zoya Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 16 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (9 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 19 Декабрь 13
- Кароолор:
- 4 351
- Соңку аракети
- 02 Июн 2020 10:07
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 34 жашта
- Туулган күнү:
- Март 10, 1990
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Менин күндөлүгүм
Жазылган күн: 20 Фев 2020
Кеткен боюнча арадан убакыт отуп, Ата энесин кондуруп алып келди. Баягы тилдуу Келин ун созу жок келинге айланыптыр. Коп соз отту ортодон анын баарын жазсам узарып кетчудой. Авсыным келгенде менин боюмда бар эле Экинчи балама аныда тородум уул. Кайненем бирда каралашпады. Кыркым чыгарбай эле тириликке аралаштым. Ал Арада авсыным шаарга иштегени кетишкен эле. Бир аз апаман алыстап журолу дешип. Апамкына барайын десем ага да конбоду кайненем. Же ОЗУ бир кичине убакытка болсо да карап койбоду. Кыйналдым ошентип балам бир жашка чамалап калганда кайнежем сен дагы Тороп аласын деп баламды сурап баштады. Негизи торолгондон эле кулак кагып келген болчу. Бир кун жолдошум берели деген чечим чыгарды. Ыйладым кыйналдым кысталдым акыры бермей болдук. Ошентип баламды бердим бирок кантип бергенимди да озум билбей калдым. Кайрале боюмда болду кыйналып журуп кайра тородум дагы уул. Мен эми коп ойлончу болдум баламы берип туура кылдымбы жокпу деп. Документтерин эми откоруп бергиле деп жатат кайнежем. Мен аны каалабай жатам. Не кылаарымв билбей журом -
Темасы: Менин күндөлүгүм
Жазылган күн: 2 Фев 2020
Ошентип ары бери болуп атып акыры даарыланмай болдук. Бирок кайненем каршы чыкты ага карабастан даарыландык. Ал арада авсындуу болдум. Кайненем онорун ар куну корсотот бирок унчукпай кутулуп журдук. Экообуз тен эптеп журуп тородук. Мен айрыкча ото коп кыйналдым. Этияттан дегенинен байкуш жолдошум наным жаап кирим жууп журду. Жолдошума минден мин ыраазымын. Авсыным кайненемдин создоруно чыдабай кетип тынды бир кыздуу болгондо. Ар кимге озунуку билинбейт Да, озу кетти деп журду. Кайним байкушка боорум ооруйт. Аялы кеткенден кийин бир да кабагы ачылбады. Бир жерлик болгондуктан апасынан бекинип кызына барып келип журду. Бир кун билип калып уйдо 41-жылкы согуш болду. Чынылар бакалдар идиш аяктар термуз уйдогу болгон идиш сынды. Барибир барганын койбоду. Акыры алып келем дешке тушту. Анда бизди олтуруп комуп коюп анан алып келесин деген шартты койду. Авсынымдын бир айыбы соз кайтаргандыгы. Анан кеткенден бир ай отпой жукторуну алып кеткени. Кайнатама келсек ун созу жок момун адам. -
Темасы: Менин күндөлүгүм
Жазылган күн: 25 Янв 2020
Экообуз танкы бешке чейин суйлошуп, бир нерселерди эле чечише албай олтурдук. Бир убакта уктайлы башым ооруп чыкты дедим. Кайра эле бир саатта туруш керек. Себеби айылдын турмушун билесиздер, эртелеп турмай, эшик шыпырып чай бермей кайната кайненеге. Анан калса биздин уйдо келин уктап калган куну асман узулуп жерге тушот эле. Апам тривога кылат уйдо жулкунуп озу киришет ишке. Башка убакта бир энилбейт. Ошентип эртеси мени урганына жинденип, кетем дедим. Жашабасаныз ачык айтыныз урунбай, озунуздуда мени да кыйнабай десем
Мас болуп калыпмын кечирип койчу, экинчи кайталанбайт деди да эшикке чыгып кетти. Ошол боюнча суйлошподук. Анан жакшынакай эле жашап журдук. Иий баса боюман тушкон убакта врачка корунгонумдо лечение алышынар керек экоон тен деген эле. Бир кун Кайратка лечениени баштайлыбы десем макул болуп, доктурга барайлы дедик. Апам каршы чыкты. Баласына акча кетет Айжанды эле даарылат. Айжандын боюнан тушсо сага не деген создорун айтты. Сен бир жакшынасын аялындан, Россияда иштейм деп суук отконда деди. Эми мынтип доктур дейт канча кетет экен апаларына айтсын ошолор даарылатат деди. Баласы апа менин уйумдо журсо апасы даарылатабы? !- деп кагып берди. Апа акчаны сизден сураганым жок. Озум акчама даарыланабыз кайгырбаныз деди. Же балалуу болбой эле кой десениз журоберебиз деп экоо круга кетишти. Ошентип ары бери болуп олтуруп экообуз больницага жонодук. Апам жинденген боюнча калды. Анан жолдо баратып Кайратка айттым болбосо озум эле даарынайын болот бекен врачтардан сурайлычы дедим. Ал да макул болгонсуду. Бардык, корундук. Врач болбойт бирооно экоон бирдей даарыланышынар керек деген чечим чыгарды. -
Темасы: Менин күндөлүгүм
Жазылган күн: 23 Янв 2020
Мага эми жашоо кызыксыздай сезилип, эч нерсеге конулум жок. Кичинеле нерсеге нерв иштетип жолдошум менен коп урушчу болдум. Ал дагы тажадыбы айтор мурда аяп конулумо карап турса азыр андан андайды сезбей калдым. Тажаттымбы деп озумчо олтурганда ойлонуп калам. Кайненемдин бир баласы менен суйлошконун угуп калдым. Ал суйлошуулор мындайча эле.
Кайненем: Торобогон аялды кетир эмне кыласын торобогондон кийин.
Баласы: Апа кичине сабыр кылыныз болуп калаар.
К: Качанкыга чейин кутобуз? Бекерден бекер тушпойт бойдон мунун оорукчан ошого тушот. Болбосо бир эмес эки жолу дагы тушту?!
Б: ... ун катпады
К: самын кеткенин билбейт кунуго эле кир жууй берет экен ак наски кийбей айт аялына кара наски кийсин. Самындын эле шору.
Негизи мен уйдода ак наски кийип журчум. Негедир жашта эле. Мен ал создорду укпаган болуп эч нерсе болбогондой журот бердим. Короче ошол эле создорун уктумда сыртка чыгып кеттим. Андан кийинда аялын аялын эле деп атты. Ошол создору эле кулагыма угулуп туруп алды. Анан Кайратда сыртка чыгып кетти. Мени бир карады да кочого басып кетти. Кеч кирди келбеди. Журогум бир нерсени сезгендей башкача болуп жаттым. Кечки тамак бышты жок. Анан чалдым. Келесизби тамак бышты дедим. Азыр эмес деп очуруп койду. Кайра чалбадым себеби жактырчы эмес. Тунку 2ге чейин уктабай кутуп жаттым. Ошол убакта келди. Ичип алыптыр мас экен коп ичиптир билинип турат. Буга чейин ичпейт эмес ичетэле Мынча коп эмес кичине эле иччу. Эшикти каккылады ач деп. Ичинен кулпулап алат элем дайыма ал жокто. Ачтым кирип эле жаагыма бир чапты. Сен апама не соз кайтардын деди. Козум карангылашып не болуп кеткенин тушунбой калдым. Не депмин дедим. Озун билесин дедида бир эки башы козумо койгулап уруп кирди. Бакырып ыйлап жибердим. Урунбай эле суйлон мен тушуном деп жалындым. Кыйкырыгым уккан кайнене кайнатам чуркап чыгышты. Атам,(кайнатам) сен бала не болуп атасын атан оозурайын жат укта. Ичип келип келинге кучун жетип атабы? Кучун алып атса мени ур деди. Ыраазы болдум атама ушунчалык. Апам (кайненем) унчукпай озуда бир нерсе дегендирда урганына караганда. Урчу эмес элениз недедин деп кайра мага айыпты койду. Мен болгон нерсени айтсам. Унчукпай койду. Анан мен Кайраттан сурадым айт эми апамда жаныбызда десем. Кайрат апа сизге соз кайтарган ушулбу муну мен жок кылам деди. Анан эле апам болдучу коп ичип алыпсын жат балам деп жакшына суйлойт. Башка убакта ичсе олгучо каргайт эле. Сында туру башкача. Атама кыйкырып кирди жаткырбайсынбы баланы деп. Атасынбы сен озу?! Дагы бир демкелерди суйлонду. Атам Айжан биз жака кирип уктай бар. Биз муну уктатып анан киребиз деди эле. Кайрат эч жака кирбейсин мына жерде уктайсын деп биздин болмону корсотту. Эгер ошол уйго кирсен кайра менин козумо корунбо деп шарит койду. Не кылышымбилбей мен турам. Акыры мен да айттым. Урбасаныз ушул жерде калам болбосо кирбейм дедим. Урбайм деп соз берди. Атам ушул Айжанды эми урган бошосон мен сени урам. Мени менен ойношпогун деп чыгып кетишти. ... -
Темасы: Менин күндөлүгүм
Жазылган күн: 22 Янв 2020
Ошентип жашообуздун жакшы кундорун жашап журук. Арадан 6 ай отту. Бул арада жалан гана жакшы кундорду баштан кечирдим. Кыштын ызгаардуу суук кундорунун биринде ойго келбеген окуя болду. Ал куну эртелеп турбадым. Себеби жаным ооруп сыздап чыдабай жаттым. Жандай коргон жолдошум жанымда турду. Ичим каттуу ооруганынан туну менен уктабай чыктым. Эртеси кайненем эшикти какты турдунарбы деп анан мен ооба деп аран гана ун каттым. Не болду бир жерин ооруп жатабы деди. Ооба десем кирип эле каерин деди. Ичим дедим анан эле ордуман тура койсом шымыма бир болток нерсе тушуп калды. шаша буша кийинип бальницага барабыз деди барсам
Текшерип корушуп боюнан тушуп калыптыр дешти. Боюмда болгонун да билбепмин. Ото кичине срок экен эле. Врач дары дармек жазып берди. Аларды алып уйго келдик. Аябай ыйладым, жолдошум коп баллуу болобуз коросунго деп жоошутту. Эч нерсеге конулум жок. Уйдун тирилигида кызыктырбай конулсуз болуп калдым. Анын себеби бар эле. Ал себеп бир тууган кайнежем 31 жашка чыгып 3 эр тийипда балалуу болбогуну. Ал эми бир тууган кайнагам 5 жыл дегенде аран кыздуу болгондугу. Кайнагамдардын барбаган больницасы калбай, табыптарга чейин барган экен. Ушинтип мен да балалуу болбой каламбы деген ой болду. Кудайдан тилегеним оюмдун баары бала болуп калды. Дагы арадан бир аз убакыт отуп экинчи ирет боюман тушуп калды. Ал эки жарым ай болчу. Ушундан коркуп жургон болчум. Озуму этияттап жургон элем. Экинчи ирет тушкондо стресске тушуп калдым. Биринчисинен да оор болду. Жолдошум бирок мени туура тушунду. Сабыр кыл деген созун аяган жок....
Достору
zoya Досторду кошо элек
Комментарийлер
zoya ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?