- (4 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Өкүл ата - өз ата аман болсун кайната, өкүл эне- оз эне, эсен болсун кайнене, дегенге сиз кандай карайсыз Кимдин өкүл кызы- баласы,жана өкүл ата апасы бар,бул кыргыздын салтыбы
#1 23 Апрель 2011 - 19:30
СаламатСыздарбы урматуу менин курбуу досторум,жана агалар эжелер.Мен бул теманы ачканымдын себеби азыркы күндө өкүл ата,эне деген барбы? же заманга жараша мындай жөрөлгө колдонулбай калдыбы?Дагы билгим келгени бул салт баардык кыргыз элине тийиштүүбү?
бизде областтарга жараша да бул салттын колдонулушу бирдей элеби?Жана да кимдин өкүл атасы,апасы,
өкүл кызы баласы бар?сиздин көз карашыңыз,кенээнирек токтолуп кетиңиздер мага окшогон тушунбөгөндөр түшүнүп алалык,сабак иретинде.Алдын ала ыраазычылык билдирем.
#2 23 Апрель 2011 - 19:57
Чынында биздин айылда окул ата окул эне деген нерсе жок,илгээртен эле колдонбойт,
чынында бул жонундо тушунугум жок экен,билгендер жазып койсонор билип алалы.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#3 23 Апрель 2011 - 21:40
Arstan (23 Апрель 2011 - 19:57) жазган:
Чынында биздин айылда окул ата окул эне деген нерсе жок,илгээртен эле колдонбойт,
чынында бул жонундо тушунугум жок экен,билгендер жазып койсонор билип алалы.
Кой а, андай болушу мүмкүн эмес! Сен үйлөнө элексиңго, чамасы!
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#4 23 Апрель 2011 - 21:54
Барс (23 Апрель 2011 - 18:40) жазган:
Кой а, андай болушу мүмкүн эмес! Сен үйлөнө элексиңго, чамасы!
Барс ава уйлонгон уйлонбогондо эмне айырма,мен озубуздун районубуздун салтын жакшы билем го,бизде окул ата койбойт,окул уул деген нерсе жок,бирок угуп журобуз ушундай бар экенин
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#5 27 Апрель 2011 - 16:58
Койсонорчу эй кантип эле окул ата окул энени билбей каласынар?
ЖАН ДОСУМ ЭЛДИН МУНУН БИЛЕСИНБИ?
ЖАН ТАРТЫП АЛАРГА БАШ ИЙЕСИНБИ?
ЭГЕР МЕН АЛАР УЧУН КУРОШ АЧСАМ,
МЕНИ МЕНЕН ЧОН КАРМАШКА КИРЕСИНБИ?
ЖАН ТАРТЫП АЛАРГА БАШ ИЙЕСИНБИ?
ЭГЕР МЕН АЛАР УЧУН КУРОШ АЧСАМ,
МЕНИ МЕНЕН ЧОН КАРМАШКА КИРЕСИНБИ?
#6 27 Апрель 2011 - 17:08
А мен качаааан эле тандап койгом.. Аларга кыз тандап бериш керек эми
Бөлкө нан барбы?
#7 27 Апрель 2011 - 17:29
М
ен бул тууралу тайэнемден укканымды жана улуу адамдардан уккандарымды жаза кетсем. Илгери кыз турмушка чыкканда, ата-энесинин уйуно барчу эмес экен. 40 кун же андан коп кун откондон кийин гана ата-энесинин уйуно барчу экен. Ошентип, бала тараптан, кыздын кызыкчылын коздош учун, кыздын кайын журту тараптан, аларга эн жакын адамдарды - окул апа, окул ата шайлап койушкан экен. Азыркы учурда колунда бар, мисалы акчасы барларды, жаны уйлонгондорго улгу болушсун, жардамы тийсин деп, окул апа, окул ата койушат. Каалагандары окул апа, окул ата койушат, каалабагандары койбой калышкан.
Билдирүүнү түзөткөн: honey: 27 Апрель 2011 - 17:49
Адам баласы оз бактысынын устаты!
#8 27 Апрель 2011 - 17:47
Өкүл ата, өкүл апа койбогондорду көрө элекмин. Нарында эле эмес, баардык кыргыз баласы коёт!
#9 27 Апрель 2011 - 17:54
#10 27 Апрель 2011 - 21:43
#11 27 Апрель 2011 - 23:46
#12 28 Апрель 2011 - 18:53
Баарыңардын жообуңарды окуп канаатанган жокмун.Негизи бул макал мынадай аминали өзгөртүп койсо керек же азыр ушундайбы аны билбейм."
Өкүл ата өз ата,өлүп КЕтСИН КАЙНАТА -ДЕП айтылчу.Өкүл эне,өкүл ата негизи бай кедей деп болунбөйт,негизи жаңы үйлөнгөн жаштарга ата энеден да жакын болуп турмушка тарбиялашат.
Өкул ата эне болгондор кыздуу болдук ,балалуу болдук деп сүйүнүшөт.Аларга кадимкидеи өз балаңдай гана мамиле кылынат.Ал эми балдар болсо кадимкидей ата энелүү болушат,өз ата энелерине айта албаган нерселерин өкүл атага апага айтышат.Негизи Өкүл ата ападан көп нерсе чечилет,алар акылдуу жана түшүнүктүү болусу керек.Мисалы жаңы курулган үй бүлөөгө кантип жашашты,жашоонун кыйындыгын тушундуруп,
ажырашпоого жол бербөө ж.б.у.с нерселерге таасири чоң.Мисалы менеин өкул атам,апамдардын үйүнө келгенде куда деп сыйлашат,ал эми кайненемдикине барса алар да куда деп айтышат.Мына көрдүңүздөрбү өкүл ата,апа кызга да балага да жакын ата эне.Өкүл ата, эне, бала, негизи кадимкидей эле өз ата энеңден да артык катышышың керек,мен ошондой кылам.Билбейм эгер алар жок болсо эмне кылмак элем,апамдардан да кайненемдерден да жакшы жардам берет,өз баласындай көрөт,ал эми менин эң жакын адамдарым.Жамандык болобу жакшылык болобу,биринчи орунда дайыма өкүл ата ,апа биринчи чакырылышы керек,алар менен чечишкен соң башкалардын оюн укса болот,ата энеден биринчи кеңешчибиз.
Негизи түшүнгөн кишиге эң сонун нерсе.Азыркылар болсо жалаң керсейгендер өкүл ата апа экен го,андайлардан кудай сактасын.
#13 28 Апрель 2011 - 22:08
Окул ата окул эне деген чынында кээ бир райондорубузда жок,талашып эмне кыласынар,колдонулбайт десе значить колдонбойт экенда,бизде деле жок мындай нерсе .Укканмын бирок тушунугум жок.
Эркек болсон - шок бол,
Шок болбосон - жок бол.
Шок болбосон - жок бол.
#14 29 Апрель 2011 - 12:41
Мен үйлөнө элекмин, бирок бул жөнүндө бир топ эле маалыматым бар. Менин ата энемдин өкүл уулдары көп. Көп дегенде бир нече, мен бир гана үчөөнү билем. Негизинен жакшы катташышат биз менен. Райондон айылга көчүп келгенде алгачкылардан болуп үйгө келишип, айылдын адатынча тамак даярдап келип кош келипсиздер деп кетишкени эсимде. Мен ал кездери кичине болгондугумдан маани бербептирмин.
Кийинчерээк,
үч жыл мурун аяш атамдын уулу үйлөнүн атам менен апам аларга өкүл болушту. Ал акем менен мурун жакшы катнашта болгондугумдан,
мен бир тууган байкелүү болгондой аябай кубанганмын.
Үйдүн жанына өтүп бара жатса сөзсүз кирип ал акыбал сурап кетет эле, апам да сүйүнүп калчу. Чындыгында өкүл ата апалар аябай жакын адам болуп калат экен.
Улуу агаларым өкүл ата койууга аябай маани беришиң керек деп көп айтышат. Учурда өкүл аталарды материалдык жактан жакшы адамдарды тандоо модага айланып кетпедиби. Бул туура эмес көрүнүш. Өкүл койуу менин оюмча бул эң жакшы салттардан бири. Себеби катташпай бара жаткан алыс тууган, тааныштарды бир туугандай байланыштырып койот экен. Ошондуктан ойлонуп, караштырып койуу керек. Кийин өкүнбөй турган болуп.
Улуу агаларым өкүл ата койууга аябай маани беришиң керек деп көп айтышат. Учурда өкүл аталарды материалдык жактан жакшы адамдарды тандоо модага айланып кетпедиби. Бул туура эмес көрүнүш. Өкүл койуу менин оюмча бул эң жакшы салттардан бири. Себеби катташпай бара жаткан алыс тууган, тааныштарды бир туугандай байланыштырып койот экен. Ошондуктан ойлонуп, караштырып койуу керек. Кийин өкүнбөй турган болуп.
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#15 29 Апрель 2011 - 14:24
Окул ата,окул эне биздин Ордолууу Ош жерегбизде бар...эгер уйлонгондор ажырашып анан бала башка кызга уйлонсо анда да окул ата-энени башкадан койушат дегенди уккамда
Карегин жылдыз болуп жанып турса,
Журогум сагынып,зарыгып куса...
Журогум сагынып,зарыгып куса...
#16 05 Май 2011 - 05:38
Билген форумчулар,
кеңээнирек кылып түшүндүрсөңүздөр,
билбегендерге чынында эле кызык,мүмкүн баарыбыз бири бирибизди окул ата апа кылып алабыз,форумчу өкүл апа-ата деп эстеп.
#17 09 Ноябрь 2011 - 10:21
Өкүл ата, өкүл эне
Үйлөнгөндөн кийин кыз тараптан күйөөгө, күйөө тараптан келинге өкүл ата, өкүл эне дайындалат.
Өкүл ата, өкүл эненин зарылдыгы төмөнкүдөн улам келип чыккан: үйлөнгөн жигит да, жаңы келген келин да көпкө чейин ата-энелеринен тартынып жүрүшөт. Ошентип турмуштун жайын билелек жаш жубайлар акыл-насаат тарбиядан оолак калышы ыктымал. Ошол себептен келинге да, күйөө жигитке да тарбия берип, көзөмөлдөп жүрүш үчүн өкүл ата, өкүл эне дайындалат.
Өкүл ата менен өкүл эне жубайларга экинчи ата-эне ордуна болушат. Булардын айткан акылын өкүл балдар угууга милдеттүү.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#18 09 Ноябрь 2011 - 11:07
Өкул ата, өкүл эне дегенди кичинемден эле угуп жүрөм. Жаңы үй бүлөгө жакшы үлгү болчу үй бүлөдөн өкүл тандап коюлат. Алар жаш үй бүлө никелешкен күндөн баштап ар кандай жакшылык, жамандыктарына күбө болуп, кеп-кенештерин берип келишет. "7 уй булөгө өкул ата, өкүл эне болгон адамдар бейишке бир тепкич жакындайт"
деп да уккам. Менин бир өкүл эжемдин төркүнү алыскы областтан болгондуктан менин ата энемди өзүнүн төркүнүндөй көрөт баардык жакшылык, жамандыктарына өзүнүн төркүндөрү келе албагандыктан алардын милдетин өкул ата, өкүл энеси аткарат. Менин оюмча өкул ата, өкүл эне коюу жаш үй бүлө учун керектүү деп ойлойм.
Азыр кээ бир жерлерде экиден да коюп калышты.
Азыр кээ бир жерлерде экиден да коюп калышты.
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#19 23 Декабрь 2011 - 14:47
Окул ата окул эне деген жакшы эгерде катышсан. Азыркы заманда колунда бар, кызматта иштеген адамдардын окул бала, кызы коп болсо керек. Биздин окул ата апаларыбыз кайнатамдардын классташы алар менен биз сырдашпайбыз деле, атам апамдар катышат. Азыр жаштар окул ата окул апаны озу курдуулардан коюп калышты катышканга жакшы экен деп.
#20 26 Декабрь 2011 - 19:58
Биз жолдошум экообуз жакын арада эле Окул ата, Окул апа болдук.Уул кызыбызга шакек салып жол жобобузду жазадык.Илгери ата-энелер оздорунун досторун коё беришчу,а бирок жаштар катыша албайт,сырдаша албайт,себеп абдан улуу кишилер.Биздин Окул ата,апабыз озубуздон 5-6 жаш улуу,абдан сонун.Жаштарга айтаарым жаш Окул ата,апа шайлагыла.
- (4 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »