сабырдуулук каалайм.
Тагдырдын белеги...
#62 22 Февраль 2017 - 12:49
Апаныздын жайы жаннат болсун Сизге сабыр тилейм Ал кунду эстеп жазуу да кыйын Ыйлап алдым журогум ооруп Бирок кутобуз улантыныз дагы
#63 22 Февраль 2017 - 15:23
Сабыр жайы жаннаттан болсун
Бул ата энеден айрылуу ото оор нерсе
Жаш синдилерин калыптып аларды эстеп алып кареке жаш келдиго чиркин

#67 23 Февраль 2017 - 10:02
Андай учурлар кээ бирөөлөр үчүн ушактын ордону болуп калат эмеспи. Байкуш .... бул өмүрдөн эмнени көрдү дейсиң, жетим баланы ээрчип келип 9 бала төрөдү. Балдарынан айрылды, калганынын эми жакшылыгын көрөйүн дегенде минтип отурат. Тириликтин түбүнө түшмөк белек, же жарытылуу жерден куда күтө албаптыр (женем дагы жетим кыз болчу), эстүү болсо улуу кызы кайын күтүп калганда эмне, балдарды эркине койсо ушинтип жүрө беришет... Колу да көп нерсеге жөндөм эле, ошентип кураштырган деле туура эмес окшойт, колдорунда деле кудайга шүгүр эле..." дешип апамдын жакшы жактарын да көрө алышпай кыжырга тийчү сөздөрдү айтып кетишти. Ушул сөздөрдүн кантип чыйралбай коесун. Бир гана бир аз убакыт керек экенин түшүнүп, бирок алдыдагы күндөрүм туман...
Жетиликтерин өткөргөндөн кийин атам: "Кызым, апаңдын артынан баарыбыз кете албайбыз. Жашоо улана берет. Сен барып экзамендериңди тапшырып кел, калганын кийинчерээк көрөрбүз" -деди. Эч жакка чыккым келбегени менен арга жок, шаарга келдим. Көчөдөгү адамдар куурчак сыяктанып башым айланат. Эртен баары бир жок экенбиз, неге мынча жанталашышат адамдар? Эмнеге окуп, иштеп, бүлө күтүп, балалуу болуп бактылуу болгубуз келет, баары бир аягыга жок тура? ... Мен эмне кылам? Бир машиненин алдынан чыгып өлүп алгым келет. Бирок, өлгөндүн өзүнүн эле шору дегенди канча ирет эшитпедим. Инилерим, сиңдилерим үчүн жашашым керек!...
Дипломдук ишимди жазып кеткем, кыздарым переплёттоп даярдап коюшуптур. Куран окутпасам да колдорунан келгенин жыйнап беришти албай десем болбой. Ошондой кездерде жардам кылган адамдар баары бир жүрөгүңдө жылуу орноп калат экен. Сынактарга киргеним менен оозумдан жарытылуу сөз чыкпай, көнүп калгандай көзүмдөн эле жаш сыгылат. Өзүбүздүкүлөр мурунку боюнча эле көтөрмөлөшсө, башка сынактары "жакшы" деген баасын айла жок эле коюшса керек.
Ошентип өз алдынча жашоо башталды. Үйдөгүлөр шааран үй алабыз деп канча аракет кылышпасын шылуундарга алданып канча бир бир жыр артынан жүрүшкөн. Туугандарымдыкында тура берүүнүн да чеги бар экен. Иним менен байкемдин сабактарына жардам берип жүрчү бир эже менин сиңдимдикинде жашабайсыңбы, 2-класс баласынын сабагына, өзүнө кээде жардам берип койсоң болду деп калды. Бара турган жерим жок же иштеген ишим жок дароо эле макул болуп, барып жашап калдым. Жумуш караштырып бермек болду. Ошондой учурларда жат болсо да колдоо кылган жакшы адамдарга аябай ыраазымын. Баарын эле жаман дей бериш болбойт, жакшы адамдар көп, сен жакшы болушуң керек. Башында абалымды көрүп эже бир топ аяп жүрдү...
Апамдын кыркылыгын бергенге айылга кайра келдим. Жолдон уккан жаңылык жүрөгүмдү дагы тилгендей болду, дагы башка кошуна айылдын жакшы турган адамдардын менден 3-4 жаш улуу кызын Жаныбек кол менен алып кетет экен.

#68 23 Февраль 2017 - 11:38
Бироого совет беруу оной баштан откоруу кандай оор, бактылуу кундор насип этсин.
#69 24 Февраль 2017 - 18:38
Апамдын кыркылыгын берип үйдө бир аз жүрүп калдым. Бир күнү женем кошуна айылга ооруканага барып келатып, Жаныбектер достору менен жаратылышка чыгып баратышканын көргөнүн айтып келди. Демек, үйлөнгөн экен. Ичим туз куйгандай ачышып кетти... Өзүм арам жүргөндө бул абалды оңой эле көтөрүү мүмкүн болбоду. Бир канча убакыттар бери бир номер чалып жүрчү, бирок алган эмесмин. Обочо отуруп ошол номерге чалдым. Чын эле ошол экен. Баары маанайлары жакшы, каткырып, күлүп аткандарын угуп ого бетер ыйлагым келди. Ал күнү түнү менен уктай албай ыйлап таң атырдым.
Өзүмдү ушинтип кыйнай берүүнүн чеги жетти. Ал эми башка адамдыкы. Өзүмдүн да эми андан башка көйгөйлөрүм көп, өзүмдүн арабамды тартайын деп кайра шаарга келдим. Үйдөгү эже кесиптештери менен күн ысыктыгына байланыштуу Көлгө 15 күн бара турган болушуп, мени да ала бармай болушту. Көлдүн касиетин ошондо байкадым. Алар иштери менен алек. Биз баласы экөөбүн эртеден-кечке көлдүн жээгиндебиз. Суу чынында эле стрсстен арылтат экен. Бир топ өзүмө келгендей болдум.
Шаарга келип, аталаш эжемдикинде болчумун. Жаныбек чалат... "Оф, буга эми эмне керек! Мактангысы келет го..." Албай койдум, ал кайталап чала берди. Эми эмнеге качам деп ойлодум да, алдым.
- Кандай?
-Жакшы.
-Өтөндө чалыптырсын?
- Мага дага чалган экенсиң, ким экен деп билип коёюн дегем.
- Мурда билгиң келчү элең го...
-Ошондо билгим келди. Эмне чалып атысың эми. Барын уктум. Бакыт каалайм!
- Рахмат. Каяктасың?
- Айырмасы канча? Эми аны менден эмес, башка адамдан сурап жүр. Макул жакшы. Сураныч эми тынчымды албачы. Апамдан кийин өзүм араң жүрөм.
- Ооба, уккам, арты кайырлуу болсун. Эми жөн эле айтып койчу кайда экениңди. Ушундай оор учурдарда жолугуп ушул сөздөрдү айтсам кылмышпы?
-

#70 25 Февраль 2017 - 00:05
- Ак-Босогодо.
Эч нерсе өзгөрбөйт. Сураныч мени жайыма койчу.
-Таң каларсың, бирок мен да азыр ошол жердемин. Жүрөгүм сезген экен.
Эжемдер үйдө жок эле, балдарына азыр келем деп, жолугууга бардым. Кажети жок экенин билем, бирок ошондо да ички туюмумду башкара албадым окшойт. Суз гана ал-ахыбал сураштык. Кетип калган боюнча көрүп сүйлөшө элегиме 3 жылдай болуптур. Баягы китепканада көргөн ошол болчу экен. Сүйлөшүүгө батына албаптыр. "Кыйынчылык кездер баары артта калды. Эми жакшы эле мамиледе калсак" дейт. Кантип, байке боло албайсыз же достук да бизге ашыкча, сый эле бололу деп эки тарапка кеттик. Бир топтон кийин досу экөө кетип аткан көчөңү жашыруун тиктеп отурганымчы кайсы үйгө кирер экен деп. Башына чыгып көрүнбөй калганча отурган элем...
Эженин жардамы менен ЖОЖдордун бирине жумушка кирдим. Жаңы окуу жылы башталып, өзүмдүн кесибим боюнча болбосо да, көнүп, ишти алып кетүүгө аракет кылып жүрдүм. Мурда бирдей жашташ тайпалаштарым менен жүргөн болсом, баары менден улуу, тажрыйба топтоп калган кесиптештерим менен мамиле түзүшүм керек. Кафедра башчыбыз да улуту башка киши эле. Баары ойдогудай көнүшүп баштаганымда бизди дагы кайгынын кара булуту басты...

#72 25 Февраль 2017 - 15:54
Апамдан кийин атамдын абалы мүшкүл экенин көрүп эле жүрдүк... Үйдө отура берүү оор эле болду. Шаардагы үйдү шылтоолоп сүйлөшүп келүү үчүн бул жакка келет... Туугандардыкында деле көпкө жүрө албай кайра кетет. Ортодо бир топ күн досторунукунда болгонун айтып, айылга барат. Баарынан да атаңар үчүн оор деген аяш атамдардын айтканын ойлонуп жүргөнүм менен мынча аз убакытта апаңдын ордун башка бирөөгө кыйыш кыйын болду. Үйлөнөм дейт го деп күтсөк деле унчукпады. Жылдыгы өтсүн деп баарыбыз эле ичибизден ойлонуп жүрдүк. "Каяктасыз?
" деп кээде чалып сурап койгонум болбосо, артынан ээрчип жүрө албадык. Апамдан кийин билинбей 6 ай өткөн. Иним студент, экөөбүз эки жакта жашасак да шаарда болчубуз. Бир күнү ал мага маанайы жок жумушка келиптир: "Аталаш эжем чалды. Атам үйлөнөт экен, айылга чакырып атыптыр... Эмне кылабыз" -деди. Ичимден күтүп жүрсөм деле бул жаңылыкты угуу мага оңой болгон жок. "Мен бара албайм, жумуштан жиберишпейт.
Сен барып кел" дедим. Аңгыча аталаш байкем чалды: "Даярданып тургула, жарым саатта барып калабыз" деди суз гана. Ичимди мыжыккан кызганыч коё бербей, мен барбайм деп ичимден кайталап аттым. Аңгыча жумуштагылар айланабызга чогула башташты. Көп өтпөй байкемдеп келип калышты. Шашылып эле кетүүгө камындык. Өзүмдүн атам болуп атса, элдин көзүнчө барбайм деп кантип барбайм деп айта алам. Жол ката эч кимибиз үндөбөдүк. Баарыбыз ичибизде ойлорубуз менен алпурушуп, зымырып бараткан машина канча жолду артка таштап келаттык. Утур оор үшкүргөн жеңем эле бир жаңылык айта албай кыйналып баратканын сездим. Бир кезде машинаны обочороок токтотуп, байкем чыдабай үн чыгара ыйлап жиберди. Женем аны коштой: ".... акемден айрылып калдык! Кайрат кылгыла!"
деди. Андан ары туман! "Неге!!
! Үйлөнүп атат дедиңер го?!!.. Жооок! Мен ишенбейм"
деп жеңемди жулкулдатып бакаырып ыйлап аттым. Жолдо чогулуп келаткан бугумду чыгарганча бакырып ыйлат аттым. Инимдин абалын айтып бере албайм эми. Атама аябай жакыны ошол болчу. Экөөбүз кучакташып ыйлайбыз... Неге мынча бизди Кудайым азапка салды. Апамды алганы аз беле?!!!
Аябай оор кез. Же жетип баргыдай жакын жер эмес, жетпейбиз...
Ушунун баары түшүм болуп калса эмне. Алар мынча эрте кеткидей эмнеден жазышты экен (атам 52ге гана чыккан). Кечинде үйгө жеттик. Эми андагы абалыбызды жан адамга каалабайм...
Атамдын ден соолугунан деле мурда арыз уккан эмеспиз. 40 жашына чейин тишип ооруду деген эмес. Апамдан кийин өзүн аябай таштап салган. Ичтей өзүн жеп жүрүп, жүрөгүнөн инфарк болгон экен...

#73 25 Февраль 2017 - 16:44
Сабыр берсин,, автор күтүп жатам.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#77 25 Февраль 2017 - 20:50
Автор сизге сабыр тилейм ата энеңизге жаратканым жаннатынан жай берсин! Сиз ошол кезде Жаныбеке тийе берсегиз болмок ким билет балким жакшы жашап бала чакалу болуп кетет белеңер..
#79 26 Февраль 2017 - 09:05
Ооба окурман, сиз дагы мени күнөөлөп жатасызбы?..
Кетпегенде мындай болбойт беле деп... Бул суроо ата-энемден кийин мүнөт сайын өзүмдү жеген суроо болду... Баары Кудайымдын буйругу дейт кээ бирөөлөр. Мен үчүн андай эмес, белгисиз күч мени жазалап, жакындарымды алып кетип жаткандай туюлуп туруп алды... Эми корком.... жакындарымды,
асылдарымды жоготуудан корком... Кудай алдында ичимден кечирим суроо менен жашап жаттым... Атамды коюп келишкен күнү кечинде свет дагы өчүп калган. Аны менен кошо жүрөгүбүздүн жалыны өчүп, коркуп, үлүрөйүп үйдө отурганбыз.
Эшиктин катуу тарсылдаганы дагы эсибизди чыгарды. Чоң аталарыбыз бир тууган жакын эле тууганыбыз экен. Колуна көтөрүп келген кийиттерин колидорго тоголото ыйрытып жиберип кыйкырды: "Бул мага берилчү кездемелер эмес экен, меники кимге кетсе дагы кайтарып алып келгиле!"
деп. Майрам сууга түшкөндөргө берилчү кездемелер экен. Апамда болсо чоң апам, мында эми чоң атабыз... Чүпүрөктөн өлгөнбү эми булар? Түн ката жеңем экөөбүз баш кездеме берилген тууганыбыздыкына бардык. Негизи башын ошол кармаган экен, жакын тууганы "колумду сындырып алгам" деп кармаган эмес, бул мага тиешелүү, керек десеңер алып кете бергиле деди. Кайра келип, чоң атабызга айтсак: "Өзгөлөрдү жакын көрүп калсаңар мейли, мен мунуңарды албайм" деп ыргытып алып кетип калды. Жаш бала деле чүпүрөк үчүн мынча чуу салбайт эле, үйүндө чоң апабыз үйрөтүп жиберип, минтип аксакал кейпин жерге чаап кеткени баарыбыздын кыжырыбызга тийди. Эртеси куран окутуп башка бир тууганыбызга багыштап, ырымын кылып бердик. Эл айтышпасын деп атамдын бардык өткөрчү каадаларын кылып, кийинчерээк кайра шаарга келдим.
Атам дагы асыл жан эле да... Арабызда жүрсө бизге билинбейт экен да. Билими техникалык илимдер болсо дагы, бардык нерседен кабардар болчу. Аябай оратор, кээде кенен сөзгө кирип кеткенибизде таң атканча сөздөрүбүз бүтчү эмес. Ар бир сөзүн далилдеп, тээ качанкы тарых, кайсы, кимдин чыгармалары, алар жөнүндө изилдөөлөр. .. Ошонун баарын кайра университеттеги агай-эжелерден кайталап уктум. Бул жаатта атайын окубаса дагы булардан кем билбегенине таң калчумун. Өзүн өнүктүрө билген, юмор аралаштырып сүйлөп адамдарды өзүнө тарта алган атам алардын жүрөктөрүндө калды деп ойлойм. Мен майрамдарда, туулган күнүндө чалып "Ата сиз мен үчүн генийсиз! " деп калчумун. Чындыгында эле атам мен үчүң гений боюнча калды... Атама тең келээр уулдары өсөөр бекен деп ойлонуп койдум. Апам да өмүрү өткөнчө ушундай адам менен жашаганына ыраазы болуп, эч кимге ыраа көрбөй, ээрчитип кетти окшойт. Жок дегенде өзүмдүн үйүмө чакырып, бир чай бере албай калганым арман болуп калды... Андан бери ар бир күнүм аларды жоктоп, арман кылуу менен коштолуп келет...

#80 26 Февраль 2017 - 10:08
Gulzada сабыр кыл кудай жакшылыгын берээрин унутпасын. Окуянды окуп алып ата энеме телефон чалып, ал ахыбалын сурадым. Колдо бар байлыктын баркын билели. Рахмат сага