Супер концерт адаттагыдай СУПЕР болмокчу, биринчиден, "Супер сулуу-2011" сынагы менен коштолот, экинчиден, кыргыз шоу дүйнөсүнүн каймактарынын катышуусундагы мегаконцерт, үчүнчүдөн, силер менен биргеликте жылдын суперлерин тандайбыз.
Ал эми super. kg сайты адаттагыдай сүйүктүү форумчуларына концертке баруу үчүн чоң мүмкүнчүлүк берет.
Эгер сиз шамдагай, кыскасы "супер" болсоңуз биз берген суроолорго жооп таап, берген тапшырмабызды аткарып эки кишилик чакыруу билетке ээ болуңуз.
Анда кеттик...
Биринчи тапшырма: Эң көп нускалуу " Супер-Инфо" гезитинин жана www. super.kg сайтынын негиздөөчүсү, 2008-жылкы "Жылдын медиаменеджери" наамынын ээси Кылычбек Султановдун туулган күнү жана жылы качан? Кайсы жерде төрөлгөн? Кандай кесиптин ээси?
Жообун билсеңиз бул жакка жазбастан кеңсебизге биринчилерден болуп келип эки кишилик чакыруу билетке ээ болуңуз.
(Кеңсебизге келген эң шамдагай форумчуга чакыруу билетти берүүдөн мурун сөзсүз түрдө текшерүүдөн өткөрөбүз, чын эле суперстандын тургунубу же жалганбы.)
Бул жакка жазылган жооптор кабыл алынбайт жана өчүрүлөт!
Ийгилиииииик!
Билдирүүнү түзөткөн: AGAT: 06 Декабрь 2011 - 11:44