Унуткум келет.. сезимдер кундолугу..сезимдер кундолугу..сезимдер кундолугу..
#1 12 Март 2018 - 23:16
башын которбой жайраган,тамыры кыя чабылып балталанган, жоопсуз керексиз суйуум аттин ай..
Дуйнодо бардык ыр атту сага арналып чыгарылгандай. Ар бир ырды укканда сен келесин коз алдыма.Ар бир ырдан сени издейм,табам. Жоготуп албаш учун кайталап кайталап угуп акыры ошол ыр менен "ооруп" калам.Кызыктырбайт ким ырдайт эмне жонундо баарибир ыргагынан сени табам.Сени кором.Уккан сайын козумдун жашы тоголонуп тушот.Куноосуз да куноолу да айыпсыз да армандуу да коз жаштар.Байкуш коз жаштар арчып сооротору жок жетим коз жаштар..
..унуткум келет билесинби унуткум келет..жашоомдон таптакыр чийип салгым келет сенин элесинди тургай атынды унуткум келет..сенин бар экенинди,жада калса сен жашап аткан дуйнону унутуп калсам эмне атаганат...
Аракет кылдым,кылып келатам,бирок. .бирок колумдан келбеди,кучум жетпеди..Сен деп умтулган сени издеген журогумо даба таба албадым..Биз эч качан бирге болбойбуз,биздин жолдор эки башка,менин суйуум,сезимим максатсыз.Ушуну акылым тушунсода журогум тушунбой атпайбы.Айтчы кантип тушундуром айтчы кантип..
Бугун да жумуштан келип кухнядан тамактандым. Женем кирип "бир жериниз ооруп турабы кыз?" деп сурады."Жок жене,баары жакшы.Тамагыныз даамдуу болуптур" деп жылмайдым." Ии ушинтинчи акыркы кундору коп суйлобой эле озунуз менен озунуз" дейт.
Менин дартымды кайдан билсин.Менин ичимден куймок тугул орттонуп атканымы кайдан билмек эле.Жон жайымды сурап койсо да жаратыма жетерин билбеди го.
Билесинби сени эстеп от жалын болгондо эмне кылам?Сууга тушом.Ваннага тушом да сууну устумон агызып коюп ыйлайм..Боздойм. .унумду чыгарбай коз жашыман кучумду чыгарам..
Бул жолу да сулгуму кармай ваннага шашылдым.Телефонуман музыканы койдум да баягыдай жан дуйномдун отун очуруш учун сууну агыздым.
Сенин элесин баягы эле мени куйкалаган элесин.Сага болгон арманым,сен билбеген азаптарым,сен сезбеген сагынычым,сага болгон арсыыыз кызганычым ..бааарын баарын жууп салгым келди!Жууп салсам гана!!Агызып кетчи,журоктогу арманымы азабымды агызып кетчи!Унуткум келет элесин агызып кетчи!
#2 13 Март 2018 - 00:02
#3 13 Март 2018 - 00:33
Акыры колдоруман куч кетип козум ыйдан ачышканда шалдырай отуруп калдым.Ыйлап атып козум тургай бетим да шишип кеткендей сезилди.Бир аз да болсо женилдеп алдым.Кызарган козумду ваннага тушконумду шылтап сабагыма отурдум.
Ошентип сага болгон сезимдин армандын отун сууга тушуп очургон жолун таап алдым
Билдирүүнү түзөткөн: APMAH..: 13 Март 2018 - 00:41
#4 14 Март 2018 - 13:42
#5 15 Март 2018 - 15:11
#7 15 Март 2018 - 17:35
Baktyluumun_Allah (15 Март 2018 - 15:11) жазган:
Эмне болуп , эки жолго туштунуздор? Себеп? Ушул суроону авторго да бергим келет!
#8 15 Март 2018 - 17:37
Baktyluumun_Allah (15 Март 2018 - 15:11) жазган:
Эмне болуп , эки жолго туштунуздор? Себеп? Ушул суроону авторго да бергим келет!
#10 15 Март 2018 - 22:11
Kulpunai.kurstanbekkyzy (15 Март 2018 - 17:35) жазган:
Ал мени туура эмес түшүнүп калды окшойт. Мен башка нерсе жөнүндө сүйлөсөм ал туурамес түшүндү. Анын бир аз гана мага көңүл буруусун сурандым ал болсо сен же мени же ишиңди танда дедиң деп капа болду таарынды кетти
#11 15 Март 2018 - 22:13
Baktyluumun_Allah (15 Март 2018 - 22:11) жазган:
Анда эч качан окунбонуз. Эгер сизди чындап суйсо, ар дайым сиз учун убакыт табат!!!
#12 15 Март 2018 - 22:16
#14 15 Март 2018 - 22:48
Baktyluumun_Allah (15 Март 2018 - 22:17) жазган:
Кимге болсо деле ушинтип жооп берип уйронуп алдым. Мага бир адам айтты эле, менин жашоомдо да болгон эле да мындай ситуациялар. Абдан жагып калды ушул соз. Карап корсон чындап эле ушундай экен.
Суйуу - бул Эмоция!
Азыр сиз эмоцияга алдырып жатасыз, отуп кеткенден кийин " ошол чындап мен белем?"дейсиз.
Суйуу- эки тараптын коз караштары бирдей болуп,экоо биригип, бир багытты коздогондо пайда болот.
Менимче ал сизди суйбойт. Сиз башка нерселер менен алек болунуз, дин жолунда болсонуз, бул музыкалардын ордуна куран угунуз ошол пайдалуурак.
Эн негизгиси сабыр! Жараткан бир кыйынчылыктын артынан, эки жакшылыкты убада кылган.
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 15 Март 2018 - 22:49
#15 16 Март 2018 - 00:37
Тиги эки ырыңыздын тең аты эмне? Айтып коюңчу жакты
[/quote
Артур Руденко -Забыть нельзя
Кайрат Нуртаз -Орындалмаган арман
Билдирүүнү түзөткөн: APMAH..: 16 Март 2018 - 00:40
#16 16 Март 2018 - 02:01
..Кечээгимин эшигин жаап эртениме баш которо баргым келет.Сени менен жашаган сага байланган жалган кыялдардан чарчадым дейм да бирок, аттин, тымызын тушумдон кутом.Жок дегенде ,жок дегенде элесинди тушумдон бир коруп алсам дейм,жатаарда тилейм, дуба кылам..
..Сезесинби билбейм, кээде келесин тушумо.Кадимкиндей кулмундоп жайнап келесин,мен энсеп элестегендей, мен бир корууго зар болгон караанын менен козумду толтура келесин.Баягыдай козундон чексиз мээрим тогуп,курган журокту дагы умуткор кылып,кулумсуроп келесин.Бирок жок дегенде тушумдо жакындай албай,батынып бара албай,арманымды айта албай алдастай берем.Макул жакындай албайын,арзуумду айта албайын, макул мен жакты карабай деле кой болгону жанымда эле кулмундоп журо берсе экен деп ошол уйкудан ойгонбогонго тырышам..аран тапкан тушумду жоготкум келбей,кокустан жоготуп алган баа жеткис буюмумду таап алып,коё бергенден коркуп коюнума кыскандай,тушум экенин билип турсам да ойгонгум келбей жаздыгыма башымды тыгам.Кайдаан, мындай кереметтер орундалганда башкасын ойдогудай туздоп албайт белем.!Ойгоном. Тушум.Сен жоксун.Жалгыздык. Кармай албай калган тушумо ызаа болсом да,жок дегенде тушумо кирип койгонуна каниет кылам.Билесинби так ошол куну кандай маанайда болом.Тушумдо коргон сенин элесиндин деми мага бир кундук бакыт тартуулайт. Бир кундук жашоомду кубаныч менен камсыздайт. Сенин тушумдогу элесине канат байлап бир кунум отот.Бирок андан кийин эле баягы абал.Кундор алмашып кайра эле ыр сабынан же бироого окшоштуруп элесинди тутуп алып,жан дуйномдун оорусу башталат..
.Кызык,сенин элесинди тушумдон коргонумо ушунча канат байлап,жашоомун бир четине жарык берип,ушугон сезимдеримди жылытып,коодонумду коколотуп атса,анда тагдыр экообузду кошуп койсо кандай жашоо болмок экен?Жок,жок элестете албайм,элестеткен да эмесмин.
Мында сенин кымындай куноон жок,сени куноолобойм. Сен да оз тагдырындын жолунда кеттин.Колума колун тийсе тийгендир бирок сен мага туболук бирге болууга умут да убада да берген эмессин.Бирок, бирок мен убакытты артка кайтара албай калган убакта гана сенин суйууно ишендим...Аттин ай кеч ишендим, баары кеч эле..
Билдирүүнү түзөткөн: APMAH..: 16 Март 2018 - 02:45
#18 16 Март 2018 - 18:14
#20 16 Март 2018 - 20:19
Sushi_wok (15 Март 2018 - 22:48) жазган:
Суйуу - бул Эмоция!
Азыр сиз эмоцияга алдырып жатасыз, отуп кеткенден кийин " ошол чындап мен белем?"дейсиз.
Суйуу- эки тараптын коз караштары бирдей болуп,экоо биригип, бир багытты коздогондо пайда болот.
Менимче ал сизди суйбойт. Сиз башка нерселер менен алек болунуз, дин жолунда болсонуз, бул музыкалардын ордуна куран угунуз ошол пайдалуурак.
Эн негизгиси сабыр! Жараткан бир кыйынчылыктын артынан, эки жакшылыкты убада кылган.