Кандайсыздар,
форумчулар.
.
Менде сооннун жаңылык. Форумдан тапкан жакын адамым , жакшы адамым ,эже десем эженин курбу десем курбунун ордун баскан Jadyrashka 15 - июль күнү турмуш жолуна аттанууда.
Үмүтайжеео,
бакытыңыз бөксөрбөсүн ылайым! Барган жериңизде таштай катып, суудай сиңип , көшөгөңүз көгөрсүн. Жашооңузду жалаң жакшы күндөр коштосун!
Жезде экөөңүздөр турмуштун өйдө-ылдый жолунда бири бириңиздерге жөлөк болуп, түбөлүгүңөр түз болсун.
Өзүңөргө окшогон супсулуу жөжөлөр көбөйсүн.)) Негизгиси , аялзатына тиешелүү бакытты каалайм!
Барган жерден так тапкан,
Бала таап, бак тапкан.
Келин болгун ыймандуу,
Айылыңа бүт жаккан.
Кайрылыштан суу алгын,
Кайненеңден дуба алгын.
Кабагыңды бүркөбө,
Кайын журттуң кубансын.
Барган үйгө кут болгун.
Босогоңдо бут болсун.
Көшөгөңдү көгөртүп,
Алган жарга жуп болгун...
Jadyrashka турмуш жолуңуз байсалдуу болсун! :)
#2 09 Июль 2018 - 02:04
ма сага жанылык. Форумдун сулууларынын четинен багы ачылып баштагвн го. Жадырашкам,
алтышка чын журогумдон куттуктайм.
Барган жеринен бак тап. Куйоо балага суйуктуу жар, кайын журтуна ыймандуу келин бол. Бир омур бактылуу бол алтышка.
Билдирүүнү түзөткөн: Chicco: 09 Июль 2018 - 02:08
#3 09 Июль 2018 - 02:42
Бактылуу болгула Жадыраш!Бир омур бакытка балкып,суйуунор очпой,бала-бакыралуу болуп туболук чогуу болгула!
#4 09 Июль 2018 - 02:58
Эстафета болуп кеттиби а?)
Баары бактылуу болушсун! Эки дүйнө Бактылуулук насип этсин.
Баары бактылуу болушсун! Эки дүйнө Бактылуулук насип этсин.
#7 09 Июль 2018 - 09:53
Туболуктуу бакыт каалайм! Турмуш жолунар байсалдуу болсун.
Ya Allah make my best day, the day i meet you.......
#8 09 Июль 2018 - 10:27
#9 09 Июль 2018 - 11:01
Жадыраш эже чын жүрөктөн куттуктайм!
Бактылуу болуңуз, кучагыңыз ширин-ширин уул-кызга толсун.
:)
#11 09 Июль 2018 - 11:27
Мага тиесинби десем эч эле болбой койду эле. Турмушка чыгып атыпсында. Бактылуу бол жузунон эч Качан жылмаю кетпесин.
#12 09 Июль 2018 - 11:51
Бактылуу болунуз, 2дуйно кармашкан колунар узулбосун,эчтекеден кем болбогула.
#13 09 Июль 2018 - 12:21
Жадырашка бактылуу бол! Турмуш жолунар байсалдуу болсун!
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#15 09 Июль 2018 - 13:06
Бактылуу болгула! Турмуш жолуна аттанды деп айтып койбостон фотосун кошо жуктогуло
#17 09 Июль 2018 - 14:32
Жадырашка бактылуу бол. Турмуш жолун байсалдуу болсун.
Бакыт - тынчтыкты суйот...
#18 09 Июль 2018 - 15:21
Жадырашка уй-булолук,аялдык,
энелик бакыт каалайм!
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
#19 09 Июль 2018 - 16:00
Эки дуйно бактылуу бол! Кооп балалуу болгула
Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
#20 09 Июль 2018 - 19:51
Эки дүйнөнүн бактылуулугун насип эткен болсун. Жашооңор, үй бүлөөңөр өзүңдөй татына супсулуу болсун ылайым. Апаз Үмүтай кармашкан колуңар түбөлүктүү болсун.
Барпылыктар рулит))