lunaika1 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 55 (0,02 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (38 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 25 Апрель 15
- Кароолор:
- 7 842
- Соңку аракети
- 26 Ноя 2018 20:29
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 28 жашта
- Туулган күнү:
- Май 29, 1995
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Сенин сүрөтүң...
Жазылган күн: 22 Ноя 2018
-
Темасы: Сенин сүрөтүң...
Жазылган күн: 22 Ноя 2018
Саламатсыздарбы, окурман досторум? Ден-соолук,иштериңиздер жакшыбы?
Бүгүн да бир порция жүрөк сырымды сиздерге сунуштадым. Миллион томдук китеп жазгандай болуп,жарыялап коюп,керилип алып отуруп маашырланып окуп чыгып,10 сүйлөм эле жазгандай абалда калбадымбы -
Темасы: Сенин сүрөтүң...
Жазылган күн: 22 Ноя 2018
Кезек мурундарыңа келди.Ойлогонмун сүрөт тартуу оңой деп.Кайдан.Окшоштура албай,чиймелеп, өчүрүп жатып көп убакыт кетти.Анан дагы ойлонуп,сенин бир нерсе болсо эле мурунуңду чүйрүй коё турган адатыңды эстеп кеттим.
-Бутуңду түшүр-, дедиң.
-Жок, түшүрбөйм-мен кылыктанып каршы болдум.Сен менен тартышканды жакшы көрчүмүн.Бир нерсе талашып-тартышып, акыры мен жеңилип берчүмүн.Себеби, сен кежир, көк бет болчусуң.Азыр да машинанын салонунда бутумду асып алып олтурдум,сенин сөзүңдү укпай.Эркелегим келди,эркелеп жаттым. Мурунуңду дагы чүйрүдүң.Мен сенин мурунуңда пайда болгон бырыштарды колум менин тегиздеп койдум. Күлүп жибердик анан экөөбүз тең.
-Мени сагындыңбы- дедиң.Бул биздин биринчи жолугушуубуз болчу.Мен жумушка чыгып,анан экөөбүз таанышканбыз. Сени бир көргөндө эле жактырсам да,сага мүмкүнчүлүк бербей жүрдүм.Сенин кызтеке экениңди сезсем керек ошондо эле.
-Б... күзгүнү карай бербе,мени сүйүп каласың эми-деди кесиптеш эже.Жолго чыккандан бери, күзгүдөн мени карап коюп келе жатканыңды байкаган элем.Эми болсо башкалар да байкап калганына ыңгайсыз боло түштүм.Баары менен таанышып,анан өзүмчө болгум келип,наушникти кулагыма салдым да, үнүн бийик жогорулаттым. Менин жан дүйнөмдө кризис болчу ошол убактарда.Жай мезгили болгону менен көңүлүмдө кыштын,ал эми өңүмдө күздүн белгиси болчу,маанайым болсо жаз мезгилинин аба-ырайындай өзгөрүп турар эле.Жылдын алгачкы айларынан бери ушундай калыпта элем.Шайыр-шатмандуу кыздан бир сырдуу, көп сүйлөбөгөн кызга,он суроо берилсе, ага бир сөз менен жооп берген же жөн гана күлүп койгон таң калычтуу бийкечке айланган убагым.Кулагымда музыка жаңырып,ойлонуп, телмирип машиненин терезесине карап бараттым.Бул тынчтыгымды бузуп,сен да өз музыкаңды бийик кылып алдың.Ачуум келип кетти,"мунун акылы жайында эмес" дедим ичимден,ачуумду билдирбегенге аракет кылып.Эки жактан жаңырган музыкадан башым ооруп,акыры наушникти алып тындым. Күзгүдөн карап күлүп койдуң.Ушул сыяктуу күндөр өтүп жатты, жумушка чогуу барабыз,чыкканда кайра алып кетесиң.
Бир күнү мени таштап жатып,боксерго окшоп муштумуңду түйүп келип,бетиме жетээрде токтото калдың.Коркуп кеттим.
-Бул эмне кылганыңыз? -дедим ачуулана.
-Жөн гана...
-Жөн гана тийишип ойногону менден башка адам жокпу?-деп сөзүңдү жулуп алдым.
-Сен татынасың, боюң да узун, көзгө көрүнүп да турасың-деп жооп бердиң күлүп.Мен да жооп катары күлүп койдум.Анан башкаларды алып, жөнөп кеттиңер.Ошол күнү кечке дейре бош болдум иште. Башында мен күткөн адамдар келбей жаткандыктан, кечке сенин мазаңды алып чала бердим.Машинада уктап жаткан экенсиң,уктата да койбодум. Күтүп,ээригип, гүл тердим,алар менен сүрөткө түштүм, өзүнчө эле маанайым жакшы болуп,бакты аралап мөмө-жемиш жеп жүрсөм,чалдың.
-Уйкуңуз кандыбы?-деп сурай калдым.
-Ооба,уктап турдум. Өзүң эмне кылып жатасың?Келиштиби? -деп мага камкорлоно сурап жаттың. Жүрөгүм жибип кетти.Мен жумушка чыккандан бери менин көңүлүмдү алып,соолуй баштаган жүрөгүмө жан киргизгендей болдуң.Ошон үчүн сага ачылдым окшойт.
Эртеси күнү мен айылга кеттим бир жумага.Ал күндөрү эч тынбай телефондо сүйлөшүп жаттык. Бирөө чалса ала коюп,кайра бир минутага жетпей чалып жаттың.Мен сага,сен мага байланып калдык окшойт.Бир жумада эч ким күтпөгөндөй жакын болуп,кыз-жигит болдук да калдык.Бул жумуш командировкасы мени кыйнап бүтмөй болду.Ошондой суз күндөрүмдө сен гана мени бактылуу кылып жаттың.
-Тамакты жакшы кыласыңбы?-деп сурадың.Менин тамагымды үйдөгүлөр сүйүп жээрин, түрлөп тамак жасаарымды айтып мактангым келбеди.
-Билбейм, үйдөгүлөр көп эле жей беришпейт мен жасаган тамакты-дедим сыр бербей.
-Аа,анда жакшы эмес экен-дедиң.Кийин да бул суроону көп бердиң.Жеңеңдин тамагын жебей,сырттан тамактанаарыңды айттың.Кежир экениңди дагы бир жолу билгизип койдуң.
Бир жумада жумушту бүтүрүп кетейин дегенде,директор чалып,айылда даны бир-эки күн иштээримди айтты.Дел болуп, шаабайым сууп отуруп калдым.Дароо сага чалдым.
-Бул сиздин ишиңизби?-дедим телефондун ары жагына каарымды чачып.
-Эмнени айтып жатасың?-калптан түшүнбөгөн адам боло калдың.
-Сиз мени айылда калсын дедиңизби?Сиз мени көргүңүз келбесе айтыңыз,иштен деле чыгып кетем!-дедим. Телефондун ары жагынан сенин жанды эргиткен күлкүң чыкты.
-Ооба,сени тойго барбасын дедим да. Мүмкүн сени апаңдар бирөөгө көрсөткөнү жатышкандыр. Сени бирөөгө берип жиберишин каалабайм.Сен меники болосуң,жаным. ..-дедиң.Ооба, сага тойго бараарымды айткан элем.Сени тойго жөнөтпөй коёт деп ойлогон эмесмин.Кыз- жигит болгонубузга бир апта боло элек,мунун кылган кылыгын деп сүйлөнүп,кепчинип- кейинип иштеп жаттым. Өзүмдүн жашоомду эми эле жашоомдо пайда болгон,чыныгы жүзү кандай экенин мен таптакыр билбеген,мени туңгуюкка же бейишке алып бараарын билбеген эле адамдын колуна тапшырып берип койгондой абалда отурдум.Мындан ары да ушундай болобу?Ичимден аябай ойлондум.Бир тарабы,мени башкалардан кызганып,коргой ала турган адамдын-сенин бар экениңе кубанып жаттым.Мен бактылуу элем.
Мен үйүндө түнөп жүргөн эженин келини менен аябай жакын болуп алган элек.Мен ага сен жөнүндө айтып бердим."Сүйүп калдым окшойт" деген үч сөзүмө андан күтүлбөгөн жооп алдым.
-Сиз сүйүү менен боор ооруну алмаштырып албаңыз-деди. Себеби,сенин шартың меникине таптакыр туура келчү эмес.Мен аны бактылуу кылуум керек дедим,сени ойлоп жаттым.Мага өзүңдүн жашооңдун башкаларга ачпаган бөлүгүн ачканыңда,мен сени шартың үчүн гана таштай албайт болчумун.Себеби, сен аны мага ишенип ачкансың, сырыңды айткансың.
-Ойлонуп көрөм го, жеңе-дедим да, жүгүрүп үйгө кирип кеттим.
Акыры шаарга да келдим,жумушка да чыктым.Айылдан эми эле келгенимде, жумушка чакырдың.Барып, чогуу тамактандык кесиптештер менен.Мен ошондо сенден кандай уялганымды сен билбейсиң.Бийик тепкичтерден чыгып баратып,уялганымдан чалынып кетип жаттым.Аябай бийик болчу.Колумдагы сумкамды алдың.Мен күлүп гана сага сумкамды берип койдум да,жайдары чыгып бараттым.Тепкичтерди санаган адам болуп жүзүмдү көтөрбөй уялганымды айт.Бир маалда сумкамды колума кармата салдың. Өзүнчө аалам болуп,жайдары, кубанып бараткан мени чоочутуп жибердиң.Бирок, өзүң аны сезбедиң окшойт.Бутум шилтенбей токтоп калдым, өзүм да түшүнбөйм эмнеге чоочуганымды.
-Эмне болду ?-дедим бир сырдуу.
-Карап жатышат.-дедиң. Алдыны карасам, кесиптештер тамактанып олтурушкан экен.Сен ушундай куру намыс элең.Барып,орун алып сүйлөшүп олтурдук. Экөөбүз жөнүндө баары билишет экен.Демек,сен айткансың.Жиним келди сага,"счастье любит тишину" деген экен орустар.Менин сени менен бактылуу болгум келет болчу.Эч кимден жашырбай калдык,бирок ачыкка да чыкпадык.Кесиптештер катары гана сүйлөшүп жаттык элдин көзүнчө.Анан эле алардын көзүнчө талашып-тартыша баштаганда алар күлүп гана тим болуп жатышты.Эмнени талаштык,эмнени тартыштык экен?
Отургандан кийин эле "жүр" дедиң."Кайда? " деп сурасам,жооп бербедиң,мен да кыймылдабай отура бердим.Баарын сагынып калган экенмин, жаңылыктардан айтып, күлүп-жайнап отурдук.Сен өзүң кетип калдың машинаны шылтоолоп." Кежир" оюмда ушул сөздү кайталап жаттым.Сенин кежирдигиң кээде көкөйүмө көк таштай тийчү. Жумуштан кайтканда сүйлөшпөй келдик.Баары менин айылга барып кайра жашарып,татынакай бойдон келгенимди айтып жатышты.А сен болсо:
-Алып качышпадыбы? -дедиң.
-Мени алып качып кетсе менден кутулуп жыргамаксыз да ээ-дедим кекете күлүп. Экөөбүз элдин көзүнчө эптеп шылтоо таап эле бири-бирибизди кекете берчүбүз.Эл жокто экөөбүздөн бактылуу адам жок.Сен эмнеге эркек болуп менин көңүлүмдү көтөрүп,элдин көзүнчө кубантып койгонго жарабайсың?
Ойлордон бош калсаң эле кыздарга тийишип баштачусуң. Бул күн да ошенттиң.Жолдон өтүп бараткан кыздарга машиненин терезесин ача калып ышкырып,машинедеги кесиптештерди да ээриктирбейсиң. Мени менен сүйлөшүп баштаганыңды унутуп калган сыяктуусуң. Же атайын менин ачуума тийип жаттың.Кызтекесиң сен.Эстесем азыр да каным кайнап чыгат.
Ачуум келип, үйгө барсам, бөбөктөрүм мени аябай сагынышыптыр, апам сөз баштады.
-Кандай барып келдиң?Кандай жер экен.Кыйналбадыңбы?
Ой,апам,ой... Сиздей жакшы адам болсочу бул дүйнөдө. Өзүңүздүн жашооңузду бизге,атама садага чапкансыз. Күйпөлөктөп баарыбыздын жүгүбүздү көтөрөсүз.Ааламда сиздей баатыр адам жоктур.Сиздин биз үчүн кылган эмгегиңиз,кетирген өмүрүңүз,биз үчүн кайгырып чачыңыздын аста-секин агара баштаганы-баасы жок,эч качан төлөөгө мүмкүн болбогон нерселер эле.Мени сиңдилеримди шаарга алып чыгып айлантып келүүмдү айттыңыз.Кубанып, үчөөбүз жолго чыктык.Жолдо баратсам баягы эле сенден чалуу келди.Кубанып ала койдум,сени дагы деле мага капа болуп жатсаң керек деп жатканмын да.Сен менин таарынчагым болчусуң.
-Кандай?
-Жакшы, шүгүр.Эмне болду?
-Каяктасың?
-Шаарда.
-Аа,жана эле үйүңө таштабадым беле?-таң калдың.
-Ооба,келип алдым силер жактарга.Же болбойбу?
-Болот.Азыр кайдасың?
-Сиңдилерим менен айланганы чыкканмын.
-Кеч барам.Сиңдилериңдин өзүн жөнөтүп жибер,ойноп, сейилдеп келишсин.Кеч өзүбүз алып кетебиз-дедиң да, өчүрдүң.Экинчи жолу сенин сөзүңдү уккум келбеди.Себеби, менин да оюм бар,мен да толук кандуу адаммын.Сенин кызың болгонум-сенин сөзүңдү угуп,эмне десең унчукпай кылуум керек дегени эмес мен үчүн.
Бирок,кеч баарыбир келдиң,жолуктук. Титиреп,калтырап, биринчи жолу жолугууга чыккандай абалда турдум.Балдар аянтчасында бөлөм менен күтүп отурсам, келдиң да,машинени алыс токтотуп чыкпай отуруп алдың.Келип, колумдан жетелеп алып кетсин деп олтура бердим.Бирок, мен күткөндөй болбоду.Смс жазып жиберипсиң: "Ким менен олтурасың?" деген."Бөлөм болот" деп жооп бердим да,олтура бердим."Келесиңби? " деген смс келди.Ичимден өзбек туугандардын кинолорунан көргөн, сүйүктүү фразамды айттым:"калтафахым" (ушундай болуш керек,"кыска ойлуу"," акмак" дегенди билдирет) деген.Бирок, бардым машинеге. Сүйлөшүп олтурдук, күлдүк,каткырдык. Артымдан акырын кучактап," Мени сагындыңбы? " деген сурооңду дагы сурадың." Ооба" дедим көздөрүңө тик карап. -
Темасы: Сенин сүрөтүң...
Жазылган күн: 22 Ноя 2018
Саламатсыздарбы, менин сүйүктүү эски досторум? Сиздерди сагындым.Форумга кирбей койгонума да көп болду эле.Эми минтип жүрөк сырым менен келип олтурам.Эгер жакса улантайын,болбосо эски күндөргө кайрылбай,ушул менен бүтүрөйүн.Оюңуздарды жазыңыздар. -
Темасы: Сенин сүрөтүң...
Жазылган күн: 22 Ноя 2018
"Той да болот,тойдун эртеси да болот"дегендей, эрте менен сабакка барышым керек болчу. Түн бир жарымда келип жатканга,эрте менен көзүмдү жумуп эле ачкандай абалда турдум.Сен ишке эжелерди алып кеткени келгениңде, мен да чыгып алдым,таштап коюңуздар деп суранып.Директор да бар экен.Жаш,мыкты айвм.Окуумду сурап,окуй бер,азамат деген сөздөрдү айтып,мени кечеге бардыбы деп сенден сураганын айтып,акырында "Окууңду бүтө берчи,сени өзүбүз келин кылабыз" деп күлүп койду.Мен уялып кеттим да,"коюңузчу" деп кыска гана жооп берип койдум."Мунуңуздун көңүлү башкада экен го" деп айта албадым.Айта турган сөздөр көп болчу.Арыздангым келген болчу.Бирок, унчукпай кала бердим.Сен да унчукпадың, "биз сени келин кылабыз" дегенде,жигитке окшоп бир сөз айтпадың.Бир гана сөз,"ооба" же "жок" деген. Көрдүм мен сенин мен менен бирге болгуң келгенин,урдум сенин каалооңду.Ыраазычылыгымы билдирип, түшүп калдым.Ошол күндөн бери оюм онго,санаам санга бөлүнүп жүрөм.
Достору
lunaika1 Досторду кошо элек
Комментарийлер
lunaika1 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?