NikiProf Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 15 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (14 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 13 Октябрь 08
- Кароолор:
- 3 239
- Соңку аракети
- 06 Апр 2021 12:14
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 34 жашта
- Туулган күнү:
- Апрель 18, 1990
- Жынысы:
- Эркек
- Калаасы:
- Novo-Pokrovka aiyly
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Ыр саптары...
Жазылган күн: 27 Авг 2015
Өткөндөрдү айтып бер…
Саамайыңан сылап өтөт салкын жел,
Санааңа тек карабайт кайдыгер.
Өзүңдү бек кармана, көтөрө,
Сен ага өткөндөрдү айтып бер.
* * *
Өткөн күндөр кайрылбастан алыстап,
Теңин таппай жүрөк калган жалгыздап.
Сезилбес, жөн адамга арманың,
Сезилээр өткөн желге, зыркырап.
* * *
Алып учуп, алып кетээр алыска,
Санааңды эч калтырбай жаныңа.
Муздаган жүрөгүңдү жылытып,
Жылуулук ала келээр кайтканда.
* * *
Ооруган жүрөгүңдү дарылап,
Дартыңа дабаа болуп кучактап.
Саамайыңан сылап өтүп, кайгыртпай,
Жылытаар жан дүйнөңдү аралап.
Урмат Молдосанов 25.05.2015
-
Темасы: Ыр саптары...
Жазылган күн: 27 Авг 2015
Издеп сенин көздөрүң. Жарык дүйнө караңгыдай көрүнөөр,
Көрбөсөм элесиңди күнүгө.
Сезимим жамгыр болуп төгүлөөр,
Зар болуп калаарым чын сөзүңө.
* * *
Саамайыңдан сылай албай чөгөөрмүн,
Сагынып жылуу чыккан сөздөрүң,
Ортодо он беш аалам турса да,
Бараармын издеп сенин көздөрүң.
Урмат Молдосанов
19.08.2015
-
Темасы: Ыр саптары...
Жазылган күн: 27 Авг 2015
Жүрөкө сүртсөң кетпес из салдың…
Бир күнүм ай-жылдарга теңелип, Өтүп барат ал тозоктой сезилип. Куладым тагдырыма таарынып, Куураган дарак сымал ийилип. * * * Кайтарып ала албай бактымды, Жыгылып ара жолдо калдымбы? Жарык күнүм караңгыга чөмүлүп, Жашоонун ачуу даамын таттымбы? * * * Өтөөр жылдар, өтөөр өмүр, убактым, Өтөөр мүмкүн жан кейиткен бул дартым. Кетеби, көз алдыман элесиң? Жүрөкө сүртсөң кетпес из салдың…
Урмат Молдосанов 20.08.2015 -
Темасы: Ыр саптары...
Жазылган күн: 27 Авг 2015
Мендик эмес...
Мендик эмес, мендик эмес самасам да, Элеси көздөн учуп сагынсам да. Жүрөк сыздап, муздак уруп турса дагы, Мендик эмес тагдырыма таарынсам да. * * * Мендик эмес, мендик эмес сыздасам да, Жаратканга миң мертебе жалынсам да. Сезимим жарат алып турса дагы, Мендик эмес, сен деп өзүм ыйласам да… Урмат Молдосанов август, 2015 ж.
Достору
NikiProf Досторду кошо элек
Комментарийлер
NikiProf ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?