Enesai Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 535 (0,16 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (198 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 09 Май 15
- Кароолор:
- 13 041
- Соңку аракети
- 23 Сен 2016 20:11
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 46 жашта
- Туулган күнү:
- Декабрь 9, 1977
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Энесай
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
-
Kattaldym
25 Мар 2019 - 07:37 -
bermet104
21 Июл 2018 - 17:48 -
Talantbargy
05 Авг 2017 - 07:35 -
Neffertiti
28 Май 2017 - 08:59 -
Mestnyi2015
26 Апр 2017 - 00:21 -
altynkamikola
16 Апр 2017 - 00:17 -
mekenchil_jigit
16 Мар 2017 - 23:30 -
guljigit96
25 Июн 2016 - 10:00 -
jasgul
18 Апр 2016 - 00:08 -
Somalimogadishu
19 Янв 2016 - 00:25
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Enesaiдын ыр тамчылары.
Жазылган күн: 18 Мар 2016
zuxrab777 (23 Февраль 2016 - 11:34) жазган:
Саламатчылык сизге Енесай эжеке.
акыркы жазган ырыңыз форумчуларга тиешелүү болсо керек, болбосо да болушу керек. үйдө баатыр, жоодо жок болгондорго арналгандай окшойт дедим, кандай болсо да сиздин жан дүйнөңүзгө тазалык мээрим, тунуктук жылуулук тилеер элем,
ким болсоңуз да бар болуңуз.
Рахмат жакшы тилегиңе ыраазычылык, ийгилик каалайм! -
Темасы: Enesaiдын ыр тамчылары.
Жазылган күн: 18 Мар 2016
Кыргыздын акса каны - денесинде,
Ишенбейм - душман келсе жеңбесине!
Жөнөкөй,карапайым жигиттер көп -
Кут конгон,улуу кыргыз - жергесинде!
Төш кагып,мансап үчүн жулкунбаган,
Жагынып,бийлик көксөп - умтулбаган,
Жоо тосуп,жан кыюуга даярлар бар -
Душманга чек арасын буздурбаган!
"Менмин" деп,көп ичинен суурулбаган,
Урааны тынч заманда угулбаган -
Манас бар,Чубагы бар калк ичинде,
Эл коргоп,жоону беттеп - утурлаган!
Эр жигит эл четинде - жоо бетинде!
Боз Торгой. -
Темасы: Enesaiдын ыр тамчылары.
Жазылган күн: 23 Фев 2016
Ак калпакчан,тоодой бийик асылдар!
"Жоо бетинде" бол дегенден алысмын.
Тебелетпей бөтөн элге намысың-
"Эл четинде" керек сенин калышың!
Жоодон эмес,"өздөн чыккан жаттардан" ,
Коргоо керек,сөздүн айтсам,ачыгын. ..
"Бычак үчүн сап" болууга бардыр дейм,
Берчүлөрүң, "катылгандын катыгын". ..
"Кой терисин жамынышкан карышкыр" ,
Бул күндөрдө арабызда көп жүрөт...
Бетин ачып,тескеп, кимдин-кимдигин,
Акыйкатты айтчулар бар-эр жүрөк!
"Күч бирдикте" ," Ырыс алды-ынтымак! "-
Бөлүнүүлөр, жарылуулар не керек?
Чын жүрөктөн калкын колдоп,коргогон-
Эл уулдары бизге дайым дем берет! -
Темасы: Enesaiдын ыр тамчылары.
Жазылган күн: 18 Янв 2016
Мен билген сыр...
Эл көзүнө-жакшы ойноп келесиң,
Бактылуу жар,сен бактылуу энесиң.
Мен билген сыр-өрттөбөйбү жүрөгүң,
Айдайсың сен,кантип турмуш кемесин?
Жашырылган, ал сыр бекем катылган...
Каталыктар- сен кетирген жашыңдан...
Тагдыр оюн-жылдар менен жуулуп,
Кайра бактың,эне болуп ачылган...
Мен билген сыр-мени кээде оорутат,
А сен эне,кантип чыдап жүрөсүң?
Наристеңди кандан бүткөн унутуп,
Кантип уктап,кантип элдей күлөсүң?..
Балдарыңдан, же бир жери кем беле-
Сен таштаган,унутулган наристе?
Күнөөсү жок-күнөөлөрдөн төрөлгөн-
Канаттары сынып калган периште?..
Керек беле,бала эмес,намысың?
Эл көзүнө таза болуп калышың...
Керек беле,убалдардан курулган-
Сыныгы бар,бакытыңды табышың?..
Ички дүйнөң билбейт бирок,эч бир жан,
Сага тозок-балким күндө аткан таң...
Адамдардан койсоң дагы жашырып-
Көрүп турат,бирок баарын Жараткан!
Боз Торгой. -
Темасы: Enesaiдын ыр тамчылары.
Жазылган күн: 18 Янв 2016
Колдон келсе...
Өчүрбөгөн коломтодо отума,
Колдон келсе,таарынычым өрттөп сал,
Сабырымды түгөнөт деп чочусаң-
Төгүлөөрдө мелт-калт этип,сактап кал!
Үзүлбөгөн аркан эшип сүйүүдөн-
Колдон келсе,туткун кылып байлап ал.
Баштагыдай жарты сөзгө жеңилбейм-
Кайратыңды мокоп калса,кайрап ал...
Байкабастан кайсы күнү жоготтуң-
Барактарың кайра ачып окуп көр...
Ишенимим канча жолу сөгүлгөн-
Колдон келсе,кайра баштан токуп көр...
Боз Торгой.
Комментарийлер
Neffertiti
06 Июн 2015 - 23:29