Саламатсыздарбы.
Мен өкүл ата,өкүл апалууларды көп эле көрүп жүрөм мен билгенден аябай жакшы катташып жүрүшөт. А биздин өкүлдорубузду той күнү гана бир жолу көрбөсөм ошол боюнча көрө элекмин. Башкаларды көрүп суктана берем аябай жакшы катташат го деп
Өкүл ата - өз ата аман болсун кайната, өкүл эне- оз эне, эсен болсун кайнене, дегенге сиз кандай карайсыз Кимдин өкүл кызы- баласы,жана өкүл ата апасы бар,бул кыргыздын салтыбы
#62 20 Август 2017 - 22:44
Шариятта эч кандай өкүл ата өкүл эне деген жок! Мен үйлөнгөнумо 7 жыл болуп жатат койгон эмесмин эч кимди. Тууган уруктай болуп катташкын келсе баары мн катташсан тууган.
#63 21 Август 2017 - 01:30
Өкүл ата өз ата-деген сөз бар го.Өкүл ата,апа көп эле коюлуп калды азыркы заманда,кээ бир адамдар өкүлдөрү катташпай коюшат,ал туура эмес, өмүр өткүчө өкүл уул,өкүл кызга акыл-насаат берип,кайгы-
кубанычына ортоктош болуп туруш керек, жаман-жакшылыктарда катташып
#64 22 Август 2017 - 02:17
Окул ата энен аман эле болсун.Мендеда бар ошолор.Ата деп айтышка оозум барбайт,себеби ал менден эки жашка чон.Уйлонгон куну тууган уруктар ошону окул ата койосун десе мейли деп койуптурмун(мандражчылык кылып).Уйлонуу тойдо баарына макул дей берет экенсин ойлонбой эле.(эркектерге тийешелуу)Ошентип окул ата энелуу болдук.Аллахыма мин шугурчулук кылам ушул убакка чеин окул ата энеме оорчулугумду салдырбаганына.
Айылдык балдардан кээ бироолорунон угуп калам;-баланча менин окул атам болот деп.Ал менин дагы окул атам деп айтыштан мен уяламын.Мен уйлонгон жылдары окул ата-энени жашоо шартына карап эле койо беришкен турбайбы.Мен шаарда осуп чонойгонума байланыштуу андай нерсеге коп маани бербептирмин.
Азыр ал кишилер менен эч байланышым жок.Айтаарым,
ар бир жаш жубайлар окул ата-эне дегенди оздору тандап,кийинки жашоо жолунда дагы бирге бири бирине жолок болуп жашап кетишсе демекмин.Баарыныздарга уй булоолук бакыт.
#65 18 Август 2018 - 11:46
Окул ата окул апа деген азыркы учурда жон эле атына эле аталып журот, азыр кимдин колунда бар, созу отумдуу болсо ошону окул ата койот, себеби окул ата болуу да арзан эмес анын да оз чыгымдары бар. А окул ата болгон адам деле "текинге"
болбойт, окул балдары коп болсо (2,3)анын да жамандык жакшылыгында тизилип туруп кызматта болушса дос душман назарына ал да бир "авторитет"
да... Мумкун катташкандар да бар чыгар бирок ото аз, эгер бойдок маалда катташып журсо катташат, а эгер уйлонгондо эле чала тааныш бироону окул ата койуп берип койсо жабылуу дуйно жабылуу бойдон кала берет.Ошол эле учурда адамгерчилигине,
жашоого болгон тажрыйбалуулугуна карап окул ата койгондор деле бардыр, бирок мен кобунчо биринчи варианттагыларын коп кезиктирип журом.
#66 18 Август 2018 - 13:54
Чолпон эженин пикирине кошулам. Азыр баары "авторитетине"
, байлыгына карап окул ата-окул апа коюп калышкан. Алыс кетпей эле озубуздун аттуу-баштуу адамдарыбызды мисалга алсак болчудай. Колунда бар адамдардын "окул балам мынча, окул кызым мынча" деген создорун угуп тан калбай коё албайсын.
Чон ата-чон энемдин окул уулу коп келет ал-жай сурап. Кадимкидей оз койгойлорун айтып, кенеш сурап, оз ата-энесиндей коргонуно ичим жылый тушот. Окул ата-окул апа кобунчо материалдык эмес, моралдык жактан жардам беруусу тийиш.
Чон ата-чон энемдин окул уулу коп келет ал-жай сурап. Кадимкидей оз койгойлорун айтып, кенеш сурап, оз ата-энесиндей коргонуно ичим жылый тушот. Окул ата-окул апа кобунчо материалдык эмес, моралдык жактан жардам беруусу тийиш.
#67 29 Август 2018 - 12:57
Окул ата, окул энени колунда барга карап коюп калды дегенге кошулбайт экем. Биздин окул ата энебиз колунда бар бай эмес ортоле озубуздой уй-булоо. Жолдошум менен дос катары да болуп кетет, жашы чон бирок достордой бири бири менен кенешип турушат. Копчулук айткан экен неге аны коесун деп. Кайненем экоо эле тандап коюп коюшкан экен. Тойдо деле оорчулугубузду салбадык бут баарын озубуз эле жасадык. Нике шакегибизди алып беришти уйуно чакырып коноктоп, сарпайын кийгизишти.
Азыр коп тойлордо коруп атам окул ата-энеге тойдогу подаркаларын да алдыртышат экен, тамадаларда олуп калыптыр окул атасынын призи деп эле оюндарды уюштура береткен, акчалай деле.
Азыр коп тойлордо коруп атам окул ата-энеге тойдогу подаркаларын да алдыртышат экен, тамадаларда олуп калыптыр окул атасынын призи деп эле оюндарды уюштура береткен, акчалай деле.
#68 06 Сентябрь 2018 - 14:49
Биз өкүл ата-апабызбы көрө элекпиз,эми келишиптир РФдан.Аз күндө кыркыбыз чыгып барабыз,келишет экен.
Алардын айтуусу боюнча аябай жакшы адамдар экен,ошого тандашыптыр.
Мен билгенден көпчүлүк жигиттер өздөрүнөн улуураак,мамилеси жакшы бирөөнү коюшат экен,үлгү боло алгыдай бирөөнү. Байлык бийлигине карабай эле.
Бирок жогоруда айтылгандардын да чындыгы бар,жашоо шартына карап тандагандар.
Алардын айтуусу боюнча аябай жакшы адамдар экен,ошого тандашыптыр.
Мен билгенден көпчүлүк жигиттер өздөрүнөн улуураак,мамилеси жакшы бирөөнү коюшат экен,үлгү боло алгыдай бирөөнү. Байлык бийлигине карабай эле.
Бирок жогоруда айтылгандардын да чындыгы бар,жашоо шартына карап тандагандар.
#69 22 Октябрь 2018 - 22:46
Биздин да эки окул балдарыбыз бар.Бир окул балам менен окул кызым куйоому ата ,мени эне дешет.Кичи пейил ачык айрым,тамашакой окул балабыз.Экинчи окул балабыз ака жене эле дейт.Экоосу менен тен той топур,жакшылыктарда катташып турабыз.Неберелерибиз таята таене деп турушат.А озубуздун окул эне окул атабыз да жакшы кишилер.Той топурга барса мени эрчитип барат.
#71 13 Ноябрь 2018 - 03:54
#72 22 Ноябрь 2018 - 10:52
Окул апам кайнежем,бирок апа ата деймда,балдарын сиз деп тергейм атын айтпай
#73 06 Январь 2019 - 07:47
Окул ата окул апа деген жакшы нерсе деп ойлойм башкалардан сурай албай турган кенештерди сураганга