"АРМАН" Зуура СООРОНБАЕВА
#21 06 Март 2016 - 16:57
Ошон учунбу, айтор булардын казан-аягына берекесине, дасторконунун кенендигине, кайненем айткандай, пейилим тоюп турат. Кайнагамдар келгенде, биздин кочо айрыкча шанга болонгонсуп, уйдун ичи-тышы бирдей бапырап, берекеге толуп, кудум базардай кайнап кетет. Дасторкондун усту тамак-аш, жер-жемишке толуп, май томурулуп, каймак коюлуп, казан асылып, ак самоордун кок буусу буркулуп, памил чайдан ракаттана ууртап, майдайлары жаркып, журоктору жайыла суйлошуп, энесин тегеректеп олтурган балдарын коргон сайын суктануудан чатырай берем. Анан дагы ушундай жакшы уй-болнун мучосу болуп калганыма сыймыктанбай койо албайм. Деги бул кишидей акылы тунук, алтын киши кайда бар дейсиз. “Жылуу-жылуу суйлосон жыландан ийинден чыгат” дегендей, мени озуно тартып, ниетимди агарткан кайненемдин баякы, аялга айткан жанга жагымдуу, жакшы созу болду.
Ушу маалда биздин устубузго Элал кирип, креслого кочук басты.
-Кайненесин мактап, кайненесин жактырып, ага ыраазы болгон келиндер азыр аз. Айда алтын, кундо кумуш таап, каптан алтын алып келип тирилтип коюп, асманга учуруп аэроплан мингизе да баалаган кем акыл келиндер толуп жатпайбы. Сага жаккан экен ал . сен да жагыптырсын кайненене.
-Элал, мени ала электе эле апасы жонундо коп айтчу.
-Мактаппы?
-Коркутчу да. Менин апам камчысынан кан тамган катуу киши, жасан багын, жакпасан шорун, десе коркконумдан кээде айнып да журдум. Корсо ал кишинин катуулугунан калыстыгы кучтуу киши тура.
-Камчысынан кан тамганы кандай?
Элал биздин созго аралаша кетти.
-Мен дагы ким жонундо соз болуп, Касиет ким жонундо мактап жатат десем, соз апам жонундо болуп жаткан тура. “Камчысынан кан тамганы” чындык, эжеке. Кокустан балдарынын кимиси эле болбойлук, туура эмес иш кылып , ачуусына тийдик дегенче, иш бутту. Апам башка энелерчилеп олук-тирикти коруп, каргап-шилеп эжылдашып отурбайт. Ал кишинин уулга уулдай, кызга кыздай жазалай турган озунчо жазасы бар. Апамдын атамдан калган жылан боор камчысы бар. Ачуусу келгенде лшлнусу менен жонго басып-басып алат. Ал эми кыздарында кунөө болсо, жандап баратып эле кара санга оймок боочту салып отуучу. Апамдын колунда аттиши барбы, же кычкачы барбы, ким билсин, кармаган жерин чымчыбай эле узуп алабы, байкуш эжелеркелим сандарын сыпалап алышып, коздорунон жаш ыргып кетиээр эле.
-Дагы деле урабы балдарын?
-Ачуусу келсе кайра тартпайт.
-Аял алып, бала-чакалуу болсок деле урасын деп таарынышпайбы?
-жок, таарынышпайт. Анткени, апам куноосуз кол которбойт. Апамдын ачуусу келатканда улуу байкем баштап каткырып кулуп, апамды кучактай калып “тобо, тобо,
:)
#23 07 Март 2016 - 22:13
-Ии саламат болсун! Дагы эмне деди? Айт эмнеге туюкталып калдын?
Элал Касиетти алдыртан бир карап алды.
-Апам, кош бойлуу неме жатаканага жатпасын. Алиги озунор айткан эженердикинде алып барып таштап кел. Деп мени келинине кошуп сизге жиберди.
Мурда-кийин уйго ботон киши жаткырып корбосом да, Элалга жок дей алган жокмун...
Баятан бери менин созумду болбой кунт коюп угуп олтурган шеригим, жандана тушуп менин созумду болду.
-Атандын кору-у, байбиченин уулдары уулжан экен ээ. Кордунузбу, кептин баары балада. Балдары энем деп, энесинин козунун агы менен тен айланып турган учун келин-кесектери жаналекетке тушуп жасакерленип жатпайбы. Айта бериниз, анан эмне болду.
-Болуптур, ал кишинин аманатын аткарбасам болбос, -дедим. –Бирок, бир нерсени эскертип коёюн экооно. Жашоо деген жашоо. Ботон уй деген ботон уй. “ Бироонун уйун чечмек бар, тикмек жок” дегендей, озунордун апанарга окшоп камчымдан кан тамбаса да, менде да кыял, менде да озумо таандык муноз бар. Бири-бирибизди тушуно билсек болду. "Кемибейм деген хандын бир татым тузу кемийт” дегендей, дайым эле агыл-тогул болуп, бардыгы ойдогудай шайма-шай жайнап турбайт эмеспи. Кээде коюу, кээде суюк дегендей, кай бирлерде карандай чай менен олтуруп калган мезгилдер да болот. Касиет биздин шартка, биз жашаган турмушка консо болду.
-Ай эжекем ай, ал жагынан эч кабатыр болбонуз. Сиз, сиздин балдарыныз ичкенди ичип, жегенди жесем болбодубу. Тамак тандаган кесирдуулордон экен деп ойлобонуз. Тушуном баарын. Он бир тууганбыз. Атам механизатор, энем педагок. Алар бизди жөнөкөйлүккө, көтөрүмдүулүккө, чыдамкайлыкка уйроткон. Ансыз деле карапайым турмушта осуп бойго жеттим.
-Билем, коп балалуу уй-було баштуу болорун. Элал да озуно окшоп чон уй-булодо оскон бала экен. Эмнеси болсо да издешпей табышкансынар. Атаа-энен жашпы ыя, Касиет?
- Ии, жаш эле, эжеке. Эн кичуубуз экинчи класста окуйт.
-Оо, катыгун, анда энен келин бойдон турбайбы. И, суйлосонор. Айлынарда эмне жанылыктар бар экен? Эл-журт, ага-тууганынар аман-эсенби?
-Айылдын эмнесин сурайсыз? Жатат дунгуроп. Азыр мурдагыдай иштесе иштеп, иштебесе жок илен-салан болуп жургон бир дагы жанды корбойсуз. Улуу-кичуу
Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 07 Март 2016 - 22:14
:)
#24 07 Март 2016 - 22:15
-И, анан эмне, бардыгын оздору ондуруп, оздору батыра албай жатса, базарда суутуп коюптурбу? Мындан артык жыргал барбы. Кол кыймылдабаса, ооз кыймылдамак беле?
Биз ушинтип жайма-жай суйлошуп олтурганыбызда “Апа-а! Суйунчу! Акылбек абамдар келди” деп ун алыша кыйкырган балдарымдын унун угуп, ордумдан андай учуп турганымды озум да билбей калдым.
-Кагылайын, келинчеги менен келди бекен?
-Ооба, эеке, колуктусу менен келмек. –Элал курдашынын келгенин угуп, бизден мурда эшикке октой атты.
-Дос! - деген Акылбектин уну занк этти.
-Ой, досум о-о-й, ку боо бек болсун. Ырас мен кете электе келген турбайсынбы!
Экоо кучакташып калышты. Ар жакта, четтеп мосоюп турган жаш келин козумо дароо чалдыкты. Аны коздой басканымча юолюой, Акылбек кош колун сунуп алдыма келип тура калды.
-саламатсызбы, эжеке! Тигил турган келининиз. Ушинтип эле ойдо жок жерден уйлонуп алдык.
-Ой алдынакетейин, саламатчылык. Ырас болуптур уйлонгонун. Куш боо бек болсун! Бетинен оптум. Анан тигил келинди коздой бастым. Коздору жайнаган, куба жулун, тал чыбыктай буралган турпаты, менин конулумду дароо колкулдотуп, ичимди жылытып салды. –Чиркин, колукту болбосон коё кал. Акылбек айнектей болгон жубайга жолуккан тура. Азамат экен бул бала. Жаш балдардын аялдарынын ушундай эле караганда “И, айланайын! ” деп ичтин жылып калганы жакшы да, -деп ойлоп койдум.
Акылбек колуктусун биз менен бир баштан тааныштырып чыкты. Аты Наргүл экен. Анан колуктусуна карады:
-Бул жигит менин досум, айттым эле го Элалды. А тигил келин Касиет, Элалдын жубайы.
Жаштар эзелтен берки эски тааныштырдай кучакташып, бири-бири менен обушуп корушушту. Наргүлдүн коз жашы эмне учундур озунон-озу туруп эле молт дей тушту. Элал чочуп кетти.
-Э-э-й, кудай сактай кор, аяш, эмне болуп кетти? Келелек жатып, антип жаман жорук баштабаныз.
:)
#25 07 Март 2016 - 22:17
-Эреркеп кетсениз сонун экен. Деги ошондой эле болсун,-деди Элал. –Ыйлап жиберсен журогум кабынан ыргып кете жаздабадыбы.
Жигит башын чайкап дароо оолактай берди.
Жаштар бири-бири менен залда ал-жай сурашып олтурушту.
-Силер качан келдинер?- деди Акылбек Элалга карап.
- Бир саатча болуп калды.
-Аа, силер деле жаны келген турбайсынарбы. Патир тапканча эжеме жук болот экенбиз да,-маанайы пас тарткан Акылбек кулумуш болду.
“Капырай, бул баланын конулу буй болуп, эмнегедир тынчы кетип санаага чогуп турган жокпу деги? Эмне учун жылдызы тушуп конулсуз?” деп ойлоп сабырсызданып турганымда Акылбектин созун угуп оюм чачылып кетти.
-Жок, жок, антип мага жук болот экенбиз деп кыжаалат болбой эле койгула Акы. Мен кайра силердин келгенинерге жетине албай кубанып олтурам.
-Ошол сиздин пейлинизди билген учун баса келдик эжеке,- деди жасалма жадырамыш болгону жарашпай, кабагы кыткыл тарткан Акылбек.
-Апан кандай, жакшы турабы? Келиндуу болуп ырас кубанып калган тура.
-Ооба, кубанып калды, эжеке.
-Кубанычы кут болсун. Уул баланын колукту алып, уй-булонун мучо, башына баш кошулушу, чиркин, эне учун доолот эмеспи. Сенин уйлонгоунду угуп, келин -уул жеткирип силер менен кошо келеби деп ойлодум эле. Келген эмес экен да.
-Ообф, озу да айтчу, колукту алсан колго силер менен кошо барам. Келин-уулумдун шарапаты менен Ысык-Көлдү көрүп келем деп. Бирок, ойлогон ой, тилеген тилек кээде орундалса, кээде орундалбай калат тура. Мен Наргулдү уйго алып баргандын эртеси журогунон приступ болуп оруканага жатып калды. Апам таза болсо, биз откон дем алышта эле келмекпиз. Ошол кишиге каралып кечигип калдык.
-Журок оорусу бар беле мурун?
-Кээде журогум деп калуучу. Бирок, мынчалык болоорун ким ойлоптур. Журогубуз тушуп калды.
-Катуу суйунуп кеткен го балдарын коруп. Эне байкуш жакшылыкты да, жамандыкты да журогунон откорот эмеспи. Капа болбо айланайын, кудай сактасын, жакшы болуп калаар. Дарт батмандап тийип, мыкылдап чыгат. Мен сени коруп эле байкадым, кабагындан.
Элал да Акылбектин энесинин абалын угуп урпондой тушту.
-Кап айе, аяш энемдин ооруп калганы чатак болгон экен. Анан дагдурлар эмне деп жатат?
-Эмне десин, жакшы болот, коркпогула, опурталдуу мезгил отуп кетти, деп дарылоочу врач санаабызды тындырып койду. Апамдан санаабыз бир аз тынчыгандан кийин жолго чыктык. Озу да жолунардан калбай кете бергиле деп болбой койду. Үй таап Наргүлдү киргизип коюп, барып келем го кайра. Озун орноштунбу? -Элалга карады.
Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 07 Март 2016 - 22:17
:)
#26 07 Март 2016 - 22:18
-Билем Сан-Кушту. Тоолуу жерге барган турбайсынбы. Акчаны чабат экенсин да. Жаны уйлонгон биз сыятуу жаштар учун андай жерде иштоо жакшы. Ал мектепте кобунчо жумушчуларадын балдары окуйт болуш керек. Аябаган чон мектеп. Эки тилде журсо керек окуу? Мен болгомун ал жерде.
-Англис менин кытай тилин кошкондо окуу торт тилде журот десе болот.
-Ырас, оңдой берди болуп жакшы мектепке орношуптурсун. Куттуктайм досум. Денин сак, ишин ийгиликтуу болсун.
-Айтканын келсин.
-Кайра кайтыш качан?
-Ыйманмазан жол берсе эртен жолго чыгышым керек. Эки кунго кусаатым бар. Баса, наргүл иштейби? Жолдомосу кайда, ушул жаккабы? - деди кабагы ачылып, конулу которулуп жадыраган Элал.
-Ооба, жолдомосу бар, музукалык окуу жайына берилген. Мунун иштей турган иши дайын.
-и, жолдомо менен келгени ырас болгон тура, - дедим мен балдардын созуно аралашып, келинди карап. Бирок, эмне учундур Наргүлдун корунушу Акылбектикинен бетер. Кабагынан кар жаап, коздоруу убайымдуу. –Капырай, коздорун ботонун коздорундой жайнаткан бечера, эмнеге мынчалык муздай тонуп, абигер жегенсип конулсуз олтурат болду экен? Же болбосо, тааныбаган бейтааныш уйго келгенине нааразы болуп олтурабы? Мен эки келинди салыштырып сынай тиктейм. Наргүл менен Касиеттин ортосундагы айырма мага тим эле асман менен жердей болуп турду. Бул дуйного аял болуп жаралып келгенден кийин, аял затына тиешелуу өң-тус, келбет деген немелер да керек экен го. Жаратылыштын марттыгынан да сарандыгы куч белем. Болбосо, Наргүлгө берген ушул сулуулуктун улушунон Касиетке деле кичине улоштуруп койсо эмнеси коройт эле? Байкушум ай томпойгон, бул келинде болгон кемчилиги онунун серттиги. Болбосо, акыл менен адамгечилик жагынан алдына адам сала тургандай корунбойт. Колунан баары келчудой.
Балдардын зеринен уйдун ичи толуп, оз уландарым оз келиндерим келгенсип, кубанычтан журогум жарылат.
Акылбек менен Элалдын суйлошуп олтурган создорун угуп, конулум көккө сермелет. Кечээ жакында эле бой бойдок, оздору билип, отугун торго илип уй-булодон бейкапар шарактап жургон боз уландардын бугун минтип суйлогон создору да, оздору да, муноздору да озгоргондой сезилет мага. Экоо тен мурдагыдан токтоо, мурдагыдан ойлуу тартып, алдыдагы келечек максаттары терендеп, уй-булолук турмуш жонундо кобуроок ойлоп, камкор тартып калгандыктары байкалып турду. А мен болсом “ катын алсан отун ал” деген ошол деп коём ичимден чымыйып. Бирок, конулумдо Элал менен Касиеттен санаам тынганы менен Наргүлдөн озумдон-озум эле кооптонуп, чийки май жегенсип турдум.
Ошонун эртеси чогуубуз менен чыгып Элалды узаттык. Кетээр алдында Элал Касиет экообузду эки жагына колтуктап алып, элден обочороок жерден табыштады:
:)
#27 07 Март 2016 - 22:20
-Кагылайын Касиетинден коп эле кам санабачы. Бири-биризге тушунуп, тил табышып кете алабыз го деп ойлойм мен. Мындай кыз колдо турбайбы.
Касиет куйоосун карап, жымыя кулуп, камырына суйлоду:
-Эжемди кокустан иренжитип капа кылып коёр бекен деп менден чочулап кабатыр болбо. Бир кишинин конулун таап, кадырлап албай эмне болуптурмун. Андан коро мени коюп, озунду ойло эала. Жалгыз-жарым жашоо оор болоорун билип турам. Кантип коноор экенсин? Бул жакка караганда оз уйун, оз элин жакын сага. Апана бат-бат барып тур. Дайны жок акча жыйнап, оокат алм деп сарандык кылбай, курсагынды бар. Ден соолугуна кара. Убагында тамактанып, убагында укта. Эртели-кеч басканды, аба жутканды унутпа. Спортко такай катыш. Деги денин сак болсо экен. Ишине ийгилик тилейм, Элал. Кандай педагок болоор экенсин?
-Капырай де. Менден педагок чыкпайт дегин бар го ыя? Болсом болгондой эле педагок болом. Дайны жок тигини-муну ойлоп менден кабатыр болбочу байболгур. Тируу жан турбаймынбы, эптеп жан бакканды билээрмин.
-Кээде тамеки тарткандандарды коргондо кызыгып кетмей адатын бар эле. Жотолун бар, тамеки тарта корбо! Ичкиликти озун деле ичпейсин. Бирок, ак конулсун.
Элал башын чайкап, аялын тиктеп туруп, көөдөүн кере дем тартып алып колуктусунун мурдунун учунан чымчып койду.
-Ичкилик ичпе! Тамеки тартпа! Сенин ушул кетирейген жаман мурдунду эмне кылайын ыя? Баралына келгенде куйоону катуу кармап, катыра башкарасын го дейм. Кийинки айкан создорундун баары апамдын создоруно окшоп кетти. “Сыныктан башкасынын баары жугат” дегендей, уйронгон экенсин да. Же апам айтты беле?
Касиет кызара тушуп, мукактанды:
-апам бул жонундо эч теке айткан да эмес, уйроткон да эмес. Озум эле айтып жатам. Ушул да башкарган болобу. Куйоосунун ийнине бактын бурунон учуп тушкон кенедей кыпынды колунун учу менен этият алды. Анын бутуройгон кой козу жигиттин тула боюн тинте карап камкор тиктейт...
Элал жоноп кетти. Уйго келатып оюмда эркекке караганда бул аял заты озгочо боорукер, озгочо камкор жаралган керемет экен го дейм. Ансыз эр жигиттин корку, омрунун шаны, жашоосунун кызыгы болбостугун ойлоп кыялга батам. “Ооба, эриш-аркак жашоонун озу ошон учун кызык, ошон учун кымбат окшобойбу. Деги Элал келечегин кен ойлогон эстуу бала экен. Акылдуулугунан колуктунун чырайына карабай эстуусун тандаган тура. Баракелде, баракелде, кут болсун!” дейм озум менен озум суйлошуп.
Ошонтип колумда оз балдарымдан башка эки келин, бир уул калды. Касиеттей эстуу келиндуу болуу уй-булонун сыймыгы, кобунесе кайнененин бактысы экен деп ойлочу болдум. Айтор, Касиет келгени уучум узарып, колум женилдей тушту. Бул келин уйдун ичин аралап, казан-аякты даарып отту дегенче бардыгы орду-ордунда болуп, иретке тушуп жаркырап чыга келет. Сыягы мунун баары адамдын ак пейилден журогу менен берилип иштегени болсо керек. Касиеттин дагы бир
:)
#28 08 Март 2016 - 19:39
#30 09 Март 2016 - 20:24
-Э, Касиет, эмне учун энен келбейт, ыя? Кызым кандай уй, кандай адамдар менен туздаш-даамдаш болуп, бир казандан аш ичип, бир чамгарактын алдында жашап жатты болду экен деп ниетинде ойлойт болду бекен?
-Кантип ойлобосун, ойлойт, эжеке. Энемдин озу да сиз менен таанышууга ынтызар. Огуну бир жолу келем деп, дем алышта камынып алса, досунун туулган куну болуп, ошондо кетип келелбай калыптыр. Билесиз го, тигил “Жылдыз” колхозунун саанчысы Юматованы.
-Аа, алиги Социалисттик Эмгектин Баатыры Надежда Андреевнаныбы? Билем, билем. Ал деген жумуриятыбызга аттын кашкасындай таанымал аял эмеспи. Энен атактуу жакшы аял менен дос турбайбы. Аны менен кайдан журуп дос болуп калышты экен?
- Ал эле дейсизби, болгондо да экоо акыреттик дос.
-Тобо, ушул заманда акыреттик дос болгондор да бар экен ээ. Биринчи угушум.
-Акыреттик достор, шарият боюнча ата-эне, бир туугандан да жакын болот имиш. Уктунуз беле аны?
-Уккам, шариятта ошондой айтылат. Мисалы, достор акыретке барганда, биринин куноосу оор болуп, тозок отуна куйуп жатса, куноосузу тигил досун тозок отунан бошотуп, анын ордуна тушуш керек. Ал эми ушул жалган дуйнодо да эч качан биринин конулун бири оорутпай ынтымактуу жашайт достор. Достукка чыдаган киши гана дос болот. Мындай адамдар эн сонун даназалуу уламыштар айтылат.
Биз ушинтип суйлошуп жайма-жай олтурган мезгилде тыштан кандайдыр адамдардын кобур-собуру чыгып, Касиет экообуздун созубузду болуп кетти. Келин ордунан учуп турду.
-Кудай-ай, кантсе да энем келди окшойт. Уну чыгып жатат.
Ачык турган эшиктен кирип келеткан аялга Касиет менден мурда жетип, кучакиап калды.
-Оо энекебайым, ырас келбединби. Эжем экообуз азыр эле сени кеп кылып жатканбыз...
Касиеттин энеси, мен ойлоп жургондой эмес, ондуу-тустуу, келбеттуу аял экен. “Адам оз жамандыгын олгончо билбейт, киши жамандыгын кирип чыкканча билет” дегендей, бул аялдын ачык-айрым мунозу, орду менен орундуу суйлогону, токтолуугу мага айрыкча жакты. Биз кечки тамактан кийин аба жутуп басып келууго чыктык. Ортодогу тынчтыкты биринчи Касиет бузду.
-Баса, эне, жосундун юбилейи кандай отту?
-Жакшы отту, балам.
-Сен да откоросунбу элуу жылдык юбилейинди?
Аял жылмайды.
-Алдына кетейин, элууго чыккандын баары эле юбилей откоро бермек беле?
-Откорсо эмне болмок эле? “Манастан Чубак кем бекен” дегендей, досундан сен деле кем эмессин го.
-Эми анча-мынча тар чойродо, озубузчо жакшы санаалаштар менен чай ичишмей болот дечи. “Казга тенелип карганын буту сыныптыр” дегендей, Надяга тенеле аламбы, кызым. Андай атак-данктуу болсом бир жон. Аяш энене бул эле Ысык-Көл, бул эле Бишкек эмес, тээтиги Маскөө, Петрограддан бери куттуктоолор жамгырдай жаап келди.
-Кызык, сенин деле тайдай данкын болбосо да, койдой данкын бар да. Элуу жылдыгынды откоргун келбесе, биз эле откоробуз. Элден мурда туулган кунун жакындасынчы.
:)
#31 09 Март 2016 - 20:26
-Сенин деле эмгегин бар го. Юбилейинди откоргун келбесе, атам экоон кумуш тоюнарды деле откорбойсунорбу?
-И, кумуш той десен жону башка. Аны жасаса болот, каралдым. Ал ойдо бар жумуш.
-качан элууго чыгасыз?- дедим мен.
-Дагы бир-эки жыл бар.
-Анда Юматова сизден бир аз улуу экен да.
-И ортодо анча-мынча айырмабыз бар. Ал экообуз турмуштун оор кундорун сеники-меникиси жок башыбыздан кечирген кыздарбыз. –Касиеттин энеси мага карады. –“Адам ниетинен табат” деген туура соз экен. Биз Надя экообуз эле эмес, уй-булобуз менен бири-бирибизге жакынбыз.
-Жаш кезиниздерден тааныш турбайсыздарбы. Орус селосунда жашагансыздар го?
-Жок, биз орус селосунда жашаган жокпуз. Биздин айылыбызда эле, бир кочодо, ирегилеш
Жашап бойго жеттик. Эми ойлосом энелерибиз бири-биринин ачына айланышкан, тогуна тогуна толгонушкан мээрбан аялдар экен. Ошол энелерибиздин достугу кийин бизде калды. Биздин айылга Надянын ата-энеси кочуп келген мезгили али кунго ташка тамга баскандай эсимде. “Бал кудукту тапкан да сен, таткан да сен” дегендей, аларды биринчи коргон да мен болдум. Кундордун биринде алыштан суу алганы кочого чыксам, биздин уйдун мандайындагы ээси олуп, аялы балдарын алып торкунуно кетип, ээн калган эски тамга, араба менен кочуп келип, эмеректерин тушуруп жаткан орустарды коруп, колумдагы чакаларды жерге коё коюп, орт чыккансып кайра уйго шашылыш чуркап кирип, энеме кабарладым:
-Энеке, билесинби, Сыдык абамдын тамына орустар кочуп келишти.
-Калп айтпачы,-деди энем.
-Кудай урсун, чын айтам, олуп кетейин.
-Эшик-терезеси жок алааны ачык болуп эбитип ураганы турган ошол эски тамга ким кочуп келмек эле? Жанындагы мукаштын уйуно келген тааныштарын корсон керек.
-Жо-о-о-к, анда эмес эле, сыдык абамдын короосуна арабасы менен кирип, жукторун тушуруп жатышат. Чыпчын, ишенбесен озун деле корчу. Журу, энеке, баралы. Билесинби, мендей кызы бар экен.
-Эмне дейт. –Энем менин созумо ишенбеген калыбында, ордунан туруп тышка чыкты.
-Ишенбей жаттын эле, тигине кордунбу орустардын кочуп келгенин.
Энемдин кабагы чытылып, тигилерди алыстан бир демге карап туруп, танданды:
-Э кудай талаа, бул ээсиз калган уйго ээ болуп, буларга ким берди экен?
Энем, эмне учундур козунон молт дей тушкон чолок жашын суртуп мелтиреп турду. Кирпиктери ирмелбей, каректери тонгон муздай болуп, кабаарып турганын коруп, мен дагы озумдон озум селее тушуп, энемден коркуп куноолу адамдай болуп, соз айталбай калдым. Ошол саамда энемдин орустарды карап танданып турганын карап, же тим гана Сыдык абамдын уйун тиктеп, тигилерге боор ооруп умсунуп турганын да билген жокмун. Биз ушинтип турганыбызда, ар жактан озунчо суйлоп Айкан эне, жаныбызга басып келди.
-Сыдыктын уйуно кочуп келип жаткандар кимдер экен, ыя ботом?
-Билбейм. Мен да азыр Жумагүлдөн уктум -деди энем. –Бул кызга ишенбей чыксам чын экен. Мужуктарды коруп, санаам санга болунуп, конулум бузулуп турам.
-Айла барбы, ээн турганча тутун булап турсун. “Нары олсо тайлак бар, кому жерде калабы” дегендей, Сыдыктын балдары борбоуюн которсо келбейби эртен эле ээ болуп.
:)
#32 09 Март 2016 - 20:27
-Булар мейнеткеч эл болот тура. Коросун, бул жаман тамды, тез эле жаркыратып уй кылып алат эмеспи. Ушунда ээси жок, ээн калган уй бар деп атка минерлерден бироо айтса керек. Куураган омуру кыска шоордунун уйунон качантан бери тутун чыкпай калды эле, ким болсо да киргени ыпас болду. Эми айнып көчө качпай, туруп калса экен десен. Аа, куураган шоорду, деги тамын аябай бекемдеп бышыктап салган экен. Ээси бар уйдон бетер калкайып кадимкисиндей турат.
-Ырас эле тобосунон дегеле кылайып жаан отпогонун кантесин. Маркум, эмне кылып шыбап, устун эмне менен жапты экен десен,-деди энем шыпшынып.
-Жаш болсо да Сыдык шордуу колунан коору тогулгон уста, анын устуно адамдан башкача эмгекчил бала эмес беле. Салган да бекемдеп. Жашайм деди да куураган бала. Ээлеп алганга чыкпай койбодубу. Каражолтой там деп качышат го.
-Каражолтой деп качышса, эшик-терезелерин чыгарып, тоноп кетишпйт эле го. Илгээри аталарыбыз “бүлүнгөндөн бүлдүргү алба” дешээр эле. Азыркылар кудайдан да коркпой калбадыбы. Оо, жараткан алла, пенделеринден ыйман кетип баратат ов! Кечээ жакында эле, мамысынан ат кетпей, короосунан кой кетпей, бапырап, бал-чакасы чурулдап, булбулдай сайрап туруучу бул уйду, ушинтип ээсиз калат экен деп ким ойлоптур. Каран Акбаары женем абышкасы экоо, там уйдон думугуп кетет экенбиз деп занкайтып алты канат боз уй тигип! Экоо бирдей зынкыйып, сын-сыпатын бузбаган манап кишилер эмес беле. “Мээнетине да ишенбе, дөөлөтүңө да ишенбе” деген ушул. Жараткандын жазганы ай, эми минтип ордун орус ээлеп! Мен бир эсептен мужуктардын кочуп келгенин коруп суйунуп жатам. Сыдыктын жашабаса да уйу болуп, тутун булап, орус болсо да опур-топур болуп турсун. Балдары эр жетип, эли-журтун таап келсе табылаар жай. Арбак урган келин, балдарын алып бир айланып келбей койбодубу.
-Кудай ушундай орду толбос кырсыктан сакта дей туган. Олум оксутот деген ушу тура. Келин деле айласы кеткенинен кетти го шордуу. Балдарды багышонойбу. Акры бир куну ата конушун издеп айланып учушаар.
-Туура айтасынар, жене. Ата-жотосу башка бироо келип ээлеп жатса, ич куйот тура. Мужуктарды коруп санаам бузулуп кетти. Деги булар эмне болгон, кайдан келген немелер болду экен. Жургуло, барып билели,-деди энем, бошоп кеткен жоолугун ондоп байлап.
Биз барганда орустар огороддун уй жак четиндеги кок майсанга жаны эле чатыр тигип, эмеректерин ошол жакка ташып жатышыптыр. Уй ээси аял, менин оз энем курактуу, жупуну кийинген карапайым киши экен. Биздин келетканыбызды коруп, колундагы ону очкон эскилен алжапкычын кармалап токтоп калды.
-Келиниздер.
-Булар кошуналар го!-деди эркек киши обочодон ун катып.
-Ооба, кошунабыз,-деди энем, -бул мандайынкы уйдо турабыз.
-Кыргызга тууган бололу деп келдик байбиче. Аранарга кошосунарба?
-И, кошпой анан, кошобуз.
-Мария, меймандардын алдына устол кой. Чай кайнат. Самоорун оной жерде беле? Мен отун даярдап берейин.
-Ой жок, ракмат. Убара болбонуздар. Бизге алаксыбай ишиндерди иштей бериниздер. Аманчылык болсо ичээрбиз чайды. Кыргыздар жаны кочуп келген коншуну мурда өрөлүктөйт. Жол биздики бай. Маржанызга караганда, тилди сиз жакшы билет окшойсуз. Биздин созду айтып, тушундуруп коюнуз.
-Аялым кыргыздын шартын жакшы билет. Силердин созду менсиз эле тушунот.
Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 09 Март 2016 - 20:28
:)
#33 09 Март 2016 - 20:29
-Олтургула. Меники ат Мария, -деди аял. –Ушул биздики бала мугалим. –Тээ, ары жакта тамдын артындагы киши бою менен тен оскон чалкан аралаш ат кулакты чалгы менен чаап жаткан узун бойлуу, арыкчырай жигитти корсотуп.
Булардын созун угуп “орустар да кыргызча суйлогонду билет экен ээ”, деген ойдо тандана тиктеп турдум. Ошол саамда чалгысын колуна кармаган калыбында биздин жаныбызга келген жигит, уюлгуган куйкум буурул чачын сылай берип салам айтты:
-Саламалейкум, апа!
Уулунун саламын уккан уй ээси кулду:
-Эй, алексей, аялдар менен антип салам айтып учурашпайт. Бул эркектерге таандык соз. Сен эми кыргыз тилин жакшы оздоштурушун керек, балакай.
Жигит ынгайсызданды:
-Уйроном, баатья.
Биз жаны коншубуз менен чаламонол суйлошсок да алардын, биздин айылга, баласы мугалим, атасы жыгач уста болуп иштей турганын билип алдык. Оздору бир жакта кыргыз айлы менен ирегилеш туташ саланган хутордон кочуп келишиптир.
-Чон кишиге караганда балдар тез таанышат экен. Надя экообуз тез эле бири-бирибиздин атыбызды билип, ата-энелерибизден мурда аралашып кеттик. Эки уйдун келим-кетими да экообуздон башталды. Коншубуз бир эле биз эмес, бардык айылдаштар менен ушул жерде, ушул элде туулуп-оскон адамдардан бетер бар эле агайын-туугандай болуп алынышып кетти.
Алар да бизге окшоп бала-чакалуу, очор-бачар адамдар экен. Улуу баласы Алексей биздин айылдагы жети жылдык мектептке орус тил сабагынан мугалим болуп келиптир. Ушул окуу жылынан баштап, биздин мектеп жети жылдык эмес, он жулдук мектеп болуп, быйылкы жетинчи классты бутургондор учун сегинчи класс ачылат экен, деген кубанычтуу кабар баарыбызды толкундантты.
Биздин айылга жамаатташ орус селосуу да, орус мектеби да жок болучу. Надя окуу башталганда таята, тайенеси турган айылдын окуганы кетти. Бирок, арадан ай айланбай эле окуусун ташатп, кайра качып келди. Ата-энеси кызын урушуп да, жалынып да кайра жибере алышпай коюшту. Кыргыз мектбинен Жумагүл менен окуйм деп көжөлүп жатып, акыры экинчи класс эмес, биринчи класска кирип мени менен чогуу окуп калды. Ал эми Алексей Андреевич орус тилден эле сабак берип тим болбостон, окуу болумунун башчысы болуп иштей баштады. Ал озунун жонокойлугу, адамга жагымдуу жайдары мунозу аркылуу мугалимдер менен окуучулар жамаатынын арасында тез эле кадыр-баркка ээ болду. Сабак аяктап, уйго кайтканда окуучулар Алексей андреевичтин чыгышын кутуп кылчайдай беришет. Алар орус тили мугалими менен бирге басууну сыймык корушот. Бирок, ар дайым эле окуучулар куткондой боло бербейт. Алексей Андреевич кээде эле биз менен чогуу кетпесе, копчулук убакта мектепте калат. Анткени, жаш мугалимдин озунун иштей турган иши, бере турган сабактары бар экенин балдар кайдан билишсин. Деги Алексей Андареевич оспурумдор менен суйлошконду, аларга кызыктуу создорду айтып кубандырууну жеринен жакшы корсо керек. Анын балдар менен басканда мээрими тогулуп, журогу жарылып кете турган адаты боло турган. Пушкиндин “Алтын балык”, “Падыша Салтан” жонундогу жомогун биринчи ошол Алексейден угуп, кыялым учуп, конулум кокко сермелген. Биз орус тилин окууга дилгирленип, орусча суйлоого, уйронууго кызыксак, ал кыргыз тилине кызыкчу...
Мария Павловна менен Андрей Сергеевич бутундой уй-булосу менен эмгекчил адамдар экен. Алар тез эле баякы жаман тамды ремонттошуп, короо-жайды иретке салып жиберишти.
Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 09 Март 2016 - 20:29
:)
#34 09 Март 2016 - 20:30
-Мына ушинтип эле оокат болот. Бир уй эмес, эки уйго жете турган кирпичтик ылай даяр болуп калган тура. Калып болсо бар. Бала-чака болуп жапа тырмак киришсек, бир-эки кундо куюп да коёбуз.
Эки уй ынтымактуу болуп кеттик. Алексей болсо эртеден кечке мектепте. Окуу жылы кандай аяктап, кыштын кандай отуп, жайдын кандай келгенин да билбей калдык. Биз Надя экообуз тен экинчи класска кочтук. Кыргыз мектебинде кыргызча окусак да эки тилде эркин суйлоп калган болчубуз. Бааларыбыз да жакшы болучу.
Окуу жылы аяктаары менен мектептин ремонту башталды. Алесей Андреевич доска, парталардын ремонтун бут бойдон, дагы бир мугалим экоо колго алыптыр. Эрте кетип, кеч келет. Надянын Иван деген агасы аскерге кеткен. Ал эми Василийи болсо Москвада автодорожныйтехникумда окуучу.
Атам баш болуп айкан энемдин балдары, анан Андрей Сергеевич болуп, уч уй-було оноктошуп кирпич куюп, уй салганы жатышкан. Бечера Айкан чон эненин тородой болгон торт уулу бар эле. Тобокел токтобой журуп токтогон баласы экен. Олумдон журогу ушугон ата-эне, ушул баласы торолгондо “Тобокел, турса турганын корорбуз, турбаса аны корорбуз” деп атын Тобокел коюшуптур. Тагдыр бөксөнү толтурам десе, толтуруп коюучу неме тура. Тобокелден кийин эки жыл отуп Актан, Сактан, Абыкан деген уч эс эгиз уул тороптур. Учоо бирдей тирелип онунчу классты бутуп, Бишкекке жогорку окуу жайына кетебиз деп камынып, канаттарын куулоп турушкан кез. Айкан эне, балдарыныны деминен журогу толуп, санаасы тынгансып чатырап калган. Тобокел жетинчи класста окуп жаткан кезде атасы каза болуп, окуусун уланталбай калыптыр. Айкан чон эне, балдарым аштан ачка, кийимден жыланач, атасыздай болуп калбасын деп уйго келип аялдын, тышка чыгып эр жигиттин жумушун аткарган эмгекчил, тын аял болгонун элдин баарысы айтып, даназа кылышчу.
Баса чон энем демекчи, эми ойлосом ошол биз “чон эне” деп жургон айкан эне, ошол кезде бар болгону кырк беш, кырк алтыга чыгып чыкпаган кулгун курагы экен. Биз ал киши койнокторду колпутуп, этек-женин балбыратып кенен кийип, токтоо суйлоп, тотоо журсо эле, кары коруп жургон окшобойбузбу. Маркум айкан эненин бир созу эмдигиче эсимден кетпейт. Ой жаштыгын курусун, Актан, Сактан, Абыканымды туура жыйырма алтымда тордум. Куурган жаным ошондо “Итче эгиздеп туудум” деп элден уялып, жолдош-жородон корунуп, уйдон чыкпай журбоймунбу. Тобокелим жыйырма тортумдуку. Тунум Бурулканды он алтымда тородум. Аным олбой тируу журсо, булбул болуучу кыз эле. Андан кийинки уч эркегим учоо тен маалына жетпей, балтыр бешик болуп талпынып турган кездеринде, “Кундо туусам кундо жок, кундо жылан жеп коёт, айда туусам айда жок, айда жылан жеп коёт” дегендей жок болушту. “Кудайдын бергенине суйунбой, турганына суйун” дей турган тура. Кудай эми пендем деп жаратса, ушулардын жамандыгын корсотпосо экен. Айтор, эмне экенин билбей, балдырым башым десе, журогум оозумдан ыргып кете жаздайт. Жедеп, олумдон жалкотой болуп бутуп калган шордуу турбаймынбы. “ Бала, бала деп журуп, балапан кезимде карыдым” десе, эмне учун кары туруп, карылыгына арман кылат, деп ойлоочу элем. Корсо ал кезде аялдар эрте картайчубу, кандай. Айкан чон эне эле эмес, анда оз энем деле кары коруноор эле. Алар озу тендуулор менен бирге болгон той-тамашаларда, жоро бозолордо ойноп-кулуп олтуруп ырдагандарын укканымда “Тобо, шумдук, карыган аялдар да жаштардан бетер кулкулору таш жарып, уялбай ырдашат экен ээ” деп танданып калчуумун. Корсо карылык деле заманына жараша неме окшобойбу. Азыр кырк, кырк бештеги аялдар эмес, элуудон ашкан аялдардын “биз жаштар” деген создорун уккандан, Айкан чон энем менен оз энем маркумдар дароо эсиме тушот. Аа, атандын кору-
Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 09 Март 2016 - 20:31
:)
#35 09 Март 2016 - 20:31
“Ынтымак бар жерде, ырыс бар” деген чын экен. Кундордун биринде атам менен Андрей Сергеевич, Айкан эненин уйунун тобосу тушуп, ортосунан чорт сынып кеткен устунунун ордуна жаны устун салып, устун ачып, кайра жаап шырык тизи жатышкан. Той болгонсуп топурап, уч уйдун бала-чакасы, орусу менен кыргызы аралаш баарыбз Акан энениинде болчубуз. Айкан эне казанга жаны жаап, жаны эле чыгарган нанын чоогусу менен чон чарага салып бата кылып, озу четинен ооз тийди да, анан биздин астыбызга койду.
-Ысык нанды каймак жегенди Актаным да, Сактаным да, Абыканым да жакшы корот. Силер да ошонтип жегиле дей-нандарды бычыратып сындырып жиберди. Андан кийин кана, тушуп ысык нан жегиле!-деди Айкан эне тамдын устундо олтургандарга занк этип.
-Азыр! - деди атам томонтон катуу келаткан чабарманды коруп, анкая карап. –Бул эмнеге мынчалык, олоор-тирилерин билбей орт чыккансып чаап келатат. Мунун дени соо эмес.
Колубуздагы нанды кармаган калыбыбызда биз да, тиги киши келаткан жакты жабыла карап дымый туштук. Чабарман биздин катарыбыздагы коншу уйго жеткенде атынын оозун тартып кандайдыр каргылдагган жапайы ун мен кыйкырды:
-Э-э-й, уйдо ким бар?
-Мен бар!- деп чанк эткендей болду бироо.
-И, бар болсон жакшы болуптур. Бирин калбай баарын кенсалга баргыла.
Ун дагы чанк этти:
-Кенсалда эмне кылат экен бизди? Мен баралбайм, азыр апийим отоого кетем, аке.
-Ой апийимин менен куруп калгыр, тигил жакта согуш башталды деп, элдин уройу учуп жатса, апийим дейт тура.
-Ал эмне болгон согуш экен э кокуй?
-Эмне болгон согуш экенин барганда угасынар! Айкан эне кочодогу созду тыншаган калыбында элейип турду.
-Алда катыгүе ай, согуш дейби?! Кимдер мушташып кетти экен оту жарылып. Чабармандын бул созуно караганда айылда бир чон чатак бар го. Балдарына карады. Чыр-чатакка аралашпай жакшы жургуло кагылайндар.
-Алда энекем ай, айылда чатакка аралашып жургонсуп суйлойсун да.
Атам менен Андрей Сергеевич ун жок, соз жок ондору очкон тейде, экоо эки устундун башында катырып койгон жансыз солокотко окшоп олтуруп калышты. Чабарман биздин уйдун тушуна жеткенде, ал кишиден мурду, Анрдей Сергеевич озуна суйлоду:
-Эмне эле согуш, согуш деп элдин ушун алып дурботуп келатасын? Тактап айтчы тушундуруп, ал эмне болгон согуш экен? Кайда болуп жатыптыр?
-Ой кокуй күн ай, эмнесин тактап айтайын. Бизге “эмистер” согуш ачыптыр деп жатышат. Райондон “митинке” жасайбыз деп кишилер келди. Эркек, ургаачы дебей кенсалга баарын чакырып жатат. “Урушта туруш жок” дейт, тез баргыла.
- Э кокуй, “эмис” деген эмнеси? Мен дагы бироолор мушташып жатыптыр деп ойлосом, башкача согуш го, ыя катыгун, - деди айкан эне, жамандыктан жыт алган немече.
-Ооба, башкача согуш тура жене. Биз барып келели. –Атам менен Андрей Сергеевич, Тобокел учоо, эмелки жаап жаткан уйдун устун ташатп, шалдайышып жерге тушушту. Анан үн жок, соз жок уройлору учкан турдо туз эле айылдык кенештин мекемесин коздой бет алышты. Актан, Сактан, Абыкан болсо бирин-бири карап туруп, тигилердин артынан басышты.
:)
#37 10 Март 2016 - 20:28
-Барса эмне болмок эле. Биз деле угалы эмне согуш экенин...
Атамдар ошол куну Айкан чон эненин уйунун устун тыным албай, өлөмата айдын жарыгы менен жаап бутурушту. Анан Андрей Сергеевич мындай деди:
-тигил куюлган кирпичтерди кургаганда сууга тийгизбейжакшылап жыйып койгула. Согуштан олбой тируу келсек, уйду ошондо салабыз. Тушунуп жатасынбы Айкан байбиче? Бизди эртен жоноткону жатат. Ушундай кырсык, айла жок.
Аялдын коздору алая тушту.
-Кайда жоноткону жатат?
-Уруш башталган тура батышты. Согушка кетебиз.
-“Согушка” –энем да селт этти.
-Э кокуй, алар согушат деп силер да согушасынарбы? Согушпай эле койбойсунарбы, чатакты ырбатпай.
-Бул согуш эки кишинин мушташы эмес Айкан. Немецтик желдеттер жондон-жон эле куноосуз мамлекетке кол салып, бомба таштап адамдарды кырып, шаарлар менен кыштактарды талкалап баскынчылык кылып жатса, ким деген унчукпай карап турат. Бугун ал жерде болгон согуш, эртен бизге да жетет. Өрт алоолоп кучой электе, жеринде басышыбыз керек.
-Аа, кокуй ошонндой алааматуу беле катыгун. Коркунучтуу орт тура анда.
-Чакыруу кагаз берди баарыбызга. Эртен кечки параход менен жонойсунор, -деди тобокел томсоро суйлоп.
-сен дагы кетмек болдунбу? -Аялдын коздору алайып, ону кубара тушту.
-Согуш деген ошол, Айкан. Эки болунуп кетет экенбиз. Бир тобубуз эртен, бир тобубуз бурсугуну жономок болдук. –Атам ордунан турду...
...Ошол кундон баштап элдин тынчы кетти. Жаш-кары дебей биринин артынан бири жонотуло баштады. Атам менен Андрей Сергеевич онентип согуштун ир алдында кетишти. Аскердик милдетин жаны эле отоп келген Тобокелин, Айкан эне кайра узатып кала берди. Согуштун экинчи жылы Актан, сактан, Абыкан учоо чогуу бир кундо кетишти. Ал эми кошунанын балдары да согуштан четте калышкан жок. Алексей бул жактан кетсе, окуудагы баласы окуудан, аскердеги баласы аскерден кетти.
Айкан чон эне Тобокелдин артынан уч баласын чогуу узатып, кайраты кайтып, акылы азып чого тушту. Омурундо толго тартып корбогон аял, эми торт баласынын айынан төлгөчү боло баштады. Балдарын эстеген сайын эрмек кылганы да, үмүтү да эми кырк бир таш болду да калды. Төлгө тарткан сайын, оз толгосуно озу бирде кубанып, бирде кайгырып, озу менен озу кожурап суйлошо берет. Толгону тартканда торт баласына торт башка тартат. “Башын тогуз, аягын сегиз” деп таштарды болуштуруп бутуп, бир демге унуз телмире тиктеп туруп, ичинен кайрып кубурой берет. “Баламдын мандайы жарык. Кат-кабар келип калуучудай, ондон да солдон да кез тушту. Буюрса курсагы ток, кырк бир бойрогундо. Олда балакетинди алайын каралдарым ай, мени ойлоп, уйду сагынып тынчы кетип журушобу, тортоонун тен бирдей кабактары буркоо, журоктору тупойул. Ар дайым кулак туруп кабар
:)
#38 10 Март 2016 - 20:30
Айласы кеткен Айкан энем ай, аябаган ченде жок жакшы киши эле. Шордуу байкуш, куурап калды ошентип.
Мария Павловна менен энем жумушка бирге чыгып, бирге иштешет. Ал кезде колдо апийим айдалчу эмес беле. Отоо башталгандан баштап, дем алыш кундору надя экообуз энелерибиздин ордуна апийим отоого чыгабыз. Жаш деген жаш, бала деген бала болот тура. “Өлөлбай жатып өлөн айтат” дегендей, ачкачылыктан эрдибиз кебирсип, ичибиз ичегибизге жабышып турса да, кабак кашым дебей ойноп барып, ойноп келебиз. Отоону ырдап журуп отоп, кулуп журуп кундун кеч киргенин да билбей калабыз. Надя эообуздун ойногон оюнубуз да бир укмуш болоор эле. Экообуз “отамири-замири” деген оюнду коп ойноочубуз. Мелдешибиз болсо болоор-болбос эле бир нерсе. Бир куну эртен менен эрте энелерибиздин ордуна апийимдин отоосуна кетип жатып, жумуш убагында бул оюнду убактылуу токтотуп коюнуу чечтик. Тушку тамакка деп бидонго кичине талкан сээп айран куюп алганбыз. Энелерибизди кубантып, калган жерди отоп бутуп, мактанып баралы деп жатып, бада келген маалга чейин иштептирбиз.
Отоодо бизден башка адам калбаганын коруп, шашкалактап жатып, айран куйган идишибизди кетээрде албай унутуп калганыбызды жарым жолго жеткенде эстедик. Надяга, “Журу, кайра чогуу барып алып келели” десем, “Жок, сен эле барып алып келчи. Мен акырын баса берейин” деген созун угуп, ичим куйуп кетти. Анын таштап кетээрин ойлоп, ошол замат “замри” деп кыйкырып жибердим. Кыз турган ордунда катты. А мен болсо артымды кылчактап карап апийим таласына коздой кополоктой учуп бараттым. Идиш алып кайра тартканымда кара долдун чанын бурулдатып айылды коздой калын бада баратты. Уй менен чынды эч нерсе корунбойт. Надям кетип калабы деп ойлоп абайлап карасам, Надям кетпей эле баякы жерде серейип турганын коруп, санаам тына тушту. Желини сутко толгон уйлар анын нары жагынан да, бери жагынан да өңкүлдөй басып отуп жатышат. Мен ошол саамда курдашымды “отамри” дейин деп баратып, кайра ойлоно туштум. Ал бошосо дароо мени “замри” деп, катырып коёбу деген ойдо кооптонуп, кормоксон болупунчукпай отуп кете бердим. Бирок, уйго аз калган болчубуз. Мен озубуздун тамга жетээр жетпестен
:)
#39 10 Март 2016 - 20:31
Биздин оюнубузду коргон энем куйполоктоду:
-Капырай шумдук, куугумдо да ушундай оюн болобу? Биринерди-бирин коркот деп аябайсынарбы. Надянын ордунда башка кыз болсо, туйтундап урушаар эле ээ. Экинчи мындай беймаал кезде обу жок оюнду байкап ойноп жургуло.
Энемдин созун уккан Мария павловна кулду:
-Эмнеге урушмак эле. Оюндун да оюну бар. Аны чыдаган киши гана ойнойт, кудаш.
Надя келген кезде мен кылтылдап ар жакта жашынып турган болчумун. Анткени, надя мени корсо дароо “замри” деп катырып коюшу мункун болучу. Энем эки жагын карап, мени таппай калып минтти”
-Кайда кетти берки кыз? Болду эми оюнду токтотуп, жуунуп тамак ичкиле. Надя, чакыр айланайын Жумагүлдү. Апийимдин отоосун такыр буттук дейсинер. Ракмат, кыздарым, чарчадынарбы?
-Чарчаганыбызды деле билген жокпуз. Азыр апа, -кыз эки жагын тиктеп карап туруп, байлоодо турган музоого, далданып турган мени коруп, кыйкырып жиберди. –Ха-ха-ха! Жашынган жерин. Болду, бугунку оюн ушуну менен бутсун. Журу, жуунуп тамак ичели.
-Алдап жатасын,-дедим мен.
-Жок, алдабайм, журу. “Чакырганга келбеген, ымдагангаа зор болот” дегендей, укпасан музоонун жанында туноп каласын...
Экообуз шатыра-шатман болуп дунуйо капар телегейи тегиз, жыргалдуу адамдан бетер уйго кирдик. Атандын кору дунуйо, корсо балалык кезин бактылуу кез тура. Эми ойлосом согушка деле жеткире тушунгон эмес окшобойбузбу. Ошонун эртеси надянын атасы Андрей Сергеевич “Баатыларча курман болду” деп командиринен кара кагаз келди. Биз ошондо бир боксөрдүк. Согушка кеткендердин эч кимиси келбей калуучудай болгон суук сезим көөдөнүбүзгө уюлгуп, санаабызды самандай сапырып турду...
Баякы бака-шака тушуп, жазда жарышып, куздо курошуп иштген кужурмондордун куну буткондой, айлана жымжырт тартып, конулсуз, супсак турмуш окум суро баштады. Андрей Сергеевичке келген кара кагаз Мария Павловна менен Надяны гана эмес, бизди да кошо томсортту.
Убакыт отуп, апта айга, ай жылга айланган сайын жагаарга отун, ичээрге тамак азайып, казан-аяк кагырап, дасторкондун берекеси кетип баратты. Тапканыбызды ортого салып, уч уйубуз уч уйдон тутун булатканыбыз менен, бир казандан аш ичип калдык. Уч уйубуз дегеним мария павловна менен биздики, анан Айкан чон энемдики. Баарынан окунучтуусу бул кишинин тородой болгон торт уулу тен согуштан кайтпай калды. Тобокелден кара кагаз, Андрей Сергеевичтен кийин эле удаа биринчи келди. Андан кийин Абыканды угузду. Тобокел, согуштан мурда, Ата Мекенди коргоо милдетин отоп келгенден кийин, Кенжекан деген кызга уйлоном деп камданып жургон кезинде каргашалуу согуш чыгып, ойлогон оюна жетпей оксуп калды. Айкан эне “Колуктунду алып келип жаныма караан кылып коюп кет. Тигил уч инин учоо тен сапар жолунда турат. Алар кетсе сомсоюп жалгыз калбайын балам”
:)
#40 10 Март 2016 - 20:33
Балдарын угузуп, ашы-жытын бергенден кийин “кочуруп кетебиз” деп, Айкан эненин бир туугандары келишти. Бирок, Айкан эне, тородой болгон балдарды тороп, уядан учурган ак жолтой туурун кыйып талаага таштап кетип кала албады. “Ок жолу ичке” дейт. Балким балдарымдын баары болбосо да, тортоонун бироосу тируу болуп келип калгысы бардыр, - деп умутун узбоду. Байкуш киши, балдарын айтканда бир топ болуп, бир бөксөрүүчү эле гочиркин. Айкан чон эненин суусун алып, уйун тазалап, отун жагып, олуна кол, бутуна бур болгон обунчо Надя экообуз болдук. Кайран киши, согуш башталаар жылы, балдарына тон жасайм деп ашатып, оңдөп жургон терилери бар экен. Экии уулуна эки тон жасап, эскилерин сөгүп, Надя экообузго ылайыктап курап жиберип, жундуу жагын матадан ичтеп жууркан кылып берген. Биз Надя экообуз кышта ошол тери жууркандын ичинде булоолонуп коюндашып жатып бой жеттик.
-Бечара Айкан чон эненерге кыйые болгон экен.
-кыйын болгонду айтпаныз. Жок дегенде, тортоонун бироо келип берсе эмне. Ит болсо да, куш болсо да, оз бала деген оз бала тура. Биз биз канчалык женилин жерден, оорун колдон алганыбыз менен өздөй болбооч ит тура. Капалуу киши ырчы да, ыйчы да болуп кетет экен. Козунон жаш, кокурогунон дарт кетпей жургон кундордун биринде, кан жуткузган согуш да аяктады. “Аяк кийимин тар болуп, бутунду кысып турса, дуйнондун кендиги не” дегендей, Айкан эне учун согуштун буткону менен бутпогонунун айырмасы жок болуп, томсоруп кала берди. Ошентип эне журогу куткон умут да, тилек да улам алыстагандан алыстап, караан узуп, тилек да улам алыстагандан алыстап, караан узуп, ортосунан чарт узулгон жиптей болуп, балдарынын тируулугунон кабар билинбей калды.
Кундордун биринде Надя экообуз мектептен келип, кутуусуз окуяга дуушар болдук. Биз Айкан эненин уйунон кирип-чыгып жаткан адмдарды, эшигинин алдындагы жалгыз туп теректе байланып турган кош атты коруп, тушагандай токтоп калдык. Ошол саамда короодон чыккан коншу аялды коруп, жарыша суйлой апкаарып сурадык.
:)