Журоктогу клапандардын биринин жакшы иштебестиги бул тубаса журок кемтиги оорусуна киреби?( врожденный порок сердца)
Анын канчалык зыяны бар, оорунун пайда болуу себептери? Эмне кылса болот?
Мына ушул суроолор боюнча билгендер болсо жооп бере аласыздарбы?
Баракча 1 - 1
Тубаса жүрөк кемтиктиги оорусу деген эмне?
#2 25 Июнь 2015 - 23:22
Жүрөктүн тубаса кемтик оорусу эмнеден улам көбөйүп жатат?
- Бул оорунун себеби бүгүнкү күнгө чейин так билине элек. Бизде бийик тоолуу аймактарда көбүрөөк кездешет. Өзгөчө Нарын жергесинде. Себеби эненин кан басымы жогору болгонуна жараша болот. Бала эненин түйүлдүгүндө болгондо энеден балага тамыр (матовый проток) аркылуу кан таркайт. Бала төрөлүп биринчи дем алууда эле өзүнүн жүрөгү иштеп кеткенде энесинин түйүлдүгүндө жаткан кан тамыр жабылып калышы керек. Бийик тоолуу аймактарда ошол жабылбай калат. Дагы бир түрү бар, жүрөктүн карынча тосмолору менен дүлөйчөлөрүнүн ортосундагы тосмолорундагы тешик бүтпөй калат. Мындан тышкары түйүлдүктө жатканда энеси кандайдыр бир жугуштуу ооруга чалдыгуусунан келип чыгат. Түйүлдүк курсакта калыптанып жатканда, эненин инфекциялык, вирустук ооруларга чалдыгуусунан, курсактагы бала жүрөк кемтиги эле эмес, башка органдарынын кемтигине да дуушар болушу мүмкүн.
- Бизде жүрөк ооруларын дарылоо боюнча адистер, ооруканалар жетиштүүбү?
- Адистер жетиштүү. 5 жылдан бери даярдап келген 16 хирург дарыгерибиз бар. Алар өз ишин мыкты аткарышат. Ал эми ооруканалар албетте жетиштүү эмес. Бизде азырынча 2 гана оорукана бар. Борбордогу, анан жаңы салынган Жалал-Абадтагы оорукана. Ушул жылы Оштон да ачып жатабыз. 5 млн. калкы бар Кыргызстан үчүн 3 оорукана өтө аз. Себеби, жыл өткөн сайын жүрөк оорулары көбөйүп жатат. Жүрөктүн инфаркт оорусуна 1-2 сааттын ичинде жардам көрсөтүп калуу керек. Кыргызстандын ар бир областында кардиология ооруканалары болушу шарт. Салыштырсак, 16 млн. калкы бар Казакстанда 37 жүрөк хирургия ооруканасы бар.
- Мамлекет тарабынан көмөк көрсөтүлөбү?
- Медицинага мамлекет тарабынан керектүү жардам жокко эсе. 30 жылдан бери иштейм, совет доорунда да мындай болгон эмес. Мамлекеттин деңгээлин аныкташ үчүн анын медицинасын байкаш керек. Дарыгерлери дасыккан, жабдуулары жаңы ооруканаларын көрүп, мамлекет өнүгүү жолунда экенин билсе болот. Медицинанын ичинен жүрөк хирургиясы мамлекеттин жүзүн бирден-бир көрсөткүчү. 79-80-жылдардагы жабдуулар менен экстрималдуу шартта иштеп жатабыз. Бөлүнүп берилген акча эч нерсеге жетпейт.
- Операциянын баасы канча турат?
- 12000 сомдон баштап 125000-130000 ге чейин жетет.
- Өтө оор абалдагы оорулууларга деле операция жасайсыздарбы же чет өлкөгө жиберүүгө туура келеби?
- Операция жасоо хирургдардын колунан келбей калган үчүн жибербейбиз. Керектүү жабдуулар, кошумча каражаттар, колдонуучу материалдар жоктугуна байланыштуу мүмкүнчүлүк жок болуп калат. Аларды эске албай бейтаптын өмүрү менен ойной албайбыз. Ушундай себептерден улам чет өлкөгө жиберүүгө мажбур болобуз.
- Бул оорунун алдын алуу жолдору кандай?
- Жаштар турмуш курганды пландоо керек. Алдын ала дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп. Жугуштуу ооруларга сак болуу керек. Кош бойлуулуктун 2-3 айга жетпеген аралыгында баланын жүрөгүн текшерүүчү эхо аппарат бар. Жүрөктө татаал кемтик болсо анда ал түйүлдүктү алууга туура келет.

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 25 Июнь 2015 - 23:24
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#3 25 Июнь 2015 - 23:24
Жүрөк кемтигинин
себептери
Жүрөктүн кемтик оорусу тубаса жана кийин пайда болгон оору болуп экиге бөлүнөт. Жүрөктүн түзүлүшү өзгөрүп, жүрөктөгү кан айлануу процессинин бузулушуна алып келген анатомиялык дефектке айланат. Клапандарга, дүлөйчөлөргө жана туташкан кан тамырларга доо кетирет. Жүрөктүн кемтик оорусу кардиологиялык ооруларга кирип, оорулуу кардиологдун көзөмөлүндө даарыланат. Тубаса кемтик бала түйүлдүктө кезинде 2-8 жумалык аралыкта же төрөт учурунда пайда болот. Кош бойлуу эне сырткы факторлордун таасиринде радиацияга кабылгандан, алкоголь ичимдигин ичкенден, ревматикалык, шишик ооруларына карша дарыларды колдонгондон, кош бойлуу учурунда жугуштуу ооруларга (кызамык, ветрянка, цитомегаловирустук инфекциялар ) чалдыккандан пайда болушу мүмкүн. Жакын туугандардын баш кошуусу генетикалык бузулууга алып келип, бул ооруну пайда кылышы мүмкүн. Бийик тоолуу аймактарда жашаган кош бойлуу эненин кан басымына жараша тубаса кемтик кездешет. Бул оорунун түрү бүгүнкү күндө жүзгө жетет. Дүйнөлүк статистика боюнча жылына 1000 баланын ичинен 10-15и жабыркайт. Наристелердин 5 жашка чейин чарчап калышына көбүнчө ушул дарт себепкер. Тукум куучулук мүнөзгө ээ деп да айтылат. Ал эми кийин пайда болгон жүрөк кемтиги менен ар кандай ооруларга, жүрөк жаракаттарына дуушар болгон адамдар чалдыгышы мүмкүн. Клапандардын бузулушуна алып келген негизги себепкерлердин бири бул - ревматизм оорусу. Оорулуу температура болуп, катуу жөтөлүүдөн өпкөсүнө кан толуп, клапандарга күч келе баштайт. Мындан сырткары да атеросклероз, эндокрадиттер, ар кандай инфекциялар пайда кылат. Дагы бир себеп, адам 50 жаштан ашканда жүрөктүн ички чел кабыгы бырышып, деформацияга айланып, клапан жакшы кармабай калган учурлар болот.
Диагностика (дарт тапкыч)
Алдын ала диагноз коюу, ооруну эффективдүү дарылоого мүмкүнчүлүк түзөт. Ооруну аныктоо үчүн бейтап рентгендик аныктама вентрикулографиядан (атайын боекторду колдонуу менен рентгенден өтүү) өтүү керек. Жүрөктүн шуулдаган дабышын аныктоо үчүн фонокардиография аппараты менен тыңшалат. Ал эми эхокардиография жүрөк булчуңунун, клапандардын, кан айлануунун ылдамдыгын аныктоочу медициналык аспап. Дагы бир сөзсүз текшерүүдөн өтүүчү диагностика бул - электрокардиограмма. Бул - алгач, адамды кыймылсыз абалында текшерип, анан кыймыл абалында кайра текшерүүдөн өткөрүү. Жүрөктүн кемтик оорусун дароо эле аныктоого болбойт. Ошондуктан, суткалап көзөмөлдөөгө туура келет.
Оорунун белгилери (симптомдору)
Дарыгер төмөнкү себептер аркылуу тубаса кемтик жүрөк оорусу экендигин аныктаса болот. Жүрөгүнүн согушу ылдамдап, баланын денеси, эриндери, кулагы, манжалары көгүш тартып турса. Же болбосо, баланы эмизгенде, бала кыйкырганда көгүш болуп калса. Дагы бир түрү баланын денеси бозоруп, муздап турса. Дарыгер жүрөгүн тыңшаганда шуулдаган дабышты таап чыгышы мүмкүн. Бала энтигип, алсыз болуп, кеч отуруп, кеч басат. Бул жүрөк кемтиги оорусунун бирден бир себеби.

Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 25 Июнь 2015 - 23:25
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#4 25 Июнь 2015 - 23:28
ЖҮРӨК КЕМТИГИНИН ПАЙДА БОЛУУ СЕБЕПТЕРИ
Жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдардын 90 пайызы сырткы чөйрөдөгү жагымсыз факторлордун негизинде пайда болот.
Жүрөк кемтигинин 100дөн ашык түрү бар. Эгерде жаңы төрөлгөн ымыркайда бул дарттын белгилери билинсе, дароо адиске кайрылуу зарыл. Кээде оорунун белгилери көп убакытка чейин таптакыр билинбейт. Ошондуктан жаңы төрөлгөн баланы үч айдан кийин сөзсүз түрдө кардиологго текшертип коюу керек.
Мындай дарты бар ымыркайдын ден соолугунун абалынан да байкаса болот. Алар эмчек эмип жатканда териси, оозу-мурду көгөрүп, аба жетишпей, энтигип калат. Дайыма алсыз болуп, салмак кошпой, шишип, демигип турат. Көпчүлүк учурда мындай оорусу бар балдарды текшергенде «жүрөгүндө дабыш бар» дешет. Бирок аларды атайын медициналык жабдык менен текшергенде гана дарты ачык билинет.
ОПЕРАЦИЯ КАНДАЙ УЧУРДА ЖАСАЛАТ?
Бардык эле жүрөк кемтиги менен төрөлгөн ымыркайларга операция жасалбайт. Себеби кээ бир түрүндө жүрөк кемтиги бала чоңойгон сайын өзүнөн өзү калыпка келет.
Бирок дарттын кээ бир түрү баланын чоңоюшун, атүгүл бир саат да күтпөйт. Оорунун мындай түрүндө тез арада операция жасалбаса, оорулуу мерт болуп калышы ыктымал. Жүрөк оорусу бар балдардын ата-энеси өзгөчө көңүл бөлүшү керек. Баланы ыйлатпай, чарчатпай, өзүнүн чамасынан ашыкча кыймылдатпаш керек. Жеген тамак-ашы да мүнөздүү болуп, таза абада көбүрөөк дем алдырып, денесин суукка чыйралтып, аба аркылуу жугуучу инфекциялык тумоолордон сактоо зарыл.
Бул дарттын түрүнө жараша кээ бир бала операция болгондон кийин алты ай, бир жылга чукул каттоодо туруп, бардык режимди так кармаса, куландан соо болуп чыга келет. Кээ бир түрү бир нече жолу хирургиялык операцияны талап кылып, өмүр бою майып кылат. Алар дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу шарт.
Маектешим Кыргызстанда жүрөк кемтиги операциясы кандайча, канчага жасалат, бул жааттагы көйгөйлөр тууралуу да кеп куруп берди.
– Акыркы кезде тубаса жүрөк кемтиги оорусу менен төрөлгөн балдардын саны көбөйүп кетти деген маалымат коомчулукта терс маанай жаратууда. Чын эле көбөйүүдөбү же...
– Чындыгында, бул оору буга чейин деле көп болчу. Негизи, жүрөктүн тубаса кемтик оорулары менен төрөлгөн балдардын саны дүйнө жүзү боюнча бир калыпта турат. Ооба, акыркы кезде тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдар бизге көп кайрылышууда. Мурда бала ыйлабаса, ата-эне аны дарыгерге көргөзчү эмес. Азыр бул дарт тууралуу ММКлардан угуп, окуп жатышат. Ошондон улам балдарын доктурга текшертип, анын дарты билингенде бизге келишет. Өлкөбүздүн түштүк аймагында калк жыш отурукташкандыктанбы, негедир ал жакта бул ооруга чалдыккандар көп кездешет.
– Түйүлдүк кезинде эле бул оорунун белгилерин байкоого болбойбу?
– Негизи, ымыркайдын жүрөгү түйүлдүккө 3 ай болгондо эле калыптанып бүтөт. Учурда баланын жүрөк кемтик оорусуна чалдыкканын түйүлдүк кезинде эле заманбап медициналык жабдыктардын негизинде байкоого болот. Эгер ушул учурда балада бул оорунун белгиси байкалса, ата-энеси менен кеңешип иш алып барабыз. Эгер оорунун жеңил түрү болсо, төрөгөндөн кийин операция жасалат. Оор түрү байкалса, анда ата-энелер өздөрү чечишет, аборт жасатуу же жасатпоону.
– Жүрөк операциясына орто эсеп менен канча каражат сарпталат?
– Бизде татаал деп эсептелген жүрөктүн тубаса кемтигин операциялоо 65 миң сом турат. Ушул эле операция Казакстанда
8-9 миң доллар, Орусияда 500 миң рублдан жогорку баага жасалат. Ал эми Европа өлкөлөрүндө 70-100 миң еврого бааланат.
– Оорулууларга мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлөбү?
– Атайын жеңилдиктер каралган. Мисалы, операциянын жеңил түрүнө төлөнө турган 55 миң сомдун 10 миң сомун мамлекет жардам катары берет. Бизде жок дары-дармектерди оорулуулар өздөрү сатып алышат. Кээде 45 миңден эки-үч эсе көп чыгым болгондор бар.
– Эмне үчүн жардам сурагандардын көбү «операцияны чет мамлекетте жасатабыз» деп айтышат? Кыргызстанда жасоого мүмкүн эмеспи?
– Бизде керектүү жабдыктар да, адистер да жетиштүү. Чет өлкөдө жасатабыз дегендердин көбү биз жасай ала турган жөнөкөй эле операциялар. Жасай албаган татаал операциялар бирин-экин эле болот. Биякта эле жасала турган операцияны чет өлкөдө жасатабыз деп элден жардам сурагандар бар. Негизи, жүрөк дартына байланышкан операциянын 90-95 пайызын бизде жасаса болот. Калганын аргасыздан чет жактарга, Орусияга, Иран жана Европа өлкөлөрүнө жөнөтөбүз.
Баса, айрымдардын оорубаган баласын ооруду деп эсеп ачтырып, элден жардам сурап, бизнес кылып жаткандарын да угуп жүрөм.
– Операция жасалган балдардын канча пайызы аман калат?
– Жылына 350дөн ашык ымыркайга операция жасап жатабыз. Ачыгын айтыш керек, операциядан кийин алардын 4-5 пайызы көз жумат.
– Операция учурунда жүрөктү канча убакытка чейин токтотосуздар?
– Ал операциянын түрүнө жараша, 3 саатка чейин токтотуп турабыз. Бул учурда адамдын организмин жасалма жол менен дем алдырып, жасалма кан айландыруучу жабдык организмди иштетип турат. Учурда Кыргызстан боюнча бизге катталып, операцияга кезекке турган 300дөн ашык бейтап бар. Былтыркы жылы деле ушундай болчу, дагы деле ошол көрсөткүчтө. Бирок канчасы бул дартты билбей, катталбай жүргөнү белгисиз.
Super.kg

- Генетикалык фактордун таасири тиет. Тагыраак айтканда, туугандар бири-бирине үйлөнүшкөндө.
- Кош бойлуу кезинде жуккан инфекциядан пайда болот. Мисалы, кызамык, жугуштуу сасык тумоо, цитомегаловирустук инфекция, герпес сыяктуу оору менен сыркоологон эненин баласы да жүрөк оорусуна чалдыгышы мүмкүн.
- Айлана- чөйрөдөгү экологиялык фактордун таасири чоң. Анын ичинде өзгөчө радиация зыян.
- Спирт ичимдиктери, тамеки тартуу жана туура эмес тамактануу.
- Энесинин ар кандай дарты болсо, кант диабети менен ооруса, карындагы баланын жүрөк оорусуна алып келиши ыктымал.
- Кош бойлуу кезде дары-дармектерди ичүү, ар кандай антибиотиктерди пайдалануу терс таасирин тийгизет.
- Витаминдердин жетишсиздиги.
Жүрөк кемтигинин 100дөн ашык түрү бар. Эгерде жаңы төрөлгөн ымыркайда бул дарттын белгилери билинсе, дароо адиске кайрылуу зарыл. Кээде оорунун белгилери көп убакытка чейин таптакыр билинбейт. Ошондуктан жаңы төрөлгөн баланы үч айдан кийин сөзсүз түрдө кардиологго текшертип коюу керек.
Мындай дарты бар ымыркайдын ден соолугунун абалынан да байкаса болот. Алар эмчек эмип жатканда териси, оозу-мурду көгөрүп, аба жетишпей, энтигип калат. Дайыма алсыз болуп, салмак кошпой, шишип, демигип турат. Көпчүлүк учурда мындай оорусу бар балдарды текшергенде «жүрөгүндө дабыш бар» дешет. Бирок аларды атайын медициналык жабдык менен текшергенде гана дарты ачык билинет.
ОПЕРАЦИЯ КАНДАЙ УЧУРДА ЖАСАЛАТ?
Бардык эле жүрөк кемтиги менен төрөлгөн ымыркайларга операция жасалбайт. Себеби кээ бир түрүндө жүрөк кемтиги бала чоңойгон сайын өзүнөн өзү калыпка келет.
Бирок дарттын кээ бир түрү баланын чоңоюшун, атүгүл бир саат да күтпөйт. Оорунун мындай түрүндө тез арада операция жасалбаса, оорулуу мерт болуп калышы ыктымал. Жүрөк оорусу бар балдардын ата-энеси өзгөчө көңүл бөлүшү керек. Баланы ыйлатпай, чарчатпай, өзүнүн чамасынан ашыкча кыймылдатпаш керек. Жеген тамак-ашы да мүнөздүү болуп, таза абада көбүрөөк дем алдырып, денесин суукка чыйралтып, аба аркылуу жугуучу инфекциялык тумоолордон сактоо зарыл.
Бул дарттын түрүнө жараша кээ бир бала операция болгондон кийин алты ай, бир жылга чукул каттоодо туруп, бардык режимди так кармаса, куландан соо болуп чыга келет. Кээ бир түрү бир нече жолу хирургиялык операцияны талап кылып, өмүр бою майып кылат. Алар дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу шарт.
Маектешим Кыргызстанда жүрөк кемтиги операциясы кандайча, канчага жасалат, бул жааттагы көйгөйлөр тууралуу да кеп куруп берди.
– Акыркы кезде тубаса жүрөк кемтиги оорусу менен төрөлгөн балдардын саны көбөйүп кетти деген маалымат коомчулукта терс маанай жаратууда. Чын эле көбөйүүдөбү же...
– Чындыгында, бул оору буга чейин деле көп болчу. Негизи, жүрөктүн тубаса кемтик оорулары менен төрөлгөн балдардын саны дүйнө жүзү боюнча бир калыпта турат. Ооба, акыркы кезде тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдар бизге көп кайрылышууда. Мурда бала ыйлабаса, ата-эне аны дарыгерге көргөзчү эмес. Азыр бул дарт тууралуу ММКлардан угуп, окуп жатышат. Ошондон улам балдарын доктурга текшертип, анын дарты билингенде бизге келишет. Өлкөбүздүн түштүк аймагында калк жыш отурукташкандыктанбы, негедир ал жакта бул ооруга чалдыккандар көп кездешет.
– Түйүлдүк кезинде эле бул оорунун белгилерин байкоого болбойбу?
– Негизи, ымыркайдын жүрөгү түйүлдүккө 3 ай болгондо эле калыптанып бүтөт. Учурда баланын жүрөк кемтик оорусуна чалдыкканын түйүлдүк кезинде эле заманбап медициналык жабдыктардын негизинде байкоого болот. Эгер ушул учурда балада бул оорунун белгиси байкалса, ата-энеси менен кеңешип иш алып барабыз. Эгер оорунун жеңил түрү болсо, төрөгөндөн кийин операция жасалат. Оор түрү байкалса, анда ата-энелер өздөрү чечишет, аборт жасатуу же жасатпоону.
– Жүрөк операциясына орто эсеп менен канча каражат сарпталат?
– Бизде татаал деп эсептелген жүрөктүн тубаса кемтигин операциялоо 65 миң сом турат. Ушул эле операция Казакстанда
8-9 миң доллар, Орусияда 500 миң рублдан жогорку баага жасалат. Ал эми Европа өлкөлөрүндө 70-100 миң еврого бааланат.
– Оорулууларга мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлөбү?
– Атайын жеңилдиктер каралган. Мисалы, операциянын жеңил түрүнө төлөнө турган 55 миң сомдун 10 миң сомун мамлекет жардам катары берет. Бизде жок дары-дармектерди оорулуулар өздөрү сатып алышат. Кээде 45 миңден эки-үч эсе көп чыгым болгондор бар.
– Эмне үчүн жардам сурагандардын көбү «операцияны чет мамлекетте жасатабыз» деп айтышат? Кыргызстанда жасоого мүмкүн эмеспи?
– Бизде керектүү жабдыктар да, адистер да жетиштүү. Чет өлкөдө жасатабыз дегендердин көбү биз жасай ала турган жөнөкөй эле операциялар. Жасай албаган татаал операциялар бирин-экин эле болот. Биякта эле жасала турган операцияны чет өлкөдө жасатабыз деп элден жардам сурагандар бар. Негизи, жүрөк дартына байланышкан операциянын 90-95 пайызын бизде жасаса болот. Калганын аргасыздан чет жактарга, Орусияга, Иран жана Европа өлкөлөрүнө жөнөтөбүз.
Баса, айрымдардын оорубаган баласын ооруду деп эсеп ачтырып, элден жардам сурап, бизнес кылып жаткандарын да угуп жүрөм.
– Операция жасалган балдардын канча пайызы аман калат?
– Жылына 350дөн ашык ымыркайга операция жасап жатабыз. Ачыгын айтыш керек, операциядан кийин алардын 4-5 пайызы көз жумат.
– Операция учурунда жүрөктү канча убакытка чейин токтотосуздар?
– Ал операциянын түрүнө жараша, 3 саатка чейин токтотуп турабыз. Бул учурда адамдын организмин жасалма жол менен дем алдырып, жасалма кан айландыруучу жабдык организмди иштетип турат. Учурда Кыргызстан боюнча бизге катталып, операцияга кезекке турган 300дөн ашык бейтап бар. Былтыркы жылы деле ушундай болчу, дагы деле ошол көрсөткүчтө. Бирок канчасы бул дартты билбей, катталбай жүргөнү белгисиз.
Super.kg
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#5 26 Июнь 2015 - 11:43
Kursanai (25 Июнь 2015 - 18:37) жазган:
Журоктогу клапандардын биринин жакшы иштебестиги бул тубаса журок кемтиги оорусуна киреби?( врожденный порок сердца)
Анын канчалык зыяны бар, оорунун пайда болуу себептери? Эмне кылса болот?
Мына ушул суроолор боюнча билгендер болсо жооп бере аласыздарбы?
Анын канчалык зыяны бар, оорунун пайда болуу себептери? Эмне кылса болот?
Мына ушул суроолор боюнча билгендер болсо жооп бере аласыздарбы?
Жаш баланын журогубу же чон кишинин, тактап кетсениз сонун болмок.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#6 26 Июнь 2015 - 18:07
aijan (26 Июнь 2015 - 11:43) жазган:
Жаш баланын журогубу же чон кишинин, тактап кетсениз сонун болмок.
Чон эле адамдын журогу, докторлор врожденный порок сердца деген бироосу операция кыл десе бироосу операция жасатпаса деле болот деген. Эми билген маалыматынызды жаза кетесиз деген умуттомун.Рахмат
#7 27 Апрель 2016 - 23:06
Баракча 1 - 1