- (19 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Ангемелер.
#1 29 Июнь 2010 - 14:16
Ал кезде мектепти бутуп класташтар ар ким оз жолун тандап кетекн. Бир жылдан кийин 1 курсту бутуруп туулуп оскон мекенине жайкы каникулга эс алууга келгем. Эл жерди сагынып калган экем алыска кетсен ошондо ар нерсенин баркын билет экенсин да. Классташтардын да баркы ошондо билинет. Жайкы каникулга келген классташтарым менен жоолугуп чер жазып тамашалап откон кетекенди суйлошмой. Анан бекер жатпай токойго эс алып келууго кыздар балдар класташтар чогулдук. Он-Арча суусунун жээгине барып токтодук. Токойдо отун коп ар ким алып келгенин дасторконого коюп, самоор коюп тамаша башталды. Анан андай жерде чайга кошуп пайыда болот да.
Балдар пайдан ичип кыздар чайдан ичип кыраан каткы кулку жашоо керемет. Бирин бири тамашалап кезеги келсе сууга салышып ойноп жакшы отуп жатты. Биз балык кармайбыз деп тор палка которуп суну коздой жонодук ары салып торду бери салып торду алтын балык тушсочу. Эми кыздарга уят болобуз ушунчабыз журуп балык кармай албай барсак деп калдык. Анан ары жакта жургон байкелерге бардык балык уулап жургон. Карасак 4-5 балык кармаптыр аларды кондуруп берчу арагын берип балыгын алдык. Ал балыкты бетке кармап биз кармадык деп кыздарга бердик, ой молодцы деп алар балыкты ары кууруп бери кууруп дастроконго койду. Создор кобойду балдар кичине кызып калды. Анан кечинде уланталы вечернканы деп уй да таап койдук. Менин кошунам Гулбарчын деген кыздын ата-энеси тоодо алардын уйндо байкеси экоо турат. Ошол жактан жоолукмай болдук. Анан кайдан жайдан балдар да козу таап койюшту сойгонго. Чынгыз деген бала бар окуудан эрте чыгып кеткен. Борбодойдун баласы.
Ал менде козу бар ошону кыздар силерге союп берем деп оолукту. Кыздарыбыз макул болуп кечинде баарыбыз Гулбарчындын уйуно чогулдук. Дасторкон жазылып вечеринкабыз сонун башталды. Козусун да которуп баягы Чынгызыбыз келди. Кыздар балдар Чынгызгы ыраазы болуп бата кылдык. Учугун узарсын кем болбо Чынгызбай деп. Анан ким соет болуп калдык. Арабызда айылда жургон Асылбек деген бала союп журчо эле кел деп баштадык союп
Терисин сыйрып ичин жарып жаны эле ич карынын алып жатканбыз. Кайдан келгенин белгисиз Чынгыздын байкеси Кеша кирип келди.
-Энеди ган урайын уурулар мына ата деп калды. Анын аркасынан кушулдоп бышылдап Борбодой кирди энтигип камчысын которуп
- Атанды ган ооозу урайындар менин ак малымды уурадйсынар деп эле камчы менен шилтеп кирди. Качаарга жер таппай складын ичи ызы чуу эле болуп калды. Жаныбызда турган Чынгыз жок кайсы убакта качып чыгып кеткенин билбейбиз. Биз да онтойун таап качып чыктык складан Борбодойдун камчысынан 1-2 жеп алып. Чокотаанды баласынадй эле ар тарапка качтык. Баягы Чынгызды ары карап бери карап таппай калдык. Анан алыста туруп алып не болуп кетти деп танбыз. Болжоп жатабыз тиги Чынгыз атасына айтпай козуну которуп чыканын. Борбодой кошуналрды чогултуп бакылдап жатат.
- Ушул кантип жакшылык болсун короодогу малымды уурдашып кантип колдору барды буга деп
-Коруп койгула эл журт мына булар уйндо ээси эок уйго алып келип эт жегиси бар булардын групповой сотко берем деп бакылдайт.
Бизде журок жок эми кандай кылдык деп. 2 саат откону Борбодой атын минип алып кетти. Уйго чогулуп балдар келсек кыздар беттен алды
-Силердин сыйынарга рахмат ушундан коро сыйлабай эле койсонор болмок деп ыйлаганы ыйлап журот эми мына баарыбызды соттойт Борбодой деп. Анкендин да жжосу бар. Борбодой чыр киши. Коп киши менен соттошуп чырдашып жургонун билебиз. Анан ал Борбодойдун колуна биз да тушконубузго кейип кыздарыбыз ыйлаганы ошол да.
Кыздарыбызды аладап соолап уйлоруно жеткирдик. Коркпогула баары жакшы болот деп.
Эртеси Чынгыз жок уйно барбатыр деп калды. Борбодой окуруп жатат дейт
-балам жок тундо туногон жок уйго муунуп олуп калдыбы не болду тапкыла баламды олсо силер жооп бересинер деп
Мына бизде жан жок олгон экенбиз эми кайдан табабыз деп Чынгызды деп. Гулбарчындын уйнон барып козунун этин алып териге ороп чарада ич-карын калыптыр артылбай ошол бойдон алып чыгып кеттик жолдон каналга артып алабыз деп. Каналага сууга каналдын ичине кирип алып ич-карынды тазалап отурабыз. Эптеп бир сыйра тазалап богун кетирип анны баштыка салып Борбодойдун уйун коздой жонодук. Борбодойдун уйу айылдын кире беришинде жайгашкан ар жагы токой. Уйуно жеттик. Эмне деп айтабыз деп балдар болуп кечирим сурап этин бергени кирдик уйуно.
Коркуп жатып аран кирдик эмне кылып ийиет деп. Жалпы кечирим сурайлык баарыбыз деп суйлошконбуз.
Борбодйдун алдына барганда тил жок баарыбызда коркуп эптеп кечирим сурап биз куноолу эмеспиз баланар ОЗУ куноолу десек болбойт. Бизге айткан эмес сизге айтпай алып чыканын десек. Силер уурдадынар баарынды кесем соттотом козумду ар бирин толойсун деп бакырат. Балам да жок тундо келген жок олуп калса силерди мен олтуром деп
Сизден коркуп келбей койсо керек да деп айтсак да болбойт. Ары айтып ак экенибизди айтсак да болбойт кечирим сурадык болбойт. Менин жиним келип ызааланып турам. Анан айттым Борбодой ата деп биз куноолу эмеспиз
Чынгыз айткан эмес уурдап барып бизге алып барганын дедим да аягында АК ИЙИЛЕТ БИРОК СЫНБАЙТ десем Борбодой мени карап
-Энеди га урайын бала болбой чык эшике деп жуткунгондо Баарыбыз уйдон атып чыктык . Эшике чыгып Борбодой атын минген жатат. Бизде жан жок токйду коздой качтык.
Ал куну балдар чогулуп Чынгызды издедик айылдан ,кошуна айылдан токойдон болгон кычыкты болгон элден сураштырып таппадык.
Эртеси дагы чогулдук балдар. Чогулуп турсак милиция келди. Баарын кыздар балдар чогулгула да тушунук кат жазгыла деп. Кыздарыбыз ыйлап алган мына соттолуп олот турбайбызбы деп. Болгонун болгондой тушунук кат кылып жазып бердик. Анан кыздарды кетирип ийип бизди алып калды.
- Кана Борбодойдун баласы кайда жоготунар тапкыла дейт.
Биз да таппай журобуз десек болбойт ишенбей силер анны кармап алып урдунар анан ал ызаланып сууга тушуп кетиби же муунуп олдубу ким билет деп. Эгер ошондой болсо анда ишинер чатак деп коркутту. Групповой кетесинер кыздарынар кошулуп деп мына журокту тушурду.
-Давай тез арада Чынгызды тапкыла деп кетирди милиция.
Атчаныбыз алыстан жообуз жакындан карап издеп журобуз
Туштон кийин таптык туру экен ага суйунуп да коебуз куйунуп согунуп да коебуз алыбыз жеткенибиз тепкилеп да алдык балдар кечирип койгула деп качкан бойдон кетти Артынан кууп жетпей калдык кууп отуруп уйуно кирип кетти. Борбодойдон корконубуздан эле кире албай калдык
Анан Чынгыздын братаны Кеша эшикте журупур
Мына Чынгыз туруу экен Борбодойго айт бизге доосун артпасын деп кыйкырып тарап кеттик
Ошондой экен дунуйо кекиртек кекиртек далай жерге секиртет
#2 24 Июнь 2011 - 02:42
Турмуш курушканына эки жыл болду. Күйөөсү адабиятка жакын, ыр жазганды жакшы көрчү. Жазган ырларын интернеттен жарыялап, газета журналдарга жөнөтүп турчу. Бирок, анын жазгандарын жактырып окуган, аны колдогон эч ким чыкпады.
Сүрөттү да жакшы тартчу. Мыкты фотографтардын бирөөсү. Адабиятка болгон кызыгуусу, аны сүрөт тартуудан алыстата баштаган. Бара-бара сүрөтчү болуу өзүнө жакпай калган. Үйлөнүү тойундагы тартылган сүрөттөрдүн көпчүлүгү өзүнө таандык. Өмүрлүк жубайын аябай жакшы көрчү. Аялы да аны сүйчү, бирок, сабырсыз эле. Кээде кыйкырып уруша кетчү. Эркек ага караганда сабырдуу, чыдамкай. Аялынын кылгандарына, каяша айткан сөздөрүнө жооп кайтарчу эмес.
Бүгүн аялынын көңүлү жайында. Акырын келип жолдошунан дагы суранды: «Досумдун тойунун сүрөттөрүн тартып берчи... акысын да эки эсе төлөп берем деди.»
-«Бүгүн убактым жок.»
-«Уфф. .. дагы баштадыңбы! ? Роман жазганыңды койо турсаң, убакыт табылат!»
-«Көрөсүң. Убагы келип, мен жазган чыгармалардын баркын билишет.»
-«Мен билбейм! Сен жазгандарды түшүнбөйм да. Досумдун тойуна барасың!»
- «Барбайм.»
-«Бир жолу... суранам жаным.»
- «Жок дедим го!»
Ушул жерден диалог токтоду. -«Же үч күн ичинде барам деп айтасың, же...»
Биринчи күнү. Күйөөсүнө компьютерин, ваннаны жана муздаткычты колдонууга тыюу салды. Бирок, керебетке уруксат, эмне болсо да аны сүйөөрүн билдирүү үчүн. Эркек унчукпады. Ошентип экинчи күн, артынан үчүнчү түн да келди. Экөө тең бир керебетте, эки тарапты карап жатышат.
Эркек: «Сүйлөшүп алышыбыз керек.»
-«Тойдун сүрөтүн тартуу боюнча гана сүйлөшөм. Башка сөзүм жок!»
-«Маанилүү».
Аял унчуккан жок.
-«Эмне дейсиң, ажырашалы?»
Аялы уккан кулагына ишенбей кетти.
- «Бир кыз менен тааныштым.»
Аялы, бир чети кызганып, бир чети жинденип атты. Эмне дээрин да билбей калды. Көзүнөн эки тамчы жаш, жашырганына карабай бетинен ылдый карай акты. Күйөөсү, төш чөнтөйүндө сактап жүргөн сүрөттү сууруп чыкты. - «Татынакай кыз.»
Аялынын эки тамчы көз жашы ого бетер көбөйүп ага баштады.
- «Ушул кыз мени түшүнөт. Мени аябай жакшы көрөт. Мага жакпаган нерселерди айтып башымды оорутпайт. Жада калса, жазуучулук талантымы да баалай билет деген үмүттөмүн.»
Бул сөздөрдү уккан, тетири карап жаткан аялынын кызгануусу аны уктатпады.
- «Сүрөтүн тартып алгам. Көрөсүңбү?»
Сүрөттү сунган колун ары катуу түртүп, үнүн чыгарып ыйлап жиберди. Күйөөсү сүрөтүн кайра чөнтөйүнө салып уйкуга кетти. Аялынын уйкусу эчак эле качып кеткен. Бир убактары айткан сөздөрүн эстеп кетти. Күйөөсүнө айткан сөздөрүн. Анын жазган ырларын мактап, өзүнө арнап да ыр жаздырганын. Ушунун баарын эки жыл өтпөй унутуп жибергенине, ичинен өзүн жемелей баштады. Аны ойготуп, сүйүүсүнүн өчпөгөнүн айткысы келди. Айталбады. Чөнтөйдүн оозунан сүрөттүн чети чыгып турган. Кандай кыз болду экен деген ой менен сүрөттү акырын алып карады.Сүрөттөн өзүн көрүп алып ыйлайын дейт, сүрөттү көрүп кайра же күлө албайт. Кубанычы койнуна батпай, ийилип барып бетинен өөп койду. Эркек ууртунан жылмайды... уктамыш болуп жаткан.
Билдирүүнү түзөткөн: legolas: 24 Июнь 2011 - 02:43
#3 29 Июнь 2011 - 10:33
#4 29 Июнь 2011 - 22:21
Биринчи сабак
Мектеп ачылып, окуу башталганына эки айдын жүзү болгон. Мугалим сынагын тест түрүндө өткөрдү. Алдыңкы окуучулардан бири элем, акыркы суроого чейин бир дем менен баарын жооптоп келдим. Бирок, акыркы суроого келип бүтүрө албай токтоп калдым. Акыркы суроо мындай болчу: «Күндө эрте менен класстарды тазалаган эжейибиздин аты ким эле?»
Агай тамашалап сураган болуш керек деп ойлодум. Аны, күндө эрте менен көрчүмүн. Узун бойлуу, кара чачтуу аял болчу. Элүү жаштын тегерегинде болсо керек. Бирок, атын кайдан билейин... жооптогон жокмун. Кагазды берип сыртка чыгаарда окуучулардан бирөөсү, «акыркы суроого да баа берилеби?» деп сурап калды. «Ооба» деди агай.
Жашоодо, ар түрдүү адамдарга жолугабыз. Эч бири бирбирине окшобойт. Ошентсе да баарына тең көңүл буруп, жок дегенде жылмайып, саламдашып же абалын сурап койууну унутпайлы. Бул окуя мага сабак болду, эч унуткан жокмун. Эжейдин атын да. Аты Дороти эле.
уландысы бар...
Билдирүүнү түзөткөн: legolas: 30 Июнь 2011 - 22:02
#5 14 Ноябрь 2012 - 18:32
"Кичинекей Асан жана энеси".
Кичинекей Асан, атасынын төлөй турган карыздарын эсеп-теп жатканын көрүп, бөлмөсүнө жүгүрүп кетет. Мен деле апама берген жардамдарым үчүн акча сураганга акым бар турбайбы деп ойлойт. Эртеси апасы ашканага келип, үстөлдүн үстүнөн кагазга ирети менен жазылган эсеп таап алат. Ал кагазда мындай деп жазылган экен: Апасынын Асанга төлөй турган карыздары: Дүкөндөн быштактарды көтөрүп келгени үчүн -50 куруш. Каттарды почтого алып барып салып келгени үчүн -40 куруш. Апасына жакшы бала болуп бергени үчүн -60 куруш. Гүлдөргө суу куйганы үчүн -100 куруш. Баардыгы биригип -250 куруш. Апасы кагаздагы эсепти окугандан кийин Асанга эч нерсе дебейт. Кечинде Асан үстөлдүн үстүнөн 250 куруш көрүп, абдан кубанып, чөнтөгүнө салып алат. Акчанын жанында бир кагаз жаткан болот. Ал кагазда: Асандын апасына төлөй турган карызы деп жазылып, булар тизмеленген экен: 10 жыл үйдө бактылуу жашагандыгы үчүн-эч нерсе, 10 жыл үйдөн жеген тамагы үчүн-эч нерсе. Ооруганда караганы, чыгымдары үчүн-эч нерсе. Жакшы бир апасы бар болгону үчүн-эч нерсе. Баардыгы биригип-эч нерсе. Кичинекей Асан кагазды окуп, абдан уялып, ыйлаган бойдон апасын кучактап алып кечирим сурайт да, 250 курушту апасынын чөнтөгүнө кайра салып коёт.
#6 14 Ноябрь 2012 - 19:08
Билдирүүнү түзөткөн: Atabaevtalantbek: 14 Ноябрь 2012 - 19:10
Чынгыздын журту,
Манастын урук-тукуму. дегендей бололу калайык!
#7 15 Ноябрь 2012 - 11:54
Үйдүн эң жакшы жери үстүңкү кабаттагы бөлмөнүн терезеси болчу. Ал жерден көчөнү, шаарды курчап турган тоолорду карап отурууга мүмкүн эле. Күн сайын түштөн кийин апасы балдары менен отуруп алып, чарчап келе жаткан күйөөсүн, окуудагы балдарын күтүүчү. Балдары жете элек жатып эле кыйкырып учурашышчу. Апалары коп жылдан бери ооруп, буттары басчу эмес. Бирок ага карабастан балдарынын кийимдеринин, бут кийимдеринин таза жана тыкан болушуна коз салар эле. Балдары барган жерлерин, уккан ырларын, сабактарын айтып беришсе, кубанычтан көздөрү жадырап укчу. Баарынан да балдарынын кырлардан терип келген гүлдөрүн ото жактырчу. Гүлдөрдү дароо бир вазага коюп, бир жума бою сыймыктана карап отурар эле. Кээде балдар ичи көндөй үлүлдүн кабыгын, кичинекей куш уясын алып келишчү. Эне буга кубанычы койнуна батпай абдан сүйүнчү. Бир күнү ата балдарына: «Кийинки базар күнү жакынкы бир кыштакка барам. Ал жерде иштерим бар. Эртең менен эрте поезд менен жолго чыгып, кечинде келебиз, силер да камынгыла» дегенде, балдар толкунданып, алакан чаап сүйүнүштү. Бул абдан кубанычтуу нерсе эле. Күн бою токойдо, суу жээгинде көнүл ачышмак. Дароо эле эмнелерди алып барышарын ойлоно башташты. Бир рюкзак, чыны, футбол тобу, асматөшөк… Дагы бир канча нерселер… Балдар оз ара көңүлдүү сүйлөшүп, убакытты кандай өткөрө тургандарын элестете башташты. Эне бир бурчта кайгыланып отурду. Анткени бир күнү бою үйдө жалгыз калмак. Терезе түбүндө зеригип, жол карап, бир нерсе окуганга аракет кылса да, убакыт өтпөй турганын билет. Балдарынан бирөө жанында калса. Бирок балдарына унчуккан жок. Алардын кубанычтарына жолтоо болгусу келбеди.
#8 15 Ноябрь 2012 - 11:55
#9 25 Ноябрь 2012 - 12:54
Илгери-илгери Айдарбай деген акылман киши жашаптыр. Бир күнү ал эшегин минип алып келе жатса, дүкөнчү алдынан тосуп: - О-о, акылман Айдарбай! Мага жакшы кеңеш бер. Бир аз акчам бар. Келерки жылы сатканга пайдалуу эмне алсам болот? – деп сурайт. Айдарбай ойлонуп туруп: - Тамеки сатып ал. Кыш келери менен кымбаттайт. Эки эсе кымбат сатып, байып гана жатып каласың, – дейт. Ошентип дүкөнчү тамекиден көп сатып алып, кымбат сатып байып кетет. Ичинен «келерки жылы да Айдарбайдан кеңеш алам» деп ойлонот. Айлар өтүп, күз мезгили келет. Акылман Айдарбай баягы көчө менен келе жатып, артынан тааныш дүкөнчүнүн үнүн угуп токтойт. Дүкөнчү: - О-о, кемпай Айдарбай! Өткөн жылы сен мага жакшы кеңеш берип, байып алдым. Быйыл эмне сатып алайын? Кеңешиңди айтып кет! – деп кайрылат. - Пияз сатып ал. Жазында кымбаттайт, – дейт. Дүкөнчү Айдарбайдын биринчи берген кеңешин эстеп ага ишенет да, болгон акчасына пияз сатып алат. Пиязды кампасына жыйнап, кымбатташын күтүп жатат. Бирок ошол жылы
пияз түшүмдүү болуп, баасы мурдагыдай кала берет. Күн жылыган сайын дүкөнчүнүн пиязы көктөп, чекесинен чирий баштайт. Эмне кыларын билбеген ал чекесинен ыргытып кирет. Акыры пияз эч нерсеге жарабай, дүкөнчү куржалак калат. Буга ачуусу келген дүкөнчү берген кеңеши үчүн өч алууга Айдарбайды издеп таап: - Эй, Айдарбай, эмнеге пияз сатып ал деп кеңеш бердиң эле?! Сенин тилиңе кирип, минтип болгон оокатымдан кол жуудум, – деп
ачууланат. Ошондо Айдарбай: - Тууган, сен мага «акылман Айдарбай» деп кайрылганыңда тамеки сатып ал деп жакшы кеңеш берген элем. Кийинки жолу сен мени кемпай дедиң. Ошондо мен сага пияз сатып ал дегенмин. Өзүңдөн көр, баары мага кайрылганыңа жараша болду, – деп басып кетиптир.
Билдирүүнү түзөткөн: REKETIR: 25 Ноябрь 2012 - 12:56
#10 27 Ноябрь 2012 - 03:06
10 жашында автокырсыкка учурап, бир колунан ажыраган япониялык бир бала...
Буга чейин ар дайым, чоңойгондо дзюдо боюнча мыкты чебер болууну кыялданып келген. Сол колунан айрылгандан бери баарынан үмүтүүзүлгөн бул жаш баланын атасы, Япониянын ошол учурдагы эң мыкты дзюдо чеберин таап, андан жардам сурайт. Спорттун чебери, ошол күндөн баштап эле баланы он жыл бою машыктырат. Бул он жылдын ичинде ага дзюдонун бир гана ыкмасын үйрөтөт. Ар күнү ушул көнүгүүнү кайталоосун айткандыктан, бала кээ-кээде агайынан сурап турчу, “бул ыкманы үйрөндүм. Качан башкасын үйрөтөсүз?” деп.
Балага: “Сен ушуну кайталайбер. Убагы келгенде өзүм айтам. Анан башка ыкмага өтөбүз” деп койчу. Ошентип арадан жылдар өтүп, толук он жыл дегенде бир күнү агайы келет да: “Даярдан! Сени чоң турнирге алып барам... атыңды жаздырып койдум” дейт. Агайынын бул айтканына албетте аябай таң калган болчу. Анткени бир эле ыкманы билет жана өкүнүчтүүсү, бир колунун жоктугу. Турнирге катышкан мыкты чеберлер менен беттешип,аларды жеңүү мүмкүн эмес деп ойлосо да, агайын сыйлап анын айтканын аткарды.Турнирге катышты.
Биринчи таймаш. Билген бир эле ыкмасы бар. Ошол ыкманы туура жана мыкты аткара алгандыгы үчүн, атаандашын жеңди. Экинчисин, үчүнчүсүн, чейрек финал, жарым финал... көптөн күткөн финалга да чыгып келди. Бул жолу да ошол эле ыкманы колдонуу менен атаандашын жеңип турнирдин чемпиону болду. Медалын алаары менен агайынын жанына чуркап барып:
“Агай! Кантип? Кантип жеңишке жеттим? Болгону бирэле ыкманы билсем” дейт. Агайы: “Балам, он жылдан бери ушул ыкманы үйрөнүп келатасың. Мунун мааниси, бул ыкманы сенден башка жакшы билген спортчу жок. Бул биринчиси, ал эми экинчиси, бул ыкмага каршы койуунун бир эле жолу бар. Аны аткаруу үчүн атаандашың сенин сол колуңдан кармашы керек” дейт.
Биз кемчилдик деп билген нерсе, кээде биздин эң күчтүү жагыбыз болушу мүмкүн. Акылың кем болбогон соң...
Хаксли Олдос
Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 27 Ноябрь 2012 - 03:26
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
#11 27 Ноябрь 2012 - 14:25
Иштеген киши эриккенди билбейт. Зеригүү, бекерликтен тажоо дегендер ага жат. Буларды
байлар гана билет. Зарара конту, Бай Арно өзү жашаган шаардын эң бай кишилеринен бири болчу. Жаш болгонуна карабастан, жашоонун бүтүн даамдарын таткан, тажап, чарчап бүткөн. Бул жашоодо жасай турган эч нерсеси калган эмес. Байлык адамга тартуулаган бүтүн сулуулуктар, жеңилдиктер колуңца болчу. Узун саякаттар жасап, ырдап-бийлеп, көңүл ачып, кумар ойноп жүрүп, жылдар өткөн соң атасынын очогуна кайткан. Шаардын дөбөчө жериндеги көркөмдүү чарбагы жибек, пилдин тиши, сансыз кызматчыларга толо болчу. Бирок бай Арно баары бир зериге берчү. Бардык жерде, бардык учурда эле анын кош көңүл, кайдигер отурганын көрүүгө болор эле.
Чарбакты курчаган токойдун сыйкырдуу кооздугуна, том-том китептерге, көз тайгылткан баллдарга, кечелерге карабастан, анда ар дайым бир санаа бар боло турган. Адам баласына бакыт жана беймаралдык тартуулаган бир иши жок эле бай Арнонун… Эригүүсү да ушундан улам боло турган. Бир күнү эртең менен токойду жалгыз башына кыдырып чыгууну ойлоду. Ичи камыгып, өзүнчө эле бушайман болуп, эч нерсе анын сезимдерине кымындай да таасир бере алчу эмес. Назик, аппак колдорун желкесине таяп, башындагы жаман ойлорду алып салууга аракеттенгендей болду. Тажатып, жардам сураган бирөөлөрдүн болбошу аны бир аз тынчытты… Шиберге үстөмөндөп жатып алып, көздөрүн жумду. Бир канча саат бою тынч уктап эс алгысы келди. Бул тажатма, ажарсыз дүйнөдө жасай ала турган жалгыз иши бу болчу. Так башынын үстүндө куштар топтолуп, чыйрыттап сайрап жатышты. Капысынан эле куштардын жапырт учуп калганын көрдү. Аркасынан эле жакындап келе жаткан табыштарды жана балдардын сүйлөшкөндөрүн укту. Ичтеринен бирөө кубанычтуу үнү менен кыйкырды: Он эки миллион… Башка бирөө ага каршы болуп: Бул өтө көп. Бир миллиондон ашык акчам болушун каалабайм. Он эки миллиоңцу эмне кылмак элем. Кел, Франс. Бул жерде тактай отургучтар бар экен. Отуруп бир аз эс алалы… Франс жолдошунун аркасынан жөнөдү. Анан капысынан эле: Рудолф! деп бакырды, карасаң. Тактайга бирөө ыр жазып коюптур. Укчу, мен окуюн. Ар бир күн башка бир азап Ар түнү башка бир жатак Эй, баарынан улуу Кудайым Ишсиздиктен бүттүм тажап. Франс кайгылуу көздөрү менен досуна карап: Ушуну
жазган байкуш баланы көрсөм, колуна бир канча алтын тыйын берип: барып бир жакшынакай көйнөк, өтүк ал. Жуунуп таранып, чачы-башыңы ал. Курсагыңды тойгуз. Анан барып, бир мыкты устанын жанынан иш изде, дейт элем. Албетте, мындай албырап-салбыраган кийим кийип алып, иш издесең, эч ким ишке албайт. Арнонун көздөрү умачтай ачылды. Эриккени-зериккени жок болду. Балдардын шандуу, шайыр үндөрү ичиндеги бир жылуу сезимдерди козгоп койду. Уксаң, мени, Рудольф. Мен он эки миллионду эмне кылам дебейсиңби? Өзүң билесиң. Биздин кичинекей шаарчабызда саңдаган колунда жок, кедейлер бар. Кичинекей, кароосуз үйлөрдө жашашат. Кышкы сууктун каарына чыдабай, көбү өлүп калат. Мен таптаза, ичинде ар түрдүү саламаттык кызматтары болгон, жаркыраган имараттар курдурмакмын. Буга эки миллионум кетмек. Анан да жалпы эл үчүн, өзгөчө ноокастар, майыптар үчүн чоң бир мончо салдырмакмын. Каалагаңдар барып, бе кер эле жууна алсын деп. Ага да эки миллион чыгымдамакмын. Миндеген балдар жакшы тамак-аш ичпейт, жакшы тарбия албайт. Алардын багылышы, туура чоңоюшу үчүн дагы эки миллион зарптап, чоң бир жай курдурмакмын. Ойлоп көрсөң, Рудольф. Оорукчан, кары-картаң, дармансыз канча киши бар. Алар өмүрүнүн соңунда ысык тамак, жайлуу төшөк, жылуу-жумшак мамилеге туш болушу үчүн бул кандай сонун иш болмок. Дуба окушуп, ырахаттанышмак. Бул үчүн төрт миллион бермекмин. Биз жашаган шаарда бир да китепкана жок… Ичинде миндеген китеби бар, бир китепкана салдырам. Кенен, жылуу жана жарык чачкан бир имарат. Карылар, жаштар, балдар бош убакыттарын ошол жерде өткөрө алышат. Канча нерсе үйрөнүшөт, баштары билимге, көкүрөгү сүйүүгө толот. Эч ойлонбой туруп, бул үчүн төрт миллион берем. Баарыданда, Рудольф… Ошол кезге чейин жолдошунун сөзүн сабырдуулук менен угуп турган Рудольф күлүп: Болду эми, деп жолдошунун сөзүн бөлдү: Франс, бүттү акча… Он эки миллионду арыдан бери бүтүрдүң. Койчу! Мынчалык тез түгөнөрүн билген эмесмин. Саамга үндөбөй калышты. Рудольф, ушунчалык ачка болдум. Оозума кара суу келе баштады. Кыштакка кире бериште бир наабайчы бар. Жакындап калдык. Ошоңцон эки нан ал… Жеп алалы. Франс чөнтөктөрүн аңтарып, анан муңайым үнү менен: Рудольф мага жыйырма тыйын бересиңби? Жанымда эч акча жок. Бир тилемчи балага берип койдум. Эмдиги аптада менин туулган күнүм болот, ошондо сага жыйырма тыйыныңы кайтарып берем, деди эле, Рудольф: Албетте, албетте, деп акча сунду. Франс дароо жолго түштү. Зарара конту Бай Арно жаткан жеринен сүйүнүчтүү бир сезим менен шак турду. Токойдон чыккан кезде эң сонун сезимдер бийлеп алган. Дүйнөдө аны жашоого байлаган бир нерселер жаралды. Ичиндеги тажатма, кайгы, капа калган эмес эле. Башка адамдарга жакшылык кылуу чабасы бүтүн ой-дүйнөсүн бийлеп алган болчу. Кээде чайыттай ачык күндөрдө, аны жалгыздыктан, боштуктан куткарган балдардын таттуу тилдерин эстеп калчу. Жылдар бою кулагында ошо он эки миллиоңду адамдардын бактысы үчүн зарптаган, өзүнүн чөнтөгүндө бир кесим нан ала турган акчасы жок баланын үнү жаңырып турду.
#12 03 Декабрь 2012 - 13:53
Ички бөлмөдөн беш жашар баласы чыга келип, эми эле жумуштан чарчап келген атасына асылып:
“Ата, жүрү сыртка чыгып ойноп келели. Мени менен паркка барып келчи” деп жалдырай баштайт. Баласынын көңүлүн да ооруткусу келбейт.Бирок, кыла турган иштери да көп. Канткенде баласынын да көңүлүн оорутпай аны алаксытып, өзүнүн иштерин да бүтүрсө болот деп ойлоно баштайт. Эмне кылаарын билбей турганда жанындагы столдун үстүндө турган дүйнөнүн картасын көрө калып, кубанып кетет. Баласын карап:
“Балам, макул... сени менен бирге сыртка чыгып каалаган нерсеңи кылабыз. Бирок, бир шартым бар” деп дүйнөнүн картасын колуна алып баласына көргөзөт:
“Бул дүйнөнүн картасы. Мен муну майда-майда кылып онго бөлүп берем. Эгерде сен бул дүйнөнү мурдагы калыбына келтире алсаң, чогуу чыгып ойноп келебиз” дейт. Баласы сүйүнүп, макул болот да майдаланган картаны колуна алып кайра ички бөлмөгө кирип кетет. “Бул эми эки саатта араң оңдоп келет. Мен да бираз эсалып алайын” деп жата калат. Арадан 5 мүнөт өтпөй атып картаны калыбына келтирип,аны бири-бирине жабыштырып көтөрүп чыга келет. Таң калган атасы:
“Балам! Муну кантип кылдың? Мен да мынчалык тез кыла албайт болчум” деп сурайт. Баласынын жообу атасын айласыз абалда калтырат:
“Ата, бул картанын арт жагында адамдын сүрөтү бар эле. Адамды оңдосом дүйнө да оңдолот экен. Мен ошону гана түзөп, оңдоп чыктым.”
Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 03 Декабрь 2012 - 13:54
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
#13 03 Декабрь 2012 - 13:56
Жаңы эле сатып алган, короодо турган машинасын бир карап койойун деген ой менен сыртка чыккан болчу. Ойноп отурган баласы эч нерседен кабары жок, колундагы балка менен ургулап атып машинага кыйла зыян келтириптир. Кыжыры кайнаганда өзүн кармана албай чуркап барып, баласынын колуна балка менен чаап жиберет да кайра шашкалактап ооруканага алып барат. Дабагер (врач) канчалык аракет кылса да, жаш баланын сынып, майдаланып кеткен назик манжаларын мурдагы калыбына келтире албай койот. Айла жок, майдаланган эки манжасын кескенге туура келет. Операциядан чыккандан кийин өзүнө келген баласы колунун таңылып турганын көрүп, акырын чыккан үнү менен:
" Ата, машинаңызга зыян келтиргеним үчүн кечириңиз" дейт да артынан:
" Манжаларым эми качан кайрадан чыгат ата?" деп сурайт.
Балаңыз же жакын тууганыңыз, ким болсо да. Үйдөгү буюмдардын бирин же кандайдыр сиз үчүн баалуу болгон бир буюмду сындырып, ага зыян келтирип койсо, ушул кыска аңгемени эстеңиз. Сабырдуу болууну үйрөнүңүз. Анткени, машинаны кайра оңдосо болот,бирок, манжаны эмес. arastiralim.com
Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 04 Декабрь 2012 - 12:18
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
#14 25 Февраль 2013 - 16:54
Чабандын эки кучуктон болок дагы бир саксагай, ийри бут, карып калган сары доботу боло турган. Ал туну менен уруп короо кайтарганы аз келгенсип, кундузу кечке ээси менен бийик-бийик беттерде кой кайтарчу. Эки кучук бул доботту анда санда кечкурун уйдун жанында коруп калышат. Жарыша ойнойлу деп деп жетип барышканда, ансыз да кечке чарчап сиркеси суу которбой турган добот, тусун уйруп экоону зыркырата кайра куучу.
кай бирде чала була тиштеп да койчу.
Акыры кучуктордун бейкапар ойноп журчу куну да бутту. Ээси эртен менен койго чыкканда экоонун моюндарына жип байлап жетелеп алды. Бири-бири менен алыша ойноп, эсинин аларга конул болгонуно кубанычтарына чеги жок делооруп баратышты. Мындай аттуу кун болсунбу. Мурда ээрчип калышса ташка алып айдактап, же сары доботту салып артка куур эле. Куюанычтары копко созулбады. Тушко жетпей уйго кеткилери келип кынкыстай баштады. Каарлуу ээси ага кончубу экоону акырындап кой кайтарууга уйрото баштады.Ал тугул тил албаса же жакбаса сабачу болду. Озгочо сары добот экооно оч. Экоо жанылыштан койду башка жакка уккутсо, сары добот кууп жетип баса калып жулмалап жиберчу, кееде анча мынча тиштеп да алчу. Ээси болушмак тугул табалап калат. Тип тик бийик беттерден иттер менен жоо киши баспаса атчан журууго мумкун эмес. Ошондуктан жакшы уйротулгон ит чабандар учун чон жардамчы. кучуктор чонойгон сайын кара кадимки добот тукумуна окшоп билектери жоон жолпу
#15 25 Февраль 2013 - 17:24
Билдирүүнү түзөткөн: ROUSE: 25 Февраль 2013 - 23:04
#16 25 Февраль 2013 - 22:34
Улам ойдолоп кочуп баары жайлоого да келишти. Ушундай кундордун биринде кок тайган ээрчиткен бир адам келип, чабандын уйуно тушту. Кер менен Кара алгач уруп чыкканда кок тайган аттын астына корко корголоп атты эле, жакындап келгенде Керден козу отуп, каргысын чое жулуна баштады. Мурун мындай корунушту учурата элек Кер, Каранын артына корголой калды. Муну коруп турган Кара итатайы тутулуп,ээсинин кыйкырганына, чоочун кишинин шуулдата камчы шилтегенине болбой тайганды качырып сала берди. Шамдагай тайган тиштетпей буйт берип дугдундаган доботтон коргонуп жатты. Маалына толуп калган Кара чынында доботтордун алпы эле. Араандай ачылган оозуна тиги тайган кептелсе он болбосу тушунуктуу. Тайган канткен менен тайгандык кылып алдырбады. Ангыча, ээси бакан ала жугуруп ажыраттып калды. Эти ооруй кыншылай уйду айлана чуркаган Каранын артынан Кер да жоноп калды. Бул атчан ушул айланага атагы чыккан мергенчи. чабан менен кийикке чогуу чыкмакчы. Керди ала чыгууну чабанга сунуштады.
-тайганын таза кандуу экен, кийикчи болуп чыга келсе мага рахматынды айтаарсын,-деп калды.
Эртеси Керди жетелеген чабан кок тайганчен мерген жолго аттанышты. артынан калбай ээрчиген караны байлап ташташты.
жкге жарык киргенде кийикчилер аскаларды аралай жоо жоношту. айланчыктаган кок тайгвндан кыжыры келе аткый тиштей ээсине корголойт. ангыча таштар кулап иттерди агытып калышты. кок из алган жакка атып жоноду. кер неге артынан бармакмын дегендей кайдыгкр ордунан жылгвн жок. ээси кыжырдана АЛ АЙДАК АЙДАК деп кыйкыра баштады. кер кулактарын тикчийтип чоочун жыт чыккан жакты теше тиктеп, саргыч бозомтук жандыктарды коздоп чуркап жоноду.
Билдирүүнү түзөткөн: ROUSE: 25 Февраль 2013 - 23:13
#17 26 Февраль 2013 - 19:25
жарып, кызыгы кучоп илбирстей туйулот. кок дассыкан неме куулук кылып зооканы айланып отуп алдынан арсылдап чыга калганда корккон жаныбарлар тиреме зоокага тырмышып тиреле качышты. Кер бийиктикте коздорун жылтырата тиктеп турган кийиктерге жете албай 2-3 секирип ызаланып кулав тушту. Кок болсо биз милдетибизди аткардык дегендей анда санда уруп тилин саландатып акактайт. Журоктору тушкон момун жаныбарлар коздорун балбылдатып азуулу эки тайгандан коздорун алышпайт. Кер чыйпыйы чыга кокко жакындады. кок куйругун шыйпандата "биздин милдет ушинтип кармап бериш, калганын ээлери оздору билишет" дегендей Кердин тумшугун жыттап кирди. Ушул жытташуу андын кызыгы менен унут боло тушкон эркектик ыкшоосу ойгонуп, камалган кийиктерди унутап Керге тап койду. Кер тайган өзүнүн
жаңылыштык
кетиргенин сезе азуусун
арсайта Көктү кулак
түптөн бир булкту.
Кантсе да эркек эмеспи
Көк тайган ага болчубу
чимирилтип айланта
улам кыстай баштады.
Ал түгүл жон жүндөрүн
түктүйтө ачууланып,
ыкка көнбөсөң күчкө
салам дегенсип эки
жолу арткы сандан
бурдай-бурдай тиштеп
да алды. Ушундайда
болушаар Кара дөбөтү
көздөн учкан Кер эби
келе түшкөндө,
зымырап кача жөнөдү.
Аркасынан Көк тайган
кошо кетти.
Боштондукка чыга
түшкөнүн сезишкен
кийиктер "дыр" бере
үркүштү. Мылтыктын
ачуу үнү жаңырып огу
ташка чабылды. Эми эле
толо эчки, теке
шыкалган бийик
Билдирүүнү түзөткөн: ROUSE: 26 Февраль 2013 - 22:54
#18 26 Февраль 2013 - 23:00
ирмемде бошой түштү.
Таштан-ташка
жашынып жакындап
келаткан мерген менен
чабан көздөгөн
өңүттөрүнө жетпей
алыстан аткылашып,
тийгизе алышпай, ойдо
кубалашып бараткан
тайгандарга кекене
сөгүнүп отуруп
калышты. Мерген жаны
күйө "Сенин
канчыгыңды кайдан
ээрчит дедим эле. Акмак
экенмин да..." - деп өз
санын өзү мыжыйт.
Чабан болсо, "... чечек
чыксачы, чечек... кудай
бычып салгырдыкына. ..
Толгондон ушул жерге
келгенде
ойлошкондорун" - дей
сөгүнүп-сагына бир
тайгандарды, бир чокуга
улам жакындап
бараткан кийиктерди
алактай карайт.
Кер тайган түз үйдү
көздөй кеткен жолго
салды. Көк тайган
аркасынан калбай
бирде жетип астын
торой, кайра булт берип
качса жетпей калып
баратты. Кердин бара-
бара алы кетип чарчай
баштады. Астын
тосмолой из кууп
келаткан Кара дөбөт
ажыратып калбаганда,
Көк тайгандын ыгына
көнүп да бермек. Көзү
тумандап астындагы
сулуу Кер тайгандан
башка эч нерсе
көрүнбөй келаткан Көк
тайган "күр" дей түшүп
оор дене басып
жыгылганда эсине келе
түштү. Бирок, коргонууга
кеч болуп калган.
Ушундай учур көзүнөн
учуп келаткан Кара
дөбөттүн кере карыш
оозуна тайгандын ичке
мойну толо түштү.
Шамдагай тайган бул
жолу булт бере албады.
Оор салмак жерге
жапшырып деми
кыстыга жан далбас
кыла тыбырап жатты. Ан
сайын албууттанган
дөбөттүн азуулары
мойнуна батып эзип
баратты. Ушул учурда
Көк тайган киши үнүнө
зар болду. Бул долу
дөбөттөн бир ажыратса,
адам баласы гана
ажырата алмак. Кой
жайып кийикке
кеткендердин астын
тосо акмалаган
чабандын баласы
мергендин жакшы
көргөн Көк тайганын
талап жаткан дөбөттү
көргөндө, кашаң атын
тепеңдете "кой-койлоп"
чапкылап жөнөдү. Кой-
койго дөбөт болчубу,
качан жонуна баланын
камчысы зыпылдаганда
күркүрөй ордунан
ыргып туруп камчы
чапкан немеге секире
турган болуп комдонуп
барып өз ээси экенин
көрүп, четке чыга берди.
Араң жаны калган
тайган ордунан очорула
баланын бут астына
кире качты. Кер тайган
күнөөмдү кечир
дегенсип Кара дөбөттүн
кан болгон ууруттарын,
тумшугун ######
кыңшылай айланып
жүрдү. Дөбөттүн али
ачуусу тарабай жон
жүндөрүн дүгдүйтүп
анда-санда кыжырлана
күркүрөп коюп,
кыймылсыз
комдонгонун жазбай,
өзү басууга жарабай
калган тайганды өңөрүп
бараткан чабандын
уулунан көз албай бугуп
жатты.
Ошол боюнча Кер
тайган менен Кара
дөбөт кайда кеткени
белгисиз үч күн жоголуп
кетти. Чабандын айласы
кетип, бир ордунда тынч
отура албай үч күн бою
"ме-мелеп" чакырып
жер суунун баарын
издеп таппай жүрдү.
Төртүнчү күнү өздөрү
келишти. Ээрчише келип
үйдүн жанындагы кырга
үй жакты тиктеп
жанаша отуруп
калышты эле аларды
көрө койгон чабандын
аялы сүйүнгөнүнөн
кыйкырып жиберди, "Ой
иттерибиз келди... ме...
ме...". Чабан
шашкалактай тамак ала
жүгүрдү. Экөө бир күнөө
кылышкансып
жалтайлай басып
келишип, берген
тамакты үнсүз ичип
жатышты. Чабан, аялы,
бала-бакырасы менен
иттеринин кайра
келгенине кубаныша
тиктеп турушту. Кара
дөбөт жүндөрү түктүйүп
бир аз арыктап калса,
Кер тайган субагай
тартып, жылтылдап
кайра кулпура
түшкөнсүйт.
Күз айлары аяктаган
сайын Кер тайгандын
курсагы чоңоюп,
желини чыгып тирсийип
төшүн тээп баскан-
турганы оорлоп, койго
жумшаганда баягыдай
чимирик атпай калды.
Анын ордуна Кара дөбөт
менен Сары дөбөт
иштеп жүрүштү. Өзгөчө
Карага күч келчү болду.
Карыган Сары куулук
кылып ээсинин көзүн
жазгырып, койдун бир
четинде жүрө берчү. Кер
тайганга ээси ачууланып
жүрдү. Эки ити тең жаш,
Сары да күчтөн кала
элек ага ашык иттин
кереги жок. Андан да
жакында алыскы
кыштоого кой
айдашмак, ошондо Кер
тайган чоң күч бермек.
Күндөрдүн биринде Кер
тайган үйдөн обочороок
чоң таштын коңулунда
таң аткыча кыңшылап
жатты. Кара дөбөт
Керден алыс кетпей
улам айланчыктап "мен
сенин жаныңдамын, эч
нерседен коркпо"
дегенсип, "күрс-күрс"
үрүп басып жүрдү.
Күндүн мурду жылтырай
таштын коңулуна барса,
Кер жакындатпай
ыркырады. Кара
кулактарын делдейте,
энесинин эмчегине
асылган күчүктөрдү бир топко таңдана тиктеп
турду да Кер балдарын
кызганып ырылдай
бергенинен улам
алысыраак барып
комдоно жатып калды.
Эрте турган чабан басып
келип күчүктөрдү
камчысынын учу менен
ары-бери оодарып
карап көрүп,
кыжырлана чыйт
түкүрүп басып кетти.
Көп өтпөй чабандын
аялы кичинекей уулу
экөө чуркап келишти.
Алар биртопко,
жарыкчылыкка
келгенине али толук
ишене элек беш
макулукту кызыга карап
отурушту. Кер тайган
күчүктөрүн кызганып,
айласы куруй кыңшылап
жатты. Чабан эртеси
кыштоого көчмөк. Таң
бүлбүлдөй дабырап
турушуп, жүктөрүн таңа
башташты. Күн нурлары
чачырай эки ат бир
өгүзгө чабандын чакан
жүгү бүт жүктөлүп бүтүп,
газетанын
айрындылары менен
гана аңгыраган журт
калды. Аялы менен
уулуна жүк жүктөлгөн
унааларды жетелетип
өзү иттери менен койду
ылдый үркүттү да Кер
тайганга келип
каргысынан чынжыр
менен бекем байлап
алып атына сүйрөтө
жетелей жөнөдү.
Энесинин жылуу
койнунда эмчегин соруп
жаткан күчүктөр тайган
тура жөнөгөндө, топ-топ
кулап түшүшүп бири-
бирин тумшуктары
менен түрткүлөй
кыңшылап кала
беришти. Бир нерсени
жүрөгү сезген Кер
тайган капчыгайды
жара каңкылдап
мойнуна байланган
чынжырды кажый
тиштегилеп сүйрөлүп
баратты. Жүк жүктөлгөн
унааларды жетелеп
алыстай берген
чабандын аялы атынын
башын бура токтой
калып, "Күчүктөрүнүн
бирин алып алалыбы?
Энеси куурайт го.
Чоңойо түшкөндө
кыштоодогу чабандар
алышаар", деп калды.
Чабан аялына корсулдай
"Бастыр арыжакка.
Күчүктү алганды коюп
жүгүңдү кулатпай
жеткир. Деги мунун
боорукерин. Ушундан
ошол эки күндүк жолго
былжыраган немени
ташып... бирөөнү иттүү
кылат элем деп... жолуңа
түш". Кара дөбөт менен
Сары дөбөт үркүтүп
алыстап калган
койлорду көздөй
желдире жөнөдү. Көр
тайгандын жалынычтуу
каңкылдаганын угуп
Кара дөбөт чуркап
келди эле чабан ага тап
бере "Жөнө" атаңды..."
камчысын шилтеди.
Кара куйругун кыпчый
кайра кой артынан
түштү. Кер тайган
күчүктөрү калган
конушту кылчак-кылчак
карап, каңкылдап
жулунуп, чабандын
атына бир сүйрөлүп бир
айлана жүгүрүп жүрүп
отурду.
Күүгүм кире чабан
койлорун колотко
имерип, атын
жайдактап отко койду
да, өзү тамактанып
иттерин да
тамактандырган соң,
кечке чарчаган неме
тонун жамынып
кыйшайып жата кетти.
#19 26 Февраль 2013 - 23:03
берип бошоп калган
каргысын башынан
шыпырып алаары менен
жанында жаткан Кара
дөбөттүн кулагынан бир
булка тиштеп ойготуп
кайдадыр караңгыга
сиңип жоголду. Кара
дөбөт түшүнө бербей
чокчойуп отура калып
тайган кеткен жакты
канчалык тиктеген
менен эч нерсе көрө
албады. Кечке койдун
бир тыягына, бир
быягына чыгып жүрүп
чарчаган неме кайра
комдонуп жата кетти да
анан эсине бир нерсе
түшө калгансып, атып
туруп тайгандын
аркасынан жүгүрдү. Из
кууган дөбөт журтка
келгенде, Кер тайган
кечке ачка болгон
күчүктөрүнө сүт тээп
ооруган эмчегин
балкылдата сордуруп
жатыптыр. Дөбөтүн
көргөндө, "Ырас
келбедиңби" дегенсип
оозу мурдун ######-
жуктап жиберди.
Мурдагыдай күчүктөрүн
да кызганган жок. Көп
өтпөй Кер тайган
кыңшылай Кара
дөбөттүн кулагынан
акырын тиштеп
тарткылай чебелектеп
күчүктөрдүн улам бирин
аны көздөй тумшугу
менен түрткүлөдү. Кара
бул эмнеси дегенсип
ордунан тура калып,
күчүктөрдү бир жыттап
алып четке чыга берди.
Кер айласы куругансып
кыңшылай кара дөбөткө
окшош ак төш кара
күчүктүн шилисинен аяр
тиштеп тура жөнөдү.
Кара дөбөт булактай
кошо басты. Алыстай
түшкөн Кер токтой
калып, аянычтуу
кыңшылап Караны
жалдырай тиктеди. Эч
нерсе түшүнө бербеген
Кара чокчоюп отура
калды. Кер кайра уяга
барып бир күчүктү
тиштеп келип Каранын
астына таштап, өзү
мурдагы күчүгүн тиштей
астыга түштү. Эмчек
издеп түрткүлөгөн
күчүктү таштап кете
албай Кара дөбөт
жыттагылап турду да
шилисинен акырын
тиштеп Кердин
аркасынан басты. Кер
тайган кубанычтуу
кыңшылап, куйругун
булгалактап жиберди.
Күчүк тиштеп ээрчишкен
экөө сайга келгенде суу
күпүлдөп кирип
жатыптыр. Күндүз күн
жылуу тийген ошонун
кесепети го. Тоонун
таштан ташка урунуп
жулунган жинди
суусунан жалтайлаган
экөө жээк бойлоп
кичине жүгүрүштү да
кечүүсүз жерден эле
сууга киришти. Алдыда
Кер тайган сүзүп
баратты. Аркасынан
Кара. Экөө тең
моюндарын бийик
созуп күчүктөрдү сууга
тийгизбөөнүн жан
алакетинде. Тоо суусу
өчөшкөндөй таш
агызып күркүрөйт. Кер
тайгандын бутуна таш
тийип сууга чумуй түштү.
Кайра башын көтөрүп
суу үстүнө секиргенде,
айлампага туш болуп
дагы чумуду. Экинчи
жолкусунда оозундагы
күчүгү тумчуга түшүп
катуу-катуу туйлап кетип
булт эте сууга түштү.
Кара дөбөт жээкке
чыгып силкингенде, Кер
тайган каңкылдап улам
чумуп күчүгүн таппай
агып баратыптыр. Кара
дөбөт оозундагы күчүктү
суудан алысыраак
бадалдын түбүнө
алпарып таштап
жиберип, жээк бойлой
күрсүлдөп үрө жүгүрдү.
Улам чумуп каңшылаган
тайгандын үнүнө
чыдабаган Кара сууга
секирип кирип аны
көздөй сүздү. Суу улам
ала салдырып, бир
чумуп бир кайра суу
үстүнө чыга түшкөн
экөө, добушу капчыгай
жарган бийик
шаркыратмага улам
жакындагандан
жакындай беришти. Алы
кеткен Кара Керди
мойнунан тиштеп
тартып жээкке чыгара
албай убара. Кер тайган
өлүмдү унутуп карарып
уюлгуган иримдердин
улам бирине чумуп
баласын издейт. Кара
жакындап калган
коркунучту сезе акыркы
жолу Кер тайгандын
мойнунан тиштегенде,
азуусу каргыга илине
түштү. Болгон алп күчүн
үрөй жээкке сүйрөй
секиргенде суу экөөнү
агызып, бийик
шаркыратманын
башына жеткирген. Долу
суунун эрмеги болгон
экөө укмуштай
ылдамдык менен
тунгуякка кулашты.
Каңкылдаган иттердин
ачуу үнү түнгө сиңип
жок болду. Бадал
арасындагы күчүктүн
алсыз кыңшылаганын
суу добушу басып
угузбай, эркинче
күпүлдөп капчыгайды
жаңырта бийлеп жатты.
Асманда ай эч нерсе
көрмөксөн болуп
бейкапар каалгыйт.
#20 20 Май 2013 - 19:46
Университеттин китепканасында китеп окуп отурган кыздын жанына жакындап барып, үнүн акырын чыгарып: “Жаныңызга отурсам болобу?” деп сурайт, жигит. Кыз, үнүн катуу чыгарып жооп берет: “Бүгүнкү түнүмдү сени менен өткөрүп убактымды бекер короткум келбейт!”
Кыздын үнүн китепкананын баары уккан чыгар, баштарын көтөрүп тиги жигитти карап калышат. Катуу уялганынан эч нерсе дей албай, акырын барып өзүнүн үстөлүнө отурат. Арадан көп убакыт өтпөй атып кыз, аста басып,жигиттен кечирим сураганы жанына жакындап барат да шыбыраган үн менен: “Мен психология бөлүмүндө окуйм... жана атайын сынагым келген, эркек адам чоочуганда кандай жооп кайтарат болду экен деп. Сизди да ыңгайсыз абалда калтырдым окшойт,кечирим сурайм” дейт. Бул жолкусунда жигит да үнүн катуу чыгарып жооп берет: “Бир түнгө 200 долларбы?... Кымбат экен!”
Айланасында отургандын баары кызды тиктеп калышат. Айласы кеткен кыз, ордунан жылбай катып туруп калат. Кулагына жакындап келген жигит: “Мен юристмин... бирөөнү кантип элге күнөөлүү кылып көрсөтсөм болот... ошону билгим келген, кечиресиң” деген экен. :-))
Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 20 Май 2013 - 20:02
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
- (19 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »