Баракча 1 - 1
Бөйрөктөгү таш жана туздар
#1 10 Октябрь 2014 - 21:01
саламатсыздарбы менин сурайын дегеним бойроктогу туздарды кантип тушурсо болот билгендер болсо кенешиниздерди кутом
#2 10 Октябрь 2014 - 21:42
Бөйрөктөрдү тазалоо:
Биздин бөйрөгүбүз фильтрлөөчү кызматты аткаруу менен организмдеги туздарды айдап чыгып, суюктукту тартипке салат. Мына ушул жөнгө салуучу аппаратыбызга шлак толуп калганда суюктук сыртка чыкпай, көздүн алды жана колу-бутуңуз шишип калат. Башыңыз ооруп, өзүңүздү чарчаңкы сезесиз. Сизде ушул белгилер байкалса, анда тезинен бөйрөгүңүздү тазалооӊуз керек.
Дарбыз жана кара нан: Тазалоонун бул түрүндө кара нан менен дарбыздан башка эч тамак желбеши керек. Күндүз кечке дарбыз жана кара нан менен гана тамактаныӊыз. Мындай тазалануудан эки-үч күн өткөндөн кийин бөйрөктөгү майда кумдар жана таштар заара аркылуу бөлүнүп чыга баштайт. Эгер бир жумада бул процессти байкабасаңыз, тазалоону дагы 2-3 жума кайталаңыз. Организмдеги кумдардын бөлүнүп жатканын өз көзүңүз менен көрүп ынангыңыз келсе, анда заараны атайын идишке ушатыңыз. (Пайдасы тийип калабы деп, көчүрүп келип, жүктөп койдум).

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 10 Октябрь 2014 - 21:44
#3 10 Октябрь 2014 - 21:49
"Актык"
суусундугу да бөйрөктөгү таштарды айдап чыгат деп угуп калам.
#4 10 Октябрь 2014 - 22:47
Фитозилин деген даары жакшы таасир берет.
Сени да ийген тура турмуш заары,
Бакыттын,азаптын да болот маалы.
Сыртынан сыр бербеген менен канча,
Бир арман менен жашайт жандын баары...
Бакыттын,азаптын да болот маалы.
Сыртынан сыр бербеген менен канча,
Бир арман менен жашайт жандын баары...
#6 11 Октябрь 2014 - 14:25
Баары бир кана Алла Тааладан болот эч кандай даары дармек жардам бере албай жада калса Чон чон врачтарда Аллах Изин бербесе
#7 11 Октябрь 2014 - 16:11
кенешиниздерге чон рахмат дарбыз жеп атам фитолизин пастасында ичтим бутундой тазаланып айыккандар болсо кенешиниздерди кутом
#9 06 Апрель 2015 - 03:03
+
калын элди жамандаба
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
Каргышына калАсын,
Кара жерди жамандаба
Башка кайда барасын ?
#10 06 Апрель 2015 - 12:57
Дарбыздын сезонун кутмой экен да,негизи дары ичпегенге аракет кылыш керек. Бирин дарыласан, экинчиси чыгат
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!

#11 02 Май 2015 - 13:38
Менин дагы бойрогум газ туруп калгандай болуп оруйт ор нерсе которгондода оруп калат доктурларга бир дарыландым резултат болбоду дагы дарылансамбы же элдик медитцина менен дарылансамбы баш катып калды жыныстык жактанда агып кетип кыскасы ушундай
#12 02 Май 2015 - 15:26
Кадимки эле каакымды тамыры м.н жулуп, гулун да таза жууп, кайнатып 1кундо 3жолудан ичсениз бойроктогу таштардан арыласыз.Жана эми пайда б.п жаткан ташты кетирет.Ошондой эле гастритке,суук отконго да жакшы.
П.С.
Азыр каакымдын сезону.
П.С.
Азыр каакымдын сезону.
#14 07 Июнь 2015 - 18:04
Мен 1, 2 минута отуруп, тургандан кийин сразу түзөлө албайм, бөйрөгүм ооруйт, ылдый болуп иштесем дагы тез эле ооруп чыгат
Бул эмнеден???
Бул эмнеден???
#15 07 Июнь 2015 - 18:16
Врачтардын да дарбызды сунуштаганынан кабарым бар...дарбыз жардам берсе керек деп ойлойм
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
#16 10 Июль 2016 - 15:03
Жүгөрүнүн чачы да жакшы жардам берет. Кайнатып, күнүнө 3 маал ичсеңиздер бөйрөктөгү туздарды, майда таштарды да түшүрөт. Боор ооруларына да жакшы.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#17 28 Декабрь 2018 - 22:22
Mediziner (10 Июль 2016 - 15:03) жазган:
Жүгөрүнүн чачы да жакшы жардам берет. Кайнатып, күнүнө 3 маал ичсеңиздер бөйрөктөгү туздарды, майда таштарды да түшүрөт. Боор ооруларына да жакшы.
+ Мен да ушул ыкманы сунуштамакмын. Бирок 3 маал эмес, күнүнө эрте менен ичсениздер. Өт ооруларына да жардам берет.
#18 29 Декабрь 2018 - 00:41
#19 29 Декабрь 2018 - 10:37
#20 29 Декабрь 2018 - 10:38
Жүгөрү чачы
Табарсыкта бат-бат заара кылуу менен коштогон оору пайда болсо, ачкарын жүгөрү чачынан демделген чай ичүү керек. Даамдуураак болсун десеңиз, ага татымына жараша бал кошуп алыңыз.
Жүгөрү чачы арыктоодо жакшы каражат. Ал үчүн термоско 4 аш кашык майдаланган жүгөрү чачын салып, үстүнө 1 стакан кайнак суу куюп оозун жаап коюу керек. 3 сааттан кийин аны марлядан өткөрүп, мындан күнүнө 3 жолу тамакка 30 мүнөт калганда 1 аш кашыктан ууртап турасыз.
Идишке 1 аш кашык майдаланган жүгөрү чачын салып, үстүнө 1 стакан суу куюп бир саат кайнатуу зарыл. Марлядан өткөргөн соң андан муздак абалында күнүнө 4 маал тамакка чейин 2 аш кашыктан ичесиз. Бул бөйрөк ооруларын жакшы кылууга жардам берет, ал эми ушул эле ыкманы узак убакытка чейин колдонсо, бөйрөктөгү таштар эрип кетет.
Майдаланган жүгөрү чачынан идишке 2 аш кашык салып, ага 250 г кайнак сууну куюп 30 мүнөт тыныктыруу зарыл. Мунун суусунан жылуу абалында күнүнө 3 жолу тамакка чейин 30 граммдан ичип туруу склероздон айыктырат.
Жүгөрү чачы өттүн сезгенүүсүнөн айыктыруучу сапатка ээ. Ал үчүн эмаль мискейге 20 г жүгөрү чачын салып, үстүнө жарым литр бөлмө температурасындагы сууну куюп 20-30 мүнөт кайнатасыз. Муздаганда марлядан өткөрүп жиберип, мындан 3-4 саат сайын 40-50 млден ичесиз.