ainaz.ainaz Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 251 (0,08 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (82 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 10 Октябрь 15
- Кароолор:
- 10 604
- Соңку аракети
- 27 Апр 2016 10:05
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 31 жашта
- Туулган күнү:
- Август 24, 1993
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Тамактан чыккан чач
Жазылган күн: 8 Янв 2016
Саламсынарбы урматтуу кожейкелер. Менде бир ой пайда болду. Ушундай тема ачуу жонундо. Менимче мындай тема жок окшойт. Эжелер, женелер, синдилер, кыздар силерде бир да жолу тамак жасаганда ичинен чач чыгып калган учурлар болгонбу??? Эгер болгон болсо мындай абалдан кантип чыгып кеткенсинер? Ушул жонундо жазабыз. Анда баштадык.
Биринчи озум баштап берейин. Бул окуя кече жакында эле болду. Кечки тамакты жасап, эч нерседен бейкапар эле баарына тамак сузуп бергем. Андан сон жыйыштырып идиштерди жуудум. Анан куйоом экообуз комнатабызга кирдик. Бир убакта куйоом тамагынан чач чыкты дейт. Койунчу деп ишенбедим анан эле чындап эле чач чыкты тамак жасаарда жоолугуну бекем кылып салып алсан дейт. Андан кийин ишенип уялып кеттим. Дагы жакшы куйоомон чыгыптыр бешенеме. Эгер кокус кайнене же кайнатаман чыгып калганда барбы???!! Олмокмун! !!! -
Келиндер ооруп калганда.....
Жазылган күн: 15 Ноя 2015
Саламатсыздарбы форумчулар жана келиндер. Силерден сурайын дегеним ооруп калсанар кандай жол тутасынар. Ооруп калдым деп жатып аласынарбы же кучко салып иш кылып журо бересинерби? Дегеле кайын журтта жатып алыш кыйын го дейм.
Мен озум жонундо айтсам эки кундон бери грипп болуп аябай кыйналып журом. Бирок эч жатканга мумкун болбоду. Ачыгын айтсам жата албадым. Мындайда кеч да кирбей калат. Аран кеч кирди. -
Тагдыр мени каалагандай калчады.
Жазылган күн: 15 Окт 2015
Теманы аягына чыкмайынча ар кандай пикирлерди, кенештерди жазбай турсаныздар. Айта кетсем бул болгон жана болуп жаткан окуя.
Атам мн апам бир университетте окушкан,группалаш болушкан. Кийинчеерек " кыз- жигит" болуп суйлошуп калышат. Арадан жылдар отуп атам апама " баш кошуу" сунушун киргизет. Атам турк улуттунан болгонуна карабай, апам бул сунушка макулдугун берет. Бирок алардын арасында дагы бир тосук бар эле. Бул тойго алардын ата - энелери караманча каршы болушат. Ар кандай каршылыктарга, бут тосууларга, карабастан " уйлонуу "тойун откорушот. Жашоодогу эсте калаарлык кундорунун биринде аларга баары каршы эле. Энем озу айткан кызга атамдын уйлонбой койгону учун апамды куп эле азапка салып,жакшы кун корсотпойт. Апам баарына чыдап,тагдырына баш ийип жашап калат. Дегеле аял заты чыдамдуу калк эмеспизби???
Жакшылык кундон умут узбой жашап жаткан учурда тагдыр аларга дагы бир сыноосун камдап турган экен. Бир канча убакыт жашагандан кийин эле,энем атама " озубуздун улуттун кызын аласын " деп туруп алат. Албетте атам буга конбойт. Бирок энем да озунукун бербейт. Акыры ошентип журуп атамды мажбурлап эле бир турк кызына " болуп " койуп келет. Мындан апамдын кандай абалга тушконун ар бир аял заты тушунсо керек. Ошентип мына эртен " той" деген куну тункусун атам озун- озу асып алат. Эн окунучтуусу апам бул убакта кош бойлуу болгон. Бододой боздоп кала берет. Кулгундой курагында,али жарык дуйного келе элек наристе мн " жесир" калат. Ансыз да келинин жаман коруп турган энем,апамды ал уйго койчу эмес. Ошентип апам ичи толо арман,азап,бук жана журогунун тубуно кичинекей журокту калкалап торкунуно келет. Жашоо улана берет экен. Олгондун артынан оло албайсын дегени ырас тура.
Тагамдар баары уйлонгондон кийин аялдарын алып кетишкендиктен, апам торкундо таенем экоо эле жашап калышат. Кундор айга алмашып , апам ай кунуно жетет. Кабыргасы кайышып,мин толгонуп жатып коз жарат. Кыз. Эч нерседен бейкапар, таза,тунук,аруу, бейгубар кыз бул жарык дуйного келет. Ошол мен элем. Ошондо эле тагдыр мага нечендеген азаптарды даярдап турганын билсем кана......сезсем кана.....
Комментарийлер
ainaz.ainaz ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?