"Эми тери оорулары боюнча дарыгерге алып барсак алар онкологияга жиберет, алар кайра башка жакка жиберет" -дейт апасы. Жергиликтүү ак халатчандардан үмүтүн үзгөн ата-эне интернет аркылуу москвалык дарыгерлер менен байланышкан, алар алгач ооруну дарылап, андан кийин пластикалык операция менен калыбына келтирүүгө мүмкүн экенин айткан.Бирок бул үчүн 50 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражаты керектелет.
5 жашында автокырсыкка да кабылган экен. Ошондон тарта оорусу да күчөп, баланын ден соолугу начарлап баратканын белгилейт апасы.
Ал эми Бактияр учурда күнү-түнү жанынын ооруганынан уктай албай кыйналат экен. Чоңойгондо Тайсондой мушкер болгусу келген бөбөк "эптеп айыгып кетсем, мага жардам бергендердин баарын чакырып коноктоп той кылат элем" дейт.
Кичинекей бөбөктүн эртеңкисине кайдыгер карабагандар төмөнкү даретер боюнча кайрылып кол сунсаңыздар болот.
ААК «РСК БАНК»
БИК 129001
Эсептик номуру:
1299002130020288
Байланыш телефондору:
0555 11 73 09, 0778 92 66 12
Тилекматова Зина Каралиевна
Билдирүүнү түзөткөн: Kubanychbekkagan: 10 Май 2013 - 19:45