"-Эже, кандай кылсам куйоомду сактап калам? "Арак, пиво ичсе мейли" деп журсом, жолдошум синтетикалык наркотик колдонуп алыптыр. Квартирадагы чогуу жашаган бала коруп калган экен "эже, куйоонузду дарылатып алыныз" деп айтса эмне дээримди билбей калдым,"-деп ыйлайт.
"Жолдошума айтып,сен спайсы колдонот экенсин десем, катуу сабап салып, эч жакка чыга албай отурам.Туугандарына айтсам эч кимиси ишенбей жатышат, ундобой жашай берейин десем спайсы чегип алган убакта такыр эле жырткычка айланып калгандай... Соо болгон мезгили жокко эсе... Колумду шилтеп кетип калайын дейм, уч баламды жетим кылгым келбейт. Жардам берип дарылаткым келет, жолдошум бул оюумду уккусу да келбейт.Кандай кылам?"-деп айласы тугонгон келиндин арманын сиздер менен болушуп, балким сиздерден кандайдыр жакшы кенеш болоор, жок дегенде кимдир бироолорго сабак болоор деген ойдо жазып койдум.Кудайым бизди ушундай балекеттен алыс кылса экен.
Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 04 Июнь 2014 - 01:43
Түзөтүүнүн себеби: Грамматикалык каталар түзөтүлдү.