Салам журок сыры. Канчалаган адамдардын койгойун оз койнуна алып, ар бирине туура жол корсотконго жардам бересин. Менда сиздер менен сырдашкым келди. Биз жолдошум менен ата-энелерибиздин ыраазычылыгы менен турмуш жолуна аттандык. Жашообуз ойдогудай эле уланып жатты. Суйуу никеден кийин башталат турбайбы. Жолдошум жакшы, жароокер, ак конул адам. Кайынэнемда оз кызындай кабыл алды, билбегенимди уйротту. Башында ушундай уйго келин болгонума кубанып журдум. Уйдо турмушу болбой ажыраган кайынэжем кичинекей кызы мененда жашашат. Кызы ушунчалык ширин, кечке мени эрчип быдылдап эле журо берет, эч зериктирбейт.
Башында жакшы мамиледе жургон кайынэжем бара-бара озгоргонсуп баратты, андай мамилесинен кээде чочуп кетем. Апасына кайыненелик кылбайсыз, келиндеринизди эркин койосуз деп эле уруш чыгара берет.
- (15 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Апа, мен качан басам? Апа, мен качан басамын?
#2 29 Январь 2016 - 12:09
Куйоомдон аста секин эжесинин не болуп ажырашканын сурадым. Эзен кекин болуп барган кундон эле каардуу кайын энеге туш болот. Россияда иштетип уй алдырат. Ал ортолукта эки кыздуу болот, 6жыл чыдап жашады, акыры уйунуда, чон кызында бербей уйдон кууп чыккан. Ошондуктан апамдын силерге кылган мамилесин коруп ичи тутпой кетет окшойт деди. Ойлонуп отуруп канча жаман соз айтсада кулуп жооп берууну чечтим. Ошентип жатып мамилесин кайра ондоп алдым. Кош бойлуу экенимди билип, кубанычым койнума батпады. Эне деген статуска ээ болорумду эстесем озунчо эле ширин к ыялдарга батамын. Боюмдагы 8ай болгон кезде, балалуу болбой жургон кайнагамды кайрадан уйлонтобуз дешип тойго даярдык башталды. Той куну тынбадым, ичимди челектей кылып алып, идиштин баарын озум жуудум. Эл таркап, кудалар кеткенден кийин уйлорду жыйып мусорлорду тогуп кайтып атып, карангыда арыкты байкабай калып тоголонуп кеттим. Уйго кирип ичим ооруп жатып калдым. Эртесине кичинеден суу келе баштады, биринчим болгондуктан ушундай болсо керек деп эч кимге айта албадым. Уйубузго жаны келин келгени менен., жумушум азайбады. Женем 5маал намаз окуп, оронуп журот экен. Бирок иш жасайын деп аракет кылбайт. Мени коруп туруп дагы уйунон чыкпайт.
#3 30 Январь 2016 - 09:18
Ооруу кундон-кунго кучоп барды. Уйго барайын десем кайненем туруптур женендер уйуно чыксын дейт, же алар шашылбайт. 15 кун дегенде кочуп кетишти. Эртесине эле апамдын жанына барсам оорубай кала тургандай жонодум. Жолдо шалдыраган тикого чыгып алыпмын, селкилдетип олтурду. Уйго барып кайра кучоду, апам менен укам айланчыктап эле калышты. Туну менен кыйналдым, апам эрте менен куйоомду чакырып роддомго алып барышты. 35апта угроза болуптур деп жаткырышты.
2 жаттым акыры болбой калдым. Врачтар коркуп кетип озу аман калса болду торотуп алышыбыз керек деп толгоо уколдорду сая башташты. Апам жанымда болду кучум калбай баланы эптеп эле чыгардылар.
Кызымдын бирда ыйлаган уну чыкпады. Баламдан айрылдым окшойт деп козумдон он талаа жаштар акты. Жок педиатрлардын жардамы менен аман калды. Ушунчалык кичинекей, жыттап эле озумо келдим. Мени палатага чыгарып коюп баары уйго кетишти.
#5 30 Январь 2016 - 11:18
Ал куну кызымды оздору карашты. Эртесине озумо беришти, бала караганды билбеймин памперсин кандай алмаштырам деген ойлор менен олтурсам, жанымдагы шеригим алмаштырып калды анын кыймылын коруп койдум. Кызымдын шымын чечип атып журогум шуу дей тушту, акырына чейин чечкенимде кадимкидей титиреп чыктым, кызымдын буттары кыймылсыз эле. Бар ыйым менен врачтарга ыйлап барып эч эле айталбаймын.
#7 30 Январь 2016 - 12:04
Макул идиштерди жуупсун,мусор токкону тундо эмнеге чыгасын?Токпосон турат элего тан аткыча же куйооно айтпайсынбы?
#8 30 Январь 2016 - 12:27
Эхх журогунду оорутатго,автор бат баттан жазганга аракет кылынызчы бизди кыжалаат кылбай
#9 30 Январь 2016 - 14:41
Аз гана убакыттын ичинде врачтар чогулуп текшерип башташты. Ортопед врачты чакырышты ал невропотолого корсоткуло деп кетти. Невропотолог биздин регион боюнча жалгыз экен. Ага роддомдон чыккандан кийин алып бара турган болдук. Ый менен кундорум ото баштады. Ыйлап сыгыла берип сутумда келбей койду. Кызым ысытмакап чыркырап ыйлайт. Уйку не экенини билбей калдым. 6кун дегенде чыгарышты. Апам уйго алып кетейин десе энем конбой койду. Нев-ко барып пара-парез деген диагноз койдуруп жазып берген дарыларыны алып ичире баштадык. Уй тиричилиги менен кыйналып кеттим. Кызым ыйлаак эч ким карашпай чунчуй баштадым. Акыры бар кучумду жыйнап, энеме апама алып барып коюнчу деп айттым. Кыркын чыкса барасын дегенде жарылайын деп калган жаным энемдин козунчо эле ыйлап ийдим. Макул даярдан эрини чакырайын жеткирип келебиз деди. Ошентип алтын апамдын жанына барып кыйла дем алып калдым. Апам смес бере баштады, курсагы тойгонуна кызым божурайып уктай турган болду. Ата-энемдин тун небереси болгондуктан айланчыктап колдорунан тушурбой карашты.
#10 30 Январь 2016 - 15:06
Төрөйүн деп калган келинге да идиш жуудурабы тойдо? Ошончо көп идишти кыз болуп биз араң жууйбуз го..
#12 31 Январь 2016 - 09:53
18 кун тургандан кийин куйоом сагындым силерди деп алып келип алды. Жашоо улана берет экен. Кызым ыйласа кошо ыйлап, кулсо кулуп кундорум отуп баратты. Врачтан леченья алганыбыз менен озгоруу болгон жок. 5 айлык болуп калган кезде ичи шишигендей болот. Акыры айтып журуп Ошко томография кылдырганы алып бардык. Томографиянын анализдерине нейрохирург карап туруп, биз операция кыла албайбыз тератомасы кундон кунго чоноюп атат, тезинен Бишкеке алып баргыла деп айтты. Жолдомону Мамытовко жазып берди. Эртесине Бишкеке жоноп кеттик. 12саат жол жургон аралыгында КУДАЙГА жалынып, билген келмелердин баарын окуп бардым. Эрте менен саат 7 жеттик, таксист Мамытов иштеген оорукананын алдына таштап кетти. Оз кыялыбызда бизди ушул жерге жаткырат деп ойлоп алыптырбыз.
Врач келе элек экен. 1саат куттук, келип бизди кабыл алды. Анализдерди бердик, томографияны карап туруп, операция кылганга болбойт. Кызды кыйнабай эле койгула деди.
#13 31 Январь 2016 - 12:47
Туура айтас балан бир аз грипп болсо чыйпылыктап кетесин го жаштарын куюлуп.Эже сизге Аллахым куч кубат берсин буйруса кызыныз басып кетет жакшы гана тилектерди тилениз.Анан жогорудагы атандан сура,эненден сура дегендер.Сага кенеш сурап жаткан жери жоок кимден сурайн деп бошсунбу былжырабай баар оюн кулкуго башшы жоок десе.
[color="#006400"
Куйуту жок кулуп журот дебегин, Куйутумду кулуп журуп женемин!!!!?[/
color]
#14 31 Январь 2016 - 13:36
Атанар сура,эненен сура дегендерди жазбай,жакпаса окубагыла,бул байкуш келиндин кызы баспай жатат окшойт,жаштар жазып жаткан болсонор силер дагы балалуу болгондо билесинер баланын колуна кичине тикен кирип кетсе журогун тызылдаганын.
#15 31 Январь 2016 - 14:22
1жашка чейин гана жашашы мумкун дегенде, озумду жоготуп бараткандай болдум. Куйоом сойоп калды. Рахмат деп эле кабинетинен чыгып кеттик. Ооруукананын алдында олтуруп калдык, эми не кылабыз деп ыйлаймын. Эркек кучтуу болот экен, байкушум ичинен сызганы менен сыртына чыгарбайт. Мени сооротуп, жашымды арчып койот. Тааныштарына зв кылып атып жердеш врачтын номерин, иш жайынын дарегин алды. Жур кеттик 4-чу ооруканада иштейт экен барып жолугабыз деди. Бардык тровмада иштейт экен, жылуу тосуп алды. Дароо анализдерди кордуда С. Жумабековко алып кирди. Оз ара суйлошушуп бизди Жалдагы оорукананын нейрохирургия болумуно жонотушту. Жалга келдик самтырап жукторду которуп алып. Кирдик жердешибиз званок кылып койгон экен. Бардыгыны карап чыгышып операция кылабыз, бирок азыр адам коп места жок, кабар алып тургула 6кундордо жатасынар деди. Аларга Мамытов айткан сордорду айттым, айта берет дароо эле бул жака алып келишинер керек болчу деди. Ушундай создорунода кичине конул которулуп чыктык. Эми жашаганга кв издей баштадык. Бизди алып келген айдоочудан кв таап беришин сурандык. Ал кунуно 150 сомдон толой турган кв барын айтты. Жашай берейличи деп жалдырап ийдим. Эрте менентен бери тамак ичпей ар кайсы ооруукананы кыдырып журуп алым куруп калды. Квартирага барып жайгаштык. Кожоюндары Кызыл-кыялыктар экен. Эже апам сыяктуу эле кызымды карашат.
#18 31 Январь 2016 - 15:23
Эххх Кызыңызга Алла Таалам шыпаа берсин. Кудайым буйруп басып кетсин...
Баланын кадырын балалуу болгондор гана түшүнбөсө...
Автор күчтүү болуңуз. Буйруса баардыгы жакшы болот...
Баланын кадырын балалуу болгондор гана түшүнбөсө...
Автор күчтүү болуңуз. Буйруса баардыгы жакшы болот...
Если я вас напрягаю или раздражаю,
то Вы всегда можете забиться в угол и порыдать)))
то Вы всегда можете забиться в угол и порыдать)))
- (15 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »