"Баары жакшы... эмес!"
Жалганга жамынып алгандаймын. Калп деген калкандын артында калып кеткендей.
- Бул мен.
- Ыы.
- Кандайсың?
- Жакшы.
- Ден соолугуң?
- Жакшы.
- Ишиң?
- Жакшы.
- Проблемаларың жокпу?
- Жок. Баары жакшы.
- Жардам керек болсо, айт. Барам.
- Жок. Баары жакшы. Рахмат.
- Мейли анда.
- Ыы.
Ушул диалогдон тажаганыма көп болду. Же ала албай коё албайм. Унутканымды далилдегим келип, дайыма жооп берем. Мага окшоп тажасын деп, окшош жооп узатам. Эгерде, байкасаң, мен бир да суроо бербейм, кызык эмессиң, тирүү экенсиң, азырынча сен суроо берип жатасың. Тирүү экем, мен сага дале жооп берүүдөн тажабай келем. А чынында, сүйлөшүүбүздүн таптакыр башкача нукта өнүгүшүн каалайт элем...
- Бул мен.
- А, буууууууул меееен!
- Кааандайсың?
- Эң сонун. Сенчи?
- Мен да. Үшүкчөлсүң. Грипптен алыс элесиңби?
- Ооба, сен айткандай өзүмдү жакшы карап жүрөм. А сенчи? Жылуу эле кийинип жүрөсүңбү?
- Ыы. Сен айткандай. Жумуштан чарчабадыңбы?
- Жооок. Сенчи? Эс алууга качан чыгасың?
- Билбейм. Проблемаларың жокпу?
- Бар. Келип кетчи мага.
- Макул. Бүгүн. Барам.
- Күтөм.
Ушундай сүйлөшүүнүн уланышын күтө берип тажадым. Билем, баары менден. "Баары жакшы" деген мен. "Муктаж эмесмин" деген мен. Сурабаган да мен. Кызыкпаган да мен.
Үч күн мурун ыйлап чалгым келди. Жазбай чалчу, жазбай куттуктачу, эч качан унутулбаган, эч качан кечиктирилбеген мүнөт тынчтыкта өтүп кетти. Жымжырттык. Моюн сундум. Чындыкка. "Баары жакшы" деген сөзүм бумеранг болуп өзүмө кайтты.
Бакыргым келди. "Баары жакшы эмес!"
Шыбырагым келди. "Баары жакшы... эмес!"
Өзүмө сөз бердим. Эми, сен сураганда, мен үн катпайм.
Сен күткөн күнү мен жымжырттыкка айланам. Ошол тынчтыктан өзүң каалаганыңды угуп ал.
Болгону бул жымжырттык жакпай бара жатат. Моюнумдан муунулгандай, астейдилдик менен аба жетпей бараткансып, кыйкырганга ал жок, кол жаңсаганга күч жок.
Билесиңби? Мен сенин суроолоруңа байланып калбайм. Качып кетем, алыстарга. Мейли, "баары жакшы" деген жалганга жамынсам да, мен бир күнү чындап эле, баары жакшы деген күнгө жетем. Бирок ошол шаарга, мен зымырап учуп бара жаткан, шашкалактап кадам шилтеген, аңды-ойду карабаган алга сызган, ошол шаарда сен болосуңбу? Сен болосуңбу?
Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 18 Февраль 2013 - 14:39