АСМАН КАГАНАТЫ
Бул тарыхый материалдарга жана элдик санжыраларга негизделген чыгармада мындан бир жарым миң жыл илгери, – VI кылымда – болгон окуялар көркөм адабияттын каражаттары аркылуу баяндалат. VI кылымда, гунндар доору артта калган соң, азыркы Кыргызстандын аймагында өздөрүн түрк деп аташкан элдер эң алгачкы жолу тарыхый аренага чыгышып, кийин алар түптөгөн мамлекет күн чыгыш жагы Тынч Океанга, күн батыш чеги Кара деңизге чейин созулуп жаткан мейкиндикти багындырып, бирдиктүү каганатты түзүүгө жетишет. Тарыхый булактарда (байыркы кытай, Рим, Византия) жана ошол доордун тарыхына арналган эмгектерде Улуу Түрк Каганаты жөнүндө жетишерлик маалыматтар болгондугуна карабастан, ал даңктуу, сыймыктуу доор алиге чейин көркөм адабияттын объектисине айлана элек болчу.
“В VI в. в Средней Азии возникла новая кочевая империя. Новые завоеватели, тюрки, вышедшие из Алтая, в короткое время подчинили себе все народы от Великого океана до Черного моря. Основатель империи, Или-хан Тумынь, умер в 553 г.; после смерти хана Тобо (581г.) империя распалась на два государства, восточное и западное; центром последнего, как и большинства последующих кочевых государств западной части Средней Азии, была прежняя земля усуней, т.е. Семиречье.”
В.В.Бартольд. “Избранные произведения по истории кыргызов и Кыргызстана”, – Б., Шам. 1996. С. 102.
БАЙЫРКЫ БАБАЛАРДЫН ҮНҮ...
Алгы сөз ордуна
Теңиримдей, теңрим болтурган түрк билге каны бу такка отурдум. Сөзүмдү түгөл эшиткин...
Күлтегин таш эстелигиндеги жазуудан
Бирде кылымдардын түпкүрүнөн күңүрт-алсыз гана угула калып, бирде алыскы доорлордон араң жетип жаткан үн сыяктуу болсо да, бүгүнкүнүн даана жаңырыгына айланып, биздин заманга чейин жетип келген береги сөздөрдү астейдил, бүткүл көңүл-дитибизди коюп, ар бир көз ирмем сайын тыным билбей согуп жаткан жүрөгүбүздүн толтосундагы агып турган каныбыз менен кошо, чын дилден тыңдай турган болсок, байыркы бабаларыбыз басып өткөн ары даңктуу, ары сыймыктуу, ары кайгылуу доорлордо калган тагдыр жолдору жана да түбөлүккө тарых барактарынын бүктөмдөрүндө калган баатырдык мезгилдердин элестери көз алдыбызга тартылбай койбойт...
Асыресе, өз ата-бабаларынын өткөн тарыхына кызыгуу жана алардын басып өткөн жолдорун кез-кезде болсо да эске салып, артында калтырган издерин жаңыртып, алар баскан жолдор менен сыймыктанып туруу – бардык эле элдерге мүнөздүү болгон сапаттардын бири экендиги талашсыз чындык!..
Бул ирет биз көркөм адабиятта алиге чейин такыр белгисиз бойдон калып келе жаткан, – жалгыз бир эле элдин эмес, – бүтүндөй түрк элдеринин башаты катары, келечек урпактарынын тагдыры үчүн бурулуштуу ролду ойногон ошондой орошон доорлордун бири жөнүндөгү баянды замандаштарыбызга сунуш этип, бул баян жетишээрлик деңгээлдеги тарыхый маалыматтарга негизделсе да, көркөм адабияттын каражаттарын колдонуу аркылуу окурманга жеткирүү аракетин көрмөкчүбүз. ..
Эпиграфта жазылгандай, Улуу Түрк Каганаты тарыхый чен-өлчөм менен, салыштырмалуу алганда, кыска мезгилге гана жашаганына карабастан, анын өөрчүтүп-өнүктүргөн, сактап калган жана да, кийинки доорлорго калтырган мурасы кайталангыс, улуу мааниге ээ экендигин тарых өзү тастыктап турат. Мунун ачык-айкын далилдеринин бири – азыркы кездеги жалпы түрк элдеринин жапырт, дүркүрөп өнүгүүсү уланып келе жатканы деп айтсак болот.
Ошентип, эзелки тарых бүктөмдөрүндө калган, ар кандай оор кырдаалдарды жана тайгак-тар жолдорду басып өтүп, тагдыр чечүүчү сыноолордон суурулуп чыгып кете алышкан, байыркынын учугун татыктуу улантышкан байыркы Түрк Атанын балдары жөнүндөгү баянды тыңдаңыз, урматтуу окурман!
УЛУУ КАГАНАТТЫН ЖАРАЛЫШЫ
Биринчи бөлүм
Үстүдө көк теңри, астыда кара жер жаралганда эки арада киши уулу жаралган. Киши уулуна менин бабам Бумын каган,
Истеми каган кандыкка отурган. Отуруп түрк журтунун, мамлекетинин мыйзамын тутуп, бийлигин орноткон...
Күлтегин таш эстелигиндеги жазуудан
...VI-кылым...
...537-жыл....
Хан Теңир тоосунун кыркалай созулуп кеткен чокулары гана күмүш түстүү ак кар, көк муз алдында болбосо, башка бардык жака-бели, ойдуң-түзөң жактары көк-жашыл тулаң чөпкө чулганып, Каркыра жайлоосу өзгөчө кооз көркүнө чыгып турган маалы. Теңир өзү ыроологон табигат кооздугу – үзүк-үзүк, сейрек ак булуттары гана түпсүз мейкиндикте жай гана сүзүп, калкып жүргөн түпсүз көк Асманга күзгү сымал карангансып, көгүлтүр көл бетинен бирде бирин-экин булуттуу көк асман көрүнсө, бирде аркайган зоокалары Асманды тиреп тургансыган, бири менен бири бой тирешкен####н тоо чокулары чагылышып, көрүнүп турат...
Жайдын толукшуп турган кези...
Чак түш... Күн дал төбөдөн жылбай, асылып калгандай болуп, айланага тегиз тийип, тээ төмөн, алыс жактагы “леп” эткен жел да жүрбөй калган, кеңирсип, чексиз жайылып жаткан өрөөндөрдү аёосуз куйкалап жаткансыйт.
А бирок, тоо түбүндөгү капчыгайдын эки тарабын кыркалай жайгашкан тоо урчуктары, ортосун бийик тоо тараптан агып келүүчү көк кашка, адам ичсе тишин какшаткан, муздак суусу бар, кичинекей болсо да, буркан-шаркан түшүп, шар аккан дарыя гана ортолорун экиге бөлүп турган боз үйлөрдүн айлана-тегерегинде тынымсыз соккон мелүүн, эрке, салкын жел ойноп турат.
Хан Теңир тоосунун чокулары күнгө чагылышып, көк музу айнектей көз уялта жалт-жулт этип, тээ төмөн жактан тиктеген адамды өзүнчө бир өзгөчө, кайталангыс кооздугу менен суктандырат. ..
Кагандын Ордосунун чок ортосунда жайгашкан Ак өргөөсүнөн дал ушул кезде, түштөнгөн соң, сыртка чыгып, күн дал бийик чокуда кылкылдап туруп, күн батыш тарапка ооп кете албай, асылып турган учурда Асманды жана Хан Теңир тоосунун чокуларын кароону күнүмдүк адатына айландырып алган Түмөн каган, көнгөн адатынча, чалкалай калып, башындагы таажыны чечип, денесин бир аз чалкалата, башын бийик көтөрүп, алыскы бийик тоолордун чокулары тарапка көз жиберди. Анын эң сүйүктүү, түбөлүк кебелбес тоолорунун кол жеткис чокулары демейки эле өз калыбынан өзгөрбөй, бир калыптагы мелтиреген, чексиз, улуу жымжыртыкка чүмкөлүп турган экен.
Түмөн каган бир караганда жоокердин согушка кийилүүчү, башындагы темир туулгасын элестеткен, бир караганда, түндүгүнө кичинекей желекче сайылып коюлган боз үйдүн элесин эске салган, дал бешенеси тарабында кичинекей энбелгиси, – карышкырдын башынын сүрөтү алтындын буусу менен түшүрүлгөн кагандык таажысын күн сайын эки ирет гана башынан чече турган: биринчи жолу ушинтип, жанында эч ким жокто, бийик тоолордун ак мөңгүлүү чокуларына таазим этип, карап жатканда, а экинчи жолу да – жанында эч ким жокто, – түн бир оокумда, тактысында жалгыз калып, уйкуга баш коер алдында гана...
Азыр да Түмөн каган таажысын кош колдоп, көкүрөгүнө бекем кыса кармап туруп, кыйлага чейин башын чалкалата, көк Асман тарапка сайылып, учтары асманга тирелип тургансыган, көк мелжиген көгүш мөңгүлүү тоо чокулары менен үнсүз саламдашкансып, кыймылсыз көз жиберип туруп калды. Бир гана айрымасы, – бул ирет ал демейдегисинен бир нече көз ирмемге узагыраак карап туруп калды.
Бирок, эмнегедир, Түмөн каганды бул саам биринчи жолу, ал мурда күн сайын көрүп жүрсө деле, көргөн сайын ата-бабалардан калган ыйык, кымбат баалуу мурас-эстелик сыяктуу сезилген, тээ бийиктеги көз мелжиткен, мөңгү баскан чокулардын күн нуруна чагылышып, жалт-жулт этип, көз моокумун кандыра, миң кубулжуп ойноп жаткан элеси күндөгүсүндөй эле жүрөгүн купуя толкутуп, ичтен кере дем алдыра, тындыра, көңүлүн тынчытып, тымызын кубандыра алган жок.
Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 28 Сентябрь 2013 - 19:26