Nuri1988Elim2010 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 183 (0,07 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (146 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 15 Август 17
- Кароолор:
- 17 111
- Соңку аракети
- 01 Сен 2021 12:09
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 35 жашта
- Туулган күнү:
- Ноябрь 12, 1988
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Сиз мындай эмес элеңиз
Жазылган күн: 11 Окт 2019
Саламатсыздарбы окурмандар!
Мен уялдым ооба уялдым,сиз менен райондун эли сыймыктанат. Сиздин атыңызды укканда эле тааныйт баары район эле эмес республика тааныйт. Мамлекеттик жумуштарда эмгектенип көпчүлүк элге жардам көрсөтүңүз. Мен сиз менен сыймыктанчумун. Бирок акыркы күндөрү неге өзүңүздү мынчалык таштап жибердиңиз. Аты жаман аракты неге көп иччү болдуңуз.Чогуу тойдо болдук,сиз ичтиңиз,мас болуп калдыңыз.Сизди күзөтүп чыктым, жыгылып кетейин дедиңиз, араң машинага отургузуп жөнөттүм.Жанынызда апаңыз, кызыңыз бар эле,алар сыгылып ыйлапда алышты. Мен сизди карап ушунчалык капаландым, өзүңүздү неге кор кылып жатасыз, түшүнө албай жатам.
Сиз кеттиңиз,тойдун эртеси да болду. Өздөрү да ичип, жыгылып жатып калгандар сөз кылышып жатат.Суранам ичпеңизчи.Элдердики билинбейт ичкени, көчөдө ар жерлерде жатып калганы.
Өзүңүздүн аброюнузду түшүрбөңүзчү. Ошол сизди сөз кылгандар өздөрү ар ким менен,ар жерлерде ичип жатып калгандар.Сиздин ошол акыбалынызды көрүп кайын журтуман уялдым.Баягы мурдагы акыбалынызга кайтынызчы суранам. -
Кош бойлуу кезде тиштин ооруусу
Жазылган күн: 1 Мар 2019
Саламатсыздарбы? Мындай тема барбы жокпу билбейм.Сиздерден сурайын дегеним 15неделя боюмда бар,салдырган тишим ичи ооруп кыйнап жатат.Барбаган врачым калбады,бири болот даарыласа десе бири азыр болбойт чыдайсын дейт.Алып таштайын десем шишиги кайтса укол сайбай алабыз дейт .Эмне кылыштыда билбей калдым.Ушундай башынан откондор барбы жаза кетиниздерчи кенешиниздерди! Эмне кылсам болот. -
Мен бактылуумун деген жан барбы?
Жазылган күн: 3 Янв 2019
Бул теманы ачуумдун себеби:ушул журок сырында коп теманы окуп калдымда,карап турсак баарында эле койгой бар.Жолдошум, кайненем,кайнежем, кайынсиндим андай мындай деп,мурунку суйгонуму унута албайм,бактысызмын дегендерда жок эмес экен.
Бул жашоо кыска,ошондуктан бактылуу жашоо озубуздун колубузда экен.Эч качан наалыбайлычы жашоого.
Мен бактылуумун деген Жан барбы деги? -
Дуа кылып коюңуздарчы
Жазылган күн: 7 Дек 2018
Саламатсыздарбы? Менин классташым, подружкам,бир убактары чогуу иштегенбиз, студенттик кундордуда кожурашып чогуу откоргонбуз
Ошол кыз эми журогунон операция болуп жатат.Толук айта албады бизге диагнозун башка журок коетго деп эле койду.Ошого караганда абалы оор.
Копчулуктун дуасы кабыл болот.Сиздерден суранаарым дуа кылып коюнуздарчы. Аймончоктой эки баласы,жолдошу, жалгыз бой энеси бар.Баарынанда аяш апама кыйын болду.Ойлогонум сайын ыйлаганым токтолбой жатат.
Озу бир эч кимге зыяны жок ички дуйносу таза жан.
Кандай айла кылса болот?
Аллахым озун шыфаа бере кор. -
Жаңылышып албадымбы?
Жазылган күн: 26 Окт 2018
Мен мурда да тема ачкан болчум.Акемдин кыздарын карап уйдо отурамын деген элем.
Убакыт отуп жарашып кетеби десек,тилекке каршы андай болбой калды.Кыздарын бердик,ар кимда оз энеси болгону жакшы,бирок мен учун негедир оор болду,эки жума эч жерим оорубай эле,жон эле температура болуп жатып калдым.Больницага алып барыпта корсотушту.
Ошол убакта бир жигитти табышып,тааныштырышты. Билбейм,негедир макул болдум, уч кун ичинде эле куда тушуп алып кетти.Кудайга шугур ичпейт чекпейт.Бирок ичинде бир сыр бардай,эки айдай болуп жатат баш кошконубузга, экообуз бири-бирибизге ачылып суйлобойбуз, айрыкча мен тунт болуп эле кеттам.Озуму озум тушуно албай жатам.Кээде озумчо сыгылып ыйлагым келип, эч жерге батпай кетем.Жолдошума сыр билгизбегенге аракет кылам.
Ушунча жыл турмушка чыкпай журуп,кантип макул болгонумуда билбейм.Оюм жон эле чачырайт,азырда толук жеткире жазалбай кыйналып турам,ичимдегини.
Кээде ойлоном,кыздарга катуу конуп алып эле,кыйналганыман турмушка чыгып кеттимби деп.Эми гана эки айдай болуп жатат.Эми эле жолдошум боюнда болбой жатат деп,мамилеси муздагандай. Мен жанылышып албадымбы дагы,коп жыл жалгыздыкка конуп калдым бекен.Ошого баары мага башкача сезилип жатабы?-деген ойлор мени уктатпай жатат.
Бул жакка жазсам бир аз болсода женилдеймби дедим.Негизи ачылып бироого (досторума,бир туугандарыма, жакындарыма)ичимдегини айткан адам эмесмин.
Комментарийлер
Nuri1988Elim2010 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?