Жүрөгүмдөгү сырымды сиздер менен бөлүшкүм келди. Чынында азыр эч нерсеге көңүлүм жок анткени бир жылдан бери жакшы мамиледе сүйлөшүп жүргөн жигитим күндөн күнгө менден алыстап баратат. Мен аны ушунчалык сүйөм эч кимди аны сүйгөндөй берилип сүйүп көргөн эмесмин бирок анын мага болгон сүйүүсү өчүп калгандай, билбейм неге мынчалык өзгөрүп кетти. Ал мени башка кызга да алмаштырды ал кызга үйлөнөм деп жүргөн бирок анысы жигитимдин көңүлүн калтырып коюптур. Кайра эле мага кайрылып келди, албетте анын кайтып келишин өзүм сурандым, эч нерсеге карабай аны менен чогуу болгум келген. Бирок... Эххх, жигитим мени сүйбөйт. Азыр анын телефону өчүк, өзү болсо алыста жашайт. Кандай жүрөт? Эмне кылып жүрөт билбейм балким башканы тапкандыр бирок мен аны унута албай койдум, сагынып жатам. Жигитимдин аты Азат.
Жакында эле башка бир жигит мага сүйүүсүн билдирди. Ал жигит менен мурда тааныш болчумун бирок менде ага деген эч кандай сезим жок. Ал мага жакын арада үйлөнөм дейт. Аны сүйбөсөм жашообуз кандай болот? Сени сүйбөйм деп ачык эле айтайын дейм бирок аны аяйм. Анткени мен Азатты кандай берилип сүйсөм ал да мени ошондой сүйөт. Мен Азатты сүйүү толгон көздөрүм менен ушунчалык жакшы көрүп карачумун, Дастан да мени дал ошондой элжиреп карайт, анын көздөрүн карап туруп аны сүйө албасымды такыр айта албай койдум. Ооба айтсам жүрөгү ооруйт бирок анын күнөөсү барбы мен анын жүрөгүн ооруткудай?
Мен да Азатты сүйгөнүм үчүн эч күнөөм жок болчу, эгер Дастанды таштап кетсем анын абалы дал меникиндей болот мен андай болушун каалабайм анткени билем бул кандай гана жүрөккө оор сокку болорун. Бирок аны сүйбөсөм аны бактылуу кыла аламынбы?
Бактылуу кыла аламынбы?
#2 01 Октябрь 2017 - 13:23
Сени сүйгөндү танда.Бир бала үчүн баркыңды кетирип,басынып жүрмөк белең.
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
#3 01 Октябрь 2017 - 16:03
Азыр бойдок экенсин, Азатка тийдин дейли бирок сени дагын деле чын дилинен суйо албаса эмне Кыласын? Омур бою жолун карап отосунбу? Сен турмушка чыкканда бир эки жыл эс алып кайра кетчуу нерсе эмес да, Аллах омурунду узун кылса балким 50 же 60 же болбосо 70 жыл чогу жашаарсынар ошол убакта балдарын болот, эрин кийин да башка бироону таап алса, сени тенине албаса, башкаларга жылуу созун, жылуу мамилесин берип сага тескери бурулса, ал нерсе кандай азаптуу экенин билесинби? Бир эки балалуу болгондо мен сени суйбойт элем деп таштап кетсе эмне Кыласын? Эгер омур бою муздак тошокто жалгыз озун жатып, омур бою артынан чуркап отом, башыма мусор тогуп, кадыр баркымды темселеп билбесе да чыдайм десен анда ВПЕРЕД демекчимин тий ошо жигитине. Эн кызыгы ал сага уйлончуу ою барбы эгер жок болсо кутуп омурун отот болгону. Тийген чакта да жогорудагыдай мамиле кылса сенин ага болгон суйуун омур бою очпойт деп айта албайм, бармагынды тиштеп озунду озун тилдеп арманынды ичине жутуп, аялдык бакыт эмне экенин билбей отосун. А эгер адамча бактылуу болгун келсе Дастанды же болбосо башка бирок сени суйгонду танда. Катуу айтсам кечир сени суйбогон инсан менен жон гана игрушка болосун.
#4 01 Октябрь 2017 - 16:13
Туура сени суйгон адамга турмушка чык,кийин окунбойсун,
озун да убакыттын отушу мн суйуп кетесин.Менин башыман ушул сыяктуу окуя откон,азыр бактылуумун куйоомду суйуп эле жашап атабыз 10 жыл болду
#5 01 Октябрь 2017 - 18:58
Менде да кутту эле ушундай учур болгом менда кайрылышын озум тилеп мендик кылышка канча аракет кылдым бир кеттиби эркек кайра баштагындай болбойт экен.
Бирок жашоо отушу менен менда башкага турмушка чыктым ал унутулубасада бирок жашоом ойдогудай эле отуп жатат куйоом мени суйот мен бактылуумун. Айтайын дегеним сиздин суйуп сыйлаган адамга турмушка чыкканыныз жакшы!!!
Бирок жашоо отушу менен менда башкага турмушка чыктым ал унутулубасада бирок жашоом ойдогудай эле отуп жатат куйоом мени суйот мен бактылуумун. Айтайын дегеним сиздин суйуп сыйлаган адамга турмушка чыкканыныз жакшы!!!
#7 02 Октябрь 2017 - 11:58
#8 02 Октябрь 2017 - 14:18
Ал жигит буга чейин эле сизден алыстап, башка бироого алмаштырып журсо, ал сизге уйлонобу? Кептин баары мына ушунда болуп жатат. Уйлонбогон,
убактылуу эле конул ачып жургон жигитти уйлонот деп алданып жургон болушунуз дагы мумкун. Анан Дастанды дагы кыйнабаныз.
Андан коро азыр сизде 100% шанс бар озунуз дагы суйо турган, ал да сизди суйо турган жигит таап, уйлонуп, бактылуу болууга.
#9 02 Октябрь 2017 - 20:48
Дастан менен турмуш кура бер, беркин болбойт ал кийин сени даалай ыйлатчу эркек. Уйлонбой туруп сени таштап башкасына кетип жатса уйлонгондон кийин эмне болот бир кудай билет. Сени суйуп козуну карап турса кийин озун эле суйуп кетесин, окунбойсун.
Туура чечим кабыл ал.
Журогумсун
#11 03 Октябрь 2017 - 22:55
Сен жигитине жакындаган сайын ал сенден качат бул жаратылыш,жашоо ушундай дастанды танда суйуу никеден кийин
#12 04 Октябрь 2017 - 06:16
Сүйүүнүн үч бурчтугу тура. Дастанга турмушка чыга бер. Көзүңдү карап, сыйлап, сүйүп турса жүрөгүң жылыйт. Азатка турмушка чыккан чакта да муздак мамилесинен,
суук сөздөрүнөн көңүлүң калып , аттиң кылып жүрбө...
#13 04 Октябрь 2017 - 10:15
Албетте "суйбогонго суйконбо"
деген соз кыздарга тиешеси бардай, ошондуктан Дастандын сизди суйоруно чын эле козунуз жетсе, жигиттин суйуусу эле жетиштуу болот.
Здесь зверски было убито время
!!!
#14 04 Октябрь 2017 - 12:03
Озун бизге караганда жакшы билип туруп сураймын да.Азатын даже албайт.жашамак турсун
#15 04 Октябрь 2017 - 15:06
ludimira (04 Октябрь 2017 - 12:03) жазган:
Озун бизге караганда жакшы билип туруп сураймын да.Азатын даже албайт.жашамак турсун
Кеңешиңизге рахмат!
Азаттын албасын билем дечи. Дастанга турмушка чыксам анан жүрөгүм башка деп согуп турса аны бактылуу кыла аламынбы деген суроо болчу. Суроомо деле жооп алдым форумда деле бар экен мендей болуп сүйүүсүнө жетпегендер бирок бактылуу болгондор.
#16 04 Октябрь 2017 - 16:36
Суйуу бар деп ойлойсунбу,
суйуу жок жай гана конуп каласын ошол гана. Эркектер баары бир Гор .
#17 04 Октябрь 2017 - 17:39
Сүйүү бар! Сүйүү жок болсо сүйүү тууралуу муңдуу да шаңдуу да ырлар кайдан жаралат? Сүйүү тууралуу кызыктуу чыгармалар кантип жазылат? Жашообузда сүйүү бар үчүн ар бир күнүбүз кызык. Сүйүү бар үчүн мен да от болуп күйүп жанып кимдир бирөөнү сүйдүм ал үчүн баарына даяр турдум. Сүйүү жок болсо анда кызганыч кайдан жаралган?