Сиздин тагдырыңыз менин апамдыкындай экен. Апамдыда ушинтип басынтчу, тим эле аны талаадан таап алышкансып.
Канча кыйнашты,анан чоң апамда мен бир жарымга чыкканда каза болуп калды. Менин атам аскер кишиси болгондуктан Бишкеке которулуп көчүп кетишти. Баса,бизда Таластан болобуз. Анан атам аны ура баштады, үйгө ичип келет. Канча деген кыздар менен журдү, аныда уялбай бетке эле айтчы экен апама.Апам канча жолу "кетем"
деди, бирок тайэнем үйгө киргизбей койду. Жок ал үйүнө батпай койгон жок, тескерисинче жакшы көргөн жалгыз кызы болчу. Жөн гана элдерге шерменде болгусу келбей, кызынын бактысын тилеп, " өлүгүң ошол үйдөн чыксын!"
деп койду. Апам канча чыдады, жадакалса тайэнеме да орой мамиле кыла баштады. Анан тайатам чыдабай ажырашкыла деди! Антсе кайра уялбай өз күнөсүн билбей тайатамды жаман көрүп коёт. Менден кийин да эки сиңдим төрөлдү, анан эркек төрөй албайсың деп анда да канча кыйнады, кет деди. Кетип калса кайра алып келип алды. Иши кылып апам байкуш канча чыдады бул деген тагдырдын сыноосу экен да. Менин оюмча ал сыноодон өттү! Азыр кудайга шүгүр баары жакшы! Атам намаз окуйт. Дагы эки уулду болушту. Жумушу жакшы. Атам өзүнүн жиндилигин билет, апам ошонун баарына чыдаганы үчүн аны абдан жакшы көрөт. Азыр баары жакшы! Ошентип журуп 15 жылдай чоогу жашашты.
Анан силер таңкалбай эле койгула! Апам экөбуз курбулардайбыз!
Өткөн мен билбеген окуяларды өзү айтып калат...
Жолдошумдун көңүлүн кантип табам?
#522 15 Июнь 2016 - 00:40
Балким булда сиздин сынооңуз. Өз жашооңузду өзүңүз тандайсыз!
Келечегиңизди ойлоңуз! Сиздин бактылуу болушуңузду каалайм!
#523 15 Июнь 2016 - 08:13
Өз турмушуң жайлуу мындай талуу суроону топко салганыңа караганда ажырашып кутулчулардан еместей турасың. Эң жакшысы канткенде жакшы көрүнөм деп мурдатан еле сага келиндик даңгыр жолду ыраа көрбөгөндөргө басынды боло бергендин ордуна турмушта өз кайратыңды сактай бил. Анан өзүң мүлдө жаза баспай туруп, жараткандан сага ойдогудай турмуш ыраа тартпагандардын жүрөгүн ееритип, кадимкидей аларга алымдуу, барктуу адам болуп жетишүү үчүн көптөп суран, акырындап күндөрүң оңолуп, көйгөйлөрүң чечилип кетсе ажеп емес.
#524 15 Июнь 2016 - 14:08
Качып кетти кийинкиси белгисиз болду
Озунду эр ойлосон , бироону шер ойло!
#525 17 Июнь 2016 - 05:25
Кечирип коюнуз туура эмес айтсам кийим алып бербейт экен магазинге чыгарбайт экен сотканы кантип колунузга берип койду колунуз бошобойт экен ж.а кантип интер.е кирип жатасыз
#526 17 Июнь 2016 - 05:33
Мынчалык калптын не кереги бар автор адамдын башын айландырып ар кимге ар кандай кенеш айттырып кайненниз жаман б.о куйон да жаман б.о сотканы сага кайдан берет мыдайча айтканда кун корсотпойт дегендей жазыптырсын
#527 17 Июнь 2016 - 15:17
Акзуура,роза-
90 дегендер күйөөсүнүн үйүнө барып кабар алып келгилечи, эмне болду экен. Автордон бир жылдан бери дайын жок экен го.
#528 17 Июнь 2016 - 15:30
Акыркы жолу ушул жылдын 27- мартында кириптир экен го. Жазганча кетпептирсиң да, автор.
#529 18 Июнь 2016 - 14:04
Sagizgan, jurogumdosun
жеке айтышууларга тыюу салынат. jurogumdosun , кайсы бир форумчуга карата далилсиз билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган. Sagizgan , оозеки эскертүу, jurogumdosun сизге эскертүу!
Билдирүүнү түзөткөн: rnurzida: 18 Июнь 2016 - 14:31
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#530 19 Июнь 2016 - 01:39
Урматтуу автор менин айтаарым эркек жаш баладай эле болот жаным жарым кашык каным деп ооп жыттап тункусун кичине эркелеп койсон сенден откон жакшы жок деп калат.менин кайнежем жаны келин болуп барганымда 5нерсени эсинде сакта 1-дайыма озуну карап тыкан жур 2-дайыма анын созун колдо 3-досторунун козунчо мактап кой 4-эркек ашказыны менен суйот турлоп тамак кылып бер 5-тошокто мыкты бол анан эч жудоп козуно корунбо деп озу уйроткон айткандай эле ошондой болот экен.азыр жанымго менин сиз деп козун карап атып каалаганымы алдырып аламго озу деле билбей калат алданганын.