Цитата
Бүгүн Бишкекте 16 кытай жараны милиция кызматкерин сабап салышты
Бишкекте Кытай Эл Республикасынын 16 жараны милиция кызматкерин сабап салышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен бүгүн, 1-октябрда билдиришти.
Маалыматтарга караганда, бүгүн тоноочулук боюнча түшкөн арыздын негизинде аймактык милиция кызматкери Фрунзе жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишине барган. Ал жактан курулушта иштеген кытайлык жарандардын бири коомдук жайда тартип бузуп жаткандыгын байкап, аймактык милиция кызматкери ага эскертүү берген. Бирок экөөнүн ортосунда уруш келип чыгып, курулушта иштеген башка кызматкерлер да милиция кызматкерин ур-токмокко алып башташкан. Кытайлык жарандардын бул учурда мас экендиктери байкалган. Алар милиция кызматкерин арачалап калмакчы болгон жаранды да сабап салышкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, аймактык милиция кызматкерин кытай жарандары бир топ убакытка кармап отурушкан. Кийин укук коргоо органдары келип, тартип бузгандар Ленин РИИБине жеткирилди. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.
16:11 01-10-2014 Автор: Мирлан Өмүралиев
Кайран кыргыз, оз торундо ушинтип таяк жеп отурсан, болгондо да бийликтин окулу болгон, милиция озун коргой албай атса , карапайым калк озун кантип коргойт??? Кытайлар менен болгон чырлар акыркы мезгилде кобойуп атат. Кочкордо, Токмокто, Кара-Балтада ,Чуйдо, Бишкекте кытайлар иштеген ишканаларда бийлик окулдоруно баш ийбей, кол которгон учурлар болгон. Ошол эле биздин чондор анча мынча алардан акча алып "крыша болуп", баарына коз жуумп басып коюшат. Чет элдик жарандарга иштегенге квота болгонду кыскартыш керек, оз элибиз жумуш таппай чет жерде журсо, биз мыйзамсыз кытайларды, туркторду кийирип атабыз. Эмне учун миграция кызматы аларды текшербейт, депорт кылбайт. Бир дагы жолу миграция кызматы, чет элдик жарандарды депорт кылды деп уга элекмин. Милиция уйдо баатыр, жоодо жок болуп калды. Алар учун бийликкге чындыкты бетке айткан жарандарды камап коюш оной, кайдагы бир паспорту жок, зек кытайлардан таяк жейт. Миграция кызматы , куч органдары, коомдук уюмдар менен бирге Дордой,Кара- Суу базарларын кытайлар, турктор иштеген ишканаларды керек болсо кун сайын рейд кылып текшерип туруш керек. Эгер мамлекет оз милдетин аткара албаса , эл озунун коопсуздугу учун бул милдетти озуно алат.