1. Чынында, ыймандуулар жеңишке (Бейишке) жетишти.
2. Алар намаздарында (Аллаhтан) коркуп турушат. (1)
3. Алар маанисиз сөздөрдөн ыраак болушат. (2)
4. Алар зекет (садакасын) беришет. (3)
5. Алар жыныс мүчөлөрүн (арамдан) сакташат.
6. Ал эми, (никесиндеги) аялдары же болбосо күңдөрү (4) менен жатса айыптуу болбойт.
7. Кимде-ким ушулардан башка аялдарды (кошулуу үчүн) издесе – алар чектен чыгуучулар.
8. Алар өздөрүнүн аманаттары менен убадаларын аткаруучулар.
9. Дагы алар намаздарын сактоочулар. (5)
[23-сүрө, 2-9-аяттар, "Муъминун -Ыймандуулар" сүрөсү]
--------------- ---------------------- --
(1) Арабчадагы «хушуу» сөзү, «коркуп жана үмүт кылып туруу» деген маанини билдирет.
(2) Анткени, ар-нерсени чалды-куйду сүйлөй берсең, кадыр баркың кетет жана көбүнчө башыңа балээ түшөт. Пайгамбарыбыз өзүнүн тилин кармап: «Ушуну сактасаңар өзүңөрдү сактаган болсуңар» деген.
(3) «Зекет» - «тазартуу» деген мааниде. Эгер бай адамдар байлыгынан зекет бербесе, өз байлыгы өзүнө арам болуп калат.
(4) Күңдөр согуштарда туткунга же олжого алынган душмандардын аялдары. Туткун бул – эрксиз адам. Согуш туткундары ошол (Кураан түшкөн) замандарда дүйнөлүк үрп-адат боюнча мүлк катары бөлүштүрүп алынган.
(5) Намазды сактоо аларды өз убактысында, бардык шарттарын ордуна коюп окуу менен болот. Экинчи аятта келген «хушуу» (жоош-муңайымдык) менен ушул «сактоочулук» касиеттери чогулган намаз эң жогорку деңгээлдеги намаз болот. «Хушуу» менен бирок, өз убактысында окулбаган намазда жакшылык жок болгондлй эле, өз убактысында окулуп, бирок хушуу болбогон намазда да сооп өтө аз болот.
_____________________________
Бул сүрө Маккада түшкөн. 118 аяттан турат. «Муьминундун» мааниси «момундар» же «ыймандуулар».
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 22 Ноябрь 2011 - 00:20