Баары балалыктан башталган...
Мен орто жашаган, жонокой, карапайым уй-булоодо жарыка келгенмин. Эки уулдан кийин кыз торолгонуно ата-энем мандайлары жарыла кубанышкан тура. Так ошол кыз болгондуктан тагдыры тайкы болуп, турмушта коп азап тартаарын ойлошпогон чыгаар ошондо байкуштарым.
.. Мен эки жашка толгондо апам дагы бир кыз тороду. Ошентип эки уул, эки кыз болуп калганбыз. Коп деле эрке осподук. Кымбат баалуу, белгилуу фирмалардын кийимдерин кийбесек да озубузго жарашыктуу,
ото арзан эмес кийимдерди кийип остук. Атам кесиби боюнча ооруканада коз дарыгери болчу. Апам болсо мектепте орус тил мугалими. Билимдуу адамдардын тарбиясын алгандыктанбы,
агаларым да синдим экообуз да тартиптуу элек. Туугандарыбыз балдарына бизди улгу кылаарын коп угуп, кээде сыймыктанып алчубуз. Атам оор басырыктуу,
токтоо бирок каардуу жана сурдуу адам эле. Бир туура эмес иш кылып койсок атамдан коркуп турчубуз. Бирок атам бир жолу да бизге колу тийген жок. Апам болсо шыпылдаган,
женил, коп суйлогон аял эле. Бизди коп сабабаса да кээде ачуусу келгенде акырын уруп какыс-кукус кылып калчу. Андайда атам бизге болушуп, балдарымды урба деп калчу. Бирок апам да ичинде кири жок, канча ачуусу чукул болсо ошончолук бат жазылган шайыр аял болчу. Ата-энебиз коноко кеткенде тортообуз ынтымактуу олтуруп ар кимибиз озубузго тиешелуу жумуштарды бутуруп оз ордуларыбызга жатып уктап калчубуз. Ошентип балалыгыбыз коп деле эркеликсиз,
коп эле чан-тополонсуз отту. Бирок эч бир нерседен зарыгып, кыйынчылык коргон жокпуз. Жыл артынан жыл кубалап отуп, биз эс тартып бой жете баштадык. Биз чонойгон сайын бизге сарпталчу акчанын саны да чоноё берет тура. Улуу агам мектепти бутуруп оз кучу менен атамын жолун жолдоп медициналык академиянын бюджетине отуп кетти. Миндеген абитуриенттерден жалгыз агам оз кучу менен отуп кеткенине уй-булообуз менен аябай кубандык. Андан кийинки агам бир аз тентегирээк болчу. Мектепти бутургон сон озу энсеген музыкалык окуу жайга эмес, атамдын каалоосу боюнча юридикалык университетке окууга отту. Албетте контракт болумуно. Ошентип эки агабыз тен чон окуу жайларда окуп журушту. Ата-энебизге агаларыбызды окутуп, бизди багуу оорлошуп калды. Албетте эки адамдын жарыбаган айлыгы бир уй-булоону багып, эки студентти камсыздоого жетпей баратты. Убакыт отуп мен да оз кучум менен окууга тапшырып медициналык факультетине бюджетке оттум. Улуу агам окуудан сырткары иштеп бизге каралашып калган. Синдим дагы мектепти ийгиликтуу аяктап журналистикага тапшырып отуп кетти. Ошентип баарыбыз окуп ата-энебизге туйшук кобуроок жуктолуп калды. Синдим биринчи курсту буткон жылы атам журок оорусунан каза болуп калды. Ошондогу биздин абалыбызды соз менен жеткируу кыйын эле. Бактылуу жашообуз заматта тозоктой сезилип кеткен. Апам байкуштун куйуту оор болду. Атамы жерге берип кыркы чыкканча окууга да бара албадым. Апамы андай абалда таштап кетуу кыйын эле. Бир туугандарым аргасыздан окууларын улантып барып жатышты. Атамын кыркынан кийин окуума барып коп кун сабакты калтырып койгондугум учун аябай кагуу жедим. Эскертуу алдым. Бирок андан кийин окуумду улантууга кызыгуум калбады. Атамы ото каттуу жакшы коргондуктонбу,
эмнегедир копко озумо келе албай журдум. Агаларым да синдим да апам да баарыбыз кыйналып кеттик. Бирок жашоо улана берет тура. Атамын жылдыгынан кийин синдимди ала качып кетишти. Болгондо да Нарынга. Биз Озубуз туштуктон болгондуктан Нарын ото алыс сезилди. Апам так секирип каршы болуп туруп алды. Бирок суйуу жердин алыс-жакындыгына карабайт тура. Жалгыз уул экен куйоо бала. Бишкекте жашайт экен. Синдимдин окуусун Бишкеке которуп окутууга соз берип, апамдын кайра-кайра отуп жатышып кондуруп ак той менен алып кетишти. Синдим алыска тушконуно дагы копко коно албай куса болуп журдук. Бара бара буга да кондук. Андан коп отпой мага да куда тушуп келе башташты. Бирок эки агам да уйлоно элек мен турмушка чыгып кетсем болбой калышын ойлоп анан калса окуумдан алаксып калгым келбей турмушка чыгуудан баш тартып журдум.
- (5 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Сапырылган сары жалбырак...
#1 24 Октябрь 2015 - 17:18
Ж
ИВ
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
#2 24 Октябрь 2015 - 17:26
Мага куда тушкондор кобойгон сайын апам безилдейт агаларыма "Уйлонгуло"
деп. Ошентип улуу агам окууну буткон жылы чогуу окуган группалаш кызына уйонду. Ото чон болбосо да озубузго жараша той бердик. Женем тын чыкты. Апам да каарылыка баш ийип коп жумушту кыла албай калган эле. Айрыкча атаман айрылганда коп каарып кетти. Женемин келгени апама чон кубаныч болду. Бирок женем уйдо бир ай олтуруп "ошончо окудум, иштейм" деп чыкты. Албетте бай уй-булоодо оскон кыздын кыялы башкача болот экен. Женемин атасы жогорку кенеште иштеген киши экен. Коп отпой женем менен агама Бишкектен уй алып берип болуп салды. Агам чечкиндуу болгону менен женеме негедир баш ийип, жооштугунан уттуруп алды. Ошентип улуу агам да алыста жашап калды. Апам "экоонор бактылуу болсонор эле болду" деп эле олтуруп калды.
Ж
ИВ
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
#3 24 Октябрь 2015 - 17:33
Ошентип экинчи агам Аскат мен апам учообуз жашап калдык. Апам жумушунан пенсияга чыгып уйдо. Аскат да окуусун жакшы аяктап дипломун алды. Бирок кесиби боюнча жумуш табыш кыйын болуп достору менен бир бизнес баштап башка иш кылып калды. Улуу агамын кайнатасы жардам берейин дегенине Аскат намыстанып ынабады. Бирок бизнеси жакшы киреше алып келет эле. Уйубузду да улуу агам экоолоп башынан салып зангыратып коюшту. Уйду бутургон сон Аскат да суйлошкон кызына чакан той берип уйлонду. Женем жаш эле. Менден да торт жашка кичуу болчу.
Ж
ИВ
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
#4 24 Октябрь 2015 - 18:10
Женемдин аты Малика. Озубузго тен эле жердин улуу кызы. Билими орто. Сулуу, татынакай. Агам жар тандоодо жанылышпагандай эле сезилген баарыбызга.
Апам да колу узарып кубанып калды. Мен окуумду бутоорумо аз калган эле. Окуудан келсем ысык тамак даяр, уй таза, апам конулдуу. Агам да жумуштан шашып келет. Бактылуу болуп эле жашап калдык. Синдим Эркайым жылына бир келсе келет, келбесе жок. Озунун турмушу менен, эгиз уулдарды тороп окуусу да калып кеткен. Ал эми улуу агам Азамат ай сайын келип апаман кабар алып кетет. Ар келгенде толгон-токой белектерди алып келип, уйдун кемин толуктап, ондоп-тузой турган жерлерди ондоп, апамын ден-соолугун каратып кетет. Женем канчалык заарын чачып ачууланса дагы агам бизди копко унутуп сала албайт. Боорукер. Аскат ошентип жакшы жумушта жакшы таап келет. Женем уйдо апамы карап. Апам акыркы кундору сыркоолоп тошоко жатып калды. Тамакты жарытып ичпейт, ону кубарып арыктап кетти. азамат агам келип канча дарылатса да болбой апам да бизди таштап кете берди........ Ошентип Аскат женем болуп жашап калдык. Мына окуумду бутом деген жылы мени белгисиз бироолор сабактан чыкканымда ала качып кетишти. Канчалык каршылык корсотпойун бир уйго алып барып аялдар чурулдашып бир болмого киргизип коюшту. Ак жоолук сала албай убара болушту копко. Акыры мен чарчап олтуруп калганымда жаркылдап кулуп Малика женем кирип келсе болобу?! Коргон козумо ишенбей чакчайып тура калдым. Женем тим эле жумшак суйлоп:-Эми кыз мени угун, кыздын бараар жери куйоо дейт. Сизди узатаар апабыз же атабыз болбогон сон, мен апа ордуна апа боло албасам да оз милдетимди аткарып турмушка узатайын. Бул жер ото жакшы жер. Куйоо болчу жигит да чон иште иштейт, озунун уй-жайы бар, уйундо улуусу болгондуктан озунчо жашайт. Билими жогорку. Ата-энеси да жакшы жер. Мындан артык кандай жерге бармаксыз? Жакшына олтурун, тополон салгыдай жаш кыз эмессиз, окуунуз деги бутойун деп калды. деп эле мени кондурушко аракет кылып кирди.
Ж
ИВ
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
#5 24 Октябрь 2015 - 18:16
![:гезит:](http://www.super.
kg/superstan/public/style_emoticons/
default/29.gif)
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#6 25 Октябрь 2015 - 13:47
Эсим ооп эле олтуруп калдым. Уйго батыргысы келбей калган го деген ой мээмди аралап отту. Туура да, бойго жетип калган кызды кайсы жене батырат эле? Кайра олтурбай уйго барсам деле жыргатпайт го бул турундо. Ушунча убакыт эчнерсени байкабай жашаганыма тан кала туштум.
-Аскат билеби? Деп женеме суроолуу карадым.
-ооба билет, озу олтургузуп кел деп мени жибербедиби. деп женем шакылдай жооп берди.
-Аскат билеби? Деп женеме суроолуу карадым.
-ооба билет, озу олтургузуп кел деп мени жибербедиби. деп женем шакылдай жооп берди.
Ж
ИВ
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
#7 25 Октябрь 2015 - 13:52
Умутум узуло олтуруп калдым. Башыма ак жоолукту салышып баталарын беришип баары куттуктап тойго даярдана башташты. Куйоо болчу жигит менен да тааныштырышты.
Жоодар экен аты. Тойго чейин нике кыйбай турууларын сурандым. Негедир той куну башкалардай жаны никеге кирууну кааладым. Эчким каршы болгон жок. 3 кун ичмнде койнок тандап, ресторан белгиленип,
эл чакырылып той болуп кетти. Баары тан калышты. Ото тездик менен баш коштук.
Ж
ИВ
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
#8 25 Октябрь 2015 - 15:39
Бул чыгармабы же оз башындан отконбу?
Билдирүүнү түзөткөн: asi15: 25 Октябрь 2015 - 15:40
Мени жаман көргөндөрдү,
мен жаман көргөнгө убактым жок! Анткени мен, мени жакшы көргөндөр менен гана алекмин!
#9 26 Октябрь 2015 - 15:06
Жеке айтышууга жол жок!
Сын-пикирлер чыгарма толук жазылып бүткөн соң жазылсын.Теманы булгабагыла!
Сын-пикирлер чыгарма толук жазылып бүткөн соң жазылсын.Теманы булгабагыла!
#10 26 Октябрь 2015 - 19:51
Албетте той бул турмуштагы эн сонун коз ирмемдер... Апакай койнокту кийип, элдин конул чордонунда болуп, баары менен суротко тушуп, тойдун эн башкы каарманы болуп аябай бактылуу сезип жаттым озумду. Адаттан сырт куурчактай жасанып, сулуу болуп, баары мага суктана карап... Бул сезимдер кайра кайталангыс сезимдер эле. Курсагым ачканын деле байкабадым.
Конулум шат журдум. Куйоомду укмуш суйбосом да ага жар болуп жатканыма кубанып турдум. Жоодар да жаркылдап маанайы жакшы эле. шандуу той мен учун бат эле бутуп калгандай сезилди. Эл бизди шатырата кол чаап ресторандан узатып калаберишти.
Баары уйго келгенде башталды... Женелерибиз мени даярдашып, тошокту калындата салышып, билген салт-санааларын аткарышып никеге киргизиШти.
Ошондогу калтыраганымды кантейин... Корктум. Чындыгында корктум. Кошогонун сурун ошондо анык байкадым. Андан да болмого Жоодар кирип келгенде албарстыны коргондой титиреп чыктым. Коён карышкырдан корккондой бурчка барып бурушо олтуруп калдым. Жоодар жылмая келип колумдан кармады.
-коркпо жаным, биз эми эки жарты бир бутунбуз. Сени бактылуу кылам буйруса. Коркпо. Озунду бош кой... Калган создору кулагыма кирген деле жок. Алдап соолап чечинтирип ак шейшеп капталган калын тошоко кулатып, аймалап кирди. Кантсе да никелуу куйоом эмеспи, коп деле каршылык корсото алган жокмун. Теп гана козумду жумуп, озумду бош койгонго аракет кылып жаттым. Ушунча келип бир жигитке колумду карматпай, жузумду оптурбогонум ошондо билинди, денем канчалык бош жатайын десем да калтырап басылбай койду. Жоодар тердеп-тепчип атып аран оз милдетин аткарды. Бирок... Бирок мен ак чыкпай калдым... Озум да тан кала бурушуп жатып калдым. Жоодар коздорун чакчайта чачымдан мыжыга тартып озуно каратып:
-канчык...! Айт кимдин талпагы болуп калган элен?! Айт азыр союп сала элегимде! Деп унун болушунча акырын чыгаргангп аракет кылып шыбырай сурака ала баштады. Мен эмне дээримди деле билбейм. Жан жерим ачышканы менен кан чыккан жок. Жоодардын эми эле мээрим тогуп жайнап турган жузу кок тартып, бир бозоруп, коркунучтуу корунуп турду. Оозума соз келбей термелип козумдон жашым куюлуп олтура бердим. Жоодар бойрок тушума муштап-муштап жиберди. Унумду чыгарбаганга аракет кылып туйулуп жатып калдым. Эшикти каккылаган женелерге Жоодар унун ондоп:
-азыр жене! деп коюп кайра эле мени ургулайт. Ыйлап жата бердим. Чыдабай кеттим.
-мен акмын! Кудай акы мен акмын! Эч бир эркеке этегимди карматкан эмесмин! оозумдан ушул создор аран чыкты.
-сени менен кийин суйлошобуз. .. деген Жоодар чонтогунон кичинекей маки бычак алып чыгып озунун санын тиле кесип канын тошоко тамчылатты. Эмне себептен ал бул ишке барды тушунгон жокмун. Тек гана ал баарына мени актамакчы болуп жатканын тушунуп ичимден куноом болбосо да ага ыраазы болуп жаттым. Бычакты кайдан эмне максат менен алганы белгисиз, бирок чон кереке жарады...

#12 27 Октябрь 2015 - 11:11
Женелерибиз кирип калган каадаларын кылышып, конулдору тынып бизге бакыт каалашып тан атаарда кетишти. Кайын журт да укташты. Тымтырс. Жоодар женелер киргенде эле чыгып кеткен боюнча жок. Тан атып кетти. Куну кечке тойдо элдин конул борборунда журуп, буттарым шишип чарчап калган экенмин коздорум озунон озу жумулуп уктап кетиптирмин.
Бир убакта бойрогумо тийген каттуу соккудан уйкум умачтай ачылып ордуман атып турдум. Жоодар бутунда аран турат. Аябай коп ичип алыптыр, жыты тим эле конулду айлантат.
-эээненди сени... деп эле мени баса калып сабап кирди. Чыдабай жан соогалап жардамга чакырдым. Кайненем жоолугун ондогончо чуркап кирди. Кун чыгып туш болуп калган экен. Уулунун абалына бир тушунбой, тойдун эртеси эле сабап жатканына бир ачууланып кайненем Жоодарды жулкулдатып менден оолактатканга аракет кылып кирди. Андан кийин дагы коп адамдар киришти. Жоодарды болмодон алып чыгып кетишти. Ыйлап озумо келе албай копко олтурдум. Анан бир кайын синдим бутунун учунда басып кирип жаныма олтуруп:
-жене ыйлабаныз, уйлонгонуно достору куттуктап ичирип коюшкан окшойт го. Демейде иччу эмес эле. Уктатып коюшту башка болмого. Сиз капа болбонуз, анан озуно келип соолукканда туруп кечирим сурайт. Ыйлабаныз. Деп боору ооруй мени кучактап сооротуп кирди.

#13 27 Октябрь 2015 - 11:20
![:гезит:](http://www.super.
kg/superstan/public/style_emoticons/
default/29.gif)
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#14 27 Октябрь 2015 - 19:18
Кайын синдимдин создоруно андан бетер эрээркеп кеткенгеби же жаны турмуш жолум ызалуу башталгарына нааразы болуппу, же ата-энемди сагынгангабы аябай куч алып шолоктоп ыйлап кирдим... Чындыгында ата-энемди каттуу сагынган элем. Ушул азыр алардын жоктугу ото билинип турду, алардын мээриминин жетишпей турганы сезилип турду... Апакем болсо азыр эле ыйлап жугумду жыйнап апама кетип калбайт белем. Мынтип намысымды тебелетпейт элем. Кыз экениме апам ишенмек. Аябай ыйладым. Апакемдин жаркын элесин жоктоп, атакемдин мээримдуу мамилесин эстеп журогум канап турду...
Ж
ИВ
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
#15 27 Октябрь 2015 - 19:28
Канча ыйладым билбейм, аз уктап, коп сокку жегенгеби эсимди жоготуп коюптурмун.
Козумду ачсам жузумо суу сээп ызылдап жатышыптыр.
Малика женем дагы келиптир. Женем кургур ыйлап алган. Балким баарын угуп озун куноолуу сезип жаткандыр...
Балким женеме аны айтпай жашырып коюшкандыр.
.. Озумо келе албай копко жаттым. Тез жардам чакыртышып тынчтандыруучу укол алдырышты. Кайра козум сузулуп уктап кетиптирмин.
Канча уктаганымы деле билбейм, ойгонсом Жоодар колумду кармап олтуруптур.
Ордумдан атып турдум. Ийне менен безге сайгандай чоочуп кеттим чындыгында.
Аны коргондо жан алгычты коргондой качканыма озу да уялып жер карады.
-мени кечир жаным. Иттик кылдым. Турмушубуздун башталышын туура эмес баштадым. Омур бою окунуп ото турган иш кылдым. Кечире алсан кечир...
-суранам, мага жолобо!
-кечир жаным. Аябай уялып турам. Эркектик намысым анан арактын ачуу таасири да...
-Сен кылганды эркектик сапат деп ойлобойм...
-сага эми каттуу суйлобойм. Чекене чертсем Жоодар атым очсун, эмне деп каргансам ишенесин?
-койчу. Ушунчасында оз жолубуз менен кетели?
-жок жок жаным, анте корбо... Мен сенсиз жашай албайм.
-...
Кайрадан ый. Коздорум ачышып калыптыр ыйлай берип. Сырттан жанагы кайын синдим кирип:
-жене кошуналар коргону келатат жугунот экенсиз. Дегенде ордуман аран туруп кузгуго каранып алып эсимен тана жпздадым. Жузум туптуз. Каерде мурун, каерде ооз турганы белгисиз, таанылгыс тим эле. Ушунчалык сабаганына ызаланып дагы ыйлап жибердим. Кайын синдим да тушунду. Унчукпай чыгып кетти. "Жугунбой эле койсунчу коншулар омур бою соз кылышат коруп, бир шылтоо табаарсыз" деп кайын энеме айтып жаткандары даана угулуп турду...

#17 27 Октябрь 2015 - 21:00
Ал кун да кеч кирип эл тарап озубуз калдык. Малика женем кетээринде мага кирип:
-кыз мени кечирин, негизи акениз деле билбейт болчу сизди алып качканын. Мен барып кыз озу макул экен деп койгом. Эми окунуп жатам, сизди мынтип кор кылаарын билбегем. Ата-энеси да озу да аябай кечирим сурашты. Кайталанбайт дешти. Суранам мени кечирин, мен жакшы гана ой менен калтырганга аракет кылган элем сизди. Буйруса эки-уч кундо болунот экенсиздер. Окуунузга кайра чыгып, баары ойдогудай болуп кетет деп ишенем. деп мурдун шыр-шыр тарта кечирим сурап коюп коштошуп кетти. Ызаландым. Эненин орду ушундайда билинет экен го чиркин. Апакем болсо мынтип женемдин создоруно муюп олтурбайт элем. Аябай ардандым. Бир жагынан апам мени ушундай абалда корбогонуно суйунуп коём. Байкуш апамын журогу тилинип-тилинип эле кетмек го. Балким коруп тургандыр...

#18 27 Октябрь 2015 - 21:04
Чын эле коп отпой Жоодар экообузду озубуздун уйубузго кочурушту. Аскат менен Азамат агаларым колдорунан келишинче сеп даярдап беришкен. Ата-энебиздин жоктугун билгизбей корпо-тошокту коп кылып, уйго керектуу эмеректерди кир жуучу машинага чейин алып беришкенине аябай ыраазы болдум. Синдим да келип тойдон кийин эле кетип калган. Озубузчо болунуп чыкканда башында баары жомоктогудай башталды. Жоодар козумо карайт. Айтканымды аткарып эпилдейт. Бирок окуума чыгаарымды укканда ону озгоро тушчу болду. Окууга ар шылтоону айтып жибербей журду. Кийинчерээк анын ашкан кызганчаак экенин тушунуп жеттим.
Ж
ИВ
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
#19 27 Октябрь 2015 - 21:10
Турмуш курганыбызга бир айдан ашып калса да мени окуума жибербейт.
-Жоодар мен ушунча окуп окуумдун ара жолдо калышын каалабайм. Тоскоол болбо. Окутабыз деп алгансынар го?!
-Эмне эле окууга баргын келет сенин? Агайларын менен бирдемен барго ыя?! Устумдон бироо муздак сууну куюп жибергендей эле болдум.
-эмне нес болуп калдын? Кыздыгынды алып жаткан агайын коз алдына келип кеттиби?
-акмак экенсин! Ушул соз оозумдан аран чыкты. Буркурап ыйлап баштадым. Ал жамбаштап сыналгы коруп жаткан жеринен туруп келип урмакчы болуп барып аран озун кармап туруп калды.
-ур уруп ал. Олтуруп эле салчы мени! Дагы канча айтмакчысын ал созду? Канчм айтышым керек мен ак экенимди?!
-ак болсон ошондо чыгат эле го бир тамчы кан болсо дагы?
-Жоодар! Мен Кудай алдында акмын. Тажадым кунуно 100 жолу угуп ушул заар создорунду. Антип мени да кыйнабай озун да сыгылбай ажырашып эле кетеличи?!
-эмнеге? Агайына барып тийип алайын дейсинби?
-кайсы агай? Кандай тушунбойсун? ! Кайдагы агай?! Мен чындыгында ото чарчап кеттим ошол создорунон. Ал мени белгисиз эле агайларга жармаштырып согуп тажатчу болду.

#20 27 Октябрь 2015 - 21:14
Биздин уруштардын чеги жок эле. Акыры окуумду да айтпай калдым. Окуумду бутоорумо аз калганда куйоомдун кызганычы учун таштап коюга туура келди. Университеттен да коп чалышчу. Мугалимдерим урушуп да бардыра алышпады. Кийин грурралаш кыздарыман мен окуудан четтетилгенимди уктум. Колумдан эмне келмек. Агаларым турмушума аралашпайт.
Жоодар менен мамилелери жакшы болгондуктан аны капа кылып алгылары келбейт. Женелерим болсо менин тынып кетишимди эле тилешет. Ошентип бир жылдай уйдон чыкпай олтурдум. Жоодар жумушка кетип жатып мени сыртымдан кулпулап кетет. Телефонумду текшерет тынымсыз. жадагалса сыналгыдан чыккан эркектерди "неге башкача карап жатасын?"
деп кызганат.
Ж
ИВ
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
- (5 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »