- (9 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Жүрөгүмдүн сепили, жүрөгүмдүн дервиши... Жан дүйнөмдүн жаңырыгы жаңыланды!
#1 26 Август 2012 - 23:38
Алдын-ала айтарым, эч кимдин, эч кандай психологиялык жардамына, кеңешине муктаж эмесмин...)))
Жөн гана бөлүшчү адам табылбай калганда, "ат айланып казыгын табат" дегендей, көнгөн жайымдан кайрадан түнөк, дабаа, колдоо тапкым келди... Болгону ушул...
Жеңиш - менин тагдырым.
#3 27 Август 2012 - 01:19
"Куруучу"
Чыгына албай, даабай жүрүп...түркүн түкшүмөлгө шылтоолоп... ушул теманын топурагын алдын-ала даярдап...бүгүн баштагым келди. Эмне түрткү болду? Кандайдыр бир ишке старт берүүдө дайыма менин жалгыздыгым себепкер. Ооба, үч күн-түн бою үйдө тек башыма калдым. Өзүңө өзүң 24 саат бою кожоюн болсоң, оюңа акмактай фантазиядан баштап жакынкы айларга белгилеген пландар да келе баштайт. Бирок кеп бул тууралуу эмес!
Албетте, мен козгой турган бул көйгөй жаңы эмес. Мурун бар болчу. Сепил сарайдан тарта кепеге чейинки абалымдын баяны... Азыр болсо, бул жерден баштагым келбей туру. Анткени, дал ушул моментте өзүмдү көбүрөөк куруучуга окшоштурам. Ооба, жаңы дүйнөнүн куруучусу. Бир кездеги сепилимди талкаладым, анын ордуна кепе тургуздум, бирок ал да жарабады, туруштук бербеди. Күч топтодум, ал жыйнадым, кайрадан куруу ишин баштадым.
Кынаптап кышты күнгө жайып, сайдан бекем таш ташып, даярдандым көпкө...
Бүгүн "Эс-тутумдун күндөлүгү" деген драманы экинчи жолу көрүп чыктым, бекерчиликтен. Сценаристтер да кээде кризиске кабылабы, көбүнесе мелодрамаларда окшоштуктарга жол беришет. Жигит сүйгөн кызын келечекте "кошо жашайлы" деп бир үйгө алып келет. Ушул эле кадрлар "Ашыктык асманы" тасмасынын биринчи бөлүгүндө да бар эмеспи...
Биз баарыбыз тагдырыбызды байлай турган адамга бир гана жүрөгүбүздөн түнөк таап бербестен, чыныгы жашообузда да биринчи жолу аны менен чогуу күн өткөрчү очок булагын издейбиз. Ооба, үйдү...
Биринчи бөлүк ушунусу менен аягына чыкты. Мындан ары, жүрөгүмдө курулган сепилдин, же кепенин реалдуулукка айлануу окуясы баяндалат...
Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 27 Ноябрь 2015 - 17:16
Жеңиш - менин тагдырым.
#7 27 Август 2012 - 08:08
Чынгыздын журту,
Манастын урук-тукуму. дегендей бололу калайык!
#9 27 Август 2012 - 09:19
Ар бир калтырган билдируулорунду кууп журуп окуйбуз го карындашым, азаматсын!
кто лучше нас, им просто не до нас.
#10 27 Август 2012 - 10:08
Atabaevtalantbek (27 Август 2012 - 08:08) жазган:
Убактысы мүнөтүнө чейин жазылгандарды кармап-байлап- тушап калуу мүмкүн эместир, эң негизгиси каалоо эмеспи! Эгерде ал болсо, адам миң бошобой жатса да, бул тема үчүн өзүнчө мезгил ажыратар чыгар...
Анан да! Илхом деген ушундай обу жок жан болот экен... Үч жылдан кийин кайра баштап отурганымды эске алсам. "Мени күтүп жатышат, "занятойлор" " деп кызыксыз, баш-аягы жок пост калтыргандан качам. Андан көрө "редко, но метко" жазгым келмек...
Ошондуктан, дагы деле биз менен калууну чечсеңиз, сизге сабырдуулук каалайм.
Пы.Сы. Баардык колдоочулардын жылуу сөздөрүнө рахмат!
Жеңиш - менин тагдырым.
#11 27 Август 2012 - 11:59
adalsvards (27 Август 2012 - 10:08) жазган:
Анан да! Илхом деген ушундай обу жок жан болот экен... Үч жылдан кийин кайра баштап отурганымды эске алсам. "Мени күтүп жатышат, "занятойлор" " деп кызыксыз, баш-аягы жок пост калтыргандан качам. Андан көрө "редко, но метко" жазгым келмек...
Ошондуктан, дагы деле биз менен калууну чечсеңиз, сизге сабырдуулук каалайм.
Пы.Сы. Баардык колдоочулардын жылуу сөздөрүнө рахмат!
Албетте убакыт табылат денизчи, бирок Россиянын алыс жеринде жайгашкан, акыркы кезде кыргыз элимдин агымы кобойуп, популярдуу болуп бара жаткан Сахалин аралынын убакыт бирдиги менен Кыргызстандын убактысынын аралыгы 5 саат айырма берип жатпайбы.
Озум жаны катталган "конок" болсом да, сиздин бул форумга эмгегиниз синген, бирок эмнегедир мен билбеген "пауза" менен арадан бир топ убакыт отуп кайра оригиналдуу сырларынызды баштаганынызды жогоруда жазылган озунуздун созунуздон жана форумчулардын билдируусунон байкап калдым.
...туура айтасыз убакыт табылар деп. Бирок бул жакта сиздин окурмандарыныз толтура эмеспи. Биз баарыбыз кутуп олтурсак саат айырмасына байланыштуу тун бир оокум болуп кетет тура, ал эми биз оз максатыбызга жетуу учун бакыт издеп келгенибиз да, андыктан жумушка баруубуз шарт. Ал эми эртен деле окусак болот денизчи бирок темирди ысыгында басканды туура коргонум сизди батыраак жазыныз деп шаштырып шайтандын ишине алпарып жатат. Бирок айып корбонуз буюрса окуйттурбуз, айтор эртеби кечпи дегендей. Мындайча айтканда "лучше поздно чем некогда"
ийгилик каалаймын!
Билдирүүнү түзөткөн: Atabaevtalantbek: 27 Август 2012 - 12:03
Чынгыздын журту,
Манастын урук-тукуму. дегендей бололу калайык!
#12 27 Август 2012 - 15:23
"Сууга кирип, кайра чыккың келбегенде. .."
Мени бир жолу дайра агызып кеткен. Улам суунун шары менен бир чыгам, бир кирем. Ичиме суу толуп жатты. Таштарга бүт денем урулуп, аёосуз аккан дарыя алыска алып кете берди. Жаным бекемби, же көйнөкчөн жаралган жанмынбы, эсимди жоготордо, суу мени жээкке түртүп чыгарып койгон.
Фобия! Ушул окуядан кийин суудан коркуп калгам. Бирок менин жүрөгүмдөгү сепилимди талкалап кетишкенде, жер менен жексен кылышканда, ажал менен тирүүлүктүн ачасында калганда... "сууга" буулуп өлөм деп барганда... мени ал дагы бир жолу игнор кылды... мага дагы бир шанс берилди...
Азаптын дарыясынан суурулуп чыктым да, жээкке жетпей, кичинекей ташка сүйрөлүп чыктым. Балырга чыланган таш тайгак экен. Тура албайм, улам сууга малынам. Шайым оогон жан кичинекей ташка алым жетпей баратты. Бирок мен ташты жандалбастык менен бекем кармадым, коё бербедим, акырындык менен жээкке жетчү башка таштарга абай салдым... Суу агызып кетпесин десем, таштан-ташка секирүүгө туура келет. А мен күтүүгө аргасызмын. Секирүү дарамети жок...
Балырга чулганган ташта жатып, "сууга" өзүмдү эмес, болгон кайгы-капамды, ыза-ыйымды, өкүнүч-өчүмдү, таарыныч-жашымды агызып жаттым. Жүрөгүмдө бекем сактаган, аларсыз жашай албачудай болгон, мени түбөлүк ооруга чалдыктырган бүт терс сезимдерди бошотуп жаттым.
Реалда кандай? Азыр сууну жакшы көрөм. Бир кездеги коркунуч дале бар. Бирок анчейин байкалбайт. Сууга башкаларга окшоп, акырындык менен басып барып, сынап-көнүп түшпөйм. Жээкте эле чуркоону баштап, тез кадамдар менен барып суунун дүйнөсүнө чумкуйм. Анда көпкө да калбайм. Бир кездегидей биротоло калууну каалабайм. Айрыкча сууга бийиктиктен секирүү жагат.
Бирок мен кайра чыгарымды билем, ишенем... Анткени үчүнчү жолу кайталабайм деп сөз бергем...)))
Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 27 Ноябрь 2015 - 17:17
Жеңиш - менин тагдырым.
#13 28 Август 2012 - 12:48
Баары жакшы, мен жаман...
#14 28 Август 2012 - 18:10
adalsvards (27 Август 2012 - 15:23) жазган:
"Сууга кирип, кайра чыккың келбегенде. .."
Мени бир жолу дайра агызып кеткен. Улам суунун шары менен бир чыгам, бир кирем. Ичиме суу толуп жатты. Таштарга бүт денем урулуп, аёосуз аккан дарыя алыска алып кете берди. Жаным бекемби, же көйнөкчөн жаралган жанмынбы, эсимди жоготордо, суу мени жээкке түртүп чыгарып койгон.
Фобия! Ушул окуядан кийин суудан коркуп калгам. Бирок менин жүрөгүмдөгү сепилимди талкалап кетишкенде, жер менен жексен кылышканда, ажал менен тирүүлүктүн ачасында калганда... "сууга" буулуп өлөм деп барганда... мени ал дагы бир жолу игнор кылды... мага дагы бир шанс берилди...
Азаптын дарыясынан суурулуп чыктым да, жээкке жетпей, кичинекей ташка сүйрөлүп чыктым. Балырга чыланган таш тайгак экен. Тура албайм, улам сууга малынам. Шайым оогон жан кичинекей ташка алым жетпей баратты. Бирок мен ташты жандалбастык менен бекем кармадым, коё бербедим, акырындык менен жээкке жетчү башка таштарга абай салдым... Суу агызып кетпесин десем, таштан-ташка секирүүгө туура келет. А мен күтүүгө аргасызмын. Секирүү дарамети жок...
Балырга чулганган ташта жатып, "сууга" өзүмдү эмес, болгон кайгы-капамды, ыза-ыйымды, өкүнүч-өчүмдү, таарыныч-жашымды агызып жаттым. Жүрөгүмдө бекем сактаган, аларсыз жашай албачудай болгон, мени түбөлүк ооруга чалдыктырган бүт терс сезимдерди бошотуп жаттым.
Реалда кандай? Азыр сууну жакшы көрөм. Бир кездеги коркунуч дале бар. Бирок анчейин байкалбайт. Сууга башкаларга окшоп, акырындык менен басып барып, сынап-көнүп түшпөйм. Жээкте эле чуркоону баштап, тез кадамдар менен барып суунун дүйнөсүнө чумкуйм. Анда көпкө да калбайм. Бир кездегидей биротоло калууну каалабайм. Айрыкча сууга бийиктиктен секирүү жагат.
Бирок мен кайра чыгарымды билем, ишенем... Анткени үчүнчү жолу кайталабайм деп сөз бергем...)))
Урматтуу аdаlsvаrds!
Сиз форумдун "аким"дик статусуна жеткен инсан экенсиз, мен болгону "карапайым конок" тайпасынын тепкичинен ойдо которуло элек бир "юзер"мин. Сиздин даражанызга жетуу учун кооп эмгектенууго туура келет. Сиз жазган аярлуу, кайгылуу окуяны аягына чейин окуп чыктым, бирок экообуздун тайпабыздын аралыгында коп чакырым бар экенине карабай сизге суроо бергим келип турат.
Билем сиз оригиналдуу окуялардын ээсисиз, балким мен эместирмин сизге суроо бергидей... "ТОШОГУНО КАРАЙ БУТУНДУ СУН" "ТЕН ТЕНИ МЕНЕН ТЕЗЕК КАБЫ МЕНЕН" деген сыяктуу. Бирок "ТЕМИРДИ ЫСЫГЫНДА БАС" "АЙТПАСАН СОЗ АТАСЫ ОЛОТ" "БАШ КЕСМЕЙ БАР, ТИЛ КЕСМЕЙ ЖОК" деген ойдо берер суроомду бергим келди.
"КОП ЖАШАГАН ЭМЕС, КОПТУ КОРГОН КОП БИЛЕТ" эмеспи, андыктан сиздин жазып жаткан "ЖУРОГУМДУН СЕПИЛИ
ЖУРОГУМДУН ДЕРВИШИ" деген теманызда жазган создорунузду окуп "БАА ЖЕТПЕГЕН БАЛДАЙ ТИЛ, БАЛДАЙ ТИЛДИ СУЙЛОЙ БИЛ" деген эл оозунда айтылып жургон соз сизге арналгандай туюлду. Соз байлыгыныз аябай орчугону сокурга корунуп, дулойго угулуп турат.
Мындай алтын создорду жазып жатканынызга караганда коп окуган окшойсуз, себеби "КОП ОКУГАН, КОП БИЛЕТ" деп коёт эмеспи.
"ЖАКШЫ СОЗДОР ЖАН ЭРГИТЕТ, ЖАМАН СОЗ ЖАН КЕЙИТЕТ" дегендей, сиз жазган создорду окуп эргип калдым, бирок бул окуя оз башынан отконбу же журогунон жаралган чыгармабы деген суроо туулду.
"ЖАКШЫ АТКА БИР КАМЧЫ, ЖАМАН АТКА МИН КАМЧЫ" бир айтканда тушунсон болот "ООЗ БИРОО КУЛАК же КОЗ ЭКОО" "СОЗДУ УККАНГА АЙТ" десениз да болот, макул деп коё бермекмин, бирок эки ойдо калып кыйналып жатпаймынбы. ..
Сиз ойлобонуз "СОЗ АЙТПАГЫН БОЛБОСКО, СУУ КУЙБАГЫН ТОЛБОСКО" дегендей болбогон адам экен деп. Анткени сиз менен достошойун деген оюм бар, андыктан дос боло элек болсом да "ЖООГО ЖАЛЫНУУ, ДОСКО ТААРЫНУУ БОЛБОЙТ" да. "ЖАКШЫ НИЕТ, ЖАРЫМ ЫРЫС" "НАДЕЖДА УМИРАЕТ ПОСЛЕДНИМ" дегендей сиз менен дос болууга жакшы ниет менен умут кыла берейин.
Балким мен "ЖАНЫЛБАС ЖААК, МУДУРУЛБОС ТУЯК БОЛБОЙТ" дегендей жанылышып жаткандырмын, бирок чын журоктон, ак ниеттен болгон созду айтып жатам, себеби "АК ИЙИЛЕТ БИРОК СЫНБАЙТ" эмеспи. "ЖАКШЫ МЕНЕН ДОС БОЛСОН ЖЕТЕСИН МУРАТКА, ЖАМАН МЕНЕН ДОС БОЛСОН КАЛАСЫН УЯТКА" "ЖАКШЫГА ЖАНАШ ЖАМАНДАН АДАШ" "100 СОМ ЭМЕС 100 ДОС КУТ" дегендей айланама сиздей болгон жакшы адамдарды топтогум келди.
Сиздин жакшылыгынызды мындайча айтканда "АДАМ ЖАКШЫСЫН СОЗУНОН БИЛ" деп коёт эмеспи, ошондон сездим.
Мумкун мен сизге "ОЙНОП СУЙЛОСОН ДА ОЙЛОП СУЙЛО" дегендей туура эмес созду айтып койгондурмун, балким мага сабак болоттур ошондон кийин "СУТКО ООЗУ КУЙГОН, АЙРАНДЫ УЙЛОП ИЧЕТ" болуп абайлап "ТОШОГУМО КАРАЙ БУТ СУНАТТЫРМЫН"
Балким "ЖЕР ТОГОЛОК, ЭКИ ТОО ЭМЕС ЭКИ АДАМ КОРУШОТ" дегендей КУДАЙ буйруп корушуп каларбыз. Андыктан элибизде "ПЕНДЕНИН АЙТКАНЫ ЭМЕС АЛЛАНЫН ЖАЗГАНЫ" деген соз бар эмеспи.
"ОЗУ МАЙДАНЫН СОЗУ МАЙДА" деп, же "ЭЧКИНИН ЖАМАНЫ САКАЛЧАН, АДАМДЫН ЖАМАНЫ МАКАЛЧАН" деп ойлобонуз, мен майда эмес 90кг салмактамын, анан дагы "ЭЧКИ КОРКУ САКАЛ, КЕПТИН КОРКУ МАКАЛ" эмеспи... Сизди урматтап А.Т.
Чынгыздын журту,
Манастын урук-тукуму. дегендей бололу калайык!
#15 28 Август 2012 - 22:31
Байкашымча макалдардын энциклопедиясына айланган "Каныбекти" кайталап окуудан тажабагандардын бири окшойсуз. Жогорудагы посттун жоопторун улам илинген чакан чыгармамдын бөлүктөрүнөн таба аласыз демекчимин.
Жеңиш - менин тагдырым.
#16 28 Август 2012 - 23:09
"Балалык баёо менен тургузулган сепилим"
Азап дайрасынын агындысына айланардан мурун кайда элем мен? Сепилдин зынданында жаттым. Ага чейинчи? Өлүм өртүнүн, оп тарткан оттун, күлгө кубултам деген күйүттүн чордонунда болчумун. Кадрларды дагы алдыга көздөй жылдырса...ооба. ..бир азга... мен кадимки жомоктордо жолуктурган. .. укмуштай кооз өлкөнүн... ханбийкеси элем.
Дүйнөнү тааныгандан тарта кадимкидей эки параллель ааламда жашагандай жүрчүмүн. Кичинекейимден короодогу чөптөрдөн алачык жасап алчумун. "Менин үйүм" деп. Жаңгактын дарагына чыгып, эң бийик бутактарын да ээлечүмүн. Анан асманды көп тиктеп жатуу адатка айлана баштады. Булуттар... аппак... ошолордун артына өзүм элестеткен дүйнөмдү кура баштадым. Адегенде, жөө уламыштарда көп кезиккен бийик мунара тургуздум. Эң үстүңкү бөлүгүндө менин бөлмөм жайгашты. Анын туш тарабы ачык, кай бурчунан караба менин мамлекетим көрүнүп турмак. Алыс болбосун деп, мунаранын жанына китепкана курдум. Ошентип, баары башталды. Күндөр түн менен алмашып, айлар агып, жылдар жыла берди. Мүчөлүмө толдум. Көккө жашырган өлкөм ушунчалык байыды... Мунарадан старт алган курулушум империяга тете болуп чыга келди. Чытырман токойлор, шар аккан дарыясы, жээгинен чыкса, жалмап кетчү океаны да бар болчу.
Бул аралыкта дүйнөмдү дагы ашырмакчы болуп, билим кудугун терең каза билүү үчүн жер которууга туура келди. Бир гана биздин короонун асманынан кароого көнгөн ааламымды жүрөгүмө бекиттим. Ар бирин көчүрүп-ташып жаттым. Дал ушул бурулуштун талкоолочу, а балким, адам кылуучу мүнөзгө ээ экенин алдын ала сезген болсом, тобокелге салат белем? Сепилимди жүрөгүмө батырып, балалыгымдын ааламын таштап чыктым.
Жаңы жер жаңы эрежелери менен кабыл алды. Саамга жүрөгүмдү, анын ичиндегисин кошо унуткардым. Билгеним, биринчи алардын бергени мага - ишеним болду. Мындай жагымдуу жышаанды белгилеш керек деп, мунаранын жанына храм курдум. Сыйынуучу жайым. Тиленчү-жалбарчу- чындык издөөчү бурчум. Жакшыбы, жаманбы, өзгөрүүгө дуушар болдум. Ишеним менен кошо дүйнөм ала-дүлөйгө түштү.
Аңгыча өткөөл курак салам-дубайыы жок тосуп алды. Ансыз да алапайын таппай жаткан жандын ааламына бирөө басып кирди. Жаралгандан, курулгандан бери тынчтыкта, өз ордунда жашаган мамлекетим дал ошол бир адамды айланып калды. Заматта түркүн түстүү гүлдөр ачылды, куштар сайрай баштады, туш тараптан чыккан музыканын добушу, сайрандаган дүйнө, салтанатка кирген дүйнө, анын ар бир кадамы менин дүйнөмдү кызгылтымга боёп жатты... Ай аягына чыкпай, кара кийеримди билсем, киргизер белем? Сепилимдин урарын туйсам, жолотор белем? Жообун азыркыга дейре билбейм...
Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 11 Сентябрь 2015 - 16:39
Жеңиш - менин тагдырым.
#17 29 Август 2012 - 01:21
adalsvards (28 Август 2012 - 22:31) жазган:
Байкашымча макалдардын энциклопедиясына айланган "Каныбекти" кайталап окуудан тажабагандардын бири окшойсуз. Жогорудагы посттун жоопторун улам илинген чакан чыгармамдын бөлүктөрүнөн таба аласыз демекчимин.
мен эч качан макалдар жазылган китеп окуган жан эмесмин.
Чынгыздын журту,
Манастын урук-тукуму. дегендей бололу калайык!
#18 13 Сентябрь 2012 - 17:55
#19 13 Сентябрь 2012 - 23:37
кто лучше нас, им просто не до нас.
#20 14 Сентябрь 2012 - 07:51
Чынгыздын журту,
Манастын урук-тукуму. дегендей бололу калайык!
- (9 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »