринаттын колунан кармап бараткандыгынан өзүн бактылуу десе, экинчи жагынан оор кылмыш кылып качып бараткандай сезилди. Эми ал агасынын жүзүн кантип карайт... Ага кайта кайтып барсамбы деген да ой келди. Алыс кетсе апасын дагы сагынат. Нурдин дагы оюнан кетпей мээсине сиңип калгандай. Ага да боору ооруду.
Канча саат өткөнү белгисиз... Темир үйүндө башын ылдый сала дивандан турбай отура берди. Аркы бөлмөдөн гана апасынын кыңылдап ыйлаган үнү угулат. Ашканадагы сууну жакшы жаппагандыктанбы ал дагы тык-тык агып, чыкылдаган саат менен жарышып жатты. Бирок, аны ким байкаптыр..? Бир аздан соң Темир телефондун коңгуроосунан безилдеп калды. Ал шашыла түз ооруканага жөнөдү. Экинчи кабатка көтөрүлгөндө бир мээрман айым Кереметти көтөрүп палатадан чыгып баратканда:
- Чоң кыз! Келиңиз мага баланы мен тайкеси болом. Ата-энеси кайда? Кайсы палатада? Эмне болду? Алар жакшыбы? – деди. Мээрман айым ага баланы берип:
- Келгениңиз жакшы болуптур. Баланы каяка алып барарыбызды билбей жатканбыз. Кечиресиз, жол кырсыгы катуу болгон экен. Биз аларды сактап кала албадык. – деди ал. Кулагы бул кабардан тунуга түшкөн Темир эмне укканын деле түшүнбөгөндөй туруп калды. Көздөрүнө толгон жашы ээгинен ылдый мончоктоп акты. Анан ал буулуккан немедей бир колу менен баланы бооруна кысып, экинчи колу менен жер таяна «Эмнеге сезимге бой берип, акылыңды тыншабадың? !» деп эриндери титирей кыйкырды…