Astra12 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 15 (0,01 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (14 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 01 Январь 17
- Кароолор:
- 8 044
- Соңку аракети
- 11 Янв 2022 00:54
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 27 жашта
- Туулган күнү:
- Май 12, 1997
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Жыландын сүйүүсү
Жазылган күн: 15 Июн 2020
Автордун одноклассники сайтына жазгандарын жүктөп койдум. Калганын качан улантат, азырынча белгисиз -
Темасы: Жыландын сүйүүсү
Жазылган күн: 15 Июн 2020
* *
Зумураттын энесинин баягы кеткен боюнча кайтып келбей, жоголуп кеткенин айылдыктар эртеси билишти.
– Ботом, баягы кемпирден кабар алып келейинчи,
- деп, курбу-курдаш өскөн Мыскал байбиче адатынча таң эрте эле анын үйүн карай басты.
Байланып турган карала уй менен, короодо маарап турган беш-алты майда жандыкты көрүп, жүрөгү опкоолжуй түштү. «Ботом, уй-коюн эрте чыгарчу
эле, бул убакка чейин уктамак эмес, ооруп калган- бы?» Бирок үйгө кирип эле тунжураган боштук менен көрүшүп, эси эңгирей түштү.
– Байбиче? Э, байбиче? - деген болду. Жооп болгон жок. Демейде, бул убакта Зумураттын энеси мал-жан- ды жай-жайына чыгарып коюп, уулуна деп камдаган ардеме, бирдемелерин кармалап, күйпөлөктөп жүр- мөк. Эки кемпир тээ бир далайга чейин өткөн-кет- кенди кеп кыла кобурашып, кээде күлүп, кээде бышактап ыйлап, кайра бирин-бири соороткон болушуп:
«Эне-е!» - деп Мыскалдын неберелери издеп келгиче отура беришмек.
Мыскал эне эшикке чыкты.
Үйдү айланта карап: «Соо эмес, - деди оюнда. - Кече кеткен боюнча келген эмес го! Мени Кудай куу- ратпаганда, артынан балдарды чуркатпай эмне бол- дум, ботом?! »
Бир жамандыкты туйгандай, тамагы жашка муунуп, көкүрөк-көңүлүн бир кызыктай сезим бийлеп, көзү караңгылап кетти.
2
– Бу кандай болуп кетти, кокуй? Байкушум! Баягы жыланын дагы айта баштаганда кагып койбодум беле шордууну! Угуп койбой эмне болдум?! Эми эмне кылам, каран күн?!
Ошондон көп өтпөй эле Зумураттын үйүнө айыл- дыктар чогулуп келишип, жоолукчандар үйдө калышып, эркектер Зумураттын энесин издеп, Жинди-Чапты карай аттанып кетишти.
* * *
Үңкүрдүн ичине береке кирип, ортого карын май, курут, сүрсүгөн эт, чучук, талкан-нан коюлуп, бапырап эле жатып калышты. Эне келинге деп катып жүргөн жоолугун Дүрайымдын башына салып, уул-келиндин үстү-башын жаңыртып, наристеге деп өз колу менен тиккен кийимдерин кийгизди.
– Апа, Тилектин киймин ченегендей тигипсиз го?
- деди Дүрайым балага атасынын ичигине окшотуп тиккен тонду кийгизип көрүп. - Небереңиз бар экенин кантип билдиңиз?
– Ботом, силер жиберген эки окшош топчудан улам билдим да, - деди эне. - Буларды көргөн сайын силер- ди көргөндөй болуп...
Эне чөнтөгүнөн бетаарчыга оролгон бири чоң, бири кичинекей топчу менен шакекти алып чыгып карап, кайра ороп салып алды.
Ошол түнү алар уктаган жок. Тунү бою үңкүрдүн ичиндеги кобур басылбай, Зумурат менен Дүрайым жер астына кантип түшүп кетишкенин, канча ирет чыгууга аракет кылышып, бирок эми үмүттөрү деле үзүлүп калганын, эне болсо, айыл-ападагы болгон жашоону, анан Аксарыга кантип жолукканын, бирок элге айтса эч кимиси ишенбей койгонун айтып, таң атырышты.
– 3
– Апа, деди бир убакта Зумурат кейип. - Апа, би- рок сиз бекер келдиңиз, Аксары аркылуу эле кабар- лашып турсак болмок!
– Эмнеге, ботом? - баласынын эмне себептен кейигенин билип туруп эле сурап койду эне. Уулу, бир топко чейин кыйналып-кысталып жатып:
– Апа! Үстүгө чыкчу жол болсо, сизди бу жерге келтирбей, өзүбүз чыгып барбайт белек! Мен сиздин бу жерде кыйналганыңызды көрүп, кантип чыдап тура алам, апа?!
– Э, балам, үстүдө мага силерсиз, суутуп коюптур-
бу?! Барайын деген эч ким жок! Мен эмне, жер үстүнө түркүк болмок белем?! Акыры түшөр жерим - жердин асты. Анан калса, төрүмдөн көрүм жакын турат. Ушул жерде, сенин колуңдан топурак буюруп өлөйүн деп келдим да! Андай сөзүңду экинчи мага угузба, балам!
Уул-келин бири-бирин карап, тим болушту. Ошентип, күндөр өтүп жатты.
Айылыдктар болсо, жумалап издеп, Зумураттын энесин таппай калышты да, үйүн бекитип:
– «Байкуштун арбагы ыраазы болсун» деп жандыгынан бир-экини союп, куран окутушуп, болгон ырым-жырымын жасап, «эми сүтүн саап ичип, куран окуп коюп тургула», - деп уй-музоосун, майда жандыгын жаш-аялмет, жетим-жесирлерге таратып беришти.
Соңу
Кымбаттуу окурмандар.
Ушуну менен соңуна чыгара туралы. Анткени, жетишип жаза албай жатам. Иш да башталды.
Буюрса калганын алымча- кошумча кылып, толуктап китепке бергенге аракет кылам.
Инстаграмда , буюрса, онлайн презентация откоруп бергенди да ойлонуп жатам.
Кенен сүйлөшөбүз ошондо.
Мен сиздерди жакшы көрөм.
Жыпар Исабаева -
Темасы: Жыландын сүйүүсү
Жазылган күн: 15 Июн 2020
Аксары алар жетип-жете электе артына шрт бурул- ду да, алып учуп алдыга баштап жөнөдү. Артынан чуркаган Зумураттын жүрөгү кабынан ыргып кет- чүдөй дүкүлдөп, күйүгүп да чыкты.
Аксары үйүлгөн кумдун жанына жетип, айла- нып-тегеренип кетти. Зумурат чапанын чечип ыргы- тып жиберип, колу менен кумду туш-тушка жиреп, жанталашып ача баштады.
– Эмне болду?! Эмне экен?! - деп, бала менен же- тип келген Дүрайым да баланы жерде жаткан чапанга жаткыра коюп, жардамшып жатып, бир убакта:
– Кол! Кол!- деп бакырган Дүрайым алда кайда ыр- гап-секирип кетти. - Кол!
Тааныш жең, тааныш шакек-билериктер!
– Апа?! - Зумурат бакырып жиберди. - Апаа-аа!! !
– Ыя?! Апа?! - Дүрайым нес болду.
Зумурат баркырап ыйлап, кумду баягыдан да баш-
кача ылдамдык менен туш келди шилегилеп, ача баштады.
– Апа?! Апакем?! Апакебай?! Асылым апакебай!
Дүрайым да жетип келип, экөөлөп кумду шилеп жатып, араңжан энени ачып алышты.
Зумурат энени баладай таптак көтөрүп ала коюп, баркырап ыйлап, теңселип турду.
– Апаң тирүү, эмне ыйлайсың? - деди эненин тамы- рын кармаган келин.- Тирүү!
Ошондон кийин гана жигит эсине келе түшкөндөй энесин жерге жаткыра коюп, сыңар тизелеп отура калып жүрөгүн тыңшады.
– Тирүү! Тирүү! Апакем тирүү! Апа-аа!! !
Эненин аппак чачтарынан жыттап, бети-башында- гы кумду алаканы менен арчып, колу-бутун бат-бат- тан ушалай баштады. Белине байланган көөкөрчөнүн оозун ачып, эненин оозуна суу тамчылатты.
2
Эне тээ бир топто барып көзүн ачып, бет мандай- ында өзүн тиктеп отурган уулун тааныбай жактандай бүшүркөй карады.
– Апа?! Бул - мен, Зумурат! Апаке! Эненин ээги эмшеңдеп кетти:
– Ку-лунум?!
– Ооба, мен, апа! Мен - балаң!..
Башын көтөрөм деп обдулган энени Зумурат кучак- тай калды.
Кучакташып алып, буркурап-боздоп отурушкан эне менен бала!
Эне бир убакта эсине бир нерсе түшүп кеткендей болду. Ыйын токтото калып, мунун баары өңү же түшү экенин ажыратып билгиси келгендей, уулунун бети-башын кармалап:
– О, Кудай, өңүбү же түшүмбү?! - деди. - Чын эле сенби?! Чын эле амансынбы?!
– Менмин, апо-о! Аманмын! Мени кечир? Кечир мени, апакебайым? !
Уулу апасынын бутун кучактап, буркурады:
– Мени кечире алсаң, кечир, апакебайым? !.
– Каралдым, каралдым! Кечирим сурагыдай күнөөң барбы сенин?! Сага жаным курман! Сени көрсөткөн Жаратканга жаным курман! Эми өлүп кете берсем мейли!
– Жок! Антип айтпа, апа! Антип айтпа! Аны мага угузба!
Ушул убакта Тилек ыйлап жиберди.
Ошондо гана эне Дүрайым менен Тилекти көрдү. Дүрайым ийилип, учурашкан окшоду.
Эне анын ким экенин боолгологондондой, колун сунду.
Жанына отурган келиндин чекесинен өөп, наристе- ни алып, бооруна басты.
– Апа, неберең, - деди Зумурат.
– Айланайын! Айланайын!
* -
Темасы: Жыландын сүйүүсү
Жазылган күн: 15 Июн 2020
* * *
Ошентип, Аксарыны дагы жолго чыгарып, бу жолу Зумураттын жеңинин учун айрып алышып, бала-жы- ландын мойнуна белги кылып байлап коюшкан.
Ошондон бери экөөнүн караганы эле асканын башы. Баятан бери баланы көтөрүп алышып, жараңканын бул учунан тиги учуна беш-алты жолу барып да ке-
лишти.
– Келер маалы болуп калды, ээ? - деди бир убакта Зумурат.
– Болуп калды. Бирок өткөндө бат эле келип кал- ган... - кабатыр болгондой үшкүрдү келин.
– Токточу, - сыртка кулак түрдү жигит. Экөө тең элейип тыңшап калышты.
– Чыкпай эле койчу, - деди турууга обдулган эрин билектен калган келин. - Өткөндө эмне болдуң? Аз жерден таштын астында калайын депсиң. Көмүлүп калсаң биз сени кайдан табабыз?
– Кудайым бар.
– Жок, кокус өткөндөгүдөй болуп, биздин үстүбүбүздү жар басып калса, балаң экөөбүз тумчугуп өлсөкчү? Жалгыз каласың.
– Коркпо. Бу жер андай эмес, коопсуз. Үңкүрдүн оозу жабылып калган күндө да оңой ачылгыдай кылып койгом.
– Койчу, баары бир жанымда болчу. Жалгыз жи- бергим келбейт. Бизди таштабачы. Ме, андан көрө ба- лаңды алчы.
Ошол убакта чакан үңкүрдүн ичинен упуранып майда-барат топурак-кум куюлуп, сырттан күүл- дөк-шаалдак угулду.
2
Жаңы эле баланы колуна алган Зумурат:
– Жогору жакта жамгыр деле жок сыяктанды эле, Аксары деле тынч келчү эле, мынчалык күүлдөк-ша- алдак кайдан? - деди кулак түрүп.
– Жаным, балким бая күнкүдөй мал-сал түшүп кеткендир?
Ынангандай, Зумурат унчуккан жок.
Таштардн тарсылдап кулап, кум-шагылдын күүл- дөп акканы бир топко чейин созулду.
– Чын эле, - деди келин. - Аксары эмес бул. Анткен менен Дүрайымдын көздөрү күлмүңдөп,
кубанып алган.
– Эт-аш түгөнгөн маалда, ошондогудай дагы бир бодо мал келип калса, ээ? - деди. - Балким, айылды- ктар атайылап эле союп алсын кулатып жиберишкен- дир?
Көп өтпөй эле айлана-тегерек кулак-мурун кескен- дей тынчып калды.
– Ме, баланы, - деди жүрөгү элеп-желеп болгон Зу- мурат шашкалактап. - Мен карайынчы.
– Мен деле барам, - баланы бооруна баскан келин соңунан чыкты.
* * *
Аксары баягы куурайга илинип, башын серейткен боюнча ылдыйды карай көмөлөнүп, томолонуп, кум- дун арасынан бирде көрүнсө, бирде көмүлүп, ошон- до да куржунун кое бербей кетип бараткан энеден көз албай, тирмийип карап турду да, качан гана эне көрүнбөй кеткенде артынан жөнөдү.
Жылан-бала кум үйүлгөн жерге эне менен удаа эле келди да, энени таппай калды. Өчөшкөнсүп, жогору жактан шыркыраган кумдун куйругу көпкө чейин
3
үзүлбөй, куюлуп туруп алды.
Энени көмгөн дөбөчөнүн үстүнө чыга калып, кайра түшө калып, эмне кыларын билбей айланып-тегере- нип жатып, бир убакта эсине бир нерсе келе калган- дай артына бурулду да, үңкүрдү карай чымын-куюн болуп жөнөдү.
Бул убакта Зумурат менен Дүрайым да жараңка- нын ичинде дикилдеп, кум-көчкү түшкөн тарапты ка- рай чуркап келе жатышакан.
Алар жакын калганда Аксары тикесинен тура кал- ды. Муну менен аларга алда неден белги берсе, экин- чиден, көрбөй калышпасын дегени болчу.
– Аксары?!
Демейде жайдаңдап келчү бала-жыландын түрүн көрүп, Зумурат сестене түшүштү.
– Эмне болду, Аксары?! -
Темасы: Жыландын сүйүүсү
Жазылган күн: 15 Июн 2020
Аксары эненин ийин тушуна чейин сойлоп чыгып келди.
Эненин үнү “тып” басылды. Үмүтү жана түштү. “Эми эмне болот?” - деген көздөр бала-жыланды үңүлө тиктеп калды.
Аксары жанагы ойлонгонунун баарын энеге күй- үп-бышып айткандай болду. Бирок эне анын үнүн ук- кан да, түшүнгөн да жок.
Ошондон кийин гана Аксары капталдагы шагыл- дын үстүнө секирип, бой таштады эле, кум-шагыл аны төмөнду карай агызган боюнча алып жөнөдү.
Эне анын эмнени айткысы келгенин түшүндү. “Атаңдын көрү-ү, - деди бир аз чыйрала түшүп. - Жандын таттуулугун карабайсыңбы! Тырышып, тыр- мышып... туруп алганымды, деги эле!”
Жогору жакты карады. Артка жол жок болчу! Буга чейин кантип түшүп келгенине таң калды. “Эми канчага чейин асылып тура алам, кокуй? Чалкам- дан кетип, арка-мойнум сынып өлгүчө, Аксары ай- ткандай болоюн. Башка жол жок!” - деп ойлогон эне акырындап жылып, эптеп эле тигил кум-шагылдын үстүнө бой таштоого аракет кылып баратты. “Ансыз да өлөрүм калды, өсөрүм калган жок! - деди өзүн-өзү сүрөп. - Башыма түшкөндү көрөйүн. Жаным сага аманат, айланайын Кудай.”
Ошо ирмем ал Аксарыны дагы көрдү.
Бала-жылан кайра жогору чыгып келип, жар боо- рунда серейген куурайга илинип алып, энени тостоюп карап турган болчу.
* * *
2
Кечээки түн бир башкача түн болгон.
Тунү менен ооналактап жатып, Зумурат таң агар- ган маалда ордунан туруп, үңкүрдүн оозуна жабылган ташты ары жылдырып, эшикти ачкан.
– Зумурат, эмне болду?
– Эчтеке.
– Кайда баратасың?
– Эч жакка. Таң атканча уктай албай чыктым.
– Эч жериң ооруган жокпу?
– Жок. Бирок бирдеме эле болуп жатам.
Дүрайым чукуранган уулунун оозуна эмчек салып, улутунган.
– Дагы кичине чонойгуча Аксарыны жөнөтпөй эле койсокпу? Сары санаа болуп жатам. Жер үстүндө- гүлөр анын ким экенин, эмне экенин билишпейт да. Бала немени олтүрүп коюшса эмне кылабыз?
Зумурат унчуккан жок.
– Бирок түшүм жакшы, атасы.
Үңкүрдүн оозунда, таштын ордунда отурган Зуму- рат келинге суроолуу караган:
– Эмне көрдүң?
– Аксары менен Тилек... Уулубуз кадимкидей чоңоюп, чуркап калыптыр. Аксары да чоң жылан болуптур десең. Биздин айылдын жогору жагындагы гүлдүү аңызда экөө кубалашып, ойноп жүрүшүптүр. Ушундай керемет дейсиң. Кудум, баягы биздин бала чагыбыздай болуп, жапжашыл шибер, кызыл, сары, көк гүлдөр... Тээ өйдөтөн агып келген тоо суусу тупту- нук болуп, арык ылдый шылдырап агып турат. Чым- чыктар сайрайт. Күн жаркырап тийип турат. Тиги айыл тараптан иттердин авалаганы угулат. Түтүндүн жыты келет...
– Анан?
– 3
– Экөөбүз ушунчалык бактылуу болуп, балдарды асмандан карап турабыз.
– Асмандан?!
– Ооба, биз кудум булуттардын арасында жүргөн- дөйбүз. Аңгыча ары жактан бир аял Тилекке кол булгалап чакырып жатат. Тилек менен Аксары аны карай жарышып, чуркап баратышат. Биз аларды: “Жыгылып кетпесе экен,” - деп чебеленебиз. Бирок үнүбүз жетпейт...
Унчугушпай калышты.
– Атасы, бул кандай түш? Эмнеге унчукпай кал- дың?
– Жакшы түш... - ийин кага улутунат Зумурат.
– Чочуп ойгонуп кеттим. Ошого улай эле дагы бир керемет түш көрдүм, атасы. Биздин ушул турган же- рибиз, ушул үңкүр бейишке айланып кетиптир.
Бу саам да Зумурат келинди суроолуу карап калды.
– Билбейм, кандайча экенин. Ойгонсок эле үңкүрүбүз кенен, жарык болуп, кайдан-жайдан күн- дүн нуру тийип, ар бир таш жаркырап, нур чачып калыптыр. Сыртка чыксак, сыртта да күн...
Улутунду Дүрайым. Зумурат жандана түштү:
– Түшүң туш болсун. Мен да бир нерсени сезген- сийм. Бирөө кытыгылап жаткансып, жүрөгүм эле бирдеме болуп жатат.
– Аксары кайда?
– Жатат тигинде.
– Балким, Аксары бүгүн жакшы жаңылык алып келер? Балким, апам элди чогултуп, бизди бу жерден чыгарып кетишер.
– Билбейм.
Достору
Astra12 Досторду кошо элек
Комментарийлер
Astra12 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?