Суперстан: Жардам бөлүмү

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Жардам бөлүмдөрү
  • > Жардам бөлүмү
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • Бөлүмдөрдүн тизмесине кайтуу

Жардам бөлүмү: Жеке билдирүү

Жеке билдирүү механизми кандайдыр бир деңгээлде купуя каттарга окшош болуп, анын жардамы менен сиз жеке билдирүү жиберип, алып, ар башка папкаларда сактай аласыз.

Жаңы жеке билдирүү жөнөтүү
Бул функциянын жардамы менен сиз бөлөк колдонуучуга билдирүү жөнөтө аласыз. Эгер достордун тизмесинде колдонуучулар бар болсо, билдирүү алуучуларды ошол жактан тандап же тиешелүү сапка колдонуучунун ысымын жазып коёсуз. Эгер сиз форумдан (колдонуучулардын тизмесинен же билдирүүдөн) "Жеке билдирүү жөнөтүү" баскычын баскан болсоңуз, ал сап жазылып толтурулган болот.
Ошондой эле сиз ысымды жаза баштаганда базадагы туура келген ысымды автоматтык түрдө көрсөткөн "автоматтык толтуруу" функциясы колдонулат.

Эгер бул функция жандырылган болсо, билдирүүнү алуучулар сабына бир нече колдонуучуларды жазсаңыз болот. Ошондой эле, сиз "Көчүрмөнү алуучуларды бири-биринен жашыруу" сабын белгилеп, "Жашыртылган көчүрмө" функциясын тандасаңыз болот.

Эгер администратор жеке билдирүүлөрдө ВВКод жана HTMLди колдонуу функциясын жандырган болсо, сиз буларды жеке билдирүүнү жазууда колдоно аласыз. Эгер сиз "Билдирүүнүн көчүрмөсүн Жөнөтүлгөндөр папкасына кошуу" сабын белгилесеңиз, билдирүүнүн көчүрмөсү мындан аркы колдонууга сакталып калат. Эгер сиз "Алынганы тууралуу кабарлоо" опциясын тандасаңыз, билдирүү тууралуу маалымат "Билдирүүлөрдү көзөмөлдөө" бөлүмүндө көрүнөт, ал бөлүмдө билдирүүңүз окулганын жана кайсы убакта окулганын биле аласыз.

Акырында, эгер бул функция активдештирилген болсо, жеке билдирүү менен кошо сүрөттөрдү жана башка файлдарды тиркеп жиберсеңиз болот.

Жаңы
"Жаңы" папка сизге келген жаңы каттарды камтыйт. Каттын аталышын басып, билдирүүнүн өзүн форумдагы темалардын форматына окшош форматта окуй аласыз. Бул папкадагы каттарды өчүрүп жана башка папкаларга жылдыра аласыз.

Жөнөтүлгөндөр
Бул папкага сиз жөнөткөн бардык жеке билдирүүлөр түшөт (эгер сиз бул опцияны тандаган болсоңуз).

Черновиктер (Жөнөтүлбөгөндөр)
Эгер билдирүүнү сактап, кечирээк жөнөтүү баскычын баскан болсоңуз, ушул бөлүмдөн көрө аласыз.

Жеке билдирүүлөр папкасын тазалоо
Бул папкаларды эң жөнөкөй жана бат тазалоочу ыкма.

Папкаларды түзөтүү
Сиз өзүңүзгө ыңгайлаштырып папкалардын аталыштарын өзгөртүп, жаңы папкаларды түзүп же өчүрө аласыз. "Жөнөтүлгөн" жана "Жаңы" папкаларын өчүрүүгө мүмкүн эмес.

Кара тизме
Бул бөлүмдө сиз колдонуучуларды кошуп же ал жактагы маалыматты өзгөртө аласыз. Бул бөлүмдөгү тизмедеги колдонуучулар сизге билдирүү жөнөтүүгө мүмкүнчүлүктөрү жабылган.

Билдирүүлөрдүн архиви
Эгер билдирүүлөрдүн папкалары толуп жана сиз билдирүү ала албай жатсаңыз, билдирүүлөрдү архивге жөнөтө аласыз. Бардык билдирүүлөр бирдиктүү баракчада HTML же Microsoft Excel форматында сиздин каттоо маалында көрсөткөн электрондук дарегиңизге жөнөтүлөт.

Билдирүүлөрдү көзөмөлдөө
Бул баракчада көзөмөлдөө функциясы жандырылган билдирүүлөр көрүнөт. Бул жерде сиздин билдирүү окулганы же окулбаганы, окулган болсо качан окулганы тууралуу маалымат көрсөтүлгөн. Ошондой эле бул жерде сиз жөнөткөн окула элек билдирүүлөрдү өчүрүү мүмкүнчүлүгү дагы бар.

  • Бөлүмдөрдүн тизмесине кайтуу

  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 08 Июл 2025 03:59

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: