Жылкыңды сойдуң, а жалы – чарым,
Жыластын ою – тойгузуш карын.
Картасы майсыз, чучугу “жансыз”,
Каңырык түтөп, турасың алсыз!
Эсил жан өттү , көмгөнүң шөкөт,
Эсиңди көзөп, уу сөздөр өтөт:
- Атасын ардак көмгөн жок уулу...
- Анысы неси, капырай, көтөк!..”
Дешет да сага, жугунду куят,
Демиге угуп, дейсиң да: “Уят!..)
Өзөгүң өрттөйт, а бирок айтчы,
Өлгөн жан кайдан аныңды туят?!
Турмушуң кантет, эртеңиң ойло,
Түк айтпайм кара сойгун, же сойбо.
Алам деп мөрөй ысырап кылып,
Азалуу күндү айлантпа тойго!..
Өмүрдө аны жеткиргин сыйга!
Өткөн жан сезбейт: ыйлаба, ыйла,
Кошогун кошсун, өкүрсүн мейли,
Кодулап аны жаман деп тыйба!
Мисалды айттым келтирип жалга...
Миң жолу муну такта да, талда!
Молдокең: “Сен!..” – деп, шаманың: “Сен!..” – деп,
Моюнуң толгоп, талоонго алба!
САЛТтын да, ДИНдин ортосун карма!
19. 05. 2022-жыл.
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 21 Май 2022 - 16:05