AMAH-2 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Тартип бузгандар
- Билдирүүлөр:
- 938 (0,25 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (276 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 21 Апрель 14
- Кароолор:
- 20 332
- Соңку аракети
- 18 Фев 2015 20:09
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 105 жашта
- Туулган күнү:
- Май 4, 1919
- Жынысы:
- Эркек
- Калаасы:
- Жүргүм келбеген жерде...
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
-
Chagylgan7
04 Фев 2022 - 22:16 -
Wold
11 Янв 2019 - 16:30 -
Kymbatym
11 Дек 2018 - 09:04
Мен ачкан темалар
-
Форумчу,форумдагы кайсы теманы таптакыр өчүрүп салуу керек деп ойлойсуң?
Жазылган күн: 15 Фев 2015
Азыр ушул "Эркин теманы" кыдырып чыгып көпчүлүк темалар ачылганы менен талкуу деле болбой калып кеткен темаларды байкадым.Демек ал темалардын кереги деле жок менимче.Дегеним кайсы бир теманы издесең табуу үчүн ошол талкуу деле болбогон темаларга чалынып жүрүп бир кыйла убакыт коротуп алат экенсиң.Ошол темаларды таптакыр эле "жок" кылып салса болбойбу? Азыр бир аптада жок дегенде 5 тема ачылат.Бул темпте дагы эки жылдан соң "ак" анан "агыш" деген темалар көбөйүп керектүү темаларды табуу бир топ түйшүк жаратаары турган кеп.Ушул эле "Эркин темада" керексиз 5-6 теманы көрдүм.Же ал темаларды таптакыр өчүрүп (жабып эмес) салууга мүмкүнчүлүк жокпу?
Оюңарча кайсы бөлүмдөгү кайсы теманын таптакыр кереги жок??? -
Карыбас атанын сыры
Жазылган күн: 8 Дек 2014
Каарыбас атанын сыры. (фантастика)
2010-жылдын апрель айы..Мен жогоркуу окуу жайда жакын досума айланган Мараттын айылына келген болчум.Себеби эки күндөн кийин шерине боло турган.Марат үйдо жалгыз уул болгондуктан мени эки күн эрте өз эркиме койбой ээрчите келген эле боло турган шеринеге даярдыктарды коргөнгө жардам кылышуум үчүн.Жок демек белем,келдим. Аяш атам Марат мектепте окуп жүргөндө эле кайтыш болуп кетиптир.Аяш энем үч кыз,бир уулдун түйшүгүн өз мойнуна алганына карабай жаш көрүнгөнү менен мени таң калтырды.Мараттын "кошуна айылга турмушка чыккан эжеми чакырың,жардам берсин" деген созүнө "Койчу ай Марат,анын да өз тиргилиги бар да.Мен озүм эле,ушунчалык жетишпей баратсам кошуна келиндерден бир-экөөсүн чакыра коем" деп досумдун көңүлүн жайгарып койгонун угуп тың дагы экенин түшүндүм.Эки күн эшик-эликти ирээтке келтирдик.Кыш бүткөнүнө бир ай болгонуна карабастан айыл эли эми гана жазга дярдана баштаган маал.Мен өзүм айылга ар жайкы эс алууда чоң энем менен чоң атамдын колунда эс алып келип жүрүп айылдын жумуштарына көнүп эле калган болчум.Эки күндүк жумушубузду аяктап,шеринеге ылайык баардык жабдыктарды даярдап коюп шерине боло турган күнү эрте менен айылдан шаарга аттандык.Ал жакта группалаш-курсташтар түнү менен кезекме кезек чалып тынчыбызды алып жиберишкен болчу.Себеби Мараттын шеринеси ушул беш жыл окуган жылыбыздагы акыркы шерине экени баарыбызга маалым да.Ээрте менен суусаган жаным айылдын этегинде шаарга кетчү машина күтүп олтуруп Маратка:
-Дос,суу ичким келип атат,каерден сатып алса болот?-дедим чыдабай.
-Кызык экенсиң го,үйдө айтпайт белең,үйдөн чыкканыбызга он беш мүнөттөй болду го дос?-деп калды кайра айылдын башында калган үйүнө баргысы келбей.
-Мындай, дүкөн-сүкөн деген деле жокпу жакын арада?-дедим эки жагымды карана.
-Мындай таң заарда кайдагы дүкөн дос? Бул жер сага шаар беле? Бирок...,азыр. ..,туруп тургун...-деген Марат нары басты.Үч үй нары басып барды да дээрлик айылдын четинде жайгашкан бир үйдүн тушуна токтоду.Бир аз бир нерсени акмалап жаткансып карады да мен жакка башын буруп менин жанына келишиме белги берди.Эмнеге чакырып атканын тушүнбөгөн мен жакын басып бардым.
-Эмне болду?-дедим жакын келип.
-Суу ичкиң келип атабы же жокпу?-деди Марат көздөрун алаңдата.
-Келип атат? Анан?-дедим дале эч нерсени тушүнбөй.
-Анан анан... Моогу үйдө дүкөн бар.Азыр чакырайын туруп тур-деген Марат тыкылдатып кирди.
-Э дос,өзүң айттың го ушул маалда кайдагы дүкөн деп? Азыр чыгып алып сөгүш угуп жүрбө менин айымдан...-дедим жылмая да эскерткенче да.
-Бул киши качан келсең дүконүн ачаарын уктум эле.Ошону эстеп кетпедимби. ..-деп жатканда чындап эле бир киши ар бир айылдагыдай эле жыгач айнектен жасалган дүкөндүн терезесин жогору көтөрүп калды.Анын чарчаңкы көздөрүн гана эске албаганда кыркка эми гана кирип калган адамга окшош эле.
-Келгиле балдар,эмне керек?-деди тиги киши.Биз анын уйкусун бузганыбызга жини келип жатканын негедир байкай албай койдум анын жылмайган жүзүнөн.
-Кандайсыз Жакып ата? Бизге суу берип койуңчу..-деди Марат шыпылдай нары жакта тизилип турган бокалашкадагы сууларды карай чөнтөгүн чукулаганча.
-Жаман эмес.Газдалганынанбы же газсызданбы? -деди тиги киши кайдыгер.
-Газы жогунан-дедим да эми эсиме келгендей-Салам алейкум байке-дей салдым.
-Ва алекума ассалоом.Макул, азыр-деген тиги киши бизге сууну сунду да акчасын алып унчукпай дүкөндүн терезесин жаап койду.
-Рахмат байке-деп кыйкырдым ыраазычылыгымды билгизе.
-Чүш е,каяктагы байке сага-деген Марат бырс күлүп жиберди.
-Анан эмне,байке эмей ким?-дедим суудан култ-култ жутуп алып суунун дамына маашыркана. Ошол маалда жана эле биз машина күтүп турган жерге бир машина келип туруп калды.Аны көргөн Марат кыйкырган бойдон колду көтөрө чуркады.Артынан мен чуркадым.Келип олтураарыбыз менен машина ордуна жылды.
-Ырас эле,тиги сен байке деп жаткан киши канча жашта экенин айтайынбы?-деди Марат айылдан узап баштаганда кулагыма шыбырай.
Башымды ийкедим суусунумду кандырганыма ыраазы боло бокалашкадагы жарым болуп калган сууну карай.
-Ушул турушунда алтымыш үч жашта болсо керек менин билишимче-деди Марат мени сынагандай көздөрү менен карап.
-Кел дос,өрдөктөрүңдү таң заардан учурбай кое турчу-дедим ага жооп кыла жылмая.
-Ишенбейсиңби? -деген Марат дагы деле айтканына кайтчудай эмес.
-Моогуну карап кой,дагы ишенбейсиңби деп коет,ким ишенет мунуңа? Ал киши көп болсо кырктын кырында-дедим аны чыканагым менен нукуй.
-Кеңеш аке,Жакып ата канча жашта?-деди машина айдап бараткан орто жашап калган кишиге үнүн бийик чыгар.Биздин жаныбызда олтурган бир эже да карап калды жооп күтө.
-Эмиии анын чынында канча жашта экенин ушуга чейин эч ким биле элек да Марат.Бирок бир-эки жыл мурун алтымыш жаштан өтүптүр деп калышканын уктум эле-деди Кеңеш акеси жолдон көзүн албай.
-Оо тиги айыл башчы Арген анын документин көргөн экен эле эки-үч ай мурун,ошонун айтуусу боюнча бул киши алтымыш сегиз жашта экен-деди Кеңеш акенин жанында олтуруп бара жаткан дагы бир беттерин бырыш басып калган бир киши сөзгө кошула.
-Койсоңчу эй Касым,ал Аргениң да адатынча шашылып туура эмес көрүп алса керек да.Өзүң деле ойлосоң,экөөбүздөн жаш көрүнөт аның.Анан кайдагы алтымыш сегиз жашты айтып жатасың?-деген Кеңеш аке корсулдап каткырып койду.
-Кызыксың го сен.Туура,Арген бир аз шашма,бирок аның документке келгенде өтө так мамиле кылат-деген ал киши өзүнүн сөзүн дагы тастыктап баштады.Арттагы мен,Марат,анан жаныбызда олтурган эже болуп экөөнү алмак-салмак карап угуп олтура бердик.
-Азыр акчаң болсо жашыңды өзгөртүп алсаң болот да Касым.Керек болсо ал кишинин кайсы жактан көчүп келгенин да эч ким билбейт.Бул кишини кээ бири акылынан айнып калган деп да айтып калышат.Бирок, мындай карасаң токтоо,сүйлөшө келсең акылдуудай эле көрунөт-деген Кеңеш аке эми токтоо эле жооп берди.
-Калппы же чынбы билбейм бирок бул кишини жаш кезинде келгиндер алып кетип,жети жылдан кийин алып келип таштап кеткен имиш-деди Касым аке айткан сөзүнө ишенбестен.
-Аа сен тиги Жолдубай аванын айтканын айтып атасыңбы?-деген Кеңеш аке дагы бырс күлүп алды да кайра Касым акени карап-Жолдубай ава да каарыганда зээриккенинен ошол имишти ойлоп чыккан деп айтып жүрүшөт го.Мисалы мен ишенем.Себеби Жолдубай ава каарыганына карабай калпты көбүрөөк ышкыртат-деди жылмая.
-Сенин айтканың да туурадыр.Бирок экөө кошуна го.Эч ким менен катташпаган Жакып аке Жолдубай ава менен жакшы мамиледе экен го.Керек болсо дүкөнүнө керектүү нерселерди алып келүүгө базарга жөнөгөндө кээде машинесине Жолдубай аваны жакшы баса албаганына карабай салып алат экен...-деп калды Касым аке да жылмая.
Экөө жол ката ал киши тууралуу сүйлөшүп келишти.Касым аке бул кишини чындап эле өзгөчө адам экенин,каарыбаганын сыры бар экенин айтса,ал эми Кеңеш аке болсо аны жөн гана бир нерседен качып бул айылга көчүп келгенин,документтеги жашын акча берип өзгөртүп алганын айтып өз оюн берген жок.Экөөнү кунт койуп уккан мен ал киши тууралуу эч кандай тастыкталган нерсе жок экенин,экөө тең божомолдоп, элден уккан имиштер тууралуу гана сүйлөп жатышканын түшүндүм.
Кичинекей шаарчага келип машина котордук да чоң шаарыбызга жөнөдүк.Марат канчалык бүгүнкү боло турган шерине тууралуу сүйлөп жатканына карабай ал киши тууралуу ойлорум тынчыбай койду.Келечектеги кесибим журналист болгонгобу же жөн гана менин хоббимби,негедир ар дайым мен ушуга окшош озгөчө нерселерди өз алдымча сураштырып маалымат топтоого кызыгаар элем...
-Эов,сен мени угуп атасыңбы?-деген Мараттын сөзү менин оюмду бөлүп жиберди.
-Угуп атам,угуп атам,эмне болду?-дедим сыр бербей.
-Иии,дагы угуп атам деп коет-деди Марат таарынымыш этип.
-Аа болуптурчу, ойлорго чөмулүп кетиптирмин дос,эмне дедин эле?-дедим күнөөмдү мойнума ала.
-Ээ ойчул досум,Гүкү аяш ушу сени жеп бүтө турган болду окшойт ээ?-деп калды Марат жылмая.
Гүкү- бул менин азыркы учурда сүйлөшүп жүргөн кызым болот.Ооба,кыялы чатагыраак экенине карабай сүйлөшүп жүрөм.Акыркы күндөрү үзгүлтүксуз таарыныша баштадык бири-бирибизге. Бул жүрүштө кайсы бир күнү эки жолго түшөөрүбуз айкын деле болуп калды окшойт.
-Койчу эй,каяктагы аяшың,мен оо тиги киши жөнүндө ойлонуп кетиптирмин- дедим.Анын жүзүндөгү боор ооругандык менен мазактоо бир заматта жоголуп кайра таң калууга айланды да мени алая карап:
-Кайсы кишини? Тиги Жакып атаны айтып жатасыңбы?-деди. Башымды ийкедим.
-Эми досум мындай да-деген Марат колун менин далыма койду да-Ал киши биздин айылга мен кичине кезимде көчүп келген имиш.Бирок кайдан,эмнеге көчүп келгенин эч ким билбейт чынында.Өзү дагы айтканды жаман көрөт экен угушумча.Кошуна колоң менен да жарытаарлык мамиле кылбайт экен.Эшигинин алдындагы жыйырма сотыхтай жери менен ошол экөөбүз суу алган дүкөнү,анан бир эскилиги жеткен машинасы бар,ошол менен гана убара болуп жүрө берет.Мындайча айтканда ошолор менен жанын багат.Бир үйдө жалгыз өзу жашайт.Бирок чын,мен эр жеткенден бери көп деле карыбады.Ал убактан бери канчалаган адамдар карылыктан оо дүйнөгө аттанды.Ал эми Жакып ата негедир ар дайым шайдоот.Канчоосу тамырын тартып көргөну менен эч кандай майнап чыгара алышкан эмес деп угуп келем.Эми айыл элин билсең керек.Ар ким ар кандай имиштерди чыгара берип бул киши тууралуу көп имиштер пайда болгон.Азыр Жакып атага эч ким деле кызыкпай калган.Өзү менен өзу болуп жүрө берет-деген Марат созүн жыйынтыктады. Ушуну менен мен деле эч нерсе сурабадым.
Экинчи парага жетишип келдик.Көпчүлүгү универге эле шеринеге даяр болуп келишиптир. Танаписте бара тургандар топтолуп канча адам бара турганын тактап алдык да Марат экөөбүз айылга барчу алдын ала сүйлөшүлгөн автобустун шоопуруна чалып убакытты белгилеп койдук.Бир пара калганда эле сабак өтчү агайга баарыбыз кирип жооп сурадык да бир сааттан кийин жолугушчу жерге келип калууларын айтып даярданып келбегендер үйүнө жөноштү.Ынтымактуу группа болгонубуз үчүнбү же мага ошондой сезилдиби дээрлик баардыгы убагында келишти.Анан бир-эки кечиккендер келип паралелл группада окуган беш-алты достор менен кошо жалпысынан жыйырма үч адам болуп аккардеон менен гитаранын коштоосунда автобустун ичин жара ырдап шеринеге аттандык.Ошол маалда кээ бир коркоктор биз бара жаткан автобуз аңтарылып кетиши мүмкун деп да чочуласа керек менимче.Себеби бизде оюн-зоокту сүйгөндөр көп болгондуктан автобустун ичинде да нары бери басып ызы-чууга тушө шаңдуу бара жаттык.Эрте менен Марат экөөбүз машина которгон кичинекей шаарчага келип,ал шаарчаны да айланып,сейил багында эс алып күүгүм кирип калганда гана Мараттын айылына кирип бардык.Келээрибиз менен кечээ эле даярдап койгон музыканы жаңырта кое баарыбыз биргеликте бийге түшүп кирдик.Чын,ушул шеринебиз башка шеринелерибизге караганда бир кыйла жогорку деңгээлде өттү десем жаңылбасам керек.Себеби түнү менен бийледик.Мурда барып жүргөн кээ бир шеринелерде жергиликтүү балдар менен мушташкан күндөрүбуз, токмок жеген убактарыбыз болгон эле.Ал эми бул шеринеде бизге дээрлик эч ким кың дей албады.Анын үстүнө Мараттын айтуусу боюнча бул айылдагылар мектепти бүтөөрү менен эле дээрлик баардыгы талаалап ар кимиси ар жакка чачырап кетет экен.Бири иштегени чет мамлекетке кетсе,бири шаарга бизге окшоп окуганы кетет дегендей.Анча- мынча гана ата-энесин кароого эч кимиси жоктор гана калганы менен алар мындай ызы-чууга келе деле албайт имиш.Үйүрүнөн адашкан карышкыр деле башка үйүргө барып түнөк табышы кыйын дегендей эле да бул жагы.
Эрте менен гана уйкуга кеткен биз түшкө маал ойгондук.Бети колду жууп шам-шум этип алдык да Мараттын апасы менен коштошуп,алкышыбызды айтып келген жагыбызга кайра шылкыйып жөнөдүк.Баарыбыз бир үй-бүлөөдөй болуп биз өзүнчө эле бактылуу элек.Айылдан чыга бериште автобустун терезесинен кечээ эрте менен суу сатып алган Жакып атанын үйүн караганча өттүм.Кетмен менен бир нерселерди чаап айдоосунда жумуш кылып аткан экен эле."Бул кайдагы автобус эле?" дегендей жумушун токтотуп биз жакты караган бойдон кала берди.Ал киши көрүнбөй калгыча карадым.Чын, аны ушул турушунда эч ким жетимиш жашка таяп калган киши экенине ишенбейт болчу.Марат кечээ машина которгон шаарчага келип гана биз менен коштошуп түшүп калды.Себеби бугүн эртең дем алыш күндөрү болчу.
Ошентип көптөн күттүргөн акыркы окуу күндөрүбуздү окуп бүтүп,дипломдорубузду ийгиликтүү коргоп алып акыркы жолу ресторанда ажырашайык кылып олтурдук да кыздарыбыз коздөрүнө жаш ала,эркектерибиз ыйлабасак да ичтен сыза бири-бирибиз менен коштошо, кээ бирибиз менен түболүккө коштошсок,кээ бирибиз менен убактылуу гана коштошуп ар кимибиз өз жолубузга түштүк... -
Сенсиз деле бактылуумун!
Жазылган күн: 4 Ноя 2014
Мектепти бүтөөрүм менен мен ата-энемдин каршы болгонуна карабай Россиянын кичинекей бир шаарына жөнөдүм.Ал жакта атамдын иниси базарда жумуш кылат болчу.Бир жыл дээрлик кыйратаарлык деле жумуш кылган жокмун.Агама жардам бермей,жаңы достор менен шаар айланып эс алмай.Бир жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин оюнга тойдумбу же алдыга максат койдумбу мен дагы агамдай өз ишимди баштоону эп көрдүм.Агамдын жардамы менен баштап да жибердим.Агам ар бир тыйынды санап иштөөнү,кайсы сезондо кандай кийимдер менен иш кылууну деги эле койчу баардык нерсени үйроттү.Иш уланып кетти.Айылга ата-энемдин каршы болгонуна карабай акча салып жүрдүм.Агамдын тааныштарынын жардамы менен Орусиянын жарандыгын алганга да жетиштим.Бир жылдай иштеп эле машина алдым.Машина алгандан кийин дагы да жаным тынбай нары бери каттап чөйрөмдө кыздар көбөйдү.Кыргызстанда жүргөндөй жүрүп калдык ал шаарда.
---Бул күнүм да кадимки эле күндөрүмдүн бири болчу.Жумушта жүрсөм эле ошол жерде чогуу иштеген досум туулган күну экенин айтып,кечкисин кафеге барууну сунуш кылды.Ал күн жакшы киреше алып келген күндөрдүн бири болгондуктан эч ойлонбостон эле макул болдум да кечкиге даярдык көро баштадым.Билбейм, балким ошондо ошол кафеге бир шылтоо айтып барбай койсом баары башкача болмок беле ким билет.Кече да башталды.Орустардын кафеси болгонуна карабай биз бака-шака түшүп ызылдап жыргап жаттык.Кубаттын (туулган күн ээси) мен тааныбаган да достору келгендиктен чекеден тост сүйлөп жатышты.Кезек бир кызга келди.Жанатан бери эч кимдин деле сүйлөгөн каалоо-тилектерине кулак салбай жанымдагы мени менен барган кызым менен сүйлөшүп олтурган элем.Токтоо көз карашы менен маңдайы жарык бул кыздын орундуу сөздөр менен сүйлөп жаткан сөздөрү мага башкача сезимдерди пайда кылды.Жанатан бери алагүү жаным бир столдо аралашып олтурган кыздардын арасынан бул кызды байкабаганыма таң калдым.Ал сүйлөп бүткөндө баары кол чабып жиберишти.Бир аз алыстан көзөмөлдөп олтуруп жигити жок экенин байкадым да жанымда жүргөн кызымдан ага бара албай жүро бердим.Кече да бүттү.Мен ичип алгандыгыма байланыштуу мени менен келген кыз жашаган жери башка жакта болгондуктан башка достор менен чогуу таксиге салып ийдим.Кафеден кыйла эле алыс жайгашкан өзүм жашаган районго кетүү үчүн жолдо такси күтүп турсам Кубат жаныма келип жанакы кызды чогуу ала кетишимди суранып калды.Жок демек белем,тез эле макул боло койдум.Таксиде бара жатып тааныштык.Акмарал деген аты өзүно куп жарашканын айтып комплимент айтканга да жетиштим.Бул шаарга жакында эле келгенин да билдим.Ошентип төрт айдай жөн гана тааныштай учурашып жүрдүк.Бирок Акмарал канчалык мага жакпасын мен ага ашыктыгымды айта албай жүрө бердим.Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде Кубат жакында Акмаралдын туулган күнү экенин айтып калды.Ошол күнү ага ашыктыгымды айтууну ойлонуп алдым да ал күндү чыдамсыздык менен күтүп жаттым.Ал күн да келди.Акмарал беш-алты курбулары менен туулган күн белгилээрин айткандыктан мен машинамдын артына батышынча кыпкызыл роза гүлдөрүн кооз кылып жасаттырдым да алар олтурган кафеге жөнодүм.Акмаралга сыртка чыгып туруусун,сюрприз бар экенин билдирген билдирүүнү телефонуна жазып ийдим да кафенин оозунан орун алып күтүп калдым.Көп күттүрбөй эле бир курбусу менен сыртка чыкты.Кечеге арналган кооз жашыл көйнөгү көздүн жоосун алып мен ичимден миң жолу кайталап даярдап келген сөздөрүмдү унутуп кое жаздадым.Кантсе да эркек эмеспизби,өзүмдү колго алдым да сыр бербей аны колдон тарта машинанын артына алып өтүп ал жакта гүл саткан орус аялдын кылдаттык менен тизилип кооздолуп жасалган роза гүлдөрдү көргөздүм да ага болгон ашыктыгымды айттым.Розаларды бир карап мени бир карап Акмарал эмне дешин билбей бир аз буйдала түштү да менин кучагыма боюн таштады......
---Бактылуу элем ал күндөрү.Бирок бир аз убакыт өтүп Акмаралдын менден төрт жашка чоң экендигин,күйөөгө тийип 3 ай жашап анан ажырашып кеткендигин да билдим.Ал жаңылык да менин Акмаралга болгон сезимимди өзгөртө албады.Атамдын катаалдыгын эстеп Акмаралга үйлөнгүм келип атса да айта албай жүрө бердим.Бир жылдай өтүп кетти.Кийинки жылы агам менен акча келишпестиктер болуп кетип мен башка жакка көчтүм.Тагыраагы Акмарал менен чогуу бир квартирага көчтүм.Биз Акмарал экөөбүз кадимки эле бир үй-бүлөөдөй жашап жүрдүк.Айылга тез-тез бара берчү менин айылга баруум да соолгундай туштү.Аны байкаган атам агамды менин артымдан салганын кайдан билди дейсиң.Ооба, агам тез эле мен жөнүндөгү маалыматтын баарын билди.Мени үйүнө жеңем жокто чакырып алып ал кыз жөнүндө сурак алды.Ал кыздын кайсы жактан экенин,канчанчы жылкы экенин билген соң баарын жыйыштырымды буйруду да эч кимге айтпоого сөз берди.Эмне кылмак элем айлам жок агамдын созүн угуп кайра көчүп келдим.Акмаралды башка квартирага жайгаштырдым. Негизи эле Акмарал менин жардымымсыз эле баарын өзү аткарчу.Бир сөз менен айтканда эркектин жардамына эч качан муктаж болгон эмес.Убакыт учкан куш белем экөөбүздүн эки башка квартирага көчкөнубүзгө жарым жылдай өтүп кетти.Бирок тымызын жолугуп жүрүүнү токтотподук. Акмарал мага ар дайым өзүм теңдүүнү таап,ага үйлөнүүмдү айтып турчу.Ал эми мен аны урушаар элем ошентип айтканы үчүн.Ошентип жүргөндө жеңем жеңелик кылып мага эмнегедир тиш кайрый баштады.Агам да жеңемди бир эки жолу кой демиш болду да анан эч нерсе укпамыш,көрбөмүш болуп жүрө берди.Акыры жумушум да жакшы жүрүшпөй баштаганда баарын жыйыштырдым досторумдун чакыруусу менен да Москвага баса бердим.Туура, Акмарал калды ал жакта.Бирок ал менен болгон байланыш үзулбөду...
---Москва, Москва.... Келдим.Бирок бул жакта кеңири жүро албашыңды көрүп араң чыдап жүрдүм.Досторум гана "көнүп кетесиң" деп кайталап айтып жатышып мени алып калышты.Россиянын жараны болгонум үчүн бул чоң шаардан мен үчүн жумуш табуу оңой эле болду.Бир досум менен бир жерде чогуу иштеп калгандыгыма байланышту ал жашаган жерге квартирага чыгып алдым.Мен үчун күндо эрте менен жумушка туруп,күндө чарчап келип,курсакты эптеп бирдеме кылып тойгузуп жатып алмай жашоо кыйынга турду.Кайра кетким келип араң жүрдүм.Жаштайымдан өз алдымчалыкка үйрөнгөн жаным бул чоң шаарга да бара-бара көнө баштадым.Акмарал менен күн алыс телефон аркылуу байланышып жүрүп аны да ушул жакка келүүсүнө өбөлгө болдум десем жаңылышпасам керек.Акыры ал да келип кайрадан чогуу жашап калдык.Антип- мынтип жүрүп эки жылдай убакыт өтүп кетти.Бул убакытта мен бул шаарга биротоло көнүп алдым.
Бир күнү Акмарал боюнда бар экенин айтты.Билбейм, ошондо кубандымбы же таң калдымбы иши кылып бир кызыктай абалда Акмаралды карап турдум да аны кучагыма бекем кыстым.Акмарал болсо мага ал баланы озү эле чоңойтуп алаарын,мени өзүно бала үчун байланышымды каалабаганын айтып жатты.Боюнда бар Акмарал адам көп квартирада кыйналып калбаш үчүн мен өзүнчө бир бөлмөгө бөлүнүп чыгууну эп көрдүм да тез эле бир бөлмө таап экөөбүз жашап калдык.Айлар отүп Акмаралым көз жарды.Уулду болгон күну жакын деген үч досум менен барып төрөт үйүнөн чыгарып келдик.Досторду эч кимге айтпоону эскерткендигимден ал бактылуу күнүмдү үч досумдан башка эч ким билбеди.Куз келээри менен бир досумдун тоюна катышууну шылтоо кылып айылга жөнодүм.Башкы максаттарымдын бири Акмарал тууралуу,балам тууралуу айтуу эле.Той да болду.Бирок тойдон чарчап келген жаным төшөккө кулаарым менен уйкуга кеттим.Ойгонуп эле жанымдагы телефонумду таппай сыртка чыктым.Телефонумдун оюнун ойноого алган иним кокустан уулумдун сүрөттөрүн көрүп калып апама айтып салыптыр.Апа деген апа да.Кандай болгон күндө да өз канынан жаралган пендесине жаман нерсе каалабайт тура.Айтор апам атама айтып мээнин мээмди чукумай башталды.Атам мени Москвага жибербей ушул жерде иштөөмдү айтып бир айдай алып жүрдү.Акмарал да жаш бала менен кыйналгандыктан Кыргызстанга апасынын жанына келе берди.Экөөбүз бир өлкөнүн эки бурчунда жашагандыгыбыздан көрушө албадык.Себеби менин ар бир кадамым көзөмөлдө эле.Ким билет,балким ошондо ата-энеме катуу-катуу айтып эле баса берсем баары башкача болмок беле.Бирок менин антип айтканга ата-энем берген тарбия мүмкүнчүлүк бербеди.Ал жөнүндө ойлонбодум дагы.Мен үчүн ата-энемдин айтканы закон эле."Жакыныраак жерден,биз тапкан кызга үйлөнөсүң" деген алардын шартына макулдугумду бердим да "Барып жумушумду,карызга берген акчаларымды бир жаңсыл кылып келейин" деген шылтоо менен ата-энемдин колунан араңдан суурулуп чыктым да кайра эле Москвага келе бердим.Келип Акмаралга чалып аны да чакыртып алдым.Бирок баланы апасына таштап келиптир.Акмарал ачыктыкты сүйгөндүктөн мен ага болгонун болгондой айттым.Билбейм, балким жүрөгү ооругандыр, бирок мага сыр бербеди.Кезектегидей анын ушунчалык токтоолугуна таң калдым.
---Убакыт өтүп экөөбүз эки башка жолго түштүк.Ал байкушум менин ата-энем баары бир ак батасын бербөөсүн тушүнду бейм өзү эле менден кетип калды.Болгондо да Кыргызстанга. Менин кайра бойдокчулук жашоом башталды.Ишим жүрүшүп дагы машина алганга жетиштим.Ошол күндөрдүн биринде алыскы туугандарымдын кызынын тоюна барып калдым.Болгондо да Россиядан Кыргызстанга. Ата-энемдин "келишиң керек" деп улам айтып жатып чакырганынын түпкү максатын мен кайдан билиптирмин. Той күнү мага бир кызды көргозүшүп, мени ал менен таанышуумду сунушташты. Тааныштым.Арык чырай,ачык маанай Бермет деген кыз экен.Чынын айтсам анчейин көңүл деле бурбадым.Ата- энемдин гана көксөөсүн суутпаш үчүн ал кыз жакканы айтып кутулганга туура келди.Кайра эле Москвага жөнодүм.Бойдокчулукка да билинбей көнүп кеттим.Акмарал менен телефондо кабарлашып туруу да адатка айланды.Жок бул адат адат да эмес,бул менин аны алдындагы түздөн-түз милдетим болчу.Себеби ал кандай болгон күндө да менин тун уулумдун энеси."Кой" дегенине болбой ар айда каражат жактан да камсыздоо да менин милдетиме айланды.Ууулумдун бул жашоодон атасыз өсөөрүн эстеп кээде сай сөөгүм сыздаар эле.Бирок мендеги курулай намыс жеңип,ата-энемдин эл караган бетин жер каратпоону туура көрдүм.Себеби атам айылдагы кадырлуу адамдардын бири болгондугуна байланыштуу болсок керек эле...
---Бир жарым жылдай убакытты бойдокчулук менен алпурушуп жүруп өткөрүп жибергенимди өзүм да байкабай калдым.Мурда эле "агент" деген нерсеге катталганыма карабай ар кандай себептер менен көп кирчү эмесмин.Ошол күндөрү же зээриккенденби же жөн гана бирөө менен сүйлөшкүм келип жүрдүбү бир күнү кирип калдым.Менин досторумдун катарында Бермет да жүрүптүр.
-Салам-дедим мен биринчи.Ал күнү жанып турганына карабай жооп болбоду.Бир эки кундөн кийин кирсем Бермет жооп жазыптыр.
-Кандайсыз? Ден-соолуктарыңыз, жумуштарыңыз? Мен кечээ жооп жаза албай калганым үчүн кечирим сурайм,колум бош эмес эле...
Ал өчүк экенине карабай бир аз ойлонуп турдум анан:
-Жакшы рахмат.Өзүң? Күйөө балдардан колуң бошобой жатса анда кечиримдүү- деп жөнотүп ийдим да башка достор менен жазышып жатсам Берметтен жооп келип калды.Ошентип биздин маек уланып кетти.Күн алыс жазышып,баарлашып жүрдүк.Ал окуйт болчу борбор калаабызда. Жарым жылдай байланышып жүрдүк.Ошол күндөрдүн биринде алыскы туугандарымдын бири каза болуп калып айылга жөнодүм.Ал кишини жерге көмүп анан айылга да куран окутуп бүтүп эми кетейин деп жатканда атам бир аз жүро туруумду айтып калды.Бир жумадай өттү.Бир күну кечки тамак үстүндө атам тамагын кырынып алып созүн баштады..
Комментарийлер
AMAH-2
07 Июн 2014 - 18:47CauseLove
16 Май 2014 - 18:57Ал улуу эже-агаларыбыздын убагына келгенде "алар" форумдун "Ф" тамгасын билбей, кирсе да чандааа кирип калышса керек...
Тикого жеткени бар, жетпегени бар...(:
Көңүлдү көтөрүп койдуңуз. ((: