gulmira96 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 125 (0,03 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (118 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 27 Июль 13
- Кароолор:
- 14 904
- Соңку аракети
- 10 Дек 2020 15:00
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 28 жашта
- Туулган күнү:
- Апрель 27, 1996
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мен ачкан темалар
-
Тагдыр жана сыйкыр.
Жазылган күн: 21 Авг 2014
Жыпар ИСАБАЕВА
Тагдыр жана сыйкыр
(даректүү повесть)
Бул китепте дубакөй Алмаш Бекованын балалык чагы жана башынан өткөн окуялары өзүнүн айтып бергендеринин негизинде көркөмдөлүп баяндалды жана башкы каармандын тегерегиндеги айрым адамдардын аты-жөнү өзгөртүлүп берилди.
Аппак машинечен айым борбордук аянтка жеткенде ылдамдыкты азайтып, айланага муңайым карап өттү. Аянттын тегереги али башаламан! Ар кай-ар кай жерде адамдар кечээкиден калган таштандыларды тазалап, жыйнап жүрүшөт... Жандүйнөсү жанчылып, жүрөгү мыкчыла түштү. «Бу жалган жашоого убактылуу келгенин деги адамдар качан түшүнөт?!. . Дүйнөгө түркүк болчудай же байлык менен бийликти өзү менен кошо ала кетчүдөй бул өмүрдү, тирүүлүктү мынча эмнеге кордошот?! ..” –бул анын тээ качантан берки, жообу табыла элек суроосу эле. Бир чети ага жооп деле издегиси келчү эмес. Тескерисинче улам акыл токтотуп, улам эс кирип, дүйнө таанып, ак-караны таразалай баштаган кезден тартып, ушул ойду ойлоонун өзүнөн каччу болгон. Анткени, улам бир суроо-жооптун артынан улам кийинкилери суурулуп чыгып, жандүйнөсү быкпырдай кайнаган башаламандыкка толуп кетчү. “Койдумчу! –дечү анан өзүн ошол ойлордон жула качып,–Жер каймактагандан жашоо ушундай эмеспи! Анын сырын мен эмес, менменсиген акылмандар, аалымдар чече албай келатпайбы! ..” А бирок, анда деле адамдардын бири-бирине болгон көрө албастыгы, карасанатайлыгы, ушак-айыңы кужулдап, кулагына туш-туштан угула берет! Ансайын жаны кыйналып, ичинен түтөйт. Жакшы кабар, жаңылык алса жаш баладай кубанат. Анан да өзүнө жакпаган бир кызыктай адаты: кандайдыр бир маанилүү маалымат келген кезде, ал өз эркине өзү ээ боло албай калмайы бар. Белгисиз бир күч дегдеңдетип жетелейт да, ошол боло турган опурталдуу окуяны: “Адамдарга айт!” –деп алып жөнөйт. Ал үчүн бул дүнүйөнүн барып турган тозогу ошол! Ааламдан алган маалымат боюнча анан тааныган же тааныбаган эле ким бирөөлөрдү издеп чыгат. Ар кайсы эшикти сагалап, атүгүл канчасынан жаман-жакшы кеп укту?! Бир ирээт аяны аны шашылыш, таңга жуук ойготту. Алган маалыматы боюнча эртең жумурай журтка белгилүү, кайсы бир укук коргоо кызматкерин Бишкектин ички жолдорунун биринде кырсык күтүп жатыптыр! Аны атайын даярдалган бирөөлөр автокырсыкка учуратат имиш! –Ким ал?! Аты-жөнү ким?! Мен анын дарегин, иштеген жерин билбесем кайдан табам?! –өзүнүн акыл-туюму аркылуу келген буйрукка адегенде ушинтип каяша айтты ал. –Табасың! Табышың керек! –деди көкүрөгүндөгү үн. Атүгүл анын аты-жөнүн, дагы ким бирөөнүн фамилиясын атаганда: –Анысы ким?! –деди Алмаш мойнунан байлагандай жоошуй. –Жардамчысы! Сен ошого жолугасың! –ушинтти, туюмундагы үн. Ошондон туруп алып, шаарга кыймыл киргенден көз байлангыча ошол эки фамилияны издеп, барбаган жери, баш бакпаган эшиги калган жок! Канча ирээт артына кайтып кеткиси келди. Бирок бирөө-жарым кадамын бура бастырбай, кудум кежигесинен түрткүлөп турган сыяктуу эле. Акыры алиги адамдын өзүн эмес, айткандай эле жардамчысын тапты! Таң саардан анын үйүнөн чыккан жол түшкө жакын мамлекеттик желек илинген имараттын алдына келип токтоду. А бирок анын ичине кириш тозок болду. Айласы куруганда эшиктин алдында туруп алып, кирип-чыккандын баарынан эле: “Баланчаев дегендерди билесизби?Өтө шашылыш, маанилүү маалыматым бар. Көрсөңүз айтып коюңузчу?! ” –дей берди. Эшик тоскон кайтаруучулардан суранып, кайра-кайра ичкери телефон чалды. Кудай жалгап, бирөө-жарым айткан окшойт, бир убакта анан жардамчы чыгып келди да: –Сиз кимсиз?! Сизге эмне керек?! –деди аялды таң калгандай, бутунан төбөсүнө чейин сыдыра карап. –Сиз ушундай адамды тааныйсызбы? –деди Алмаш таңга маал уккан фамилияны айтып. –А эмне болду?! –тигил кайра сурады. –Таанысаңыз, анда бул өтө шашылыш маалымат! Аны алдыда кырсык күтүп жатат. Айтып коюңузчу, этият болсун! –Алмаш жаналакетке түшүп, кырсык болчу жерди убакыт-саатынан бери айтып, бирок тигинин ынанбай жатканын билип айласы түгөнөт. Айткандай эле алиги адам аны мыскылдай мыйыгынан күлүп, шылдыңдагансып басып кетет да, так ошол күнү, так ошол убакта анан, так ошол Алмаш алдын ала айткан кырсык болуп, кыргыздын бир чыгаан уулу белгисиз бирөөлөрдүн колунан жаракат алат! Алмаштын өкүнгөнүн сураба! Анча болду ошол замат эле үзүлүп кетпей, канча убакытка чейин жарым жан кыйналып жатпадыбы, арман! Ал ансайын өзүн күнөөлүү сезип, Алмаштын да чымындай жаны чыркырап, жанчылып жүргөн!
Комментарийлер
santiagogo
28 Ноя 2016 - 13:54http://www.super.kg/vote чоон рахмат
gulmira96
29 Мар 2016 - 01:32